Он экинчи сан

Хижра жана Ислам мамлекети
Мазмуну
Кылжыров Максат
Мусулмандардын Меккеден Медина шаарына болгон көчү хижра деп аталат. Бул улуу көч Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын уруксаты менен жашыруун түрдө башталган. Эң акырында Меккеде Азирети Пайгамбарыбыз үй-бүлөсү менен, Азирети Али, Азирети Абу Бакир үйбүлөсү менен, уруксат берилген чакта көчүүгө мүмкүнчүлүк таба албагандар жана көчүүгө туугандары тарабынан тоскоол болгон кишилер калган эле. Бул учурда мусулмандардын Мединага баш калкалап, күчкө толо башташы Меккелик бутпарастардын жүрөгүн өйүгөн көйгөйлүү маселеге айланган эле.
Ушул маселе боюнча бутпарастар жашыруун жыйындарды өткөзүп, анын жолдорун издеп табууга далалат кылышты. Береги жыйындардын жыйынтыгында «Мухаммедди өлтүрүү кажет» деген тыянакка келишти. Бутпарастар мына ушул караниеттерин жүзөгө ашырууга белсенип, даярдыктарын көрө баштаган учурда Жабраил периште аркылуу жагдайдан кабардар болгон Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз да Мединага көчүүгө камдана баштады. Ошентип кутман сахабасы Азирети Абу Бакир менен мурунтан түзүп койгон план боюнча Меккеден түнкүсүн чыгып кетти.
Узак сапардан кийин 8-Рабийул-аввал дүйшөмбү күнү Медина шаарына өтө алыс эмес жерде жайгашкан Куба айылына келди. Азирети Пайгамбарыбыз айыл элинин суранычы менен бул жерде он төрт күн болду. Ушул кыска убакыттын ичинде Кубага намазкана курдурду.
Ошентип он төрт күндүк тыныгуудан кийин Алланын Элчиси жана жоон топ мусулмандар Мединага бет алышты. Күнгө жума эле. Пайгамбарды коштогон мусулмандар түш ченде Рануна түзөңүнө келишти. Жамаат кылка тизилип алгачкы жума кутпасынан кийин Азирети Пайгамбардын имамдыгы астында жума намазын окушту. Жума намазы окулуп бүткөн соң Азирети Пайгамбарыбыз Касва аттуу төөсүнө минип Азирети Абу Бакир баш болгон мусулмандардын коштоосунда Мединага келишти.
Алланын Элчиси кимибиздин үйүбүзгө конор экен деген ой бардык Мединалыктардын көңүлүн алагды кылып жатты. Баарынын дилинде меникине консо экен деген арзуу толкуп турду. Айрымдарынын оозунан ушул толкундуу арзуу чыгып кетип, мен үйүмө алып кетем деп талашкандар болду. Талашкандар бул жоругубуз адепсиздик болуп калдыбы деп жер карап да калышты. Ортолук тымтырс боло түштү. Баарынын көңүлүндөгү жакшы тилегин сезип турган кыраакы Пайгамбар:
- Төөмдү өз жайына койгула, жолун бошоткула. Кайсы жерге чөгөрү төөнүн өзүнө билдирилген (Ибн-и Хишам, II, 112-113) деди. Жардап тургандар төөнүн жолунан бери болушту. Төө акырын басып жөнөдү. Эч кимисинин көңүлү да оорубады, шагы да сынбады.
Эки кулач арык моюнун ийреңдетип алга созуп, бир-эки жерге чөгүп кайра козголуп, тааныш бир үйдү издегенсип, үйлөрдү аралап жүрүп олтуруп акырында эки жетим баланын бош жерине келип чөктү. Береги жердин катарында эле Халид бин Зайд Абу Аюб ал-Ансаринин үйү орун алган болучу. Ошентип Пайгамбарыбыз Набави мечити курулганга чейин Абу Аюб ал-ансаринин үйүндө конок болду.
Алгачкы Ислам мамлекетинин түптөлүшү
Алланын акыркы Элчисинин (саллаллаху алейхи васаллам) Медина шаарына келиши менен дин Ислам үчүн да, мусулмандар үчүн да жаңыча жашоо, жаңы тарыхый доор башталды. Дин Ислам үчүн кең келечек каалгасы ачылды. Медина шаары Исламдын көз карандысыздыгы, эркиндиги үчүн, гүлдөп өсүшү үчүн өтө оңтойлуу жер эле. Анткени Медина элинин көпчүлүк бөлүгү мусулмандар болгон. Эми алдыда аткарыла турган иш бул аймакта Ислам жамаатын түзүп, элдин ортосундагы алака-байланышты жакшыртуу эле. Анүчүн кандайдыр бир мамлекет курууга муктаждык күч болучу. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыз бул зарылчылыкты жакшы билгендиктен, Мединага көчүп келген күндөн тарта ушул багытка өзгөчө көңүл бөлө баштады.
