Он экинчи сан

Эти адал жана арам болгон жаныбарлар
Мазмуну
Док. Доц. Абдуррахман Хачкалы
Өмүр кечирүү, жан багуу - адамзат үчүн негизги милдет. Атайын тамактануудан баш тарткан жана ушул себептен ооруп же болбосо көз жумган адам күнөөкөр болуп эсептелет. Адам баласы бул дүйнөдө жакшылыктын гана аркасына түшүп, жамандыктан оолак болушу кажет. Азык табуу адам үчүн өтө маанилүү милдет. Ырас, азыктын адал же арам болушу адамдын ахлагына, рухий дүйнөсүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан адам адал-арамга өтө кылдат мамиле жасашы зарыл.
Дин Исламдагы адал-арам түшүнүгүнүн иридеги максаты – адам баласынын ден-соолугун да, рухий дүйнөсүн да аруу, таза кармоо. Ушул себептен улам шариятта дене жана рухий дүйнөгө терс таасирин тийгизген азыктар арам деп каралган.
Ыйык Куран менен Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын куттуу хадистеринде адал-арам азыктар жөнүндө жана алардын өкүмдөрү тууралуу маалыматтар берилген. Ыйык Куранда тарп, кан, доңуздун (чочко) эти жана Жараткан Алланын аты менен мууздалбаган жаныбарлардын эттери арам болгондугу туурасында айдан ачык аяттар бар (Анам, 145; Бакара, 173; Маида, 3). Куранда ошону менен бирге ыплас нерселердин арам, таза нерселердин адал болгондугу жөнүндө да маалыматтар берилет (Бакара, 172; Маида, 4; Араф, 157).
Кургактагы жана суудагы арам деп эсептелген жаныбарлар кайсылар?
Ыйык Курандын жана сүннөттүн негизинде Ханафи (Имам Азам) Ислам аалымдары төмөндөгү жаныбарларды арам деп тизмелешкен:
- Доңуз: Куранда турган турпаты менен ыплас делген жана арам деп эсептелген нерселердин эң башында доңуз (чочко) эти турат. Доңуз турган турпаты менен арам болгондуктан анын эти да, териси да колдонулбашы кажет. Аны кандайдыр бир тазалоо жолу менен да тазалоого болбойт.
- Жалгыз Алланын аты менен мууздалбаган жаныбарлар: Адал деп эсептелген жаныбар этинин адал болушу үчүн аны мууздап жатканда Алланын атын оозануу зарыл. Малды Алланын атын атайын оозанбай туруп мууздоо же Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо союлган малдын этинин арам болушуна түздөн-түз таасир этет. Малды Алладан башка бирөөнүн аты менен мууздоо – ширк болуп эсептелет. Себеби Ислам келген чакта араптар буттарынын атын атап мал сойушкан. Алла Таала буга кескин түрдө тыйуу салган. Жаратуучу, адамга ырыскысын ыроолоочу Жалгыз Алла Таала болгондуктан Анын атын айтуу буйурулган.
- Тарп: Ислам боюнча белгиленген тариз менен союлбаган, өзүнөн-өзү өлүп калган же башка жаныбарлар тарабынан өлтүрүлгөн жаныбарлар тарп болуп эсептелет. Сууга чөгүп кеткен, мууздалбай өлтүрүлгөн, жардан кулап өлгөн, жырткыч айбандар азуу салып өлтүргөн жаныбарлар арам болуп эсептелери аятта билдирилген (Маида, 3). Ошондой эле адал мал болсо да, тирүүлөй малдын бир жеринен кесилип алынган эт тарп өкүмүнө кирип, арам деп саналат.
- Кан: Эти желген малды мууздоо учурунда чыккан кан ыплас, арам болуп эсептелет. Ошону менен бирге шариятка ылайык таризде союлган малдын тамырларында же этинин арасында калган кан таза болуп эсептелет.
- Үстүнкү жана алдыңкы төрт узун тиши менен азуу салган жана коргонгон айбанаттардын эти желбейт. Буга мышык, ит, карышкыр, арстан, жолборс, барс, маймыл, чөө, түлкү, тыйын чычкан ж.б.у.с. жаныбарлар кирет.
- Ири тумшуктуу бүркүт, ителги, куш, үкү, жору, айры куйрук, ылаачын, турумтай сыяктуу жырткыч канаттуулар менен тарп жеген карга, кузгун сыяктуу канаттуулардын эттери да арам болуп саналат.
- Чычкан, жылан, чаян, кирпи, чымын-чиркей, жөргөмүш, ташбака, кескелдирик, үлүл сыяктуу кыбыр эткен жаныбарлар желбейт.
- Эшектин жана качырдын да эти желбейт.
Эти адал болгон жаныбарлар кайсылар?
Биз бул жерде адал болгон жаныбарлардын бир бөлүгүн гана тизмелейбиз. Адал жаныбарлар муну менен гана чектелүү эмес.
- Уй, топоз, кой, эчки, төө, жылкы, тоок, коен, өрдөк, каз, үндүк сыяктуу үй жаныбарлары.
- Кийик, тоо эчки, жейрен, аркар, кулжа, зебра жана жапайы уй түрүндөгү жаныбарлар.
- Көгүчкөн, бөдөнө, кекилик сыяктуу канаттуулар.
Сууда жашаган жаныбарлар туурасында шарияттын өкүмү
- Сууда балык түрүнөн болгон жаныбарлардын баары адал болуп эсептелет. Ашкере ысыктан же ашкере сууктан же болбосо суунун тартылып соолуп кетишинен улам өлгөн балыктар да адал. Ошону менен бирге Имам Азам аалымдары өзүнөн-өзү өлүп калган жана эмне себептен өлгөндүгү белгисиз балыктарды жегенге болбойт, дешет.
