Он үчүнчү сан

Ажы менен маек
Мазмуну
Социалдык эмгектин эки жолку батыры
мамлекеттик ишмер, ардагер
Таштанбек Акматов менен маек.
Маектешкен:
Кыргыз Республикасынын маданиятына
эмгек сиңирген ишмер Тенти Орокчиев.
Тенти Орокчиев (Акын, журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер): Таке, менимче Меккеге барып зыярат кылып келгениң кыйла жакшы иш болду. Меккеге барууну эсинен чыгарбай жүрүп Акмат молдо мындан 40 жыл мурун келгис сапарга кеткен эле. Өз мезгилинде атабыздын чоң атасы менен иниси экөө Меккеге сапар тартып, ал жактан кайтып келишпей ажысы кут болушкан тура. Ошолордун жолун жолдоп кайттың. Мекке сапары кандай болду?
Таштанбек Акматов (Социалдык эмгектин эки жолку баатыры, мамлекеттик ишмер, ардагер): Өзүң айткандай мусулман баласы үчүн Меккеге барып келүү беш парзынын бирөө экен. Илгери биз жаш кезде ошо эле Акмат атам баш болгон аталарыбыз: «Ажылыкка баруудан мурда өзүңдүн кулк-мүнөзүңдү, баскан турганыңа чейин оңдоп, сен бирөөдөн карыз алып андан кутула элексиңби – деген суроону өзүңө бир нече ирээт беришиң керек. Демек, Меккеге барчу киши бардык жагынан таза болушу керек» деген сөздөрдү укканым бар. Мен ушулардын баарын кайрадан эске түшүрдүм. Акмат атамын өз атасы менен чоң атасы экөө улуусу Акылбек ошол Меккенин өзүндө эртең мененки намаз багымдатты окуп жатып кыйшайа берип жан бериптир. Ал эми уулу жолдо келе жатып кайсы бир жерден келгис сапарга кетиптир. Кийин атам дагы жашы жогорулап калган кезде: «Аталарым барышкан Ыйык Меккеге барсам» - дегенде эки көзү төрт эле. Ал кезде кандай коомдо жашаганыбыз бизге бештен белгилүү го. Дин дегенде коммунисттердин төбө чачы тик тургандыктан ал жакка бармак турсун ойлоого да мүмкүн эмес эле. Ал гана турсун кайтыш болгон кишинин туугандарына көз көрсөтүп топурак салуу да кыйла машакатка турчу эмес беле? Ошондой учурда 1967-жылы 78 жашында атам кайтыш болуп кетти.
Тенти Орокчиев: Эми анын баары белгилүү деңгээлде жөндүү сөз. Деги эле ажылыкка барыш оюңа кандайча келди?
Таштанбек Акматов: 1991-жылы өзүбүз эгемен өлкө болуп, демократиянын шарапаты менен кайсы динге болбосун, каалгасын кеңири ачкандан тарта өзүбүз да дыйкан чарбасын түзгөнбүз. Ага чейин колхоз убагында курулган кой короолор, кашарлар, үйлөрдүн бардыгы ошол дыйкан чарбанын жетекчиси катары менин мойнумда турган. Жогоруда сөз кылган короо-жайлардын үлүшү бир канча адамдарга тиешелүү эле да. Өткөн жылдын жайында ошол чарбанын мүчөлөрүн баарын чакырып кеңеш куруп: «Мен ыйык жолго барсам деген ойго келдим. Силерге кеңешейин дегеним, мойнумдагы карыздан кутулуш үчүн алдыңардан өткүм келет. Бизге тиешелүү короо-сарайларды эсептеп, акчага айландырып чыгып, анын ичинен мага тиешелүүсү канча, ошондой эле силерге да канчасын ыйгарышым керек деген ойдомун» - деп туугандарымдын сакалдууларына кайрылдым. Жок дешпеди. Эсептеп көрсөк, короо-сарайдын жалпы суммасы 94.320 сом болот экен. Акырында ушундай чечимге келишкен соң жыйын ачып анын башчылыгына баарыбыздын аксакалыбыз Муканбетов Дердешти шайладык. Жогоруда саны чыккан акча ким канчалык эмгек эткен үлүшүнө жараша бөлүндү. Ошентип карыз-куруздан кутулуп бүткөндөн кийин Меккеге жол тартсамбы деген ойго келдим.
Тенти Орокчиев: Таке, Кааба орун алган жерге мечиттин чыгыш тарабынан кирип жети ирээт айланат деп атышпайбы? Ошол кандай болду? Кыргызстандан барышкан адамдар тобуңардан бузулбай кирдиңерби? Кирип баратканда адам баласын кандай сезим каптайт экен?
Таштанбек Акматов: Ал эң биринчи салынган мечит экен. Менин көз өлчөмүм боюнча, бир жак туурасы 10 метр, экинчи капталы 6 метрче болот го? Албетте, аларды метрлеп деле ченегеним жок. Күн чыгыш жагында, эшикке кире бериш кычыгында таш жайланышыптыр. Ошол мечиттин бурчундагы жанагы ташка колуңду тийгизип, Алла Таалага: «Мен алыстан ак тилек, ак үмүт менен келдим, мени агарт, көгөрт» деген сыяктуу ак тилегиңди акырын ичиңден күбүрөп айтат экенсиң. Мечиттин дубалы менен ташка колуң жетпесе, жогорудагыдай арзуу-тилекти айтуу аркылуу колдоруңду жаңдасаң да болот экен. Эми ошондой учурда адамдардын көптүгүн айтпа. Ошондой кымкуутта кай жакка, кантип жылып баратканыңды сезбей, таманыңда эмне бар экенин да эсиңден чыгарасың.
