Он үчүнчү сан

Азирети Салман Фариси
Мазмуну
Насыпбек Асанбаев
«Салман Фариси бизден - Ахли байттан» (хадис)
Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) баскан изин ыйык көрүп, аны менен бир болууга жан үрөгөн кутман сахабалардын ичинде перс элинен Салман Фариси аттуу адам болгон. Туулуп өскөн жерин, ата конушун таштап, Алланын чыныгы динин табууга бүт өмүрүн арнаган бул кеменгер адамдын өз аты Мабих эле. Атасы өз айлынын бийи, ошол кездеги Иран эли ишенген мажуси (отпарастык) динин бекем туткан адам болчу. Ал мажусиликке бекем ишеничинен улам сыйынган отунун өчүшүн такыр каалачу эмес. Ушул себептен баласы Салманды да от жанынан алыстаткан жок. Бирок маңдайына үммөт болуу шарапаты жазылган Салманды бир күнү атасы талаага жумшайт. Жолдо баратып ал христиандардын чиркөөсүн көрүп калат.
Кызыгуу менен ичине кирип, ибадат кылып жаткан элди аңтара тиктеген зирек бала бул диндин өз дининен өйдө экенине көзү жетет. Анык динге болгон арзуусу аны ошол эле күнү христиан динин толук үйрөнүш үчүн атасынан качып Шамга жол тартуусуна себеп болот. Аяктан Мусул, Нусайбин жана Аммурия чиркөөлөрүндө болот. Диний билимин тереңдетүү талабын байкаган поптор ага улам күчтүү попторду сунуш кылып жатышты. Акыры эң билимдүү эсептелген поптун берген сунушу аны чыныгы диндин даңгыр жолуна салды. Ал Салманга акыркы Пайгамбардын келээрине аз калганын айтты. «Акыркы пайгамбар Араб элинен, эки таштак ортосундагы курмалуу жайдан келет. Садага берсең өзүнө эч албай таратуусу, белек кылсаң өзүнө бир аз алып калганын адамдарына таратуусу анын пайгамбарлык белгисинен. Андан сырткары эки далысынын ортосунда пайгамбарлык мөөрү бар. Эбин таап жете алам десең ошол жакка бар» деген ал маегинде.
Бул убакта Салман Аммурияда анча мынча малдуу болуп калган. Дароо кетүүнү чечет да, Арапстанга кетчү кербенге бүт малын берип ала кетүүсүн өтүнөт. Бирок кербен башы шартты бузуп, Арапстандын Вадил Кура аймагынан аны бир жөөткө сатып жиберет. Ал жөөт болсо Мединалык агаларына сатат. Ошентип, кулагы кесик кулга айланганы менен, Салман эки таштак ортосундагы курмалуу шаарга, Ясриб (азыркы Медина) шаарына да жетет.
Арадан канча өткөнү белгисиз, Салман жөөттүн короосунда кың дебей иштейт. Бирок, эси дарты Ясрибге келе турган Алла элчисинде. Акыры ал күткөн күн да келет. Акыркы Пайгамбармын деген адамдын Куба айылына келгенин айтып калышат жөөттөр. Дароо анча мынча курма чогултат да Кубага жетип барат. Чыныгы пайгамбар экенин сынамакка курманы садага деп берет Азирети Мухаммедке. Аалам нуру (с.а.в) адатынча курмадан ооз тийип да койбостон жанындагы сахабаларына таратып жиберет. Ал күнү көңүлү жайланган Салман кийин дагы бир эбин таап келет да, экинчи сыноосун кылат. Анча мынча чогулта келген курмасын бул жолу белек катары берет. Алла Элчиси сахабалары менен чогуу олтуруп даам татат анын белегинен. Эми акыркы белги, далысындагы пайгамбарлык мөөрдү көрүш керек эле.
Бул учурда Алланын Нуру Мединага да келип калган. Мөөрдү көргөнгө ашыккан Салман аны артынан аңдып калды. Мунун кылыгын байкаган Пайгамбар (с.а.в.) акырын артын ачты да мөөрүн көргөзүп койду. Ага ушул эле керек эле. Бүтүндөй өмүрүн издөө менен өткөргөн байкуш, кубанычынан буркурап ыйлап ыйман келмесин келтирип, эч кыйылбай туруп мусулман болду. Анан башынан өткөргөн азап тозокторун, чыныгы динди издеп жүрүп көрбөгөнү калбаганын айтты Пайгамбарлар Султанына (с.а.в). Дилгир үммөтүнүн сөзүн кунт коюп уккан Пайгамбар ошол эле замандагы адамдарга эмес, бүтүндөй урпакка өрнөк болор өмүр баянын башкаларга да айтуусун сунуш кылат ага. Ошентип Салман Фарисинин (Алла ага ыраазы болсун) ак дин үчүн болгон изденүүсү ошол күнү маектеш болгон Ибни Аббас (р.а.) аркылуу муундан муунга өтүп, бизге жетип отурат.