- Балык түрүнөн сырткаркы суу жаныбарлары Имам Азам агымы боюнча желбейт. Суу ташбакасы, мидия, суу жыланы, крап сыяктуулар. Ошону менен катар калган үч мазхаптын аалымдарынын пикиринде, сууда жашагандын баары адал.
- Сууда да, кургакта да жашаган жаныбарлар Имам Азам жана Шафи аалымдарынын пикиринде желбейт. Курбака, ташбака, крокодил, жылан сыяктуулар.
Жумурткалары, сүттөрү жана ыпластык менен тамактанган жаныбарлар тууралуу
Эти адал болуу менен бирге ыпластык жеген жаныбарлардын белгилүү убакыт күтүлбөстөн союлуп желиши макирөө. Ыпластык жеген тоок үч күн, кой төрт күн жана уй жана төөлөр он күн күтүлөт. Бул учурда мындай жаныбарларга таза тамактар жедирилип андан кийин гана сойулат. Жаныбардын этине сиңип калган жаман жыттын кетишин күтүү абзел.
Жаныбарлардын жумурткалары жана сүттөрү эттин өкүмүнө баш ийет. Тагыраак айтканда, эти адал жаныбардын жумурткасы да, сүтү да адал болот. Эти адал эмес жаныбардын жумурткасы Имам Азам агымы боюнча адал эмес.
Эти адал жаныбар союлгандан кийин ичинен алынган жумуртка сынмайынча адал деп эсептелет, жегенге болот. Балык жумурткаларынын (икра) желишине уруксат бар.
Эти адал болсо да, мууздалбай өлгөн жаныбарлардын жумурткасы катуулашкан болсо, жесе болот.
Мал мууздоонун таризи
- Үй жаныбарларын жана тирүүлөй кармалган жаныбарларды адалдоо үчүн шариятта көрсөтүлгөн мууздоо таризине кылдат мамиле жасоо кажет. Мууздоо иши жаныбар тирүү турганда жүзөгө ашышы керек. Башкача айтканда, өлүк жаныбарды мууздоо менен аны адалдоого болбойт. Балык түрүндөгү жаныбарларды мууздоонун кажети жок. (Абу Давуд, Тахарат, 41)
- Мууздоонун алдында «Бисмиллахи Аллаху акбар!» деп Алланын атын айтуу керек. Куранда төмөнкүчө буюрулат: «Алланын аты айтылбай мууздалган малдын этинен жебегиле!» (Анам, 121). Имам Азам агымы боюнча, малды мууздоо учурунда «Бисмилла» атайын айтылбаса, анда союлган малдын эти желбейт. Бирок унутуп калып союлуп калса, анда анын этинен жегенге болот. Союлуп жатканда Алланын ысымдарынан бир ысмын айтса да болот.
- Мууздоодо малдын кокосундагы эки чоң кан тамыры, тамагы жана дем алуу түтүкчөсү кесилиши керек. Союлган малдын адал болушу үчүн булардан эң аз үчөөсү кесилиши кажет. Эгер бул тамырлардын эң азынан үчү кесилбей калса, анда ал мал тарп өкүмүнө кирип калат.
- Бычак абдан курч болушу керек, малды кыйнабай мууздоо зарыл.
-Малды сойгон адам мусулман же болбосо китеп ээлери болушу кажет. Бутпарастар, атеисттер жана башка диндердин өкүлдөрү сойгон мал желбейт. Китеп ээлери биздин пайгамбарыбызга ишенбесе да, Азирети Муса жана Азирети Иса алып келген диндерге ишенишет. Алар иудейлер менен христиандар. Куранда мындайча буюрулат: «Бүгүн силерге таза жана пайдалуу нерселер адал кылынды. Китеп ээлеринин тамактары силерге адал, силердин тамактарыңар да алар үчүн адал» (Маида, 5). Бирок бүгүнкү күндө жаныбарды адал мууздоо таризине кошкөңүл мамиле жасаган христиандар тарабынан союлган малдын этин жеш туура эмес. Көпчүлүк аалымдардын пикиринде, христиан жана иудейлер тарабынан союлган малдын адал болушу үчүн Исламий малды мууздоо таризине ылайык болушу керек.
-Электр тогу, тапанча же газ менен өлтүрүү, барскан менен жаныбардын башына уруп өлтүрүү арам болуп эсептелет. Ушундай жолдор менен өлтүрүлгөн малдын эти да желбейт.
-Союлган малдын курсагынан чыккан баласы жандуу болсо, союлуп желсе болот. Өлүк чыкса, желбейт.
-Жаныбарды мууздаар алдында сол ыптасы менен жаткызуу, кыбыла тарапка каратуу, бычакты алдын ала курчутуу керек. Жаныбар мууздалган соң жаны толук чыкканга чейин терисин сыйрыбай туруу зарыл.
-Үй жаныбары карматпай качкан болсо, аны кармоого мүмкүн болбосо, кийикти аткандай атып алууга уруксат бар.
-Жогоруда эти адал деп эсептелген жапайы тоо жаныбарларын курал менен же атайын уу үчүн тарбияланган ит менен кармоо учурунда кармалган жаныбардын эти адал болот. Уу жаныбары кармалган маалда жаны болсо Исламий тариз менен мууздалышы керек. Бул учурда мууздалбаса адал болбой калат. Эгерде кармалган жаныбар өлүп калган болсо, анда ал адал болот.