Он экинчи сан

УЛУУ КӨЧ
Мазмуну
Асан Саипов
asansaip@mail.ru
Эң биринчи инсан Аз. Адамдан (а.с.) бери тарыхта, жер жүзүндө чындык менен жалган бири-бири менен күрөшүп келген эмеспи. Бул дүйнөдө чындык үчүн күрөшүп жанын берген улуу адамдардын кылган кызматына каршы жалган жалаага аралашкан бетпак адамдар да дайым болуп келген.
Бирок чындык дайыма жалганды жеңип, жалгандын артынан жүргөндөр чындыктын нуруна туруштук бералбай өзүнөн-өзү жок болгон.
Ислам нурунун Меккеде пайда болуусу менен Мекке эли Жараткан Аллага моюн сунган мусулмандар жана жалгандан кайтпаган бутпарастар болуп экиге бөлүндү. Бул учурда Мекке шаары бутпарастардын борбору болгон. Каабанын өзүндө эле 300дөн ашуун буттар (колго жасалган кудайлары) болгон. Буттарга зыярат кылуу үчүн келген адамдардан Мекке шаары дайыма толуп ташып, уруулар арасында байлык тарабынан атаандашуулар болуп турган. Булардын ичинен Курайш уруусу араптардын ичинде өзгөчө орду боло турган.
Меккеде Ислам дини бөгөтсүз кулач жая турган болгондо, бутпарастык жоюлуп, Курайш уруусуна агылып келип туруучу байлыктар да, ээлик кылган мансабы да орду түбү менен жок болмок. Анын үстүнө мусулмандык адамдарды тең укуктуу деп, кул-падыша, кедей-бай, уруулук айырмага бөлбөйт болчу.
Ушул себептен Курайш уруусунун башчылары мусулмандыкты өздөрүнүн пайдаларына каршы келет деп Исламдын жайылуусуна ар түрдүү тоскоолдуктарды жаратып, зордук-зомбулук кыла баштады.
Аз. Пайгамбарыбызга жана ыйман келтирген мусулмандарга кысым көрсөтүп, ачарчылыкка дуушар кылышты. Ит көрбөгөн кордукту тарттырышты. Мусулмандар үчүн жашоого такыр мүмкүн болбогудай кыйын кырдаал түзүлдү. Мындан кийин Аз. Пайгамбар (сав) мусулмандарга: “Сиздердин хижра (көч) эте турган жер - эки кара таштын арасында Хурмалык деген жер болгондугун мага көрсөттү” деп айтып Мединага көчүүгө буйрук кылды. Ошентип, мусулмандар дин жана ыйманды сактап калуу үчүн туулуп-өскөн жерин, бүт мүлкүн таштап Мединага көчүүгө аргасыз болушту.
Бул улуу көч тарыхта хижра деп аталып калган. Эң туура жолду көрсөткөн Ислам дини үчүн ата-эне, тууган-урук, мал-мүлк, үй-жайын калтырууга кайыл болушкан. Бирок бул көчтүн натыйжасында бул адамдар дин боордоштугу кан туугандыгынан да жогору экендигине күбө болушуп, Ислам тарыхында, дегеле тарыхта теңдеши жок үлгү болуп калышты.
Медина шаарынын мусулмундары саналган “Ансарлар” Меккеден келген “Мухажирлерге” колундагы мал-мүлктөрүн эч аябай тең бөлүшүп жатышты.
Пайгамбарыбыз (сав) Меккедеги мусулмандарды Медина шаарына көчүрүү менен алардын жанын, үй-бүлө, бала-чакаларын коргогондой эле, жаңы журтка көчүп баргандарды ал жакта ар бирин дин туугандары күтүп турган.
Алгачкы Мусулмандардын Мединага көчүп барышы менен Ислам дини гүлдөп өсүп, алгачкы мечит, мектептер курула баштаган. Пайгамбарыбыздын үйү да, ибадатканасы да болгон Масжиди Набавиде Суффа деген мектеп ачылып, ал жерден Ислам аалымдарынын алдыңкы залкарлары чыккан жана Ислам динине опол тоодой кызмат өтөшкөн. Бул мектептен жетим-жесир жана жарды үй-бүлөлөрдүн балдары да билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ислам дүйнөсүнө эбегейсиз салымын кошкон аалымдар ичинен Абу Хурайра, Анас бин Маалик сыяктуу хадисчи, тафсирчилер чыккан. Дал ушул 622-жылы болуп өткөн хижра окуясынан кийин хижрий жыл эсептөө жылсанагы пайда болгон.
Бул көч Ислам тарыхынын эң маанилүү окуяларынын бири. Хижрадан мурун мусулмандар бутпарастар тарабынан ар түрдүү кыйынчылыктарды көрүшкөн болсо, көчтөн кийин мусулмандар бул кыйынчылыктардан арылды. Пайгамбарыбыздын (сав) миладий 622-жылдан 632-жылга чейинки он жыл аралыгында Мединадагы 10 жылдык кызматы Ислам дүйнөсүнүн жаралышынын эң алгачкы саамалыктарынан эле. Ошентип бүгүнкү күндө да Пайгамбарыбыздын (сав) көрсөткөн жолу менен миллиондогон мусулмандар Ислам дининин, чындыктын, тазалыктын, ыймандуулуктун негизи экенин тастыктап жашап келишүүдө.