Ал Мединага келери менен Ислам мамлекетинин башкаруу борбору, нары өкмөт үйү, нары согуш штабы катары мамлекет үчүн маанилүү кызмат өтөй турган мечит салдырды. Мечитке жанаша салынган суффа (саябан) өзүнчө Ислам окуу жайы болду. Ушул учурларда алгач айтылган азан жаңырыгы тек гана намаз убактысын билдирген жарыя эле эмес, Ислам мамлекетинин эркиндигин ааламга жар салган өзүнчө ураан да эле.
Чек ара, элди каттоо жана алгачкы башмыйзам
Коңшу мамлекеттер менен алака түзүү үчүн улуу көчтүн биринчи жылы эле алгы чек ара такталып, анда жашаган мусулмандардын саны каттоого алынган. Ансарлар менен мухажирлердин ортосунда түзүлгөн боордоштук келишими - Ислам мамлекетинин пайдубалы болуу менен катар мусулмандар ортосундагы биримдиктин, ынтымак-ырашкерликтин, тынчтыктын келишими эле. Ошондой эле ушул жылы атайын даярдалган башмыйзам Мединада жашаган мусулман, иудей жана бутпарас өкүлдөрүнүн баарын ичине камтуу менен береги мусулман эместерге да Ислам мамлекетинин асабасы алдында баш калкалоого мүмкүндүк берүү менен мамлекеттин коопсуздугун камсыздоого багытталган эле.
Азирети Пайгамбарыбыз кең келечектүү Ислам мамлекетин түптөө үчүн береги мерчемдерге кадам таштап жатып, арийне, мамлекеттен тышкаркы күчтөрдү да эске алуусу зарыл эле. Бул өңүттөн коңшу мамлекеттерди таануу, Ислам мамлекетин мамлекет катары таанытуу, алар менен жылуу мамиледе болуп, дин Исламдын тамыр алышына, жайылышына мүмкүнчүлүктөрдү даярдоо үчүн айлана-чөйрөсүндөгү коңшу уруулар менен алака түздү. Бул учурда мусулмандар Меккеде үй-жайларын, мал-мүлкүн таштап Алланын ак жолу үчүн киндик кан тамган алтын топурак жеринен көчүп кетишсе да, Исламга кастыгы калдайган от-жалынга айланган Курайш бутпарастарынын душмандыгы аскердик кошуундун түзүлүшүн талаптады.
Пайгамбарыбыздын көчүп кетишинен кийин Курайштын атка минерлери Мединадагы жөөттөргө, эки жүздүүлөрдүн башчыларына кат жөнөтүп, аларды Исламга каршы көкүтүп, бирге кадам шилтөөгө чакыруу менен катар эскертүү да беришти. Эгер жардам беришпесе жеке мусулмандарды гана жок кылуу менен гана чектелип калбай, аларды да жазалай тургандыктарын билдиришти.
Береги караниет максаттар жана эскертүүлөр тек сөз жүзүндө калган жок, учуру келгенде иш жүзүнө да ашты. Улуу көчтүн биринчи жылы айактап калган эле. Күндөрдүн биринде Курз бин Жабир ал-Фахри аттуу бутпарас достору менен Мединанын кыйырында оттоп жүргөн үйүр малга кол салышты. Пайгамбарыбыз жагдайдан кабар алып, Курз бин Жабирдин аркасынан түшүү менен мындай кылмыштардын кайталанбоосу үчүн зарыл чараларды көргөн эле. Мына ушул чаралардын бири Абдуллах бин Жахштын тайпасында алгачкы жолу мусулмандар менен бутпарастардын ортосунда жаңжал чыгып кан төгүлдү. Бул жаңжал учурунда бутпарастардын алдыңкыларынан Амр бин ал-Хадрами өлтүрүлгөн эле. Бул окуя эптеп согушуу үчүн шылтоо таппай жүргөн Мекке бутпарастарынын чырагына май тамызды. Дароо согуштун камын көрө башташты.
Мына ушул согуштун чыгымын каржылоо үчүн сапар алган Абу Суфяндын кербенин колго алуу үчүн мусулмандар жолго чыгышты. Натыйжада Бадр согушу жараян этти. Бадр согушунда бутпарастар кыйроого учурап, мусулмандар чоң душманынын мизин кайтарган эле. Андан соң Пайгамбарыбыз Ислам мамлекетинин жараны катары кабылдап, мал-мүлк, жан коопсуздугун моюндаган, дин тутуу эркиндигин берген жөөт урууларынан Кайнука уруусу баш көтөрдү. Бадр согушунун натыйжасында күткөн азалары, курайшиттерге жеткизген жашыруун кабарлары, мунусу аз келгенсип мусулмандардын намысына тийип бир мусулманды өлтүрүүлөрү Мединадан сүрүлүп чыгышына себеп болду. Ошентип Ислам мамлекети ички жана тышкы душмандын белин сындырган эле.
