Он үчүнчү сан

Пайгамбарыбыздын ибадаттагы тактыгы
Мазмуну
Осман Нури Топбаш
Ааламдагы чеберчиликтин эң көркөм өнүмү саналган адамзаада түрдүү ибадаттар менен милдеттендирилген. Алла Таала көптөгөн аяттарда түбөлүктүү азаптан кутулуу үчүн, күнөөдөн арууланган, дартсыз жүрөккө (калб-и салим) жана калб-и мунибке40 ээ болуп, напсини багынтуу үчүн болгон мүмкүнчүлүк менен салих-жарамдуу амалдарды орундатууну буйруган.
Орундатылган ибадат пендезаттын тээ алмусакта Кудай Таалага берген сөзүнө бек тургандыгын тастыктаган оопалуулук жышааны. Ибадат – момун-мусулманды Жараткан Аллага жакындаткан руханий байланыш бактылуулугу. Ибадат-момун мусулманды өлүмдүн ары жагындагы убайымдан, санаркоодон арылткан эң таасирлүү шыпаа, бейпилдик тартуулаган булак. Жүрөктүн туруктуулугун, теңсалмактуулугун камсыздаган жана кулчулукта даражаларды багынтып берген нары зарыл, нары берекелүү мөлтүр булак.
Ошол себептен ибадатка өтө так, өтө кылдат мамиле кылуу парзыбыз да, карзыбыз.
Маанилүүлүгүнө жараша иралды даарат алууда кылдаттуулук талап кылынат. Анткени даарат алуу учурундагы айрым маани берилбеген өксүктөр же кайдыгерлик анын коштоосу менен орундатылган ибадаттарга да ошончолук деңгээлде залакасын тийгизет.
Алла Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бир жолкусунда багымдат намазына имамдыкка өтөт. Намазда Рум сүрөсүн окуп жатып аз гана жаңылыштык болуп кетет. Намаз аягына чыккандан кийин Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) жамаатка кайрылып:
«Айрымдар намазга дааратсыз келгендиктен жаңылышыбызга шайтан себепчи болду. Намазга келерден алдын жакшылап даарат алгыла!» деди (Ахмад, III, 471, Насаи, Ифтитах, 41; Мужтаба-Шархи, II, 156).
Мүмкүнчүлүккө жараша ар убак даараттуу жүрүүнүн өзү эле чоң изгилик. Алла Элчиси кандай гана иш болбосун, аны даарат алгандан кийин гана жасоону туура көргөн жан эле.
Ибн Аббас (Алла ага ыраазы болсун) буларды маалымдаган:
«Алланын Сүйүктүү Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) сыртка чыгып даарат сындырары менен дароо топуракка таямум алчу.
-Урматтуум! Сууга жакын эле турасыз го (эмнеге андай кылып жатасыз?) деген таңыркоомо минтип жооп берди:
«Ким билет, балким, сууга (жетпей рухумду алып кетиши мүмкүн) жетпейттирмин» (Ахмад, I, 288, 303; Хайсами, I, 263).
Ааламдардын Ардагы биз анчейин деле маани бере бербеген бул адеп менен ар дайым даараттуу болуунун жана ылгабай даарат менен иш жасоонун нукура изгилик экенин ачык көрсөтүп кеткен.
Башка бир жазма булактарга караганда, Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) гусул дааратын ала турган абалда гусул алганга чейин дааратсыз жүрбөө үчүн дубалга кол уруп таяммум алчу экен (Хайсами, I, 264).
Мына... Алла Элчисинин үммөтүнө таштап кеткен тазалык ибараты...
***
Алла Таала:
«Сага якин (ажал) келгенге чейин Раббиңе кулчулук кыл!» (Хижр, 99).
«Саждага баш кой, жакында!» (Алак, 19) деп буйруган.
***
Он төртү болуп калгандыктан толукшуп турган ай кою караңгылыкка сүттөй жарыгын чачып, түнгө ажайып көрк берип турган. Ошо маалда биз Алланын Элчиси менен сыртта олтурганбыз. Көктөгү толгон айга көпкө тигилген Алла Элчиси:
«-Ушу толгон айды бири-бириңерди түрткүлөбөстөн кантип көрүп турган болсоңор, Раббиңерди да так ошондой көрөсүңөр. Демек, күн чыккандан оболку, батышынан мурунку бардык намаздарды окуу үчүн колуңардан келген аракетти жасагыла» деп айткан соң береги аятты окуду:
«... Күндүн чыгышынан жана Күндүн батышынан мурун Эгеңди макта, (Аны) аруула! Түнчүндө да, күндүзү да (Эгеңди) аруула. Балким, ыраазылыкка жетерсиң» (Таха, 130) (Бухари, Мавакит 16, 26, Тафсир 50/1, Тавхид 24; Муслим, Масажид 211).
