Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Дарыядагы алма

Мазмуну

Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ

Имам Азамдын атасы Сабит кичинесинен адеп-ахлактуу, ыймандуу болуп өскөн. Дүйнө малына кызыкпаган, жүрөгү таза, чынчыл жана илимдүү болгон. Жүзүнөн нур жанып турчу.

Күндөрдүн биринде Сабит дарыянын жээгинде даарат алып отурат. Ошол кезде сууда агып келе жаткан алманы көрөт. Алманы алып бир тиштеп жейт. Бирок, түкүрүгү кан аралашканын көрөт. Өзүнчө: «Ушул убакка чейин мындай абалга кабылган эмес элем, бул менин уруксатсыз алманы тиштегенимден болсо керек» - деп ойлонот да, кылган ишине өкүнөт. Ошентип, алманын ээсине барып кечирим суроо максатында дарыяны бойлоп жөнөйт. Жүрүп-жүрүп отуруп, шагы ийилип өскөн алма багына туш келет. Алма багынын ээсин сураштырып издей баштайт.

Жолуккандар: «Бактын ээси өтө боорукер жана берешен, бир алма эмес  багынын баарын көчүрүп кетсең да жок дебейт. Бир алма үчүн эмне убара болуп жатасың» - дешет. Бирок, Сабит алманын ээсин таап, ага болгон ишти түшүндүрөт да: «Алманын жарымы үчүн акчасын алыңыз же акымдан кечиңиз!» - дейт. Алманын ээси анын арам жана шектүү нерселерден алыс болууга кылган аракетин көрүп, аны дагы бир ирет сынап көрүүнү чечет.  Сабитттен: «Акымды кечүүм үчүн эмне бересиң?» – дейт. «Алтын десеңиз алтын, күмүш десеңиз күмүш берейин» - дейт Сабит токтолбостон.

 Анда алманын ээси: «Алтын күмүштүн кереги жок, кыяматта доомат артпа десең менин бир сунушум бар, ошону кабыл ал» - дейт. Сабит буга да макул болот да сунушун сурайт. «Менин бир кызым бар, бирок  кызымдын көзү көрбөйт, кулагы укпайт, сүйлөбөйт жана баспайт. Аны сага нике кыйдырам. Макул десең алманын акысынан кутуласың, жок десең – кыямат күнү карыз болосуң» - дейт алманын ээси. Сабит болсо өзүнө: «Эй, динин бекем туткан Сабит! Кыяматта азап тарткыча бул дүйнөдө кыйналып өт» - деп, ал сунушка макул болот. Анын мындай чечимин уккан алманын ээси кызын ушундай адамга берип жатканына ичинен кубанат. Ошентип, Сабит менен кыздын никеси кыйылат.

Кеч киргенде Сабит кайгылуу жүзү менен колуктусунун бөлмөсүнө кирет. Бөлмөдөн ал күткөндөй эмес, чырайлуу, кулагы угуп, көзү көргөн, кадимкидей дени сак сулуу кызды көрөт. Ал кыз туруп келип Сабитти жылуу тосуп алат. Сабит өзүнчө: «Оо кудай! Бул эмне түшпү же элеспи?...» - деп ойлонот. Ал кыздын өзүнө никеленген кыз экенинен шек санаган Сабит бөлмөдөн чыгууга камынат.  Ошондо ал кыз: «Эй Алланын сүйүктүү кулу, эмнеге чыгып бара жатасыз? Сиздин колуктуңуз мен болом» - дейт. Сабит ага: «Сенин атаң мага башкача айткан эле. Сени укпайт, көрбөйт, сүйлөбөйт, баспайт деген болчу. А сен болсо сүйлөп да жатасың, басып жүрөсүң...  Эмне үчүн антип айтты? Мында бир даанышмандык бар го...» - дейт.

 Колуктусу: «Бул бир сыр, уруксат берсеңиз түшүндүрүп берейин. Атамдын сөзүндө жалган жок. Ал динин сүйгөн адам. Канча жылдардан бери эшикке чыга элекмин. Ушул убакка чейин эч бир бөтөн бирөө жүзүмдү көрбөдү. Мен да башканын жүзүн көрбөдүм. Ошондуктан, көздөрүм арам нерселер үчүн көр. Кулагым да эч жаман сөз уккан эмес, ошондон улам күнөө иштерге карата кереңмин. Жаман ишке баспагам, ошондуктан баспайт деген. Ал эми эч жаман сөз айтпаганым үчүн тили сүйлөбөйт деген. Атамдын айткан даанышман сөздөрүнүн сыры ушундай» - дейт. 

Бул сөздөрдү уккан Сабит бин Зута Аллага шүгүр кылат да: «Оо, Жараткан Алла! Сен бардык нерсеге күчү жетүүчү, кудуреттүүсүң!» - дейт.  Мына ошентип, арам иштерден жана шектүү нерселерден алыс болуп, намыс жана ыйманды  жогору туткан бул үй бүлөдөн  келечектеги илимдүү,  такыба боло турган бир наристе жарык дүйнөгө келет.

Башына