Он экинчи сан

Мазмуну
АССАЛАМУ АЛЕЙКУМ АРДАКТУУ ОКУРМАНДАР!
Жаңырган жылда бизди алдыңыздарга чыгарган Улуу Жаратканга алкыш болсун! 2008-жыл баарыбыз үчүн, өлкөбүз, дегеле бүтүндөй адамзат үчүн жакшылыктын жылы болсун. Өткөн жылдардагы бүт дүйнөдө болгон кыйынчылыктар кайра жаңырбасын. Адамзат бейпилдикте, ынтымак-ырашкерликте, кут-береке ичинде жашасын. Ак Башат журналы алгач түптөлгөн күндөн бери ушундай изги тилектер менен, алгы ой-максаттарды алдына коюп, коомчулуктун руханий өксүгүн толтурууга, жалпыңыздарга жакшылыктарды сунууга аракеттенип келет.
Кадырман окурмандар!
Жылдын жаңы санында Ислам тарыхынын олуттуу бурулушу саналган Хижрат-Улуу Көч темасын жазууну туура көрдүк. Хижрат Ислам тарыхындагы маанилүү окуя. Бул окуянын шарапаты менен мусулмандар Меккелик мушриктердин зомбулугунан кутулуп, Ислам дининин жайылышына кыйла жеңил шарттар түзүлгөн жана ошондой эле Медина шаарында курула турган Ислам дөөлүнүнүн алгачкы пайдубалы түптөлгөн. Буга ылайык он жети жылдан кийин Азирети Умардын халифалык доорунда Азирети Мухаммад Мустафа Меккеден Мединага көчкөн 622-жылдын 1-мухаррамы «Хижрий-камарий (ай боюнча) жылсанагы» үчүн жылсанактын башы катары кабылданган. Бул түрдөгү жылсанак ушу күндө да айрым Ислам өлкөлөрүнө колдонулуп келет. Асыресе, диний маанилүү күндөр жана айт майрамдар бүт дүйнө боюнча ушул Хижрий-камарий жылсанакка ылайык белгиленет. Бүгүнкү күн хижрий 1428-жылдын акыркы күнү болуп саналгандыктан эртеңки 10-январь 1-мухаррам айына төп келет. Демек эртең мусулман жыл санагы боюнча 1429-жылдын алгачкы күнү.
Хижрат бир жерден бир жерге көчүү эле эмес, анын дагы көп маанилүү жагы бар. Аны бир канча макала менен толук жеткирүү албетте мүмкүн эмес болгондуктан, кыска-нуска корутундулаганга аракет кылдык.
Ардактуу окурмандар!
Жалпыңыздарга маалым болгондой алдыдагы айлардын биринде Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын туулган күнүнө карата адаттагыдай куттуу жумалык жана башка салтанаттуу иш-чаралар өткөрүлмөкчү. Ал кутман инсандын адамзат үчүн «Эң мыкты үлгү» экендиги Куранда тастыкталган. Андыктан Ак Башат журналы бул маанилүү иш-чарага алдын ала даярдык көрүү максатында «Менин Азирети Мухаммедке бапестеген сүйүүм» деген темада ыр жазуу жана макала жазуу сынагын жарыялайт. Жазылган макаланын көлөмү эки беттен ашпашы керек Ал эми ыр түрүндө болсо, эң аз төрт куплет болушу шарт. Ырдын көптүгүнө чек коюлбайт. Сынак үчүн жазылган макалалар да, ырлар да эң кеч 10. 02. 2008 ге чейин Ак Башаттын дарегине түздөн-түз же почта аркылуу жөнөтүлүүгө тийиш. Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан мыкты деп табылган үч ыр, үч макала журналга жарыяланат. 1-орун Ак Башатка 12 айга бекер абонент, 2-орун 9айга бекер абонент, 3-орун 6 айга бекер абонент боло алышат. Мындан башка дагы күтүлбөгөн жагымдуу белектер сиздерди күтөт.
Келечек муунубуз үчүн даярдалган «Алтын балалык» балдар журналы сиздерден алган дем жана талыкпас мээнеттин арты менен жарыкка чыкмай болду. Кудайым буйруса, Ак Башаттын ушул саны менен кошо Алтын балалык журналы да чыга баштайт. Алтын балалык менен перзенттериңизди достоштуруп, ыр, макала, крассворд, сүрөт, табышмак жана башка кызыктуу нерселерди ойлоп табууга шыктандырып, аларды биздин дарекке жиберип турушуңуз жалаң гана жакшылыктарга себепкер болот. Жаш окурмандарыбыздын кошкон салымы үчүн албетте биз тараптан да нары кызыктуу, нары сүйкүмдүү белектер тартууланат.
Сүйүктүү окурмандар! Сиздерге Алладан амандык жана береке тилейбиз. Келерки санда жылуу маанайда көрүшкөнчө аман болуңуздар.