Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

ИСЛАМ МАДАНИЯТЫНЫН ЕВРОПАГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ

Мазмуну

КЕНЖЕБЕК ЧЫЙБЫЛОВ
canbey@mail.ru

            Эмнегедир кийинки учурларда деле колуна калем кармап, сыя жалап калган айрым жарандарыбыз менен аалам, дүйнө, инсаният, адамзат жыргалчылыгы, жашоо-турмуш, дегеле адам баласынын көңүлүн өзүнө тартып туруучу темалар туурасында баарлаша келсең, баягы эле салтка айланып, дилге жат болгон түшүнүктөрүн көгөрө ортого койчу адаттарыбыздан арыла албай жүргөнүбүздү байкоого болот. Ал – эмне гана болбосун, кандай маселе жаралбасын, өзүбүздүн ким экенибизди, кандай баалуулуктарга ээ экенибизди таптакыр унутуп коюп, ал гана эмес эки жакка көз чаптырып, өзүбүздү жакшылап таанып билгенге да чама-чаркыбыз келбей, чү дегенде эле Европаны, Батышты карамай адатыбыздын бар экендиги.

Ырас, бүгүнкү күндө Европа жана Батыш мамлекеттери чыгыштын айрым мамлекеттерин эске албаганда, көпчүлүк өлкөлөргө салыштырмалуу материалдык жана технологиялык жактан бир катар артыкчылыктарга ээ экендиги талашсыз. Сыртынан караганда ушундай көрүнгөнү менен, бүгүнкү батыш мамлекеттеринин гумандуулук жана руханий жагынан куурап бараткан дарак сымал экендиги жана ошондой эле көп жагынан  табигый баалуулуктарынан ажырап калуу абалына келип жеткенин ар ким эле биле бербесе керек. Анткени, көпчүлүгүбүз «өнүгүү жана артта калуу» деген түшүнүктөрдү бир гана материалдык жана технологиялык жактан гана баалап-өлчөгөн көз карашка ээ болуп калганбыз. А негизи бул «өнүгүү жана артта калуу» деген түшүнүктөр абалдын бир гана тарабы экендигин унутпашыбыз керек. Бардык эле нерседе күчтү сырттан издей берчү мына ушундай терс мүнөздөрдөн арылуу үчүн, албетте, бүгүнкү Европа жана  Батыш мурун кандай эле жана бул абалга кандайча жетишти деген суроонун тегерегинде бул макалабызда бир убактарда күн чыгыш ренессансынын өзөгүн түзгөн Ислам маданиятынын Европага тийгизген таасири туурасында сөз кылууну туура таптык.

Мусулмандардын башкаруусуна өткөндөн кийин Андулустагы (Испания) Куртуба шаары X-кылымдарда байлык жагынан да, калкынын саны жагынан да Европанын эң чоң шаарына айланган. Кездеме чыгаруу өндүрүшү ушунчалык өнүккөндүктөн, бул тармактын өзүндө эле 13 000 адам иштеген. Шаар менен жээктеш 21 кичи квартал, 113 000 түтүн, китеп сатчу жарманкеси менен кошо 70 китепкана, мечиттер, медреселер, мектептер сыяктуу мекемелер курулган. Ал эми шаардын жолдору тегиз жылмакай таштар менен төшөлгөн эле. Көчөлөр кечинде жолдун эки жээгиндеги үйлөрдүн бооруна асылган көчө чырактары менен жарыкка бөлөнүп турчу. Мындан 700 жылдан кийин, тагыраак айтканда, XVII-кылымда Лондондо бир да көчө чырагы болгон эмес. Европалыктардын түшүнүгү боюнча мончого түшүп жуунуп тазалануу жапайылык катары эсептелген доорлордо, мусулмандар алда качан заманбап жана таза мончолордо жуунуп таранышаар эле. Айлана-тегеректеги падышачылыктар көркөм өнөрчүлүк, текстил, бойокчулук жана медицина тармактарындагы муктаждыктарын Куртубадан камсыздачу. Ислам маданиятынын ушундай гүлдөп өнүгүшүнө бир мисал берип кете турган болсок, Харун Рашид өз доорунда аябагандай кадыр-баркка, күч-кубатка ээ болгондуктан жогорку деңгээлдеги маданияттын өкүлү эсептелчү. Батышта Франциянын падышасы Шарлман душманы болгон Византия императорлугуна каршы Харун Рашид менен достук мамиледе болуу үчүн тынымсыз баалуу белектер жиберип турар эле. Харун Рашид ага жооп кылып Европалык атактуу бул падышага дубал саатын белек катары жиберет. Ал мезгилде маданият жагынан аябагандай эле артта калган европалыктар сааттын чыкылдап иштешин көргөндө, «мунун ичинде шайтан бар» деп коркушкан.