Кийинки жылдары жараян эткен Ухуд, Бани Надир, Бани Мусталык, Хандак, Бани Курайза, Хайбар, Мекке жеңиши, Хунайн жана Табук сыяктуу чоң казаттар Ислам мамлекетинин күчкө толуп, кулачын кең жайышына себеп болгон. Ошондой эле береги жүрүштөр Пайгамбарыбыздын теңдешсиз амирлик күчүн, башкаруучулук жөндөмүн, тайманбас эржүрөктүүлүгүн далилдеди.
Ырайымдуулуктун жана согуштун Пайгамбары
Азирети Пайгамбардын: «... мен ырайымдуулуктун пайгамбарымын» жана «мен согуштун пайгамбарымын» (Ибни Ханбал, IV, 395; V, 405) деген сөздөрү бири-бирине карама-каршы маанилерди туюнтса да, ага үңүлө карай келсек, бул жерде төп келишпестик деле жок. Анткени Пайгамбарыбыз зарыл учурларда согушууга аргасыз болгон. Ошондой эле ал алгач маселени дайыма тынчтык жолу менен чечүүнү көздөгөн. Буга мисал катары Пайгамбарыбыздын улуу көчтүн алтынчы жылы Курайш бутпарастары менен болгон Худайбия келишимин көргөзсөк болот. Худайбияда бутпарастар менен болгон тынчтык келишиминде бекитилген айрым маселелер мусулмандардын зыянына болуп к\р=нг\н эле. Мусулмандар т=з=лг\н келишимдин купуя сырын алгач жакшы т=ш=нб\г\нд=кт\н муну оор кабылдап ыраазы болбой, \зд\р=нч\ шаштысы кетип тынчсызданышкан эле. Фатих с=р\с= т=ш=р=лг\н соъ бу жаатта бир топ купуя сырлар, хикматтар, с=й=нч= кабарлар катылуу болгондугу айкын болот. Мына ушул тынчтык келишиминин аркасы менен Курайштын Исламга бут тоскон атка минерлеринен да ыйманга келип Исламды кабылдай башташты. Ошондой эле Исламдын үнү Арап жарым аралына, мындан тышкары Византия, Иран, Эфиопия жана Мисир өңдөнгөн алп империяларга чейин жетип, Ислам чакырыгы ылдамдык менен жайыла баштады.
Асыресе, улуу көчтүн сегизинчи жылы Меккенин колго алынышы, Мекке элинин Ислам динине кириши себептүү мусулмандарга ажылык озуйпаларын ээн-эркин орундатууга мүмкүнчүлүк жаралган эле. Бирок арап жарым аралындагы кээ бир бутпарас араптар да Меккеге келип өздөрүнө таандык ыйык ырасымдарын дал ушул учурда аткара тургандыктан Азирети Пайгамбарыбыз өзү бутпарастар менен бир жерде ажылык ибадатын орундоону ылайык көрбөдү. Ошону менен бирге ажылыгын аткаргысы келген мусулмандарга тоскол болбой, аларга Азирети Абу Бакирди ажы амири катары дайындады. Ошентип улуу көчтүн тогузунчу жылы ажылык мезгилинде айрым сахабалар ажылыгын орундоо үчүн Мединадан жолго чыгышкан эле.
Бул учурда Азирети Пайгамбарыбызга Тооба сүрөөсүнүн алгачкы отуз алты аяты түшүрүлдү. Анда бутпарастарга ултиматум коюлуп, мындан кийин ажылык учурунда мусулман эместердин Мекке аймагына кирбөө керектиги, мурунку караңгылык доорундагы жылаңачтанып алып Каабаны айлануу адатына тыйуу салынганы, мусулмандар менен бутпарастардын ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаганга чейин келишимде белгиленген мерчемдердин жарамдуулугу, келишим аяктаган соң кайрадан алар менен келишим түзүлбөөрү ж.б.у.сыяктуу өкүмдөр айтылган эле.
Бул өкүмдөр ажылык мезгилинде арап жарым аралынын ар тарабынан келген бутпарас араптарга Пайгамбарыбыздын милдеттендирмеси менен Азирети Али тарабынан угузулду. Бул ултиматумду алган бутпарас араптар өздөрүнүн ажылык ырасымдарынан кийин өз жерлерине кайткан соң бардык уруунун өкүлдөрү топтолуп Исламды жайып жүргөн сахабаларга Исламды кабылдагандыктарын билдиришип, Ислам мамлекетинин карамагына киришти.
Ошентип Азирети Пайгамбарыбыз улуу көчтүн онунчу жылы Ислам динин жана Ислам мамлекетин бүтүндөй Арап жарым аралына жеткирип, озуйпасын ылайыктуу түрдө орундаган эле.