Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Малайзия

Мазмуну

Абдулла Айдоган Калабалык

Дүйнөдөгү мусулман өлкөлөрүн таанытууну улантабыз. Журналдын мурунку санында Индонезия өлкөсү тууралуу кенен айтып бергенбиз. Малайзия менен Индонезия калкы ыкластуу мусулман соодагерлердин арты менен Ислам динин кабылдашкан.

Соода максаты менен бул өлкөлөргө келген мусулман соодагерлердин айла-амалсыз так иш жүргүзүшү жергиликтүү калкка оң таасирин тийгизген. Мына ушундан улам Исламды кабыл алышкан.
Жер шарынын түштүк-чыгышында жайгашкан Малайзия он бир өлкөлүк федерациядан түзүлгөн. Алардын арасында Сингапур, Саравак, Сабах (мурунку түндүк Борнео) жана башкалар болгон. Сингапур 1965-жылы аталган федерациядан бөлүнүп, өз алдынча мамлекет болгон.
Малайзия XIII кылымга чейин 500 жыл бою Сривижала Хинду жана Будда королдугунун бир бөлүгү катары Сумартадан башкарылып турган. Андан соң жергиликтүү Жаваллы жана Малакка өкүмдарларынын бийлигине карап калат. XV кылымда Малаккага кирген Ислам дини тездик менен бүтүндөй жарым аралга жайылат. 1511-жылы португалдыктар Малакканы каратышат. Ошол эле маалда португалдар менен голландиялыктардын ортосунда карама-каршылыктар чыгып, катуу тирешүү башталат. 1641-жылы португалдар чыгып кетери менен  Голландия бийлиги каратып алып 1795-жылга чейин башкарат. 1786-жылы Пенангга, 1824-жылы Сингапурга тамыр жая баштаган Англиянын күн өткөн сайын соода-сатык жагынан да, саясий жагынан да таасири  күчөй баштайт.
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Япония Малайзияны басып алат. Малайзиялык коммунисттер жаңы баскынчыларга каршы катуу каршылык көрсөтүшөт. Коммунисттер 1948-жылы Малайзиянын федерациялык өкмөтүнө каршы көтөрүлүш чыгарышат. Мунун натыйжасында 1956-жылы уюштурулган Англия-Малайзия конференциясынан кийин 1957-жылы Англия Мамлекеттер Союзуна кирүү шарты менен Малайзиянын көз карандысыздыгы формалдуу түрдө кабыл алынат.
Түштүк-чыгыш Азия өлкөсү саналган Малайзияны түндүктөн Таиланд, Түштүк Кытай деңизи жана Бруней, чыгыштан Селебес көлү, түштүктөн Индонезия, Сингапур жана Малакка кысыгы, батыштан Инд океаны менен бириккен Андаман деңизи курчап турат. Аталган өлкө сууга өтө бай. Булардын эң маанилүүлөрү Режанг, Келентан, Саи Перак жана Саи Ромпин дарыялары болуп саналат.
Географиялык түзүлүшү жагынан Батыш Малайзия жана Чыгыш Малайзия болуп эки чоң аймагы жана Түштүк Кытай деңизиндеги аралдардары бар. Батыш Малайзия картадан узунунан тарта Таиландга чектешкен энсиз жарым арал түрүндө көрүнөт. Чыгыш Малайзия болсо жарымынан көбү Индонезиянын карамагындагы Борнео аралында жайгашкан.

2006-жылдагы эсеп боюнча алганда калкынын  саны 26.640.000 го жеткен. Анын 5.44 миллиону чыгыш Малайзияда, 21.2 миллиону батыш Малайзияда жашайт. Калктын санынын жылдык көбөйүшү 2.44%. Калктын 34%ын он беш жаштан төмөн курактагы балдар түзөт. Малайзиянын калкы 50.4% малайлар, 23.7% кытайлар, 11% жергиликтүү эл, 7.1% индустар, ал эми 7.8 % башка этникалык топтордон турат.
Малайзия түрдүү маданиятты карманган көп улуттан турган өлкө болгондуктан, башка диндер да өкүм сүрүп келет. Өлкөдө эң маанилүү, эң негизги дин катары Ислам дини кеңири кулач жайган. Бул динди өлкөнүн жарымынан көбү карманышат. Экинчи орунда Буддизм турат. 2000-жылдагы иликтөөлөргө караганда калктын төмөндө көрсөтүлгөн пайызы береги диндерди карманышат:


Ислам-60.4%
Буддизм-19.2%
Христиан-9.1%
Индуизм-6.3%
Конфуцизм, Таоцизм, байыркы кытай диндери-2.6 %
Башка диндер-(Сихизм, Шаманизм, Бахаизм, Анимизм ж.б) 2.4%.

Азия өлкөлөрүнүн ичинен өнүгүүнүн жылдык пайызы боюнча Малайзия алдыда баратат. Экономикалык жактан өзүн-өзү кенен камсыз кылганга мүмкүнчүлүгү да жетиштүү. Экономикасынын дээрлик көбү күчтүү инвестиция болгондуктан жана өнүгүүнүн ыкчам ыкмалары мыкты өздөштүрүлгөндүктөн дүйнөдө өз ордун табууга жетишти. Жумушсуздук болгону  7% ды түзөт. Алгачкы жылдары желим менен калайдан башталган экономикасы 1980-жылдардан тарта башка тармактарды өздөштүрүүгө багыт алган. Импорт жана инвестициядан бутка турган экономикалык өсүш 1980-жылы 8,5 % га жеткен. Ушул тапта киши башына бөлүнгөн улуттук киреше 12700 АКШ долларына жетти. Жылдык кирешенин  18 %ын өндүрүш, 23%ын  дыйканчылык, 4%ын кенбайлык өндүрүшү түзөт.
Учурда Малайзиянын өнөр жайы мыкты өнүгүүгө жетишкен. Мунай өндүрүүчү, автомобил, цемент, курулуш материалдары, каучук, электро магниттик, пластикалык, механикалык буюмдарды жасоочу заводдор жана текстилдик буюмдар, кийим-кече, азык-түлүк, түрдүү эмерек,  кагаз, дары-дармек, пальма майларын жана башка көптөгөн буюмдарды чыгаруучу фабрикалар курулган. Өндүрүштүн 27%ын ички дүң продукциясы түзөт. Калктын 18%ы өнөр жай секторунан иш менен камсыздалган.
Малайзия бийликтин королдук түрү менен башкарылган көп партиялуу демократиялык конфедерация. Конфедерациянын курамындагы федерал аймактар королдук тарабынан башкарылат.
Батыш Малайзия аймагынын королдорунун бири төрт жылда бир «Улуу жетекчи» болуп шайланат. Өлкө 1957-жылы кабыл алынган башмыйзам менен башкарылып келет. Кош палаталуу парламенттик система бар. Анын бир палатасында 69, экничисинде 180 депутат бар.

Башына