Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Мерез жүрөк

Мазмуну

Насыпбек Асанбаев

Эх-х,  менин айласыз бирбоорум. Чарасыз биртууганым. Аба ырайынын сууктугуна кайыл болуп, муздай какшаткан асфальт үстүндө көшөрүп туруп, өткөн кеткенден алган анча мынча тыйының менен тиричилигиңди өткөрүп атканың, бирде адамдын зээнин кейитсе, бирде ошол кайратың, ошол чыдамдуулугуң, ошол алтындай сабырдуулугуң жүрөкө дем берет.

 Ананчы. Анча мынча ачка калсак, же жөн эле эскирээк нан жеп калсак, ар жак бер жакты каарып, тууган туушканга опурулуп, эби келсе эки жегенге жедеп көнгөн жүрөк сендей чың адамга кантип ыраазы болбойт... Ким билет? Аа бири кем дүйнө... Балким, сенин бала чагың меникиндей өткөндө, балким мени окуткан ата-эне, мени ушул эрезеге жеткиче эч кимге жетелетпеген ден соолук сенде болгондо, ат качырбас боз айгыр аталып, эл керегине жараар эр азамат болор белең, же атасына таарынып, агасына чамынган зөөкүр болот белең ал жагын болжош кыйын. Бирок... Бирок, ортодо кашкайган чындык бар, ал сенин ажырагыс майыптыгың, менин баркына жетпей жүргөн эсендигим. Албетте, Жараткан баарына өзү калыс, өзү күбө.

Ооба, Ал коңулунда жатып кыпын талашкан кумурскалардын кылыгына да калыс, ошого да күбө. Демек, ал сенин жан айласы кылып кол ордуна бутуң менен сүрөт тартып нан таап жеген кайратыңа да, ошол эле убакта, ааламга алты күн кызмат кылып койгонсуп, эки колду чөнтөккө салып киного бараткан мага да күбө.  Жүрөк титирейт, бир боорум. Эртеңки күнү «мобу мени көрүп туруп Бишкектин карандай суугунда эшикке таштап кеткен, мобу мага бер деп кенен берген ырыскыңдан мага бир күкүм таштабай кафеде беш бармак жеп олтурган» деп кайрылчуңа кайрылып, сөөмөй кезеп турганыңды эстегенде, жүрөк титирейт.

 Ким билет, ошол күнү Алла Таалага эмне деп жооп берип, эмнемди берип кутулаарымды. Ким айтат, ошол күнү менин араандай ачылган напсимдин жаныма келип арачы түшүп, тозокко сүйрөп турган жазалоочуларга мен үчүн кепил болуп куткарып алаарын... Айтмакчы, сага азыр тек гана напсимдин кулу болуп, ошонун каалоосунан чыга албай жүргөнүмдү, ошонун каалоосу үчүн эмгек кылып, ошонун айтуусу боюнча кур каткырып басып жүргөнүмдү, анан калса ошол напсимдин буйругу менен Айкөл Жараткандын кенен үлүштөгөн ырыскысынан сага бир кыпынды кыя албай кыйылаарымды айтып кечирим сурасам түшүнөөр белең? Менин оюмча сен аны да түшүнмөксүң. «Ушинтип көңүл буруп койгонуңа да рахмат» деп чын дилиңден, керек болсо көзүңө жаш алып туруп айтмаксың. Балким ошол эле ыраазылыгыңды акыретке чейин да сактаар белең аттигиң... Бирок курган куру намыс жаным ошого да барбас оңой менен...

Эхх, менин карды чыкпас бирбоорум, эне мээримине карк болуп, ата жытын искебеген биртууганым. Кечээки карандай суукта үстүңдөгү чапаныңдын кайсы жыртыгын жаап калкаландың экен? Ууру токту кашайта жагып, жылуу үйдө жатканымда терезе каксаң, энчилеп алган ГЭСимди тоногону келгенсип куур белем ким билет...  Бирок сен келбедиң жана келбейсиң. Жандан өткөн жаз суугу менен, чучукка жеткен кыш суугу, тили заар, дили катаал боордошуңдун эт жүрөктү сыздаткан мамилесинен жылуулук кылаар сага. Төрөлгөнүңөн бери жылуулукту сезбегендирсиң адам уулунан. «Бишкектин кышы көп турса үч ай турат, а мобунун суугу мен көргөнү кете элек» дээрсиң дилиңде. Үстүндө үйү,алдында ашы даяр турганына топук кылбай, ан сайын ачкөздөнгөн агаңа эмне издеп келмек элең?

Кара курсактын айынан анча мынча уурулук кылганың, мага окшогон чоң ууруга көп көрүнөөрү айдан ачык эмеспи. Эби келсе энесинин чөнтөгү болсо да шыпыра каччудай алдым жуттум жаныма, сенин үшүгөндө чыдабай уурдай качкан байпагың көп көрүнөөрү бештен белгилүү чыгаар. Денем дүркүрөйт тууганым. Мүлдө адамзаттын адилет соту башталган күнү «Кычыраган аяз күнү аккан жашым жерге жетпей тоңуп, көчөдө турганыма карабай мылжыңдап жүргөн мынабу. Кырк тешик киймимди жамаарга жип таппай жүргөнүмдө, үстүнө бир нече миң сомдук кийимди түрлөп кийчү» деп айламды кетирип тураарыңды эстегенде солк этет денем. «Жоок, ушул мени ойлогон, мен деп жүрүп силерди байкабай калган ушул» деп өз напсимен башка эч ким турбас жанымда.

Баса... А балким, сен баары жокту таразалап жараткан бирөөнүн  барлыгын деле байкабасаң керек азырынча. Кайдаан? Аны сен эмес, керек болсо аят, хадистерине чейин ар ким менен талаша коюп компоюп жүргөн мен эстебейм. Ишенип кой жетимчем, сенде ата-эне жок болсо, менде сезим жок. Кытыраган акча, буркураган тамак, улам арылаган атак-даңк ээлеген менин сезими өлгөн жүрөгүмдү.  И десең, сага бүгүн менин жүрөгүмдө айоо, топук кылуу, сүйүү, кечирим кылуу деген сезимдер жок экенин айтып, мойнума курумду салып алдыңан өтсөм түшүнөөр белең? Эх, кичинекей мерезим. Сенин мен үчүн мерез сезилген жүрөгүң, дүрт ойгонуп, менден бетер бышактап туруп кечирээр элең. Кыяматка чейин кечирээр элең. Бирок, менин таштай каткан мерез жүрөгүм бара албас андайга...

Эх, кыштын ызгаарына түтүп, ачкалыктан таштанды терип тагдырдын шарданы менен агып келаткан жетим боордошторум, майып туугандарым... Бүгүн алдыңарга барып, бүгүн силер менен боло албаган шордуу көңүлүм, арааны ачылган напсим, майып жүрөгүм ушул бойдон акыретте алдыңарга барса, мен үчүн ызгаар, мен үчүн ачарчылык, мен үчүн азап ошондо башталаар. Ошондо силерге кылган бүгүнкү кайдыгерлигим үчүн миң жолу, миллион жолу «эхх» дээрмин. Бирок пайдасы болбос....

Башына