Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Ислам ааламын кыдырган саякатчы Абдурашит Ибрахим

Мазмуну

Кубаныч Айдарбеков
aydarbekovk@mail.ru

Абдурашит Ибрахим Сибирдеги Тобольск областына караштуу Тара кыштагында төрөлгөн. Ал жети жашынан баштап медреседе окуй баштаган. Он беш жашында ата-энесинен ажыраган. Ата-энесинен мурас катары эч нерсе калбагандыктан, таалим алуу менен бирге иштөөгө мажбур болгон.

Казан аймагын кыдырып жүрүп, бир жыл абакка түшүп калат. Андан кийин бир бай казактын балдарына мугалим болот. Бир жылдан кийин 1879-жылы Акмоло обласында белгилүү убакыт ичинде имамдык кызматта иштейт. Илимге болгон умтулуусун байкаган бир бай ага жардам берүүнү чечет жана анын жардамы менен Мединага баруу үчүн 1879-жылы Стамбулга келет. Ал жерден акчасы түгөнүп, ошол жерде жашап калат. Россиядан ажылыкка бараткан бай татардын кызматына орношуп, деңиз жолу менен Арапстанга жетет. Бир аз Меккеде калган соң, Мединага барып беш жыл илим алат.

Мединадан Россияга кайтканда Стамбулга келип, Ахмет Вевик Паша, Измирли Исмаил Хаккы өңдүү илим адамдары менен жолугат. Андан кийин деңиз аркылуу Одессага жетип, өзүнүн Тара кыштагына бет алат. Элдин суранычы менен ал жердеги медреседе сабак бере баштайт. Ошол эле жылы ал жерден бир кыз менен үйлөнөт. Андан үч балалуу болот. Тарада алты ай калгандан кийин илим алуу үчүн бир тууганы Исмаил жана башка туугандарынын балдарын Мединага жеткирген.

 Ал аймактагы медреселердин абалын жакшыртууга аракет кылып, бир жактан жаңы мектептердин ачылышына салымын кошкон. Ал мектептерге жаңы методдорго таянган окуу китептерин Крымдагы досу Исмаил Гаспыралыдан алган. Ошол эле учурда Туркия, Египет, Хижаз жана Европанын кээ бир өлкөлөрүндө болгон достору менен кат алышып турган.

Абдурашит Ибрахим 1890-жылы Тарадан он баланы Стамбулга алып келип, Даруш-Шафака жана Дарут-Тадрис мектептерине окуткан. Кийин Стамбулга илим алууга балдарды алып келип турган.

1891-жылы Уфада орус тилинен сынак берип, бир жылдан соң аны Оренбург диний мажлиси тарабынан Казы кызматына дайындашкан. Оренбург баш казысы ажылык сапарына кеткенине байланыштуу бул кызматта сегиз ай иштеген. Ал жетим жана кедейлер үчүн фонд түзгөн. Санкт-Петербургга барып Билим берүү жана маданият министрлери менен мусулмандардын көйгөйлөрү тууралуу сүйлөшкөн. Министрлерден оң жооп ала албаган Абдурашит Ибрахим казылык кызматын таштап Стамбулга кайткан.

Ошол эле учурда ал чыгармачылыктан да алыстап кеткен эмес. Уфада жазган «Ливавул-Хамд» аттуу эмгегин Стамбулдан бастырып, Россияга алып барып тараткан. «Чолпон жылдызы» аттуу эмгегин да Стамбулдан чыгарган. Египет, Хижаз, Палестина, Италия, Австрия, Франция, Болгария, Югославия, Батыш Россия, Кафказ, Мавараннахр, Батыш жана Чыгыш Туркстан, Жети суу аймактарын кыдырган. Андан соң белгилүү бир убакыт Японияда жашап калат. Ал жерден 1900-жылы Санкт Петербургга кайтып келип, «Мират» аттуу журнал чыгара баштаган. 1902-1903-жылы кайра Японияга кайтып барып, анти-Россия пропогандасына катышкандыгы үчүн Россия элчилиги Япониядан депортациялоону талап кылган. Абдурашит Ибрахим Японияда Ислам динин жайылуусу үчүн Султан II. Абдулхамид Хандан жардам сураган.

1904-жылы Стамбулга кайтканда орус элчилиги Россияга карата анти пропаганда жүргүзгөндүгү үчүн Осмон империясынан кармап берүүсүн суранган. Ал кармалып Одессанын түрмөсүндө эки жума жатканда Россия мусулмандарынын талабы менен бошотулган. Казаньга барып татар илим адамдары менен жолуккан. 1904-жылы Санкт Петербургга келип басмакана ачкан. Эң биринчилерден болуп Россияда жашаган мусулмандарды саясий жана диний биримдик куруу үчүн «Үфлат» аттуу журнал чыгара баштаган. Ал журнал чыгаруу менен бирге Россия мусулмандарынын саясий укуктарын талап кылган.