            Ал эми билим берүү жаатына келе турган болсок, Абдуррахман III тарабынан курулган Куртуба университетинде ошол доорлордо эле билим берүү акысыз жүргүзүлгөн. Доордун эң чоң мударристери (профессорлору) ошол окуу жайларда сабак берчү. Бул окуу жайларга Европанын түрдүү аймактарынан студенттер келип, билим алышчу. Тарыхчылар бул жагдайды ренессансты пайда кылган себептерден деп эсептешкен. Атактуу профессорлор сабак берчү Куртуба Университети мына ушундай артыкчылыктары менен Батыш Ислам дүйнөсүнүн илим очогуна айланган эле. Аталган университетке караштуу калам, фиких (укук), астрономия, алгебра жана медицина тармактарында билим берүүчү факультеттер болгон. Жогорку деңгэлдеги билим берүү сапаттуулугунан улам аталган окуу жай дүйнөнүн булуң бурчунан келген студенттер жана илим изилдөөчүлөргө толуп турчу. Ошондой эле Андулуста жалпы билим берүүнүн деңгээли да ошол учурда жогорку сапатка жеткен. Анткени окуганды жана жазганды билбеген сабатсыз адам жокко эсе болгон. Мунун бир далили катары X-кылымдын баштарында Куртубадагы мусулман падыша сарайынын китепканасынын өзүндө эле 600 000 даана кол жазма китеп бар болгонун айтсак болот. Ал эми ошол эле учурда Европанын эң маанилүү падыша сарайларынын китепканасын алып карай турган болсок, андагы китептердин саны 20 000 ге да жеткен эмес.

Ислам маданиятынын өндүрүш жана жер иштетүү боюнча Европага тийгизген таасири:

Жүз жылдан ашуун сүргөн Крестүүлөр жортуулунда батыштыктар мусулмандардан илим жана технолгиянын иш жүзүндөгү артыкчылыктарын көрүп, алардан үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Алар алгач аскердик курал-шаймандарды, саат жана жибек кездеме сыяктуу күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектүү нерселер менен таанышышкан. Алсак, Арап тилиндеги «камис» башкача айтканда, «көйнөк» сөзү, батыш тилдерине «chemise» түрүндө кирген. Батыштагылар кагаз өндүрүүнү да Чыгыштан үйрөнүшкөн. «Levi Provencal» дын жазган маалыматына караганда Испания жана кийинчерээк бүтүндөй Европа өлкөлөрү күрүч, тыт, банан, фыстык (фисташка), курма, кант камышы, апелсин, лимон, кофе сыяктуу мөмө-чөмө, гүл жана дан өсүмдүктөрдү өстүрүү жолдорун Андулустук мусулмандардан үйрөнгөн. Айрыкча кээбир кездемелердин ар кандай түрлөрү, сактыян (тери), зым, алтын жана күмүш аралашкан жибек жиптер, марли, баркыт, айнек, кагаз каптоо жана сироп, сок даярдоо да Европага алгач ирет мусулмандардан өткөн.

