Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Кыз ала качуу салтпы же кылмышпы?

Мазмуну

Данияр Мурадилов
e-mail: daniyar73@yahoo.com

Кыз ала качуу кыргыз коомчулугунун күнүмдүк турмушунда актуалдуу, көйгөйлүү маселеге айланып калганы жалпыга маалым. Тилекке каршы, кээ бир адамдардын бул көрүнүштү салт катары кабылдап алышканы жанды кейитет. Ырас, кыргыз элинин Ислам динине киргенине миң жылдан ашып калды. Мына ошол заманга чейин да, андан кийин да улуу кыргыз элинде адам укугуна аяр мамиле жасалган. Кыргыз эли аял затын жогору тутуп, басмырлоодон алыс болгон. Кыргыз элинде кыз ала качуу тарыхый фактылар катары бирин-серин болуп келсе да, эч качан салтка айланган эмес.

Бул маселеге Ислам дининин көз карашы кандай? Сөз оролун ушул нукка бурсак. Ислам дининде аял менен эркек Кудай Тааланын алдында аткарган вазийпа-милдеттенмелери жагынан гана айырмаланбаса, укуктук жагынан бирдей укуктарга ээ болгондугу анык. Динибизде кыз ала качууга өтө кескин түрдө тыюу салынат. Себеби кыз ала качууда кыздын өз ыктыяры, көңүлүнө жаккан өмүрлүк жарына макулдугун берүү укугу тебеленет. Ал эми адам укугун тепсөө Ислам дининде чоң күнөөлөрдүн катарына кирет. Адам укугу адамга таандык болгондуктан аны ээсине кайтарып бермейин же ээси менен адалдашмайынча Жараткан Алла аны шейит кетсе да кечирбейт. Ошондуктан бул маселеге өтө кылдат мамиле жасоо керек.

Кыз ала качуу (салтка эмес) адатка айланышы Кыргызстанда советтер доорунан тартып башталды деп айтсак жаңылыш болбойт. Себеби, жогоруда айтылып өткөндөй, эзелтен мындай көрүнүш кыргыз элинде болгон эмес. Тарыхый негизде кээ бир адабий же көркөм чыгармаларда Жолой менен Алтынкөкүл, Каныбек менен Анархан, Раймалы менен Бегимай, Олжобай менен Кишимжан сыяктуу каармандар жөнүндө айтылып өткөн. Бирок, аларды деле жакындан карап көрсөк, кыз менен жигит бири-бирин сүйүп, кыздын ата-энеси башка бирөөгө макулдугун берип койгон болот. Мына ушундай абалда жигит кызды кыздын макулдугу менен алып качкан. Буга шайкеш «Олжобай менен Кишимжан» дастанында «Ат-тонун камдап шайланып, Антташкан жерим бар эле, Олжобай ала качып кетер деп, Кишимжан көөнү тынганда» деген саптар кездешет. Мында алардын баш кошуусуна Кишимжандын агасы Кудаке каршы болгондуктан, Олжобай аны ала качып кетет. Ал эми кыз жигитти тааныбаса, же бир-эки жолу көрүп, кыскасы ага өмүрлүк жар болуп бере ала тургандыгына көзү жетпей, макулдугун бербегенине карабай жигит кызды ала качып кетсе, бул жерде кыздын укугу тепселген болот.

Ала качуунун башка көрүнүшүн алып көрсөк. Маселен, жигит кызды сырттан көрүп жүрүп жактырып, кыздын ата–энесине жуучу жиберип, кыздын колун суратып, бирок ата-энесинин макулдугун алалбаган соң алып качуу да дин Исламдын мыйзамында тыюу салынган нерсе болот. Анткени бул жерде үңүлө карасак, кыздын оюн сураган эч ким жок. Ал эми кыздын макулдугун кантип билебиз дей турган болсок, Ислам укугунда кыздын макулдугу жөнүндө өтө так, ачык-айкын белгиленген. Ал жерде кыздын кылыктангандыгы да эске алынып, уялуунун натыйжасында «ооба» деп жооп берүү ар кыздын кыялында боло бербегендиктен кыздын күлүүсү, жылмаюусу, кызарып жер карап калуусу да макулдук деп кабылданган. Ал эми макулдугун бербей каршы келгендиги Ислам укугунда терс маанилерди камтыган кыймыл аракет, же сөздүн оозеки түрүндө, же жазуу түрүндөгү формалары менен туюндурулат. Мына ошондуктан качырылган кызды аркасынан кууп келгендер «таш түшкөн жеринде оор болот» дебей, кызды алып кетүүлөрү зарыл. Кыздын артынан келген куугунчулар эң негизги милдетин орундатып, кыздын макулдугун билүүлөрү кажет. Кээ бир учурларда «күйөөдөн чыкты» деген атка калбасын деп, куугунчуларга барган жерине отургузуп келүү милдеттери жүктөлөт. Бул туура эмес көрүнүш. Себеби Ислам укугунун негизинде, нике жигиттин жана кыздын бирдей макулдугу менен гана жүрөт. Демек, экөөнүн бирөөсү макулдугун бербесе, нике жүрбөй калат да, төрөлгөн бала арам заада болуп калат. Мындай учурларда кыз өзү да жакшылап ойлонуусу зарыл. Анткени ал жерде кызды алып калуу үчүн көптөгөн ыкмалар колдонулат. Мисалы, кыздын алдына нан, боорсок жана башка кыргыздын менталитетинде ыйык саналган нерселер чачылат, же болбосо сексен, токсондогу чоң энелер босогого туурасынан жатып алып «кетсең мендей кемпирди аттап кет» - деген ыкмалар колдонулат. Мына ушундай учурларда эч коркпой-үркпөй эле, эгерде кыздын көңүлү жок болсо, отурбай кете бергени дурус.

