Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Акырет жөнүндө азыноолак сөз

Мазмуну

                                                                                              Абдуррахим Молдогазиев

            Бүгүнкү күнү коомубузда, тилекке каршы, жат көрүнүштөр өзгөчө күч алды. Уурулук, талап-тоноочулук, шылуунчулук, никесиз жакындашуу, адам өлтүрүү, сойкулук сыяктуу. Бул жат көрүнүштөр коомдук көйгөй болгондуктан  бир эле киши чечип койчу иш эмес. Ошондуктан муну коом өзү жапа тырмак чечүүгө аракет кылышы зарыл.  Мунун себептерин ар кайсы багыттагы адистер, маселен, педагогдор, социологдор, политологдор, экономисттер, дин чөйрөсүндөгү адамдар изилдеп көрүшүүдө. Педагогдор ата-эненин балага берген тарбиясына такаса, социологдор айлана-чөйрөгө, экономисттер коомдук турмуштун начарлашына такайт. Арийне, мунун баарынын тең чындыгы бар. Ошону менен бирге береги адистерибиз да муну бир жактуу карашпайт. Алар да мунун дагы бир кашкайган себеби деп ыймандын жетишсиздигин билишет.

            Алибетте, ыймандын жетишсиздиги береги себептердин башында турат десек жаңылышпайбыз. Ырас, ыйман менен коомдогу жат көрүнүштөрдүн алдын алуу өтө оңтойлуу. Себеби ыйман адам баласынан ириде изгиликти, адилеттүүлүктү, чынчылдыкты, мээримдүүлүктү талаптайт.

            Ыйман деген бул көкүрөк менен Жалгыз Аллага ишенүү. Ыйман Алла Таалага чын ыклас менен ишенген соң Ал айткан акыйкаттарга толук ишенүүнү талап кылат. Алла Таала бизди Өзүнүн пайгамбарларына, китептерине, периштелерине, акырет күнүнө, тагдырга ишенүүгө үндөйт. Демек, акыретке ишенүү - бул Жараткан Алла Тааланын чакырыгы. Алла Таала тарабынан кыяматка чейин бир да сөзү бурмаланбай тургандыгына толук кепилдик берилген Ыйык Куранда акыреттин анык экендиги, кыяматта ар бир иш үчүн сурак болору ачык-айкын айтылган. Бүгүнкү күнү «Ооба, Жалгыз Кудай Таалага ишенем» деп жүргөн эле айрым адамдар: «Акыретке ким барып келиптир? Кыяматты ким көрүптүр, ким суракка тартылып келиптир?» деген суроолорду беришет.

Биринчиден, Жалгыз Аллага ишенген адам мындай суроолорду бербеши керек. Себеби жогоруда да айтылгандай, Аллага ишенген адам Анын айткандарына да толук ишениши кажет. Кыяматта сурактын болору жөнүндө да, акырет жөнүндө да Алла Таала бурмаланбас Ыйык Куран Китебинде айткан.

Экинчиден, ырасында эле кыяматты да, акыретти да эч ким көрө элек. Асыресе, бу дүйнөдө бүт нерселердин бардыгы адам баласына көрүнүшү керек деген мыйзам да жок. Бул дүйнөдө көрүнөө илимдер менен бирге кайып илимдери да бар. Кыямат-акырет мына ошол кайып илимдерине кирет. Эгер бул дүйнөдө эле Алла Таала бизге акыретти же кыяматты көргөзүп койгондо, сыноонун эч кандай мааниси жок болмок. Себеби бул дүйнө - убактылуу сынак жашоо. Сынак жашоонун маңызы Улуу Жараткан Алла Тааланын айтканына ишенип, Анын буйруктарына моюн сунууда жатат. Алланын «буйруктарын аткаруу» деген сөз сырттан караган адамга оор келиши мүмкүн. Себеби адамда напси деген нерсе бар. Чындыгында Алланын буйругун аткаруу – бул адамдын жан азыгы. Чыныгы момун-мусулман адам үчүн бул дүйнөдө Алланын жаназык жарлыктарын аткаруудан өткөн ырахат жок. Кезеги келгенде айтылбаган сөздүн атасы өлөт демекчи, мен жанагы адамдарга суроосуна жараша бир суроо менен кайрылгым келет: кыяматтын да, акыреттин да, бейиш-тозоктун да жок экенин ким көрүп келиптир?!

