Он экинчи сан

Саид бин Зайд
Мазмуну
Кылжыров Максат
Тирүү кезинде бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахабанын бири. Саид бин Зайд да Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) уруусунан болгон. Атасы Зайд бин Амр, ал эми энеси Фатима бинти Ба’же. Анын туулган жылы тууралуу так маалыматтар жок. Асыресе, улуу көч учурунда ал жыйырма беш жаш курактагы кырчын жигит болгон деген божомолдор бар.
Учурунда атасы Зайд Мекке бутпарастырынын буттарына ишенбей, таза дин издеп Сирияга барып ал жердеги христиан жана иудейлердин аалым адамдары менен таанышат. Бирок, алардын диндери да көңүлүнө туура келбейт. Акыры бир христиан аалымы менен жолугуп, андан эң таза дин деп саналган Ибрахимдин Ханиф динине ыйман келтирип Меккеге кайтат. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбызга пайгамбарлык озуйпасы берилгенге чейин бул дүйнө менен кош айтышат.
Саид да атасынын Ханиф динине ишенчү. Күндөрдүн биринде Сүйүктүү Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) Ислам дини жөнүндө курган дилмаегине катышат. Дилмаекте айтылган сөздөрдүн Ханиф динине эч кандай карама-каршылыгы жок экенин, тескерисинче, шайкеш келгендигин аңдаган Саид дароо бул динге ыйман келтирет. Ал Ислам дини жаңыдан гана телчигип, ага чакырык иштери жашыруун түрдө жүрүп жаткан кезде Жалгыз Аллага ыйман келтирип, алгачкы мусулмандардын катарына кошулган.
Саид бин Зайд Аз. Умардын бир тууган карындашы Фатиманы жубайлыкка алган. Азирети Умар ыйманга келерден мурун карындашы менен күйөө баласынын Исламга киргендигин угуп, ачууланып алардын үйүнө чейин келет. Бирок акырында Саид бин Зайд менен жубайы Фатима Аз. Умардын ыйман келтирип Аллага мойун сунуусуна себепкер болушат.
Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Саид бин Зайд менен Талха бин Убайдуллахты Сирияга сапар алган Курайш уруусунун кербени тууралуу маалымат топтоо үчүн жөнөтөт. Себеби бул кербен Абу Суфяндын аскерлери тарабынан туткунга түшүү коркунучу бар болчу. Саид менен Талха кербенди тосуп алмакка Тубан деген жерге чейин барышат. Бул учурда Пайгамбарыбыз (с.а.в) кербен тууралуу башкача кабар алып мухажир жана ансарлар менен бирге жолго чыгат. Мунун натыйжасында Бадр согушу башталат. Саид менен Талха согуш тууралуу кабарды угаар замат кайра артка кайтып Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) аркасынан түшүшөт. Тилекке каршы, алар Пайгамбарыбыз (с.а.в.) сахабалары менен жеңишке жетип, кайтып келаткан жеринен кезигип калышат. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) алардын согушка катышпай калганына карбастан, ниеттери түз болгондугу үчүн ортодогу душмандардан алынган олжодон бөлүп берет. (İbn Sa'd, III, 382-383)
Аз. Осмондун доорунда баарынан көп кыйноо жана азап чеккен, артынан белгисиз адамдардын ушагына дуушар болгон адамдардын бири Саид бин Зайд эле. Мына ошол учурларда Аз. Саиддин төмөндөгү окуясы адамды таң калтырбай койбойт. Арва аттуу бир аял Мединанын акими Марван бин Хакамга келип Саид бин Зайддын анда жер талашып жаткандыгы тууралуу сотко берет. Марван кол астындагы адамдарды Саид бин Зайдка окуянын ал жайын сураштыруу үчүн жөнөтөт. Келген адамдарга Саид бин Зайд «Силер мени ал аялдын жерин талашып жатат деп ойлоп жатсаңар керек. Мен сүйүктүү Пайгамбарыбыздан мындай деп уккам: «Кимде-ким жүйөөсүз бирөөнүн акысын жесе жана бирөөнүн жерине ээ болуп алса, ал жердин жетинчи катмарына кирип жашынып алса да, береги жердин топурагы аны таап мойнуна (от болуп) оролуп кыйнайт» дейт да Жаратканга алакан жая: «Оо, Жараткан Алла! Эгер береги аял мага жалган жалаа жаап жаткан болсо, анын көзү сокур болуп, мүрзөсү кудук болгуча жанын алба» деп кайрылат. Булактарга таянсак, кийин ошол аял көзү сокур болуп кетип бараткан жеринен короосундагы кудукка кулап түшүп өлгөн экен. (İbn Hacer el-Askalanî, el-İsabe fi Temyizi's-Sahabe, Bağdat (t.y), II, 46; İbnül-Esîr, Üsdül-Ğabe, II, 388; ayrıca bk. Ahmed b. Hanbel, I, 188-189)
Саид бин Зайд Пайгамбарыбыздан бир канча хадис риваят кылган. Алардын бири тирүү кезинде бейиш менен сүйүнчүлөнгөн он сахаба жөнүндө.
Саид бин Зайд жашоосунун акыркы күндөрүн Мединанын кыйырында Акик деген жерде дыйканчылык менен өткөргөн. Жетмишке толуп Хижранын 50-51-жылдары одүйнө салган. Абдуллах бин Умар анын каза болгонун угар замат Акикке барып жаназасын окуган. Сөөгү Мединага алынып келип, Саид бин Абу Ваккастын сөөгүнүн жанына коюлган. (İbn Sa'd, III, 384; İbnül-Esir, II, 389)
Мына ушундай жылдыз атыккан Пайгамбарыбыздын кутман сахабаларынын бири Саид бин Зайд да жанын Ислам жолуна арнап, анын жайылышына опол тоодой салымын кошкон. Алла ага ыраазы болсун!