Он экинчи сан

Сахнада да бисмилла деп Куранды ооздон түшүрбөйм
Мазмуну
Белгилүү актер Рахматулла Табалдиев менен маек
- Ассалоому алейкум, Рахматулла ага.
- Алейкум салам.
- Алгач өзүңүз туурасында айта кетсеңиз?
- Мен биринчиден ушул Ак башат журналына терең ыраазычылык билдирип, ар дайым ийгиликте болушун каалайм. Атым Рахматулла Таабалдиев, өзүм Ош областынын Ноокат районунан болом. Он үч бир туугандын биримин. Актерлук кесибимди аркалап бүгүнкү күндө Бишкек шаардык Арсен Өмүралиев атындагы жаштар театрында актер болуп кызматтанам. Бул кесипти тандоомо да ата-энем түрткү болгон.
- Ал эми сиздин намаз окуп калышыңыздын окуясы кандай?
- Биринчиден менин ата-энем өмүр бою намаз окуп өтүшкөн адамдар. Өзгөчө мен атамдын чепкен, топусун кийип намазга турганында кандайдыр бир башка сезимдерге ээ болор элем. Анын жүзү нурданып турчу. Көрсө, бул намаздын касиети экен да. Мен да аларга кошулуп сегизинчи классымда эле окуй баштагам. Андан кийин олгун-солгун болуп жүрүп белгилүү бир убакыт окуй албай калдым. Бирок Исламга болгон пикирим да, ниет, көз карашым да эч качан өзгөргөн жок. Москвада окуп жүргөнүмдө жума намаздарын калтырбадым. Ал эми акыркы төрт-беш жылды мен намаз окуп Кудайга берилген учурум деп айта алам.
- Азыр жаштарга, дегеле жумурай журтка пайдалуу болуу өңүтүнөн кандай иштерди алдыга коюп жатасыз?
- Алдыга койгон максатым бардык адамдарга жакшы үгүт-насаат жүргүзүү. Мына ушунун үстүндө жаштарга атайын тарбия иретинде спектакль иштеп чыгууну пландап жатам.
- Чындыгында Исламдын кулачы өтө кең эмеспи. Аны жөнөкөй чабан башкача түшүнсө, илимпоз башкача, ал эми сиз сыяктуу исскуство жаатындагы бир адам ой дүйнөсүндө башкача жандандырса керек?
- Албетте, Исламдын маданият чөлкөмүндө өтө чоң ролу бар. Мисалы Ислам символдорун чагылдырган мечит архитектуралары өзгөчө бир орунга ээ. Ал эми романтик адамдар үчүн уккулуктуу окулган Куран өзүнчө бир керемет. Ансайын адамды өзүнө тартат. Мен муну күнүмдүк турмушумда, а тургай кесиптик турмушумда да бекем тутунуп, сахнага чыкканда да бисмилла деп Куранды ооздон түшүрбөй келем.
- Рахмат ага, сизге терең ырахмат. Анда сиздин окурмандарыңызга кайрылууңуз?
- Жараткан бардыгыбызга ыйман, ырыс-кешик ыроолосун. өлкөбүзгө, элибизге бейпилдик, ынтымак берекет келсин. Жаштарыбыз жакшы өсүп, карыларыбыз жакшы карысын!