Тенти Орокчиев: Бир нерсени тактай кетели, бир барышта эле жети ирээт тегерениш керек бекен?
Таштанбек Акматов: Ал жерден бир күндө эки эмес, бир тегеренгенде эле анча-мынча алсыз, кары-картаңдар жүрбөй калышат. Ал турсун бейтап кишилер да тегерегиндеги адамдардын көптүгүнөн дем алуусу кыйындай баштайт.
Тенти Орокчиев: Эми Таке, жергеңе аман-эсен келип, эки күн өткөндөн кийин тууган-туушкандарыңды, сөөк-тамырларыңды чакырып бата алдың. Мунун баары жакшы болду. Буга чейин деле Америка баш болгон дүйнөнүн далай жеринде болгонсуң. Алардан ушул Мекке сапары өзүңө деги эле эмне берди, кандай ойдо калып жатасың? Албетте, адам катары, жашың кыйла жогорулаган карыя катары эмне деп айтар элең? Буга чейин коммунисттик тарбияны башыбыздан кечирген адам катары Кудай Таалага карата ишеним кайсы жакка көбүрөөк өстү?
Таштанбек Акматов: Жогорудагыларды баштан өткөзүп, чындыкты кайра-кайра элестеткенден кийин мындай бир ойго келет экенсиң. Баарыбызга бештен белгилүү 70 жыл совет бийлигин башыбыздан кечирдик. Аны мен андай-мындай деп жамандашка эч акым жок. Ал өз багытындагы идеологиясын жүргүздү. «Кудай жок» деп канчалагандарыбыз атеист болдук. Мына ушул идеология мусулман калкын муунтуп коюптур. Өмүрүмдө жогоруда өзүң айтып өткөндөй Америка баш болгон кыйла жерлерде, өлкөлөрдө болууга туура келди. Мен өзүмө-өзүм канагаттанып ой-кыйалга чөмүлгөнүм, мына аз эле күн мурун аралап, Кудай Таалага ыраазылыгымды билдирип жүргөндөй жер жок да?! Быйыл 2006-жылы Мекке-Мединага 10 миллион адам барды деп айтышты. Ошончо элдин эмнесине таң калдым? Ошончо эл азан чакырып, намазды ким кай жерде окуп жатса, ошол жердеги имамга уюп намазын окуп жатышат, бурулуп бир жакты кароо деген болбойт бу учурда. Ал жерде бири-бирине каяша сөз айтуу, бутумду басып койдуң, жөөлөп жибердиң деген бир сөздү кулагың укпайт. Мекке-Мединанын дагы бир артыкчылыгы – кененчилик, эмне кааласаң ошонун баары турат. Булар бир жагы болсо, экинчиден, адамдын кулк-мүнөзү менен пейилин бузган бирден-бир нерсе ичкилик турбайбы. Арак деген жан алгыч адамдын мээси менен ыйманын таптакыр соолутуп таштайт тура! Ошончо арап өлкөсүндө бир шише арак менен тамекинин жытын сезбедим. Дагы бир чындыкты кошумчалап кетейин. Адам үчүн керектелчү атырларына бир грамм дагы спирт кошулбайт экен. Буларга кошумча дагы бир таңыркай турган көрүнүш, Мекке-Медина экөө тең чөлгө жайланышканын билебиз. Аерде эгин-тегин деген айдалып, бышкан эч байлыктары жок. Дүйнөдө адам баласына эмне насип керек делсе, дал ошерден табасың. Ал эми башка буюм-теримдерди кеп кылбай эле коеюн.
Тенти Орокчиев: Таке, ошончо аралыктан кыйла убара менен көтөрүп келген замзамдын суусунан бир жутумдан ичтик. Жыйырма литрче суу алып келипсиң, деги эле аны алыш кандай болот экен?
Таштанбек Акматов: Жогоруда адамдар зыярат кылган мечит жөнүндө айтып өтпөдүмбү. Ошол мечиттин түштүк-чыгыш тарабында төрт, беш гектарча аянт бар экен. Анын мармар таш менен курчалган дубалынын ар бир 5, 10 метр аралыктагы дарбазадан кире бергенде анын бир жак кычыгында орнотулган кнопканы бассаң суу чыгат. Ошол кнопканы бир колуң менен басып идишиңе суу толтуруп аласың. Ал стакан идишке куюлган сууну жутуп болгон соң стаканды жаныңа таштап койосуң. Ошерде кезек күтүшкөндөр жүздөп-миңдеп суу ичип кетип жатышса, аердеги стакан түгөнбөйт. Ошондой эле суу да байып койбойт. Аерден сен сууну көп пайдаландың же пайдаланбай калдың деген бир да кеп-сөздү укпайсың. Ал сууну ичкенден тышкары башың ооруп калса, аны менен жуунасың. Кадимкидей дарычылыгын сезип эс ала түшөт экенсиң.