Үчүнчүдөн, алар эч кандай негизге да, далилге да таянбайт. Болгону ошентип ойлошот. Ойлогондун баары эле чындык эмес да, туурабы?! Ал эми биздин далилибиз - Ыйык Куран. Ыйык Куран – бул Алла Тааланын сөзү. Анда акыретте азап да, жыргал да бар экендиги ачык-айкын айтылган. Биз мусулмандар Алла Тааланын айткан ар бир сөзүнө кынтыксыз ишенебиз.
Эми Курандын Алла Таала тарабынан түшүрүлгөн Китеп экендигин, Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын сөзү эмес экендигин кантип, кай жерден билебиз? Арийне, муну кайра эле ошол Ыйык Куранда камтылган ажайып маалыматтарды окуп түшүнүү аркылуу, аяттардын бири-бирине адамдын колунан келбес уйкаштыгы, куюлушкандыгы менен катар маанисинин тереңдиги аркылуу да билебиз. Маселен, ар-Рахман сүрөсүнүн 19-20-аяттарында «(Алла Таала) эки деңизди кошуп агызды. Экөөсүнүн ортосунда тосмо (туздуу деңиз менен тузсуз деңизди аралаштырып жибербей турган көшөгө) бар. Бири-бирине кошулбайт» деп буюрулат. Өткөн 20-кылымда эле белгилүү саякатчы Кусто тарабынан бул акыйкат ачыкка чыкты.

Куранда адамдын жаралышы жөнүндө көптөгөн аяттар бар. Алардын биринде: «Биз инсанды ылай-чоподон жараттык. Андан соң аны тамчы түрүндө бекем орунга жайгаштырдык. Андан кийин тамчыдан уюган кан жараттык, уюган кандан бир үзүм этти (жасап), бир үзүм эттен сөөк жасадык да, сөөктү эт менен каптадык. Андан соң Биз аны башка бир жаратылышта өстүрдүк. Жаратуучулардын эң мыкты Жаратуучусу Алла Улук!» (Муминун, 12-14) деп буюрулат.

Муну да өткөн кылымда медиктер өнүккөн технологиянын жардамы менен таап чыгышты.
Манжа сызыктарын изилдеген дактилоскопия илими манжа учтарындагы издер өмүр бою өзгөрүлбөй тургандыгын, ар адамдын манжа учтарындагы издер ар башка болорун аныктаган. Бул ачылыш 19-кылымдын аягы ченинде табылган. Ошондон баштап тартип сактоо кызматкерлерине кылмыштын бетин ачуу үчүн бир топ жеңилдиктер жаралды. Алла Таала бул багытта:

«Адам баласы Биз анын сөөктөрүн чогулта албайт деп ойлойбу?! Ооба (чындыгында),  Биз анын манжаларынын учунан бери өз калыбына келтирүүгө кудуреттүүбүз» (Кыямат, 3-4) деп айтуу менен манжанын ушул өзгөчөлүгүнө далай кылым мурун эле ишара жасаган.

Ошондой эле жердин тоголок болгондугу, темирдин бир эле электронунун пайда болушу үчүн Күн энергиясынан төрт эсе көп энергия керек экендиги, тоолордун жер үстүндөгү бийиктиги анын жер астындагы пайдубалына салыштырмалуу алдаканча жапыз болгондугу жөнүндөгү жана башка ушул сыяктуу көптөгөн акыйкаттарга адамзат өткөн кылымда эле жетти.

Эми бул аяттар мындан миң төрт жүз жыл илгери түшүрүлгөн. Ал доордо бүгүнкүдөй технологиялык мүмкүнчүлүктөр жок болгон. Пайгамбарыбыз мындай акыйкаттарды өз ойунан чыгарып айтышы мүмкүн эмес эле. Ал Алла Таала билдирген нерселерди гана айткан. Анткени ал да адам баласы болгон. Адамзаада келечек жөнүндө мындай так маалыматтарды эч качан таасын айталбайт. Мына ушунун бардыгы тең Куран - бул Алланын сөзү экендигин тастыктайт.

Айтайын дегеним, бүгүнкү күндө Жараткан жалгыз Аллага, ал айткан акыретке толук ишенбегендиктен, Анын буйруктарына кошкөңүл мамиле жасагандыктан, өзүбүздү Анын жаназык жарлыктарынан тышкары сезгендиктен, напсибизди болушунча семирткендигибизден улам жанагыдай терс көрүнүштөр көбөйүүдө. Демек, буга Жалгыз Алланын буйруктарына болгон кайдыгерлик себеп болууда. Ошондуктан эң ириде мына ушул кайдыгерликтин жакасынан башты чыгарып, сизди да, мени да жараткан Жалгыз Алла Тааланын жарлыктарын жандил менен сүйүп аткарып, акка кара көө жапкан азгырыктын аңына түшпөө үчүн күнгө бүгүн күчүбүздүн жетишинче жанүрөшүбүз кажет...            Аттигиниң-ай, ошондо гана коомубузга кут-береке төгүлмөк, элибиз ырыс-кешикке бөлөнмөк, сол чөнтөкчүлөр (коррупционерлер) жоголуп, мамлекетибиз оңолмок, асыресе, эки дүйнөдө жүзүбүз жарык болмок... 

Башына