Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Ильяз Ибн Юсуф Низами жана «Жети сулуу» (Хафт Пайкар) дастаны (1141-1209)

Мазмуну


Кубаныч Айдарбеков
aydarbekovk@mail.ru

Азербайджан элинин улуу акыны, аалымы, ойчулу болгон Низами дүйнөлүк адабиятта Умар Хаям, Гоммер, Шекспир, Данте жана Пушкин сыяктуу калем усталарынын катарына кирет. Низаминин жазган беш дастаны жана башка эмгектери Фузули, Наваи сыяктуу таанымал акындарды таасирлентип чыгармачылык турмушуна салым кошкон.

Өмүр баяны:

Ал 1140-жылы жибек жолунда жайгашкан Гянжа шаарында орто үй-бүлөөдө төрөлгөн. Ал жаш кезинен тартып математика, астрономия, химия, медицина, география, тарых, логика, филоософия илимдерин окуп, чет тилдерди (араб, перс) үйрөнгөн. Ага илим эмес поэзия даңкты алып келген. Ал элге Низами деген ат менен таанымал болгон. «Низами» сөзү «Сөздөрдү жөнгө салуучу» деген маанини берет. Низами 1173-жылы биринчи жолу «Сыр кенчи» аттуу көлөмдү эмгегин жазган. Ал чыгарманы Дербенттин ханына арнайт. Ал өзүнө баш ийбеген сулуу күңүн Афакты Низамиге белек кылып берет. Низами Афакты сүйүп калып ага үйлөнгөн. Афак анын поэзиялык чыгармачылыгын дагы өнүгүшүнө себепкер болгон. 1174-жылы Мухаммед аттуу уулу төрөлгөн. 1178-жылы өмүрлүк жубайы кайтыш болгондон кийин чоң кайгыга баткан. Өмүрүнүн калган бөлүгүн баласын тарбиялоого жана чыгармаларын жаратуу менен өткөн. Чыгармаларын перс тилинде жазган. 1209-жылы дүйнөлүк поэзия жаатында өчпөс эмгектерин калтырып кайтыш болгон.

Чыгармачылыгы:

  1. «Сыр кенчи» (1173) поэмасында адам баласынын жаратылышына өзүнүн философиялык жана этикалык көз караштарын билдирген. Ошондой эле башкаруучуга адилеттүү болушуна кеңештерин берген.
  2. «Хосров жана Ширин» (1181) поэмасында сүйүү темасы каралган.
  3. «Лайли жана Мажнун»  (1188) поэмасында чыгыш сүйүү дастаны каралган.
  4. «Жети сулуу» (1197) поэмасы Низаминин чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлейт. Анткени ал чыгармадагы негизги каарман чыныгы тарыхый инсан Сасанид династиясынан чыккан Бахрам-Гур падышанын (421-438) өмүр жолуна арналган. Низами бүткүл талантын адилет, айкөл, элдин жыргалчылыгын ойлогон падышанын образын түзүүгө багыттайт. Ал чыгармадагы жети ханышанын айтып берген жети икаясынын ар биринде өзүнчө философиялык ойлор, идеялар жатат. Анда өлүм менен өмүрдүн, актык менен каранын, сүйүү менен жек көрүүнүн тематикасы кеңири каралган. Бахрам-Гур өмүрүн жеке кызыкчылыгын артынан түшүп, элди ойлобой өмүрүн оюн-күлкү менен өткөрөгөн. Ал мүмүкүнчүлүктөн пайдаланган вазири Раст Равшан карапайым элди тоноп мамлекет сырларын душмандарга саткан. Сүйүүнүн шарапаты менен, турмушунда жолуккан акылдуу чабан анын көзүн ачып бара-бара адилеттүү ханга айланган. Низами «Жети сулуу» эмгегин жазылышы тууралуу автор мындайча айтып кеткен:

Бүт окудум арап тилде, дариде,
Бухарини, Табирини бир нече.
Тайыз болуп калбасын деп билимим,
Китепкана калбады тийген иним.

  1. «Искендер нама» (1203) поэмасында гармониялык мамлекеттин идеясы каралган. Искендер баатыр бир гана мамлекеттерди, элдерди жеңүү максатында эле эмес, адам баласынын бул дүйнөгө келиш максатын издеген каарман.

Кээбир булактарга караганда Низаминин 20 миңдик бейиттери болгон экен. Бирок бизге 6 поэмасы, 116 газели, 30 рубаиси гана жеткен. Низами элдин улуулугу көп территорияга ээ болууда эмес дүйнөлүк адабиятка кошкон салымында жаткандыгын белгилеген.

Низами тууралуу айтылган сөздөр:
«Низами-чыгыш мусулман акындардын ичинен элдердин жана уруулардын биримдиги маселесин эң биринчи козгогон» Брагинский Иосиф Самуилович
«Германия өзүнүн улуу акындары менен бай... Бирок аларды Низами менен салыштырууга болбойт»  Гейн Генрих,  немис акыны.
«Низами романтика багытындагы улуу акын. Ал өзүнөн кийинки бардык муундардагы акындарга үлгү. Ал түрк элдеринин акындары арасынан эң сүймөнчүлүккө татыктуусу» Кримски Агофонгел Ефимович, украин чыгыш таануучусу.
800-жылдан бери  гуманист акын катары өз эмгектеринде элдерди биримдикке, башкаруучу бийликти адилеттүүлүккө, адамдык касиеттерди жоготпоого чакырган.

Башына