Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Эбру - түрк элдеринин көөнө өнөрү

Мазмуну

Бакыт Жунусалиев

Эбру өзгөчө чиймелер менен кагазга түшүрүлгөн көркөм өнөр болуп саналат. Түстөрдүн суу үстүндөгү бийи деп да түшүнсөк болот. Эбру өнөрү - сууга чачылган кою бойоктордун үстүнө кагазды жаба салып, андан алынган көркөм сүрөт өнөрү.

            Технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок кезинде эбру асыресе, жазуучулардын, аалымдардын ишине жараган. Том-том кылып китептерди басууда, көркөм жазуу өнөрү үчүн бетине көркөм сүрөт түшүрүлгөн эбру кагазы колдонулган. Учурда бул өнөр өзүнүн туу чокусуна жетип, атайын жарнак, көрнөк үчүн дагы колдонулууда.

            Эбру өнөрүнүн качан, кайсы жерде же кайсы өлкөдө пайда болгондугу тууралуу так маалымат жок. Бул өнөрдү кеңири колдонгондугу себептүү чыгыш өлкөлөрүнөн чыкса керек деген ой бар. Айрым Ирандык булактарда алгач кез Индустанда пайда болгондугу айтылган. Индустандан Иранга, Ирандан Осмон мамлекетине өткөн делет. Башка булактарга таянсак, эбру алгач Түркстандын Бухара шаарынан  пайда болгон. Ал жерден Иранга жайылып, андан Осмон мамлекетине өткөн. Асыресе, муну батыш эли «Түрк кагазы» деп атайт.

            Эбручулук үчүн  кагаз, таштек, щетка (анын тиши гүлдүн сабагынан же жылкынын куйругунан болушу керек), топурак ыраңы (чөкпөй турган өзгөчөлүгү бар сууга ээрибеген), өт, сууну коюлатуучу заттар колдонулат. Эбрунун көөнө тарыхы жана адамдын көңүлүн өзүнө тарта турган өзгөчөлүгү болгондугу себептүү акыркы учурларда мамлекеттик деңгээлде колдоого алынып келет. Ошондой эле окуу жайларда  заманбап эбру өнөрпоздорун өстүрүү үчүн бир топ жигердүү иштер уюштурулуп, окуу курстары ачылган. Бул өнөр менен алгач эркектер гана шугулданып келген болсо, акыркы учурларда аялдардын арасынан да таланттуулары өз өнөрлөрүн көрсөтүп келет. 

Эбрунун жасалышы өтө ырахаттуу, асыресе сабырдуулукту талап кылган эмгек болуп саналат. Бул өнөрдүн «баттал эбру», «тараклы эбру», «чичекли эбру» сыяктуу бир топ түрү бар. «Баттал эбру» жалпыга тааныш, ал эми калган түрү оболу эбруну жасоо жолу менен башталат. Маселен, бойокту щетка менен суунун үстүнө акырын чачкан соң бири- бирине аралашкан түрдүү бойоктордун түсү дагы да даана болуп, суу бетин каптап калат. Бир бойок экинчи бир бойоктун үстүнө түшүп, анын түсүн башкача кылып өзгөртүп жибериши мүмкүн. Туш келди таасирленүүнүн натыйжасында кадимки мрамордун бетине окшош сүрөт пайда болот.
Убакытты создуктурбастан бул кооздукту суунун бетине кагазды жаба салуу аркылуу сиңирип алуу кажет. Сиңирүү учурунда кагаз менен суунун ортосуна аба кирип калбашы керек. Бир канча көз ирмемден кийин чекесинен аяр кармалган кагаз суунун бетинен алынат да, кийим сыяктуу жайылып коюлат. Эбру жасоо үчүн негизинен ылайыктуу,  жарактуу кагазды тандоо зарыл. Ар кандай эле кагазга эбру жасала бербейт. Кагаз бойокту жакшы сиңире алгыдай деңгээлде болушу керек.

Башына