Он экинчи сан

Дүйнөнүн алптары
Мазмуну
Жунусалиев Бакыт
Дүйнөдө түркүн кызык көп эмеспи... Бирок, ай-ааламда эмнелер болуп жатканын билүү мүмкүнчүлүгү чектелүү болуп жаткандыктанбы же жөн гана билүүгө кызыкдар болбогондуктанбы, айтор, билгенден биле элегибиз көп. Эгер, чынында эле маани берип карап көрсөк, бул дүйнө ары кызыктуу, ары таң калычтуу, ары сырдуу дагы экен. Мына ошол табигатта тартууланган кызыктуу да, таң калычтуу да, сырдуу да болгон нерселер жана кубулуштар туурасында мындан кийин журналыбыздын дайыма чыгып туруучу «Кызыктар Дүйнөсүндө» рубрикасы аркылуу сиздерге жеткирип турмакчыбыз. Ал эми бүгүнкү теманы «Дүйнөнүн алптары» деп атап, флора жана фауна дүйнөсүнөн чыккан айрым алптар менен тааныштырмакчыбыз.
Сууда жашоочу ташбакалардын жалпы узундугу – 1,83-2,13 м., салмагы – 453 кг.га чейин жетет. 1961-жылы АКШнын Калифорния штатында кармалган ташбаканын узундугу – 2,54м., салмагы – 264 кг. га жеткен.
Ал эми кургакта жашаган ташбакалардын эң чоңу Альдабра-Сейшель жана Маврикий аралдарында жашайт. 1989-жылы кармалган мындай ташбакалардын биринин салмагы – 298 кг. болгон.
Жылаандардын ичинен эң зору – анаконда. Алар түштүк Американын жана Тринидаддын тропиктеринде жашашат. 1960-жылдары Бразилияда өлтүрүлгөн ургаачы анаконданын узундугу 8,45 м., жоондугу 11 см., салмагы 227 кг болгон.
Ал эми крокодилдердин алптары Азиянын Түштүк Чыгышында Малайск архипелагында, Индонезияда жана Түндүк Австралияда жашаган крокодилдер болуп эсептелет. Алардын узундугу – 4,2-4,8 м., салмагы – 408-520 кг.га жетет. Ошондой эле Чыгыш Индиянын Орисса штатындагы корукта жашаган төрт крокодилдин узундугу 7 метрден ашат.
Сүт эмүүчүлөрдүн ичинен эң чоңу болуп киттер эсептелет. Демек, эң чоң «наристе» титулу да киттин баласына таандык. Кадимки киттердин баласынын туулгандагы орточо салмагы 900кг болот, б.а. орто салмактагы жеңил автомашинанын көлөмүндөй болот. Ал эми дүйнөдөгү эң чоң «наристе» – көк киттин баласы. Ал туулганда эле 3 тонна салмакта болот жана 1 жылдын ичинде 9 эсе чоңойот.
Ал эми өзүнүн жумурткасынын чоңдугу менен сыймыктана турган канаттуу – төө кушу болуп эсептелет. Себеби, анын жумурткасынын узундугу – 15-20 см, диаметри –10-15 см, салмагы – 1,65-1,78 кг, кабыгынын калыңдыгы болсо 1,5 мм. Мындай жумуртканы бышырыш үчүн 40 минута убакыт керек. Төө куштун жумурткасы 127 кг болгон кишини оңой эле көтөрө алат.
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн алптары да мындан калышпайт. Алсак, өзөгүнүн жоондугу менен рекорд койгон дарактардын бири Сицилияда өскөн Каштан дарагы болуп эсептелет. Биригип кошо чыккан беш бутагы менен эсептегенде айланасы 64.2 м болгон. Эң кызыгы – бул дарактын жашы 3600-4000 жыл деп белгилөөдө окумуштуулар.
Эң чоң кактус катары Мексиканын Аризона штатында өскөн кактусту айтса болот. Анын бийиктиги 15 м. болуп, салмагы 6-10 т. га чейин жетет. Мындан тышкары бул кактус көп жыл жашагандыгы менен да белгилүү, б.а. 300 жылдан ашык жашайт. Анын гүлдөрү болсо Аризона штатынын эмблемасы катары белгилүү.
Кадимки эле чөптөрдүн эң бийиги Камчаткада өсөт. Ал төрт метрге чейин жетип, атчан адамды жашырып калат.
Ал эми жашылча жемиштерден да бул багытта ат салышкандары жок эмес. Мисалы, кадимки ашкабактардын алпы 1990-жылы Американын Нью-Жерси шатында өстүрүлгөн. Рекордчу ашкабак 370.36 кг. салмакта болгон. Ал эми 2005-жылы жаңы рекорд койгон ашкабак Жапонияда өстүрүлүп, 440 кг. га чейин жеткен.
1885-жылы ошол эле Американын Калифорния штатындагы Роберт Киркпатрик аттуу фермер да гиннестер китебине кирүүгө жетишкен. Ал өз огородунда өстүргөн чесноктун башы 1.19 кг. салмакта болгон.
Ошондой эле ийгиликке жетишем деген Америкалык фермер 1990-жылы дарбыздын эң чоңун өстүрүп алууга жетишкен. Ал өстүргөн дарбыз 118 кг. болгон.
Мындай ийгиликке адамдын кийлигишүүсүсүз табигый жол менен жетишкен рекордчулардын бири болуп 1993-жылы Швейцарияда казылып алынган редиска эсептелет. Түшүм жыйноо мезгилинде казылбай калып калган редиска диаметри 19 см. жана узундугу 25 см. ге жетип, салмагы 2.45 кг болгон.
(интернет барактарынан даярдалды)