Он үчүнчү сан

Журналдын он үчүнчү саны

Азирети Пайгамбарыбыздын соода-сатыктагы тактыгы

Мазмуну

ОШ Мамлекеттик Университетинин
Арашан гуманитардык институтунун деканы:
Доц.док. Хидайет Айдар

Биз тандаган тема тирүүлүктөгү ар бир инсандын башына келе турган, алектенте турган иш. Тирүү инсан болгон соң бир нерсе алганга, бир нерселерди сатканга туура келет. Тиричилик өткөрүү үчүн бир мекемеде, бирөөнүн кол астында белгилүү бир ишти аркалаганга мажбурбуз.

            Ислам дини турмуштун бардык багытында, асыресе, эл менен ымала куруу, иштөө, соода-сатык жаатында белгилүү эрежелерди койгон. Жараткан Алла айрым жандыктардын ырыскысын аяк астына чачып койгон. Бирок адамдын тагдыры мындай эмес, ырыскы табуу үчүн күч-кайрат сарпташы жашоо мыйзамы. Ыйык Куранда ырыскы үчүн аракет кылуу буйрулган. Анда Куран аятына көңүл буралы: «...Ырыскыңарды Алланын алдынан издегиле, жалгыз Ага гана ибадат кылгыла жана шүгүр келтиргиле. Акырында Ага кайтасыңар» (Анкабут, 17). Мына ошол себептен улам Алла Таала жер жүзүн ырыскы майданына айланткан: «Ал-жерди силерге моюн сундуруп койду. Андай болсо, жердин чар тарабына жайылып, Ал белендеген ырыскыдан пайдалангыла» (Мүлк, 15). Дагы көп аяттарда Алланын ырыскылары тууралуу айтылып, аларды туура пайдалануу буйрулган: «Намаз бүтөрү менен жер бетине жайылгыла, ишиңерге кайткыла. Алланын берешендигинен насибиңерди издегиле...» (Жума, 10). Аракетсиз берекенин болбогону сыңары иштебеген адам жарытылуу тиштей албасы айдан ачык. Кудай Таала мына ушул чындыкка ишаараттап буларды айткан: «Эмгек менен кайраттын жемишинен башка адамбаласына эч нерсе берилбейт» (Нажм, 39).

            Соода-сатык ырыскы мол катылган эмгек майданынын бири. Соода-сатыктын адалдыгы жана бул иш көп киреше алып келген пайдалуу тармак экендиги Куранда ачык айтылган: «Алла Таала соода-сатыкты адал кылып, сүткорлукту арам кылды» (Бакара, 275).

            Баштан бери Курандан келтирилген далилдердин баары  ырыскынын артынан чуркоого, бир кесипти аркалоого динибиздин канчалык маани бергендигин айкын чагылдырат.
Ардактуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) иш менен соода-сатыктын маанилүүлүгүнө көп хадисинде басым жасаган. «Эң кирешелүү пайда эмнеде?» деген суроого «Маңдай тер менен таза соода-сатыктан тапкан пайда» деп жооп берген. Башка бир хадсинде мындай деген: «Адамбаласы алакан жоорутуп тапканынан таза пайданы таба албайт».

            Ошондой эле кутман Пайгамбарыбыз «Ырыскынын ондон тогузу соода-сатыкта» деп, бул тармактын маанилүүлүгүн айтып, мусулмандарды соода-сатык кылууга үндөгөн. Азирети Мухаммед (с.а.в) өзү дагы пайгамбарлык келгенге чейин маңдай тер төгүп түрдүү иштерде иштеген. Жаштайынан Мекке шаарында элдин жандыктарын кайтарып, акча тапкан. Асыресе, соода-сактыкка да аралашкан. Хатижа эне Меккедеги эң бай деп эсептелген соодагерлерден эле. Ал Азирети Мухаммедке ишенгендиктен мүлкүн тапшырып, соода-сатыкка аралашышына себепкер болгон. Азирети Мухаммед ага үйлөнгөндөн кийин деле пайгамбарлык келгенге чейин соодагерликти уланткан. Пайгамбарлык келгенден кийин кээ кээде гана соода-сатык менен шугулданган.

            Ардактуу Пайгамбарыбыз кандай гана иш болбосун так, калыс жана адилеттүү болууну буйруган. Хадистердин биринде: «Ишенимдүү, дурус соодагер кыямат күнү шейиттер менен чогуу болот» деп айтылат. Ал береги насыяттарды ооз эки жүзүндө айтып гана тим болбостон, айтылган жааттарда үлгүлүүлүктү өзү көрсөткөн. Кимге ортоктош болбосун, кимден бир нерсе сатып албасын  так, даана иш жүргүзүп, калыстыктан эч убакта тайган эмес. Ошол себептен аны менен ымала кургандын баары ага чындилден ыраазы боло турган. Мекке калкынын жаш, карысы дебей аны жакшы тааныгандыктан «Ишенимдүү Мухаммед» (ал-Амин) деп атай турган.

            Азирети Пайгамбарыбыздын мына ушундай үлгүлүүлүгүнө, адамдык бийик сапатына учурда жалпы адамзат ашкере муктаж. «Ага үммөтпүз» дегенибиз менен тилекке каршы, соода-сатыгыбызда ал сыяктанып так болалбай жатабыз. Айрыкча, таразадан алдаганга аракет жасаган соодагерлер көбөйүп баратат. Бир буюмду сатып жатканда, анын кемчилигин жаап-жашырып келебиз. Тез арада байып кетүү үчүн кээде буюмду өтө кымбатка сатабыз. Оңдоого берилген тиричилик каражатын эптеп-септеп оңдомуш кылып, элди алдамай менен жанбаккандар да арабызда аз эмес.  Кыскасын айтканда, ынсаптын азайышы жалпы адамзат үчүн чоң дарт. Муну Куран менен сүннөттөн алыстагандыктын кесепети десек жаңылышпайбыз.

