Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Үй-бүлө кожоюну - Аз. Мухаммед (с.а.в)

Мазмуну

«Калетсиз, Алланын Элчисинде силер үчүн эң мыкты үлгү бар» (Ахзаб, 21)
Ибрахим Өзкылыч

Алланын Элчиси  үй-бүлөнү  бакубат  коомдун  пайдубалы катары  эсептеген.
Бакубат  үй-бүлө  куруунун   жол-жобосун  көргөзгөн.
Азирети Пайгамбарыбыз аркылуу бүтүндөй адам баласына жиберилген Ислам  дини  аялзатынын  коомдогу  даражасын  жогорулатты.  Эркектин  жеке  менчик  мүлкү болуудан  куткарып,  ага  жарандык  жана  инсандык укукутарын ыйгарып берди. Үй-бүлө курууга өзгөчө маани берип,  никеден  сырткаркы  жакындашууларга тыюу  салды.

Караңгылык доорундагы араптардын түшүнүгүндө,  аялдар бала  төрөгөнгө  чейин үй-бүлөнүн  мүчөсү  катары эсептелчү  эмес. Ислам дини мындай негизсиз көз  караштарды жоюп, аялдардын адамдык укугун коргоду.

Мурас алууга укуксуз  аялзатына  мурас  алуу укугун ыйгарды. Полигамияны (көп  аялдуулук) чектеп  аялдардын  кордолушуна  жол  бербеди.
Алланын Элчиси ар бир үй-бүлө  кожоюну  самаган  бир  топ  сезимдерди,  жагдайларды  туучокусуна  жеткире  жашаган.  Ар  бир  ата  сыяктуу  эле  төрөлгөн  баласы  үчүн  кубанган,  көз жумган  баласы  үчүн  ыйлаган,  кайгырган.  Уулу  Ибрахимдин  төрөлгөнүнө  сүйүнгөн, сүйүнчүлөп  келген  Абу Рафиге  белек-бечкектерин  тартуулаган.

Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам)  1,5  жаштагы   уулу  Ибрахим  көз  жумганда  көз  жашын  төккөн. Аз. Абдуррахман бин Авфтын: “  Сен  да ыйлайсыңбы,  эй Алланын Элчиси?” деген  суроосуна: “Бул  көз  жаш жүрөктөгү   оргуштаган ырайымдан улам”  деп  жооп  берген  экен.

Үй-бүлөсүнө  аяр  мамиле  жасоодо тамшандыраарлык  үлгү  боло алган. Азирети Пайгамбарыбыз:  “Силердин  эң  жакшыңар  үй-бүлөсүнө  эң  көп  пайдалуу болгонуңар”,  “Аялдарды жамандар гана  токмоктойт”, “Момундардын  ыйман  жагынан  эң  бышып  жетилгени -  ахлак  жагынан  да  эң  дурусу   жана  үй-бүлөсүнө жылуу мамиледе болгону” деп  буюрган.  Азирети Анас: “Үй-бүлөсүнө  Алланын Элчисинчелик мээримин төккөн   жан  көрбөдүм”-  дейт.
Жубайларынын  курбуларына  жана  башка  туугандарына  да  сыпаа мамиле жасаган. Мал сойгондо  же  болбосо  кандайдыр  бир  кубанычтуу күндөрдө маркум  жубайы  Аз. Хатижанын курбуларына да эт салып жибере турган. Көптөгөн жылдар бою болочок Пайгамбардын чоңойуп эр жетишине кызматын өтөп, жардам берген Умму Айманды “үйүбүздүн  куту” деп  кастарлап тураар  эле.

Сахабалардын: “Эй, Алланын Элчиси, аялдарыбыздын бизде кандай  акылары бар?” деген  суроосуна Пайгамбарыбыз: “Өзүңөр  жеп-ичкенден жедирип, өзүңөр кийген кийимдин наркында аларды да кийинтүүңөр керек.  Аларды эч качан жаакка  чаппагыла, жасаган ишин жактырбай (көңүлүн түшүрүп албагыла), «кейпиң суук» деп айтпагыла”- деп жооп кайтарган экен.   