            Абдурашит Ибрахимдин өз сөзүндө мындай деп айтылат: «Араб, түрк тилдеринде жарыялаган газеталарыбыз жабылды, басмаканабыз курал күчү менен алынды, көптөгөн адамдар камакка алынды. Көптөн бери ойлоп келген саякатыма чыгууга бул окуялар түздөн-түз себеп болду.»

1908-жылы 16-июлда  Ислам ааламына болгон саякатын Казаньдан баштаган. Дарыя аркылуу Уфага, темир жолу менен Челябинск, Петропавловск, Омск, Томск, Иркутск, Монголия, Владивостокко чейин, андан Японияга барган. Жети айдан кийин Кореяга барган. Артынан Кытай, Сингапур, Индия, Хижаз, Бейрутка барган.

Абдурашит Ибрахим Ислам ааламын кыдырып мусулмандардын биримсиздигин, динден алыстаганын, замандын талап кылган жаңы ачылыштарга көз жумганын байкаган. Ал катышкан конференциялардын көпчүлүгүндө Ислам дүйнөсүндөгү өз көзү менен көргөн ийгиликтери, кемчиликтери жана укуктары тууралуу сөз кылган.

Стамбулда Султанахмет мечитине жакын жердеги бир үйдө басма иштерин уланткан. Өзгөчө Мехмет Акиф менен жакын достук мамиледе болгон.
Биз Абдурашит Ибрахимдин Орто Азия мамлекеттери тууралуу топтогон маалыматтарынан айрым жерлерин гана берүүнү туура көрдүк:

 «Ташкент кырк жыл мурун Ислам мамлекети эле. Бүгүн Россиянын карамагындагы Туркстан, Фергана жана Сырдарыя аймактарынын башкаруу борбору. Орус жана мусулман мааласы деп бөлүнөт. Орус мааласында орустар жана аз да болсо Россиядан келген татарлар жашашат. Жаңы имараттар, жаңы жолдор башкача айтканда, Европанын бир модели. Ал эми мусулман маала болсо мындан беш жүз жыл мурун кандай болсо, ошол бойдон турат. Ал жолдо жүрсөң белчеден ылайга батасың. Салыктар мусулмандардан алынып христиан жолдоруна каржанат. Бул көрүнүштү бир гана Ташкентте эле эмес, жалпы Туркстанда да көрсө болот.»

 «Азыркы Самаркандда эски имараттан башка эч нерсе жок. Тарыхый эстеликтер Санкт-Петербургга алынып кеткен. Санкт - Петербургдун китепканасындагы бардык Ислам китептери Самарканддан алынып келген.»
« Кокон эли кырк элүү жыл мурун зикир, тасбих жана Куран окуган болсо, азыркы учурда ата-энесин сөккөн мастар, адепсиздерге толгон»

«Жетисуу аймагынын көпчүлүк бөлүгүн көчмөн казактар  жана аз бөлүгүн кыргыздар түзөт. Калган бөлүгүн Бухаралыктар, Туркстандыктар жана Россиядан келген татарлар түзөт. Казак жана кыргыздардын тиричилиги малчылыкка байланышкан. Эң кедей адамдын эң аз он беш-жыйырма аты, элүү койу болсо, байлардыкы миңден беш миңге чейин жылкы, он миңден жыйырма миңге чейин койу болот. Кыргыз жана казактардын жашоосу окшош келет. Казактар кыргыздарга караганда көп болуп, Жетисуу, Сырдарыя, Туркстан, Оренбург, Урал, Акмола, Семиполатинскте жашашат. Кыргыздар Жетисуу аймагында гана жыш жайгашышкан. Орустар  казактарды да «кыргыз» деп аташат. Алар өз ара муунда да башка болгондорун айтышат.»

Абдурашит Ибрахим Токиодо мечит ачууга демилгечи болуп, аны төрт жылда бүтүргөн. Ошол мечитте имам кызматын аткаруу менен бирге белгилүү күндөрү мусулман татар балдарына дин жана тарых сабактарын берген. Ал аркылуу көптөгөн япондор Ислам динин кабыл алышкан. Япониянын парламентинде Ислам дини расмий дин катары тануусу жана япон китептеринде Ислам дини тууралуу маалыматтар өзгөртүлгөн. Японияда Ислам динин жакшы таанытуу максатында англис жана араб тилдеринде журнал чыгарууну ойлогон, бирок, көздөгөн максатына жетпей, 1944-жылы 87 жашында Токиодо кайтыш болгон. Япониянын ар кайсы тарабынан жана жакын өлкөлөрдөн келип, анын жаназасына катышууну каалагандар көп болгондуктан, маркумдун сөөгү үч күндөн кийин гана жерге берилген.

Башына