            Таразадан алдагандарга Алла Таала эскертүү берип, андайларды  катуу жазаландырарын баса белгилеген: «Таразадан алдагандарга азап! Алар адамдардан алганда толук алышат да, башкаларга өлчөгөндө кемитип беришет. Алар (кыяматта) тирилээри анык экенин байкап, билишпейби?! Улуу Күндө! Адамдар дал ошол күнү ааламдардын Ээсине туруп келишет. Соода-сатыкта айла-амал колдонуудан сактангыла!» (Мутаффифийн, 1-7).

Азирети Пайгамбарыбыз күндөрдүн биринде буудай сатып жаткан соодагердин жанынан өтүп баратып, каптагы буудайды аралаштырып көрөт. Анын атайлап нымдалганын байкап: «Сен алдамчылардан окшойсуң. Айла-амалга салып, бизди алдаган бизден эмес!» деп катуу эскертүү берген.

            Тилекке каршы, бүгүнкү күнү Ислам динибиз буйруган иш-амалдарды, эрежелерди, адеп-ахлакты  мусулман эместер жакшы тутунгандай сезилет мага. Муну күнүмдүк турмуштан көрүп жүрөбүз. Маселен, масулман эмес адам менен соодалаша турган болсоң, анын жакшы да, жаман да жагын айтып, түшүндүрүп берет. Оңдоо үчүн бир нерсени ала турган болсо, алганына жараша мыкты кылып оңдогонго аракет кылат. А бизчи?! Ошол баалуулуктардын ээси болуп туруп, өзүбүз тутунбасак, мусулмандыгыбыз кайда?!

            Ырас, Куран, сүннөткө баш ийген, адамгерчилиги мыкты мусулмандар да жок эмес. Алар адал-арамга абдан маани берет. Өзүнүн маңдай терине тиешеси жок бир тыйындын чөнтөккө түшүп калышына жол беришпейт. Алдоо жолу менен алынган бир тыйындын акыретте жан чыдагыс азапка айланарын жакшы билгендиктен, амалкөйлүктөн жаа бою качкан биртуугандарыбыз бар. Анткени адамдын уурдалып желген акысы,  тебеленген укугу чоң күнөө экенин жакшы билишет. Бирок андай мыкты мусулмандардын аздыгы өкүнтөт.

            Динибиз соода-сатыкка үндөп, маани бергенине карабастан мусулмандардын көпчүлүгүнүн соода-сатык менен алектенбегени көңүл бурууга тете. Мусулман катары соода-сатыктан оолак болушубуз өзүнчө өксүгүбүз. Мунун себеби айрым аяттарды, хадистерди жаңылыш, толук эмес түшүнгөндүгүбүз. Болбосо, ошол аят-хадистерди жакшылап иликтей турган болсок, соода-сатыкка, мал-мүлк ээси болууга кыпындай да бөгөт эмес экенин байкайбыз. Жер бетиндеги жаамы макулук ыйман келтиргендердин өкүмүнө берилгенин, Алла таза жана адал жараткан бардык нерсени чек-ченеми менен пайдалануу керектигин билебиз. Азирети Пайгамбарыбыз чек-ченемден ашпоо, ысырапчылыкка жол бербөө зарылчылыгын баса белгилеген. Маселен, Ислам дини жыл сайын зекет берүүнү, шарт болсо ажыга барууну, кайыр-садага берүүнү, душмандын чукул баскынчылыгына каршы коргонууга ар дайым даяр болууну, мектеп, медресе, бейтапкана, мечит, жол, көпүрө өңдүү эл үчүн пайдалуу нерселерди курууну жана башка иштерди буйруйт. Колубузда эч нерсе жок болсо, мал-мүлккө ээ болбосок, булардын баарын кантип курабыз, кантип жасайбыз? Жалкоолугу себептеүү тилемчилик кылган, кембагал мусулманга караганда башкаларга жардам берген бардар мусулмандын Алланын даргөйүндө өзгөчө орду бар. Байлык, мал-мүлк жыйноонун эң зарыл, нары олуттуу шарты - бул бой көтөрбөө, башкаларды кемсинтпөө, кол астында иштегендердин акы-укугун толук кайтаруу, б.а. Ислам дини талап кылган эрежелерди эске алуу.

            Динибиз күч-кубаттуу мусулмандардын мүмкүнчүлүгүнө жараша эмгектенип, керек болсо, соодагерлик кылып бирөөгө көз каранды болуудан, башкага жалдыроодон алыс болуп, мал-мүлктүү болушубузду каалайт. Ошондуктан «алма быш, оозума түш» түшүнүгү менен өмүрдү текке кетирип, күн кечиргендерден береке качат. Ден-соолугу жайында, күч-кубаттуу эле адамдардын тилемчилик кылышы эч кимге жакпайт.

            Маалым болгондой, кутман Пайгамбардын өмүр-жашоосунда бош олтуруу, убакытты ысырап кылуу деген түшүнүк жок. Адал байлыкка ээ болуу жакшы көрүнүш, бирок байлыкка кул болуу эң жаман көрүнүш. Мал-мүлктүү, бардар инсан баарына сүйкүмдүү көрүнөт, бирок кайрымдуу, мээримдүү, берешен байлар Алланын ыраазылыгына татып, берекесин табат. Элдин алкышын алат. Андыктан мусулман баласы Азирети Пайгамбарыбыздын өмүр жолунан үлгү алып, жашоо кечиргени дурус. 

Башына