Он үчүнчү сан

Калыстыкты как жарган Умар бин Абдулазиз
Мазмуну
Шамшидин Маматкулов
shamshidin@mail.ru
Бул дүйнөдөн канчалаган кагандар, эчендеген эмирлер өткөндүгү тарых барактарында белгилүү. Алардын кээ бирлери өзүнүн бийлигине ишенсе, айрымдары байлыгына чиренишкен. Бирок, алардын бир уучу гана адамзат тарыхында алтын тамгалар менен жазылып, атак-даңктын да, кадыр-барктын да туу чокуларын багындыра алышкан. Мына ошол асыл заттардын бири Умар бин Абдулазиз болгон. Эмесе, кеп учугу ушул инсан тууралуу болмокчу.
Абдулазиз бин Марвандын уулу Умар 679-жылы (хижра боюнча 60-ж.) Медина шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын балалык чагы Медина шаарында өткөн. Атасы Мисирге (азыркы Египет) вали (аймактык башкаруучу) болуп дайындалаары менен ал жакка көчүп барган. Умар эр жетип чоңоюп калганда атасы аны илим үйрөнсүн деп кайрадан Мединага жиберген. Умар Медина шаарында Анас бин Малик, Абдуллах бин Жафар Таййар, Саид бин Мусаййиб өңдүү бир топ чоң аалымдардан илим алган.
Атасы каза болгондон кийин ал Шамга чакыртылып, кийинчерээк халифа Валид I тарабынан Мединага вали болуп дайындалган. Ал башкарган аймакта бейпилдик орногондуктан башка жактардан көчүп келген адамдардын саны көбөйгөн. Абасынын уулу Сулайман кайтыш болгондон кийин анын ордуна халифа болуп калган. Ошентип, 717-жылы (х. 99-ж.) чыгышынан Улуу Кытай сепилинен тартып батыш чеги Пиреней тоолоруна чейин созулуп жаткан чоң мамлекет Умар бин Абдулазиздин колуна өткөн.
Ал халифа болгондон кийин кызматкерлеринен бири анын санаага баткан жүзүн көрүп: «Сизди мынчалык санаага салып, убайым тарттырган эмне?» - деп сурап калды. Анда ал: «Чыгыштан батышка чейинки бардык үммөтүн укугун коргоп, алардын камын көрүү жүгү мага жүктөлдү. Мындан өткөн санаа барбы?» - деп жооп берди. Элдин укугун коргоону өзүнүн башкы милдети катары кабылдаган Умарды эл «Экинчи Умар» деп атай турган. Анткени ал өзүнүн чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү жана адилеттүүлүгү менен адамзат тарыхында өчпөс элес калтырган Умар бин ал-Хаттабдын жолун жолдогон, калыстыктан карыш жылбаган халифа болгон. Ал тууралуу Суфйану Саври, Имам Шафи сыяктуу чоң аалымдар: «Калыстыкты как жарган беш халифа бар. Алар: Абу Бакир, Умар, Усман, Али жана Умар бин Абдулазиз» дешкен.
«Аккан арыктан суу агат» демекчи, Умар бин Абдулазиз Умар бин ал-Хаттабдын неберелеринен болгон. Азирети Умар бин ал-Хаттаб халифа болуп турган учурунда сүт саткандардын сүткө суу кошуусуна тыюу салган эле.
Күндөрдүн биринде ал демейдегидей эле шаардын бейпилдигин өз көзү менен көрүп, көзөмөлдөө үчүн Медина шаарын түн ката кыдырып жүргөн. Эси оогон Азирети Умар бир аз эс алып алмакка бир үйдүн дубалына жөлөнүп туруп калат. Дал ошол кезде үйдүн ичинде сүйлөшүп жаткан кызы менен энесинин төмөндөгү сөздөрүн капысынан угуп калат:
- Бол кызым, баргын да сүткө суу кошуп койгун, - деп энеси кызын жумшап калат. Анда кызы:
- Энеке, халифа сүткө суу кошууга тыюу салбады беле.
- Эми кызым, Умар бизди көрүп турат дейсиңби.
- Ооба, туура айтасыз энеке. Умар көрбөйт. Бирок, Умар көрбөгөнү менен Алла Таалам көрүп турбайбы, - деп жооп кайтарды кызы.
Бул окуяга күбө болгон Азирети Умар ыйман тарбиясын алган адеп-ахлактуу кызга баа берип, кийинчерээк ал кызды өзүнүн уулу Асымга алып берет. Умар бин Абдулазиз мына ошол кыз менен Асымдын небереси болот. Бул жерде адал ырыскы менен Алла Таалага болгон бекем ишенимдин адамга тийгизген таасири айтпаса деле таасын көрүнүп турат. Демек, перзенттерин адал ырыскы менен чоңойткон ата-эне балдарынын Умардай улуу адам болуп чоңоюшуна себепкер болмокчу.
Эки жыл беш ай гана халифа болгондугуна карабастан Умар бин Абдулазиз кыска мөөнөттүн аралыгында араб халифатын, тагыраак айтканда, Амави (Умаййат) династиясын таанылгыс абалга келтирген. Ал айрыкча саясат, башкаруучулук, экономикалык жана билим берүү тармактарынын өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
Акырет камы үчүн түйшөлгөн Умар халифалык сыяктуу өтө оор жана жоопкерчиликтүү ишти өз мойнуна алуудан аябай коркчу. Алладан коркуп, акырет күнүндөгү суракты жадынан эч качан чыгарган эмес. Терс жорук-жосундардан, бирөөнүн акысын жегенден оолак болгон Умар бин Абдулазиз хижра боюнча 101-жылы жарык дүйнө менен кош айтышкан.
Диний жазма булактарда Умар бин Абдулазиздин өмүр баянына караганда анын адамгерчиликтүүлүгү, адамдык асыл сапаттары көбүрөөк берилген. Ал чындыгында эле динге аябай берилген, такыба жана захид (дүнүйө кызыкчылыгына берилбеген, дайыма акырет жашоосун ойлогон адам), дайыма өз кызыкчылыгын эмес, элдин кызыкчылыгын жогору койгон адам болгон. Сөзүбүздү Имам Шаранинин «ат-Табакатул-кубра» деген эмгегиндеги Умар бин Абдулазиз жөнүндө айтылган сөздөр менен бүтүрүүнү туура көрдүк:
«Алла Таала ага ыраазы болсун! Халифалык мезгилинде чыныгы адилеттүүлүк өкүм сүрүп турду. Карышкыр менен кой бири-бирине жанаша жайылып жүрдү. Умар чыныгы захид болчу. Дүнүйөнүн кызыкчылыктарына такыр көңүл бурган жок. Бирок, мал-мүлк каалабаса деле ага агып келип жатты. Өзү арык адам эле. Арыктыгы белине тагынган курунан эле байкалып турчу. Халифа болгон учурунда да ушул калыбынан жазбай жүрдү. Элүү миң динардык кирешеси бар болчу. Халифа болгондо байлыгынын баарын элге таратып жиберди. Өзү болсо жупуну кийими менен гана калган. Жубайы Фатима бинту Абдулмалик да жолдошунан калышчу эмес. Колунда эмне мал-мүлкү болсо, анын баарын байтул-малга (мамлекеттик казынага) өткөрүп берген.
Мына ошентип Умар бин Абдулазиз чыныгы захид жана такыба мусулман болгондугун аз гана пенделик жашоосунда көрсөтө алган».