Демек, парз намаздарга так болуу Улуу Жаратканды көрүү үчүн эң изги өбөлгө.
***
Намазды олуттуу эч бир себеби жок эң акыркы убагына чейин кечиктирүү жана ыргылжың абалда туруп озуйпаны эптеп аткаруу ниети менен гана окуп кою «мен мусулманмын» деген адамга түк жарашпас жаман жорук. Ала бин Абдуррахман буларды баяндайт:
«Түш оогон мезгилде Анас бин Маликтин жанына бардык. Биз барарыбыз менен Анас дигер намазын окуй баштады. Окуп болгон соң намазды өз убагынан бираз эрте окуганын эсине салдык. Биздин эскертүүбүздү жылмаю менен кабылдап, мунун себебин минтип түшүндүрдү:
Бир жолкусунда Алла Элчисинин:
«Ал мунафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) намазы! Ал мунафыктардын намазы! Ал мунафыктардын намазы43! Алардан бирөө отуруп- отуруп күндүн батышына аз калганда леп туруп жем жеген тоок сыңары төрт жолу тездик менен жатып-турат. Намазда Алланы өтө аз эстейт» деп баса белгилегенин уккан элем» (Муватта, Куран-ы Карим, 46; Муслим, Масажид, 195).
***
Ибадатка болгон тактык, ибадатка берилген маани адампендени сырат көпүрөсүнөн көз ачып жумганча тез өткөрөрүн Азирети Пайгамбарыбыз мындайча билдирген:
«Адамдар тозокко барышат, андан соң амалдарына жараша ал жайдан өтүшөт. Алардын алгачкы тобу чагылгандай тездик менен өтөт, экинчи тобу шамалдай тездик менен өтөт. Андан кийинки топ аттын ылдамдыгындай тездик менен, андан кийинкиси төөнүн ылдамдыгындай тездикте, андан кийинкиси болсо чуркап, эң акыркы тобу жөө басып өтөт» (Тирмизи, 19/3159).
Нафил ибадаттар парздардын кубаттанышына шарт түзөт, Аллага барчу жолду арбытат. Парздарды буйрулгандай так, кынтыксыз, Алланын даргөйүндө тоскоолсуз кабылдана тургандай деңгээлде орундатууга адамзааданын кудурети жетпес. Канчалык кайрат сарптабайлы кемчилик жана ката кетирип алган учурлар болбой койбойт. Андыктан ушул өңдүү өксүктөрдү жою үчүн нафил ибадаттардан башка чара жок. Бул өңүттө Алланын Элчисинин төмөнкүдөй билдирүүсү бар:
«Пенде кыяматта алгач намаз боюнча суракка тартылат. Эгер намазы дурус болсо, анын иши жакшы жагына оойт. Намазы дурус эмес болсо, жоготууга учурайт, зыян тартат. Ошол маалда парз ибадатынан бир нерсе кем чыкса, Улуу Жараткан:
«Карагыла, кулумдун нафил ибадаттары бар бекен?» деп өкүм кылат. Ошентип, парздагы өксүктөр нафилдер менен толукталат. Андан соң калган ибадаттарынан да ушундай таризде суракка тартылат» (Тирмизи, Салат, 188/413).
Эске сала кетчү нерсе, ушул айтылгандарды туура эмес түшүнүп, «парздарды таштап салып нафил ибадаттарды орундатуу кажет экен» деген чечим чыгарылбашы керек. Туурасы - парз ибадаттарды кынтыксыз, так аткаруу менен бирге колдон келишинче нафилдерди орундатууга аракет кылуу.
Жыйынтыктап айтканда, ибадаттагы жана кулчулуктагы негизги максат –жүрөк аркылуу Алла менен чогуу болуу... Ибадаттар жүрөктөгү ыймандын бекемдигине, табына жараша адамзааданы ийгиликке, жакшылыкка жана изги ахлакка жылоолойт. Ыкластуулук жана ынтаа менен орундатылган ибадаттар кишибаласынын рухун байытат, Аллага жакындатат. Баралына жетип олтуруп жүрөктө мээримдүүлүк, жоомарттык көчөтү бүчүр байлайт. Акырында Алла Таала мына ушундай кулдарынын көрөр көзү, угар кулагы болот. Башкача айтканда алардын көз карашы, сезим-туюуму, ой-чабыты жана сүйлөр сөзү бүт-бүт бойдон Кудайы нурдун жараянынан багыт алат, кубат табат, камыр-жумур жуурулушуп туура нукка агат.
Улуу Жараткан ушундай бийик изгиликти баарыбызга буйрусун! Оомийн!...