Ислам маданиятынын илим-билим жаатында Европага тийгизген таасири:
Ислам маданиятынын Европага тийгизген таасири айрыкча илим-билим багытында чоң болгон. Алсак, алгебра, геометрия, астрономия, химия, нөлдүк сан системасы Европалыктарга араптардан өткөн.

Философия: Бул багытта ал-Кинди, ал-Фараби, Ибн Сина, Ибн Баажже, Ибн Туфайл, Ибн Рушд, Газали жана Ибн Халдун сыяктуу ислам философтору өтө маанилүү эмгектерди жараткан. Ал гана эмес Европа, грек философиясын да булардын жазган эмгектерин окуу аркылуу таанып билишкен. Ибн Сина жана «Аристотелдин комментатору» катары таанылган Ибн Рушд философия жаатында батышка көптөгөн таасирлерин тийгизген. Батыш дүйнөсүндө атагы чыккан Фараби физика, математика, метафизика багыттарында жана ошондой эле музыка тармагында да батышка чоң таасирин тийгизген. Анын музыка тармагындагы баалуу эмгеги батыш тилдерине которулган. Ал эми атактуу ислам философу жана окумуштуусу Газали туурасында Макдональт: «Газалинин инсан сүйүүсүн арттыруу, өз алдынча изилдеп аракеттенүү жана ой жүгүртүү сезимдерин ойготуу жагдайындагы таасири абдан чоң жана анын бул таасирлери бүгүн да уланууда» деп эскерет.

Математика: Мусулмандар эң көп алектенген илим тармактарынын бири - бул математика. Кыбланын такталышы, намаз убакыттарынын так белгилениши, мурастын туура бөлүнүшү сыяктуу маселелер мусулмандардын математика илими менен жакындан алектенүүсүнө түрткү болгон. Мындай аракеттердин натыйжасында мусулман математиктер инсанияттын бейпилдиги үчүн опол тоодой салымдарын кошкон. Алардан айрымдарын атай кетсек; аль-Хорезми, Мухаммад Ибн Ахмад жана Ибн Түрктү айтууга болот. Бүгүнкү күндө бүтүндөй дүйнөдө колдонулган сан системасынын түпкүлүгү мусулмандарга таянат. Алсак «нөл» санын математикага Мухаммад Ибн Ахмад киргизген. Математика илиминин бир бөлүмү болуп эсептелген «алгебра» жана «логарифмди» мусулман математик аль-Хорезми түптөгөн.

Астрономия: Бул илим мусулмандар арасында айрыкча XI-кылымда өнүгүп, көптөгөн окумуштуулар чыгып, баалуу эмгектер жаралган. Алсак, Египетте аль-Хаким, Андулуста Заркали, чыгыш ислам дүйнөсүндө Бируни, Насуриддин Туси жана Улукбектер бул багытта атагы чыккан окумуштуулардан болушкан. Мисалы түпкүлүгү түрк элдеринен болгон Бируни, Галилейден жүздөгөн жылдар мурун эле жер күндүн тегерегинде айланарын айткан. Ошондой эле Мухаммед Фезари да жылдыз өлчөөчү курал болгон «астроляп»ты ойлоп тапкан.

Физика: Физика илиминде да ислам окумуштуулары албан эмгектерди жараткан. Мисалы аль-Кинди «релятивизм (салыштырмалуулук) теориясын» Эйнштейнден жүздөгөн жылдар илгери эле ачкан. Ибн Хайсам көздүн объектини көрүүсүнө байланышкан азыркы учурдагы маалыматтарыбызга жакын болгон көзкараш, ойлорун XI-кылымдын баштарында эле айтып чыккан. Ал эми Ибн Рушд, Каплерден төрт жүз жыл мурун көрүү функциясын, көздүн ретина (тор катмар) катмары аткарарын аныктаган. Механикалык саат жана кум сааты да мусулман окумуштуулары тарабынан ойлонуп табылган. Алгачкы учуу сыноолору да мусулмандар тарабынан ишке ашкан. Айта кетсек, Андулустук Ибн Фирнас жана Осмондук Хезарфен Ахмед Челеби сыяктуу окумуштуулар өздөрү жасаган аба унаалары менен белгилүү бир аралыктарга чейин учуу ийгилигине жете алган.