            Алланын Элчиси үй-бүлөсүнүн таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл бөлө турган.  Багымдат  намазынын  сүннөтүн  үйүндө  окугандан  кийин  үй-бүлөсүн  ойготчу,   анан мечитке  жөнөөр  эле.  Сахабаларын  да  ушуга үндөчү. Тахажжуд намазына турганда чоң  сооптон  кур  калбасын  деп  үй-бүлөсүн да  ойгото турган. 

            Үй-бүлөсүн  мээримге, сүйүүгө бөлөгөн Азирети Пайгамбар «өзүңөрдү да, үй-бүлөңөрдү да отуну адамдардан жана таштардан турган тозок-оттон сактагыла» деген Жараткандын эскертүүсүн эске алып, үй-бүлөсүнө адал-арам жөнүндө маалымат берип, ага кылдат мамиле жасоолорун буюрган. Тозок отунан үй-бүлөнү  кантип  коргоо керектигин  сураган сахабаларга: “Аларды жалгыз Аллага  кул  болууга,  Ага  баш ийип, ибадат кылууга үйрөткүлө! Аллага баш көтөрүүдөн, күнөө жасоодон оолак болууга үндөгүлө!”  деп  жооп  берген.

Алланын Элчиси үй-бүлө  жарандарынын  кийими,  жүрүм-турумдарына  жана  сөздөрүнө маани берүүлөрүн  сунуштачу.  Айрыкча  көчөгө  чыгып  баратканда хижап кийүүлөрүн, баарлашууда  жөнсүз, ушак сөздөрдөн алыс болуу керектигин  баса  белгилей турган. Жагымсыз жагдайлар  болуп  калса, көңүл  оорутпастан эскертер эле. 
Дастарконго отурганда тамактануу адебин  сактап, «Бисмиллахсыз» тамактанууга  баштачу эмес. Өзүнүн гана алдындагыдан жеп-иччү. Тамак даамсыз болсо да аны жактырбаганын сездирчү эмес. Дастаркондон турарда Аллага шүгүр келтирип бата кылып, оозу-колун тазалап турчу. Үй-бүлөсүн да ушуга көндүрүп тарбиялай турган.       
Үй-бүлөгө  тиешелүү  маселелерде аялдары  менен  кеңешер эле. Кутман сахабаларына да:  “үй-бүлөгө тиешелүү маселелерде алар менен  кеңешкиле” деп  сунуштаган.

Үй-бүлөдө баарына  бирдей  мамиле  кылууга, калыстыкка өзгөчө маани  берчү.   Бир  күнү  небереси  Хусейн  таятасынан сүт  сурады.  Алланын Элчиси  небересине жооп кылып, нары жакта оттоп жүргөн койлорунун арасынан бирөөнү кармап алып сүтүн саап кирди. Аңгычакты Хасан небереси да келип калды.  Алланын Элчиси  сүттү  биринчи  Хусейнге, андан  соң  Хасанга  сунду. Ары жакта карап турган кызы Азирети  Фатима: “Сүттү биринчи Хусейнге бергениңизге караганда, аны көбүрөөк  жакшы  көрөсүз  го дейм?” деди. Андан атасы: “ Жок, кызым,  сүттү Хусейн  биринчи  сураган болучу” деп жооп кайтарган экен.

            Алла Элчиси  үй-бүлөсүнүн күнүмдүк муктаждыктарына эч качан кайдыгер мамиле жасаган эмес. Ал бир  хадисинде: “Карамагындагы адамдардын муктаждыктарына  кайдыгер  мамиле жасаган адамга ошол кайдыгерлиги эле чоң күнөө болууга жетиштүү» деген. Жубайларына  учурдун шарттарына  ылайык  бирден  бөлмө  жасатып, ар бирине бирден төө  тартуулаган.

            Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз иш жүзүндө эле эмес, моралдык жактан да үй-бүлөсүнө  жөлөк  боло турган. Жубайларына,  неберелерине  эки  дүйнөдө бактылуу болуулары үчүн Жараткан Аллага алакан жая дуба  кылчу.
 
Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) мындай  деген экен: «Адампендени бактылуу  кылаар үч  нерсе  бар; ыймандуу өмүрлүк  жолдош, тынч-бейпил үй  жана  жакшы  унаа. Ошондой эле пендени бактысыз кылган  үч  нерсе  бар;  жаман  өмүрлүк  жар,  жаман  үй жана  жаман  унаа»

Башына