Он үчүнчү сан

ӨТҮКЧҮ
Мазмуну
Рафик Халит Карай
Жүргүнчүлөр толгон кеме ордунан акырын чайпала козголуп, мелтиреп жаткан сырдуу көк мухитти жирей, алга умтулду. Ал Мармара деңизинин асман менен жер кошулуп, мунарыктап жаткан горизонтун көздөй улам узаган сайын калдайган карааны кичирейип барат. Ошол кеменин ичинде адам баласынын башына буйрулган эчен-эчен азап менен шаттыктарды али көрө элек, аруу дил, акак кыял наристе да бар эле. Аны узаткандар, деги эле бардык жүргүнчүлөрдү сапарга аттанткан адамдар негедир жеңилдене үшкүрүп алшкансыды…
– Ылайым бала чагы Аравияда бейпил өтсүн, – дешти айрымдары кайрымдуулук иш жасашкандарына өздөрүн ынандыруу үчүн. Бирок чындыгында, баарынын эле ичинде мындай канааттануу болгон жок.
Ошентип, атадан алдагачан жетим калган Асандын апасы да жакында жарыкчылык менен кош айтышып, аны эми туугандары менен кошуналары алыскы Палестинага, атасынын эжеси жашаган шаарга жеткиртипип коюууну аман катары катуу суранышып, кемечилерге дайындап узатышты.
Асандын көңүлү кемеге түшкөндө көтөрүңкү болчу. Наристе да… Эми деле көңүлү куунактыгынан жаза элек: Жээкте чырылдап иштеп жаткан жүк көтөргүч крандарга, тамак-аш сатып жүргөн адамдардын колундагы ага түшүнүксүз жазуусу бар нандарга, жайып коюлган шейшептердей желбиреген үйлөмө кайыктарга, кемени кайтарган аскерий күзөтчүлөр алмашканда улам кагылган конгуроо добуштарына өзгөчө кызыккан анын балалык кыялында али көлөкө жок, бейкапар эле.
Асан быйыл бешке толгон. Ал кээ бир сөздөргө так келбеген ширин тили менен палубадагы жүргүнчүлөрдүн да көңүлүн көтөрө, эрмек болуп баратты. Бирок чалкыган мухитти жирей зымыраган кеме бирде бул, бирде тигил жээктеги пристандарга токтоп, улам Анадолудан алыстаган сайын анын сабырыр суз тартып, кандайдыр бир оор кусалык, сенейген кыймылсыздык жана жүрөк ооруткан момуроо ээлей баштады. Кеме ар бир пристанга келип токтоп, кайра жылган сайын кемдеги адамдар да алмашып олтуруп, эми Асандын айланасы ал тааныбаган чоочун адамдарга толо баштады. Анын үстүнө кемеге жаңы түшкөн адамдардын тилдери да Асанга түшүнүксүз болчу. Бая Стамбулда «Асан келегой», «Асан мобуну эмне дейт?» деген толгон-токой суроолор менен анын өзүн да алаксытып, эриктирбеген адамдарыдын аягы суюлуп олтуруп, эми аны эч ким өзүнө чакырбай да калды. Аты да өзгөрүп кеткенсиди: «Хассан» деп «с» тамгасын чоюп сүйлөп жатышты. Кээде-кээде гана бирөөлөрү: «Таал хун, йаа Хассан», «рүх йаа Хассан» дегени болбосо, ага эч ким деле көңүл бурбай, а эне тилиндеги сөздөрдү болсо такыр эле укпай калды. Кыймылсыздык менен кусалык баскан Асан бир бурчка бүрүшө орун алды да, эч кимдин сөзүнө көңүл бурбай, эки бети кубарып, томсоро дымып олтурду.
Асандын кеме менен канча жүргөнү эсинде деле жок, бир кезде, анын ою боюнча деңиздер түгөнгөн жерде, аны кара жер менен сойлоп жүрүүчү темир аттарга – поезддерге которушту.
Поезд чоочун жерлерди тепчий зымырап, апельсин бактарын аралап баратты.
Баланын көкүрөгүн катуу бир нерсе мыжып, тамагына да катуу бир зат туруп калгандай кыйналып, унчукпай баратты.
Баштан-аяк гүл оронгон, жемиштери менен жасана көрктөнгөн гөзъл дарактар да көздөн кайым болуп, зыгыр эгилген талаалар да сейрек тарта баштады.
Поезд боорлорунда эчкилер оттоп жүргөн купкуу, урчуктуу беттери кыйма-чийме жарылган тоолордун таманы менен ийреңдеп баратты. Тигил тоо боорлорунда оттоп жүргөн эчкилер ушунчалык кара, окшоштурар нерсе жок капкара эле. Жүндөрү жаңы автомобилдин бойогундай, кызгылтым нурлуу күн алдында жарк-журк деп жанып жаткандай сезилди балага.