Химия: Жабир бин Хаййан жана Рази бул илим тармагынын түптөөчүлөрүнөн болуп эсептелет. Нитрат кислотасын эң алгач Жабир бин Хаййан колдонгон. Мындан сырткары мусулман химиктер да химиялык элементтердин коюулук жана жеке салмактарын аныктоо үчүн кылдат таразаларды, ошондой эле мурунку кезде билинбеген дистилляция (буулантып айдама) ыкмаларын өнүктүрүшкөн.

Медицина: Жүздөгөн жылдар бою чыгышта жана батышта «Докторлордун султаны» аталагн Ибн Сина, Европада «Avicenna» делинип атагы чыккан. Медицина багытында жазган «аль-Канун фит-тыбб» аттуу эмгеги XVII-кылымга чейин окуу китеби катары окутулуп келген. Медицина тарыхында өзгөчө орду бар кан айлануу жараян таризин алгач мусулман доктор Ибн Нефис байкаган. Мындан сырткары эң биринчи оорулууга наркоз берүүнү колдонгон жана скарлатина, кызамык микропторун ачып чыккандар да мусулман табыптар болгон. Ошондой эле микропту эң алгач тапкан доктор, Пастерден 400 жыл мурун жашаган түрк табыбы, ары сопусу Акшемседдин болгон. Айрыкча Абу Бакир Закария ар-Разинин (Rhazes) барандуу ачылыштары менен ооруканалардагы эң алгачкы оорулууларды каттоо системасын киргизгендигин жана медицина энциклопедиясы саналган «ал-Хаави» эмгегин айтпай кетүүгө болбойт. Демек, учурдагы өнүккөн медицина илиминин түптөлүшүндө мусулман табыптарынын ролу абдан чоң экендиги талашсыз.

Тарых: Бул багытта атактуу ислам тарыхчысы Ибн Халдун жөнүндө өзүнүн уникалдуу улуу эмгеги «Мукаддимасына» таянып айта турган болсок, ал тарых философу, социолог жана маданият тарыхчысы болгон. Ал коомдун структурасы туурасындагы оригинал көзкараштарын ортого койгон. Айрыкча Ибн Халдундун A. Комте жана Италян Викодан мурун эле социология илиминде сөз ээси болгонун белгилей кетүү керек.

Адабият: Адабият дүйнөсүндө тамсил катары таанылган «Ибараттуу айбанат икаяларынын» Европага Андулус аркылуу өткөнү айтылат. Проф. док. Ф. Хитти белгилегендей, «Дон Кихот» аттуу чыгарманын автору Сервантес бул китебин Алжирде көргөн арапча бир икая китебинен таасирленип жазган. Бул жөнүндө проф. док. Ф. Хитти да: «Дон Кихоттун булагы Андулус ислам адабияты болуп эсептелет» дейт. Ошондой эле Ибн Туфайлинин «Хай Ибн Йакзан» аттуу романы батышты адабият жаатында абдан таасирленткен. Даниел де Фоенин атактуу «Робинзон Круз» чыгармасы жана Дантенин «Илахи Комедиясы» да Ибн Туфайлинин таасири менен ортого чыккандыгы белгилүү.

Ошентип, сөзүбүздү жыйынтыктай турган болсок, кийинки кездерде «күндүн чыгышын» батыштан күтчү чыгыш да, ошондой эле бир убактарда «күндүн батышын» чыгыштан акмалаган батыш да, айтор, маданияттар ортосундагы таасирленүүлөрдүн жана өз ара байланыштардын негизинде гана жашап, мурун да, азыр да, экөө бирдей «өнүгүү жана артта калуу» деген түшүнүктөрдүн алкагында учугун улантып келет демекчибиз.

Башына