Көксөгөнүнө жетип ыйман нурунан даам сызган сахаба эми Пайгамбарынын жанынан эч чыккысы келбей калды. Бирок, тилекке каршы, ал Исламдан кабары жок жөөттүн кулу эле. Эптеп-септеп бош убакыт табаары менен Пайгамбарынын жанына чуркай турган болду. Анкени менен анын кендирин кескен кулчулуктун айынан алгачкы Бадр, Ухуд казаттарына бара албай калды. Кыйын күндөрдө сүйүктүү адамынын жанында боло албаганына ичи туз куйгандай ачышып турду. Акыры Азирети Пайгамбардын сунушу менен ээсине барып өз эркиндигин өзү сатып алмакчы болгонун айтты. Каапыр жөөт азаттыкты 300 түп курма багына, 40 окка (бир окка 1283 грамм) алтынга баалады. Мусулман боордоштор колдон келген жардамы менен 300 курма шагын таап отургузууга жардам беришти. Кендирди кескен 40 окка алтын болсо, кийин Пайгамбарыбызга келген согуш олжосунан берилди.
Ошентип Салман азаттыкка чыкты. Жүз жаны болсо жүзөөнү тең арноого даяр үммөт эми Пайгамбарынын жанынан күндүр-түндүр айрылбоого аракет кылып жатты. Бул тууралуу Азирети Айша энебиз (Алла ага ыраазы болсун): “Салман менен Алла Элчисинин маектешип отурган түндөрү көп болор эле. Мындай убакта аялдары да алардын жанына кире алышчу эмес” дейт.
Куттуу сахаба азаттыкка чыккандан кийин Хандак согушунда өзүн көргөздү. Ичтен да, сырттан да кол салган душман коркунучунан ал аңгек казуу менен коргонуу айласын айтты жана аны казууда 10 киши казган жерди жалгыз казып бүттү. Ушундан улам аны “Салманул хайр” дей турган болушту.
Салман Фариси аз убакытта сахабалардын сүйүктүүсүнө айланды. Ансарлар да, мухажирлер да аны “Салман бизден” деп талашып турчу болду. Бул купуя талаш акыры эки дүйнө Нурунун (с.а.в.) “Салман бизден, Ахли Байттан” деп жарыялоосу менен токтоду. Ошондон кийин тегиң ким дегендерге, “Исламга киргенден кийин тек издебейм. Мен Салман Ислам уулумун” дей турган. Муну уккан Умар (р.а.) “Мен да Умар Ислам уулумун” деди аны кубаттай.
Ак Ислам дининин ашыгы Салман Фариси Исламга киргенден кийинки өмүрүн такыбалык менен өткөрдү. Үйлөнгөн күнү үйүнүн жасалгаланып калганын көрүп “Алланын Элчиси мага, дүйнө мүлкүң жолоочунукунан көп болбосун” деген деп үйүнө кирбей койду. Азирети Умардын (Алла ага ыраазы болсун) халифалыгы доорунда Иранды каратуу согушуна катышып, Мадайинге аким болуп дайындалды. Байлыкка эч маани бербеген сахаба ошондо да өзүнө бөлүнгөн эмгек маянасын кедей кембагалга таратып, өзү себет токуп сатуу менен өмүрүн улады.
Жазма булактарда Салман Фариси (Алла ага ыраазы болсун) 655-жылы Мадайинде аким болуп турганында каза болгондугу айтылат. Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) “Бейиш үч адамды чыдамсыздык менен күтүүдө. Алар Али, Аммар жана Салман” деген мактоосуна арзыган Салмандын (Алла ага ыраазы болсун) өмүрү мусулманмын деген ар бир адамга кайталангыс үлгү, жаркыраган жылдыз. Кудай Таала бардыгыбызды ушул Чолпон жылдыздай жанган адамдардын катарында кылсын. Оомийин!