Акыры бул көрүнүш да бүттү. Эми поезд көз жоосун ала суналып жаткан, мемиреген мейкин түздүккө чыккан болчу: Бул жерде же дарак, же дарыя, же үй болсочу: анда-санда калбаат чоң жаныбарлар жолугуп жатты. Буттары абдан узун, сөлөкөтү бийик, жондору дүңкүйгөн, өркөчтүү жаныбарлар поездге карап да коюшпай, каалгый жай басып бара жатышты. Ооздорундагы тикенди жуушай чайнап, ачуулуу, чарчаңкы кейип менен бирин-бири ээрчий чубап, оор, бирок жумшак аттап, артына из да калтырбастан, чаң да да чыгарбастан кетип баратышты алар. Асан канчалык суроо бербөөгө аракеттенбесин, чыдай алган жок. Жанындагы аскерге аларды сөөмөйү менен көрсөттү. Аскер күлүп:
– Гамел, Гамел*, - деди.
…Хасанды темир жол бекетинде поездден түшүрүшкөндө мончок-шурулары, маңдайы, билектери жана кулактарынан бери топ-топ, түрлүү-түрлүү алтындар салаңдаган, кара «шейшепке» оронгон, бири-бирине бириккен кою кара каштуу, чоң кара меңдүү аял көкүрөгүнө кысты. Бул кучак алдейлеп, бөпөлөп, бетине кир жугузбай сак-сактьап чоңойткон асыл апасынын кучагына эч окшобогон, калааты бир жыттуу, өтө эле жумшак, ичине тартылып, соолуган көкүрөктүү кучак эле…
– Я хабиби! Я айни!**
Эжесинин жанындагы аялдар да баланы кучактап өбүштү, анан алар өз ара сүйлөшүп, күлүп калышты. «Мейманды» тосуп алганы алар менен чогуу бир топ бала да келген экен. Алар халаттарынын үстүнөн көйнөк-жакет кийип алышыптыр. Маңдай чачтары ылдый самсаалап турат, баштарында топу…
Асан ошол күндөн баштап абдан түнт болуп кетти. Улам мезгил өткөн сайын ага томсоруп жүрүү да адатка айлана баштады. Ошол тейде далай апталар агып өттү…
Асан мезгилдин өтүшү менен арап тилин түшүнө баштаса да, бороондуу деңизде баратканда кандайдыр бир чоң коркунучтан дем албоого аракеттенген адамдай кысылуудан эч арыла алган жок. Бирок анысын эч кимге айтууга да даабады. Эми анын да белдиги бар халаты, жакети, топусу, кызыл бут кийими бар эле. Анын чачын негедир колдун алаканындай таза кырып алып коюшту да, саамай-кък\л\н гана самсаалатып ылдый т\ш\ргън боюнча калытырышты. Теридей катуу, тегерек тандыр нанын жегенге да көнүп, жерге салынган дасторкондо тамактанганды, кашык же кичинекей сайгыч (вилка) ордуна нанды ороп туруп пайдаланууну да үйрөндү.
Күндөрдүн биринде атасынын эжеси – халасы көчөдөн өтүп бараткан кимдир-бирөөнү чакырып калды. Ал эски-уску бут кийимдерди оңдогон өтүкчү экен.
Үйдүн короосуна түлөп, эскирип бүткөн торбосун жонуна көтөргөн, бир колуна кичинекей олтургучун жана кандайдыр бир темир кутусун кармаган, самтыраган эски кийимчен карыя кирди. Торбосунан мукаба сыяктуу түрүлө бүктөлгөн териси да көрүнүр турду.
Ал эжеси менен бир нерселерди арабча сүйлөшкөн соң, эжеси сөгүлүп, жыртылып, тытылып кеткен бир топ бут кийимди өтүкчүнүн алдына тизип койду.
Өтүкчү чакан олтургучуна көчүк басты. Топурактан салынган жапыз, жепирейген бир кабаттуу сокмо дубал-үйдүн ичинде ушунчалык жаны сыгылып жүргөн Асан өтүкчүгө кызыгып карап калган болчу. Асан мукабага окшоткон терини өтүкчү эки мизи тең курч, ичке, сапсыз бычагы менен кескенин, оозуна бир ууч мыктарды качандыр бир кезде Стамбулда көргөн маймылга окшоп бирден-бирден жаагынан бүркө чыгарып, бут кийимдердин таманына өтө тездик менен какканын, тери тасмаларын сууга салып нымдаганын, кир табактагы желимге (клейге) манжасын малып, тамандарга сүйкөгөнүн, баарын-баарын наристелик кызыгуу менен карап олтурду.
Анан бир кезде кай жерде, кимдер менен олтурганын унутуп, унутула баштаган эне тилинде:
– Мыктар оозуңа кирип кетпейби? – деп сурап жибергенин өзү да билбей калды.
