Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

ХИЖРАТ жана ХИЖРИЙ ЖЫЛСАНАГЫ

Мазмуну

Шамшидин МАМАТКУЛОВ

Хижрат - бул Ислам тарыхындагы өтө маанилүү окуя. Ошондой эле мусулмандарды бутпарастардын зордук-зомбулугунан куткаргандыгы жана дин Исламдын дүйнөнүн чар тарабына жайылуусуна аябагандай зор мүмкүнчүлүк бергендиги себептүү хижратты Ислам ыңкылабынын башаты болгон десек да жаңылышпайбыз. Мына ошондуктан хижраттан кийин он жети жылдан соң халифа Умар аль-Хаттабдын (разияллааху анху) буйругу менен Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) хижрат кылган жылдын Мухаррам айынын биринчи күнү (Григориан календары боюнча 622-жылдын 16-июлуна туура келет) мусулман календарынын, т.а. Хижрий жылсанагынын башы катары кабылданган.

Ушул жерде бир кыстырма катары айта кете турган нерсе: Хижрат араб тилинде «көчүү», «журт которуу» деген маанилерди туюндурат. Негизинен меккелик мусулмандардын, анын ичинде Пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллааху алейхи ва саллам) Медина шаарына журт которушу үчүн айтылган өзүнчө бир термин болуп саналат.

Баарыбызга маалым болгондой эле Мухаммад Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) Мекке шаарында туулуп өскөн. Улуу Жараткан аны Меккеде пайгамбар болуу шарапатына ээ кылган. Ошол пайгамбарлык милдетин өтөө максатында жакын адамдарынан тартып бардык инсандарды Ислам динине үгүттөй баштаган. Тегерегиндеги адамдар аны жакындан таанышкандыктан жана анын адеп-ахлагы мыкты болгондугу себебинен Пайгамбарыбызды (саллаллааху алейхи ва саллам) «ал-Амин» («ишеничтүү адам») катары кабылдашчу. Андыктан, элдер анын пайгамбар болгондугун угаары менен ага ыйман келтиришип, анын жанына топтоло башташкан. Мусулмандардын саны күндөн-күнгө көбөйүп, Ислам дини күтүлбөгөн тездик менен жайыла баштаган. Бирок, мындай көрүнүш Мекке шаарындагы Курайш уруусунун лидерлерин катуу тынчсыздандырган. Себеби алар эл арасында кадыр-баркынын төмөндөп, аларга болгон үстөмдүгү менен бийлигинин алсыздап кетишинен коркушкан.

 Мына ошондуктан Мухаммадга (саллаллааху алейхи ва саллам) ар кандай тоскоолдуктарды жаратышкан жана ага ыйман келтиргендерди өздөрүнүн эзели элдешкис кастары катары кабылдашкан. Мусулмандарга кысым жасашып, аларга ойго келгис кордуктарды көрсөтүшкөн. Ошентсе да, Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллааху алейхи ва саллам) меккеликтердин жеке өзүнө жана башка мусулмандарга көрсөтүшкөн кордуктарына дили сыздап, жүрөгү жабыркаса да сабыр кылып чыдаган. Анткени ал «сабырдын түбү сары алтын» дегендей бир күнү болбосо бир күнү бардык ааламга «Ислам нурунун» жайыла тургандыгына тереңден ишенген зат болчу. Ошентип ал бутпарастардын кордугунан кутулуунун башка жолдорун издей баштаган.

Бара-бара мусулмандар Мекке бутпарастарынын зомбулугуна чыдай албай турган абалга келишти. Мындай кыйноолордон кутулуу үчүн мусулмандар Йасриб (азыркы Медина) шаарына хижрат кыла турган болушту. Ошондо сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) да мусулмандардын Йасрибге хижрат кылышына уруксат берди. Ошентип Мухаммаддын (саллаллааху алейхи ва саллам) пайгамбарлыгынын (бисаттын) он үчүнчү жылынын биринчи айы болгон Мухаррам айында Йасриб шаарына хижрат башталган. Кыска мөөнөттүн ичинде меккелик мусулмандардын дээрлик баары Медина шаарына хижрат кылышкан. Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) болсо кийинчерээк Азирети Абу Бакир (разияллааху анху) менен хижрат кылган.

Ошентип, Алла элчисинин (саллаллааху алейхи ва саллам) хижрат кылуусу менен бирге 23 жылдык пайгамбарлык доорунун 13 жылдык «Мекке доору» бүтүп, 10 жылдык «Медина доору» башталган.
Хижраттан кийин Йасриб шаары Медина шаары болуп аталып калган. Атынын өзгөрүшү менен Медина жаңы статуска ээ болуп, Мекке шаары сыяктуу ыйыктыгы үчүн «тыюу салынган» («ал-харам») чектеринин ичине алынган.

Азирети Пайгамбар (саллаллааху алейхи ва саллам) Медина шаарына келери менен ал жерде жашаган кайыр диндер (башка диндегилер) менен бири-бирин колдоо жана тилектештиктин пайдубалына негизделген келишим түзгөн. Бул келишим Ислам дининин мусулман эмес жамааттар менен ынтымакта, тынчтыкта жашоого жана алар менен дайыма эриш-аркак болууга аябай маани бергендигин күбөлөйт. Ошондой эле сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллааху алейхи ва саллам) Меккеден көчүп келген мусулмандар менен мединалык мусулмандарды, б.а. «мухажирлердин» («көчүп келгендердин») ар бирин «ансарлардын» («жардам колун сунгандардын») бирөөсү менен бир тууган кылып бекитет. Бул бир туугандык өз (кандаш) туугандыктан да бекем болгон. Мындай бир туугандыктын негизинде мединалык мусулмандар мал-мүлкүнүн жарымын көчүп келген туугандарына беришкен жана бул тилектештик менен жардамдашуу адамзаттын тарыхында теңдешсиз үлгү бойдон кала бермекчи. Мына ошентип хижрат алгачкы мусулмандардын машакаттуу жашоодон кутулуусуна жана туугандык пайдубалына түптөлгөн коомдо жашоосуна мүмкүнчүлүк түзгөн. Айрыкча, Ислам дини хижраттын негизинде башка чет жактарга жайыла баштаган.

Сөзүбүздүн башында айтып өткөнүбүздөй эле мына ушундай улуу окуяга негизделген жылсанагы Хижрий жылсанагы деп аталат. Бул жылсанак өз кезегинде ай календарына кирет. Ай календары ай фазаларынын өзгөрүүсүнө негизделген. Ай календарында жыл он эки айдан, ал эми ар бир ай жыйырма тогуз же отуз күндөн (суткадан) турат. Бир жылда бардыгы 354 же 355 күн бар. Бүгүнкү күнү ай календары мусулман өлкөлөрүндө колдонулуп келет.
Өлкөбүздүн көпчүлүк эли мусулман болгондуктан Григориан календары менен бирге расмий түрдө болбосо да ай календарын, анын ичинде Хижрий жылсанакты колдонуп келишүүдө. Анткени мусулмандардын аткарып жаткан ибадаттары ай календарына негизделген. Мисалы, орозо, ажылык ж.б.у.с. ибадатттар. Ошондуктан, мусулмандардын ай календарын билүүсү абзел.

Ай календарындагы айлардын аттары ирээти менен төмөнкүдөй орун алган:

1. Мухаррам
2. Сафар
3. Рабиу ал-аввал
4. Рабиу ас-саани
5. Жумади ал-уулаа
6. Жумади ас-саания
7. Ражаб
8. Шабан
9. Рамазан
10. Шаввал
11. Зулкаада
12. Зулхижжа.

Башына