Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Көркөм жазуу өнөрүндө Хилийа-и шариф

Мазмуну

Сабыр Алиев

            «Сулуулук, кооздук, жакшы сапат, бийик адеп-ахлак» сыяктуу маанилерди туюнткан «хилийа» көркөм жазуу (хатт) өнөрүндө белгилүү маани-маңызы бар, өзүнө таандык калыпта жазылган эмгек түрү.

            Хилийа  «Хилийа-и шариф», «Хилийа-и саадат» деп да айтылат. Ал Азирети Пайгамбарыбыздын физиологиялык өзгөчөлүктөрү, адамдык ахлагы жөнүндө жазылган жазууларды белгилүү калыпка салып көркөмдөп жазуу өнөрү болуп саналат. Хилийа-и шариф көркөм жазуу өнөрүндө Пайгамбарга болгон сүйүү өңүтүнөн өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан хилийа-и шариф жазуу, аны үйгө, иш бөлмөсүнө илүү ушул сезимге таянат. Ушул себептен көркөм жазуу өнөрүн өздөштүргөн «хаттаттар» хилийа-и шариф жазуу менен өзүнчө сыймыктанышат.

            Пайгамбарыбыздын «Менин хилийамды окуган адам мени өңүндө көргөндөй болот» деген сөзүнөн улам мусулмандар хилийаларга кылымдар бою өзүнчө маани берип келишкен.
Хилийа алгачкы жолу Осмон мамлекетинин доорунда 17-кылымда  Хафыз Осмон тарабынан көркөм жазуу менен жазылган.
Хилийа-и шарифтер белгилүү калыпта жазылып, чөнтөккө салып жүрүүгө ылайык таризде кичине да, эки метрчелик чоң да хилийаларды кездештирүү мүмкүн.
Классикалык хилийа деп эсептелген Хафыз Осмондун хилийасынын төмөнкүчө бөлүмдөрү бар:

  1. Башы: бул жерге «бисмилла» жазылат.
  2. Ортосу: Азирети Алиден риваят кылынган хилийа жазуусунун көпчүлүк бөлүмү жазылат.
  3. Хилал (жаңырган ай таризи): Азирети Пайгамбарыбыз инсаниятка ак менен

караны, адал менен арамды үйрөтүп, караңгылыктан жарыкка чыгарганы үчүн Күнгө, Айга окшоштурулган. Мына ушул себептен хилийанын ортоңку бөлүгүндө Күн, аны тегерете жаңы жаңырган Айдын таризи келтирилген.

  1.  Азирети Абу Бакирдин ысмы.
  2. Азирети Умардын ысмы.
  3. Азирети Осмондун ысмы.
  4. Азирети Алинин ысмы.

 

Ысымдар кезеги менен жазылат. Бул жердеги төрт халифанын ордуна кээде
Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын төрт ысмы (Ахмад, Махмуд, Хамид, Хамиид) да жазылса болот. Төрт халифадан башка көзү тирүүсүндө бейишке кирүүгө кепилдик берилген он сахабанын (ашара-и мубашшара) ысымдары да жазылган хилийалар бар.
            8. Аяттын орду: Бул жерге Пайгамбарыбыз тууралуу түшкөн аяттардын бири жазылат. Негизинен бул жерге «Биз сени ааламдарга ырайымдуулуктун пайгамбары катары гана жөнөттүк» (Анбия, 107), «Эч калетсиз, сен изги адеп-ахлактын бийик сересиндесиң!» (Калам, 4), «Мухаммеддин Алланын Элчиси экендигине Алланын өзү күбө болуусу жетиштүү!» (Фатх, 28-29) деген аяттар жазыла келет.
            9. Алдыңкы бөлүгү: Хилийа жазуусунун уландысы жана дуба жазылат. Бул жерге салават, хаттаттын ысмы жана хилийанын жазылган күн-айы (датасы) жазылат.
10-11- канат бөлүгү: бул жер ар түрдүү оймо-чиймелер менен көркөмдөлөт.
12. Тазхиб бөлүгү: бул жерге кээ бир хилийаларда Азирети Хасан, Азирети Хусейиндин ысымдары же ашара-и мубашшаранын ысымдары тазхиб менен көркөмдөлүп жазылган.
13. Четки тазхиб бөлүгү: хилийанын бул чет жакасы да тазхиб менен кооздолот.

Башына