Он экинчи сан

ФРАНЦУЗ ФИЛОСОФУ ВОЛЬТЕР ЭМНЕ ДЕЙТ?
Мазмуну
КЕЖЕБЕК ЧЫЙБЫЛОВ
canbey@mail.ru
Вольтер (1694-1778) инсандарды жана окуяларды сатира-юмордук жанр менен сындоонун адебин берген атактуу француз жазуучусу жана философу. Анын «Философ сыңары сүйлөшүүлөр жана анекдоттор» аттуу китеби да сатиралык жанр менен жазылган жана Христиан фанаттарынын айласын кетирген китеп катары белгилүү. Автордун бул чыгармасындагы айтылган ойлордун чын чычайса, калп кашкайат дээрчелик чындыгы бар. Ошондуктан бул макалабызда анын Христиан дини, Аз. Иса, Ислам жана Аз. Мухаммед (с.а.в.) туурасындагы кээбир айткан сөздөрүн келтирүү менен анализ жасоого аракет кылабыз.
Вольтер өзү негизи динге каршы эмес. Ал диндин зарылдыгы жөнүндө: «Албетте бир дин керек. Бирок бул дин бузулбаган таптаза, акылга сыярлык жана универсал болуусу керек. Тагыраак айтканда – эң мыкты. Белгилүү бир кичинекей аймак үчүн эмес, бүтүндөй инсаният үчүн нурун чачкан күн сыяктуу болуусу зарыл» дейт (а.а.ч 1/215). Вольтердин дин туурасындагы мындай издөөнүүсүн иликтей келсек, Ислам накта ал издеген жана ойлогон универсалдуу дин болуп чыга келет. Анткени Аз. Мухаммед (с.а.в.) бүткүл инсаниятка жиберилген. Бул туурасында Курани Карим төмөндөгүчө билдирет: «Биз сени бүтүндөй инсаниятка кубанычты кабарлоочу жана эскертүүчү кылып жөнөттүк. Бирок муну адамдардын көпчүлүгү билишпейт» (Саба 28) «Биз сени бүткүл ааламдарга ырайым-мээрим катары жибердик» (Анбия 107).
Француз философу сындап кеткен Христиан дини албетте кийинчерээк өзгөрүүгө учураган бүгүнкү Христиан дини экендиги талашсыз. Бул жагдай өзүнүн айткандарынан да ачык байкалат: «Ар бир өткөн кылымда Исанын динин ушундай бузушту дейсиң, бүгүнкү күндөгү Христиан дини анын (Исанын түптөп кеткен) динине таптакыр карама-каршы абалга келип жетти» (а.а.ч 1/225). Философ бул оюн өзүнүн орундуу сөздөрү менен төмөндөгүдөй коштойт: «Байкуш адамыбызды (Исаны) бираздан соң пайгамбар, үч жүз жылдан соң кудай кылып жиберип, кысталышта сөз тапкан болушту» (а.а.ч 1/224).
Эзелилик, түбөлүктүүлүк, бардык нерсеге күчү жетүүчүлүк, төрөлбөө жана төрөбөө сыяктуу сыпат-мүнөздөр чыныгы кудайдын гана сыпаттарынан. Жок болуучу, өлүүчү, алсыз, коркок жана муктаж барлыктарды кудай ордуна коюу чынында эле күлкү келээрлик нерсе. Бул жагдайды түшүнгөн Вольтер: «Кудайдын өлүп калганын түшүнүү үчүн аракет кылсам, башым жарылчудай (а.а.ч 1/201). Иса эгерде чындап эле теңир болгон болсо эмне үчүн теңирдик күч-акысын колдонбоду? Күнөөлөрдөн куткаруу үчүн келген Иса эмне үчүн бизди күнөөлөргө белчеден батырып кетти? (а.а.ч 1/200). Абал мындай болгон соң мен эми шайтан тарабынан жер жүзүнүн эң бийик чокусуна алып келинген жөөткө (Исага) кантип «жараткан» деп табына алам? (а.а.