Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Кыргыз элине Ислам дининин таралуусунда Кожо Исхактын орду

Мазмуну

Сабыр Мураталиев

Ислам динин таркатуу ар бир мусулмандын милдети. Ислам дини 610-жылдан тартып таралып келүүдө. Баарыбызга маалым болгондой, Ислам динин Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в) оболу мусулмандардын кыбласы болгон Мекке шаарында алгач өзүнүн  Курайш уруусуна жайа баштаган. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Исламды  үгүттөө жолунда көптөгөн кыйынчылыктарга дуушар болгон. Бирок, бул ыйык динди таратуудан эч качан баш тарткан эмес. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) динди элге ар дайым түшүнүктүү сөзү жана аракети менен жеткирген. Пайгамбардын (с.а.в) көзү өткөндөн кийин анын айткан сөздөрүн, кылган иштерин жүрөгү менен кабыл алган жана анын жолун улантып ислам динин жайуу үчүн жанын аябаган көптөгөн залкар аалымдар чыккан. Тарых барактарына көз салсак, ошол аалымдардын көпчүлүгү Орто Азияда төрөлүп, ислам дининин таралуусуна опол тоодой салымдарын кошкон. Алсак, Имам Бухари, Имам Тирмизи, Сиражуддин Ал-Оши, Имам Сарахси ж.б. Бүгүнкү макалабызда мына ошол аалымдардын бири ХVI кылымда өмүр сүргөн белгилүү суфи шейхтеринен болгон орто азиялык олуя Кожо Исхак жөнүндө сөз кылмакчыбыз.

Кожо Исхак Махдуми Азам деген лакап-ат менен таанымал шейх Сейид Ахмад Касанинин уулу болгон. Ал атасынын жолун жолдоп Бухарада илим алган. Ошондой эле Орто Азиядагы көчмөн элдерге ислам динин таратууга аракет кылган. Эл эсинде элес калтырган аалым орто азиялык шейх Азирети Лутфуллах Чустиден таалим-тарбия алган. Кожо Исхак узак жылдар бою насаатчы катары Ислам динин жайууда өз өмүрүн аябаган. Айрым булактарга таянсак, Кожо Исхак чоң аалым, олуя болгон. Анын өмүр-таржымалын иликтей келсек, ал ар дайым Ислам динин туура жана так жеткирүү үчүн аракет кылып келген. Кожо Исхактын ишмердүүлүгүнөн уламбы же эл менен болгон кылдат мамилесинен уламбы, айтор, Орто Азиянын карапайым элдери гана эмес, падышалары дагы ага кат жазышып, өздөрүнүн аны көрүүнү самагандыктарын сый-урмат менен билдирип: “Биздин аймакка келип, өзүңүздүн илимиңиз менен көзүбүздү ачып кетиңиз”- деп, Ташкенттен Дарвишхан, Түркистан аймагынан Баба-хан, Анжиян аймагынан Харам шах-Султан, Кашгар аймагынан Абдулкарим сыяктуу хандар суранган. Мына ушундан улам Кожо Исхак өзүнүн шакирттери менен Кашгар жана башка кээбир аймактарда үгүт-насаат иштерин жүргүзүп, Ислам дининин кеңири кулач жайуусуна өзүнүн зор салымын кошкон.

Кожо Исхак кыргыздар менен жакшы мамиле түзүп, өзүнүн аракети, учкул ойлору жана даанышмандык пикирлери аркылуу аларга туура багыт берүүгө умтулган. Негизи, кыргыздар ислам динин ХVI кылымдан мурда эле (б.а. VIII к. орто ченинен баштап) кабыл ала баштаган. Ал эми бул жерде айтылган кыргыздар Ислам  дини жөнүндө эч кандай кабар жетпей калган тоолуу аймактарда жашаган эл болушу мүмкүн. Айрыкча, Кожо Исхактын исламды түшүндүрүү ыкмасы аябай жакшы болгондуктан, көптөгөн кыргыз жана казактардын мусулман болууусуна чоң түрткү берген. Буга мисалы катары төмөндөгү окуяны айтып кетүүгө болот.

Күндөрдүн биринде Кожо Исхак өзүнүн шакирттери менен кыргыз элин аралап жүргөн кезде эл бир жерге чогулуп, өзүнүн ырым-жырымдарын аткарып, кудайларынан ооруп жаткан ажосу Серйуктун шыпаа таап кетүүсүн тилеп отурушуптур. Ошондо Кожо Исхак алардын жанына барып, алар менен сүйлөшүп, топтолгон элге: “Бул ырым-жырымыңар эмне жана кудайларыңар силерге кандай пайда берет?”- деп сурайт. Чогулгандар: “Бул биздин ишенимибиз, силердин кудай эмне кыла алса, ырым-жырымдар аркылуу биздин кудайлар да ошондой нерселерди аткара алат”- деп жооп беришет.
Кожо Исхак аларга: “Силердин бул ишенимиңер менен кудайыңар бул оорукчанды бүгүн же эртең айыктыра алабы?”-деп сурайт.

Ошондо чогулган эл: “Оо, Кожом! Эгер чынын айтсак, бул оорукчанга биздин ырымыбыздан, кудайыбыздан эч кандай пайда жок”- деп жооп беришет.
Андан соң Кожо Исхак элге кайрылып: “Эгер биздин кудайыбыз силердин оорукчаныңарды айыктырса, биздин кудайыбызга ишенесиңерби?”-дейт. Алар: “Ооба ишенебиз”-деп макулдугун беришет. Ошондо  Кожо Исхак шакирттерине: “мен азыр дуба окуйм, силер да  “омийин” деп бата кыласыңар”- деп, чын дили менен үнүн чыгарып дуба окуйт. Ошентип баягы оорулуу Алла Тааланын ырайымы менен ооруусунан айыгып эт-жүрөгү болкуп: “Күбөлүк келтирем, Алладан башка кудай жок, күбөлүк келтирем Мухаммад кудайдын кулу жана элчиси, Алладан башка кудай жок, Мухаммад Алланын пайгамбары”-деп келиме келтирет. Чогулган эл дагы Серйукту ээрчип Жалгыз Алла Таалага ыйман келтиришет. Ошентип, болжол менен он сегиз миң адам мусулман болуп, өздөрүнө таандык ишенимдеринен кайтышкан экен. Кожо Исхактын мындан башка да жүзөгө ашкан көптөгөн керемет иштери бар.

Жазма булактарда бул багытта Кожо Исхак шакиртине: “Мен мусулмандарга кызмат кылуу максатында өзүмдү ушул үгүт насаат иштерине арнап, Алла Тааланын көмөгү менен миңдеген кыргыз жана калмактарды мусулман кылуу менен бирге наадандыктын чүмбөтүнөн алыстаттым жана калмактар менен болгон согушта туткундалган кыргыз мусулмандарынын өмүрүн сактап калууга себепкер болдум. Ошондо мусулманчылыкка кызмат өтөө кандай пайдалуу экенин сезип, Аксуу, Кашгар, Хотан, Жаркенд жана Куча аймагында бир канча жыл жүрүп, мусулмандык милдетимди аркалап жүрдүм”-дегени бар.

Ошентип, олуя Кожо Исхак жогоруда айтылган  Кашгар, Хотан, Жаркенд, Аксуу аймактарын он эки жыл мекендеп, элди акыйкат жолуна тартып, Мухаммаддын (с.а.в.) шариятын жандандырып, нечелеген кишилерди туура жолго чакырган. Өмүрүнүн аягында Самаркандга кайтып келип, ишин улантып жүрүп 1599-жылы бул дүйнө менен коштошкон.

Башына