Кээде кыз да, жигит да бири-бирин такыр тааныбаган учурлар кездешет. Бири-бири жөнүндө уккан да эмес, көргөн да эмес болуп чыгат. Башкача айтканда, жигиттин жоро- жолдоштору кызды күтүлбөгөн «белек» катары ала качып келишкен болот. Же жигит өз алдынча бир чечимге келе албагандыктан, же деги эле үйлөнгүсү келбегендиктен: «сениби шашпа, сени биз үйлөндүрөбүз» деген ураандар менен артык кылабыз деп тыртык кылгандар да аз эмес. Кээде жигиттин жеңелери, же болбосо жакын туугундары: «Алып келе бер, баарыбыз эле ошентип келгенбиз. Кыз бараар жерине ыйлап барат»,-дешип бозойдун аңдабай туруп кылмыш жасашына түрткү болушат. Мындай жол менен курулган үй-бүлөөлөрдүн көбү морт келет, көпкө узабайт. Себеби, кыздын психологиясында башынан эле зордук-зомбулук орун алып калган болот да, улам барган сайын күйөсүнө болгон көз карашы өзүнө да, күйөсүнө да байкалбай, билинбей терс көрүнүштөргө өзгөрүп, үй-бүлөнүн кыйрашына алып келет. Бул психология бир топ жылдарга чейин да созулушу мүмкүн. Ушул себептен ажырашкан канчалаган жаш жубандардын элесинде «эркектердин баары ушундай экен» деген тыянак өкүм сүрүп, дагы бир жолу өз ыктыяры менен болсо да үй-бүлө куруусуна тоскоол болуп келет.

Ушундай өкүнүчтүү өкүткө башка жол менен туш болгондор да бар. Маселен, Жантай чал менен Акмөөрдүн персонаждары. Жантай чал өзүнүн нөкөрлөрү менен Соң-Көлгө келип, Болотту сүйүп жүргөн Акмөөргө ошо чөлкөмдүн мыктыларынан Келдибек аркылуу куда түшүшөт. Далай күн бүт аймак Жантай хандын той-тамашасына туйтунуп, жаштары оюн-зоокко тунат. Аны баамдап жалпы мыктылардын кысымына жибиген ата-энеси, соңунда өз кызынан артык бапестеп, сымбатына, акылына маашырланган Келдибек өзү кадырын салып: - Хан Жантайга атпай журт кыргыздан жаккан жалгыз сен болсоң кантебиз. Хан башы менен биздин бардык оболубузга көндү. Өйүз-бүйүз саяк, сарбагыш манаптарынын баары кошоматын көргөзүп тегерегинде. Элди, мени сыйла, кыйнаба, балам,- деп сабылганда жароокер бийкеч, көз жашын сымаптатып, үнсүз башын эңилткен.  Ошентип, Акмөөр көңүлү Болотто болгону менен Жантай чалга макулдугун ата-энесин, жаамы журтту кыйалбай аргасыздан берген экен. Мындай абалда, Исламдын юридикалык жагынан карасак нике жүрөт.  Ал эми маселени социалдык жагынан караштырсак, жогоруда айтылып өткөндөй ажырашып кетүү ыктымалы жогору болгон  абалда үйлөнгөн болушат. Демек, кудалашуу жолу менен кыздын ата-энеси анын көңүлүнө жакпаган бирөөнө берип койсо, бирок кыз менен жигиттин макулдугу болсо, нике жүрөт.

Ал эми эки жаштын биринин макулдугусуз кыйылган нике жараксыз болуп, ар бир жыныстык катнашуу «зина»  деген чоң күнөөнүн алкагына кирип калат.
Жалпысынан алып караганда кыз ала качууга эки шарт түрткү болот экен. Биринчиси-кыз макул болуп, ата-энеси каршы болсо. Мындай абалдардын көбүндө кыздын жеңелери ортомчулук кылып шарт түзө коюшат эмеспи?! Ал эми экинчиси-кыздын ата-энеси макул болуп, бирок ошол учурда калың төлөөгө келгенде жигиттин материалдык шарты мүмкүндүк бербесе. Мындай учурларда калыңдын жарымын төлөгөндөн кийин кызды ала качып кетип, белгилүү бир убакыт аралыгында калыңдын калганын төлөп коюшкан.
Сөзүмдүн акырында, урматтуу окурман, бирөөнүн чырактай жанган кызынын көз жашын төгүп укугун тебелебейли, турмушуна балта чаппайлы, эртең эле ошондой абалга өзүбүздүн кыздарыбыз да туш болуп калышы мүмкүн демекчимин. Кыздырыбыз болочок энелер, ал эми энелер улуттун тарбиячылары экенин унутпайлы. Болочок энелердин тагдыры – улуттун тагдыры экенин эстен чыгарбайлы.

Башына