ч 1/203)». Бул окуя Матфей Инжилинин 4-бабында мындайча баяндалат: «Ошондо Иса, шайтандан сыналуу үчүн, Ыйык Рух аркылуу ээн талаага алып келинди жана кырк күн, кырк түн орозо кармаган соң ачка калды» (Матфей, 4/1-2). А чынында ибадат кылуу пенделерге таандык. Теңирдин орозо кармоосу, айрыкча ач калуусу кудайлыкка, теңирдикке кескин түрдө доо кетирет. Ал эми Вольтер бул тууралуу: «Кыйноонун эң ооруна дуушар болгон, азап жана өлүм коркунучу ичинде жан айласын таппай калган төмөнкү социалдык катмардагы бир жөөткө кандайча теңир деп айта аласың?» (а.а.ч 1/203) деген. Ошондой эле философ сөздөрүн төмөндөгүчө улантат: «Бирөө сени оң жаакка чапса, ага экинчи жаагыңды да тосуп бер» (Матфей, 5/39) деген Иса кантип эле башка бир жерде «Мени дүйнөгө тынчтык алып келген деп ойлобогула! Мен тынчтык эмес, кылыч алып келүү үчүн келгем. Анткени, мен уул менен атанын, кыз менен эненин, жана келин менен кайнененин ортосун бөлүү үчүн келдим» (Матфей, 10/34-35) деп айтсын» деп, жаны кашайганын айтат. Айрыкча ал Аз. Иса тууралуу айтылган негизсиз түшүнүктөрдүн бирине мындайча токтолот: «Ак нан менен кызыл шараптын теңир түспөлүнө (Исанын денесине) айланарына ишенүү үчүн адамдын айбанга айлануусу керек эмеспи?» (а.а.ч 1/293). Чындап эле бул жагдай Матфей инжилинин 26-бабынын 26-28-саптарында Аз. Исанын нанды сындырып шакирттерине берип жатып: «Алгыла, жегиле! Бул - менин денем» жана чөйчөктү сунуп жатып: «Мындан баарыңар ичкиле! Бул - менин каным» дегендиги туурасында баяндалат. Вольтер бул окуяны тамашага айландырып: «ошол нанды жеп, шарапты ичкенден кийин поптор «жалпы дааратканаларга барыш керекпи же жеке дааратканагабы?» деген маселенин үстүндө талашып-тартышарын мыскылдап жазат.
Эми сөз төркүнүн Вольтердин Ислам жана Аз. Мухаммед (с.а.в.) тууралуу айткан кээбир сөздөрүнө буралы: «Аз. Мухаммеддин дини эң айкын дин» (а.а.ч 1/200). Өз барлыгын ийгиликтер менен коштоп келген бул дин пайда болгондон бери Кудай тарабынан корулуп келген. Вольтердин жашаган мезгилин эсепке алганда, арадан 1200 жыл өткөнүнө карабастан анын негиздөөчүсү (Мухаммед с.а.в.) көзүнүн тирүүсүндө кандай болгон болсо, азыр да ошол бойдон жана ал түптөп кеткен дин бүгүнкү күнгө чейин өз маанисин жана өзгөчөлүгүн жоготпостон жашап келген. Муну Вольтер: «Мухаммеддин дини эч өзгөрбөдү. Сиз болсо диниңизди өзгөрттүңүз» (а.а.ч 1/302) деп моюнга алат.
Сөзүбүздү жыйынтыктап жатып, белгилүү француз философу Вольтердин Ислам жана Христиан диндери туурасындагы көз карашын Ислам эрежелери боюнча көмүлгөн атактуу орус жазуучусу жана ойчулу Л.Н. Толстойдун төмөндөгү сөздөрү менен коштоп кетүүнү ылайык көрдүк. «Мен үчүн Мухаммеддин дини крестке табынып сыйынууга салыштырылгыс деңгээлде жогору турат. Эгер инсан тандоо укугуна ээ боло турган болгондо, акыл-эси жайында болгон ар бир христиан жана ар бир адам эч күмөн санабастан жана кылчайбастан Мухаммеддин динин, бир Алланы жана Анын пайгамбарын (Мухаммедди) кабылдар эле» (Tolstoy, Hz. Muhammed, 48, İstanbul, 2005).
Бул кашкайган чындыктар учурубузда дин жагдайында дүйнө элдерине жалган жалаа жана түрдүү айла-амалдар менен Ислам динине төп келбеген ар кандай терс түшүнүктөрдүн баарын Исламга жаба салган батыш миссионерлерине жана алардын таасиринде калган айрым замандаштарыбызга сунулмакчы.