Өтүкчү дароо башын көтөрүп, балага көпкө чейин үнсүз тигилип турду да:
– Түрк баласысыңбы? – деди суроолуу тиктеп.
– Ооба. Истамбулдан келдим…
– Мен да ошол жактанмын. Измиттен…
Өтүкчүнүн сакал-чачы сапсайып өскүлөң, көкүрөгү жагжайып ачык эле. Шымынын тизелери жамачы, тиштери түшкөн, өңү сапсары болчу. Асан эми анын ишине эмес, жүзүнө көңүл буруп карап калды: Көкүрөгүндө сакалындай буурул, сейрек кыл да бар экен. Карыя тиштеринин жоктугунан булдураган тили менен кайра сурады:
– Сен бу азап кычыгына кайдан кабылып жүрөсүң, чүрпөм?
Хасан акыл-күчү жетишинче түшүндүрө баштады: Канлыжа шаарындагы өздөрү жашаган үй тууралуу айтты. Кошунасынын уулу Махмуд менен балык кармаганын, апасы ооруканага барганда трамвайга түшүшкөнүн, анан бир жолу оорукананын аппак т\скъ бойолгон машинасы келгенин, машинанын ичинде жыйнама керебеттер бар экенин... деги эле көп-көп нерселерди божурады.
– А сен эмне үчүн бул жерде жүрөсүң? – деди анан Асан балалык бойоолук менен.
– Бир күгөө жасап коюп качтык да, уулум. Эми күнөө жасаганыма миң бир ирет арман кылып жүрөм…
Негизинен Асан сүйлөп жатты.
Алты айдан бери тунжураган мүнөз күтүп, түнт болуп кеткен, мелтиреп ойлуу тарткан, жалгыздыктын жан чыдагыс азабынан бук болгон Асан бир заматта жаз жамгырындай төгүлүп кетти да, түрк тилин түшүнгөн карыяны өзүнө ушунчалык жакын сезип, өрөпкүп, тынбай сүйлөп жатты… Токтолбостон, эч кимди тыңшабастан, сүйүнгөнүнөн бетинин оттору кыпкызыл болуп, назик, кристаллдай үнү менен сүйлөп жатты, сүйлөп жатты токтобой. Эсине, акылына эмне келсе баарын айтып жатты. Өтүкчү көнүмүш ишин улантканча «охо», «ии!» «ошондойбу» деп, тыңшабатканын билдирген сөздөр менен коштоп, аны сүйлөтө берди, с\йлътъ берди... Эми эч качан жете албас алыста калган ыйык мекенинин дарыяларын, шамалдарын, элдик ырларын угуп жаткандай көзүнө жаш, көкүрөгүнө муң толо муюп, тыңшап жатты карыя. Качанкы өткөн күндөрүн, эми эч качан буту баспас жерлерди сагынып, муун-жүүнү титирей түшүп эшитип жатты өтүкчү.
…Өтүкчү бир маалда караса бардык бут кийимдер оңдолуп бүтүптүр. Жерде жаткан темирин алып, терисин шашпай түрүп, жай баракат мыктарын кутусуна жыйнап, капкагын жапты. Желим кабын ороду. Булардын баарысын адаттагыдан жай, көнүмүштөн секин жасады да, аргасыз кетүүгө камынды.
Ошондо Асандын жүрөгү титиреп кетти бейм:
– Кетесиңби? – деди үнү каргылданып.
– Кетейин эми…, ишим бүттү да… - деп бурулуп, баланы карады: Наристе мекендеши, чүрпө журтташы ыйлап жаткан экен. Үн чыгарбай титиреп-титиреп ыйлап жатыптыр бала: жаактан ылдый аккан көз жашы поезд вагонунун терезесинен аккан жамгыр тамчыларындай дирилдеп, мөлт-мөлт этип шорголоп агып жаткан экен.
– Ыйлаба.., ыйлабачы…
Өтүкчү башка сөз таба алган жок. Муну уккан бала ого бетер токтоно албай, эми озондоп, өпкө-өпкөсүнө батпай шолоктоп, сай-сөөктү сыздата ыйлап жиберди.
– Кой, ыйлаба, чүрпөм... Ыйлабачы, уулум…
Карыянын катып калган жүрөгү наристенин муңуна түтпөй, өзүнүн көөдөнү да кусага толуп чыкты. Эшикти көздөй кадам таштоого аракет кылганы менен, ордунан козголо алган жок. Өзүн кармай албай, узак өмүрүндө далай азапты көргөн көсөм көздөргө толгон ыссык жаш эркке көнбөй буурул сакалдан ылдый сарыгып, аптаптуу Палестинанын мээ куйкалаган күнүнөн кыпкызыл болуп күйгөн көкүрөгүнө, булак суусундай титиреп барып түшүп жатты…
Түрк тилинен түз которгон Садык Гавай
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, «Ала-Тоо-97» фестивалнын лауреаты.