Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Суфи Аллайар

Мазмуну


Док. Доц. Неждет Тосун


Суфи Аллайар XVII кылымдын экинчи жарымы менен XVIII кылымдын баш чендеринде Орто Азияда жашап өткөн улуу аалым жана суфист акын болгон. Ал Самаркандга жакын Минглер айылында жарык дүйнөгө келген. Атасынын аты Темирйар Аллахкулу. Аллайар он жашка чыкканда атасы аны Бухарадагы медреселердин бирине киргизет. Он беш жыл билим алган соң Бухара бажыкана башкармалыгына башчы болуп келет. Бирок мүнөзү катуу адам болгондуктан, соодагерлерге абдан басмырлоо жасаар эле. Ал туурасында айтылган баяндарга караганда, бир күнү Бухара базарында соода-сатык кылган соодагерлердин бирине бажы салыгы маселесинен улам абдан катуу ачууланып, анын башын жара коёт. Башы жараланган бул соодагер Бухаралык атактуу Накшибанди шейхи (устаз) Хабибуллах Бухаринин шакирти эле. Шакирт устазына барып бул жагдайды айтып берет. Окуяны уккан Хабибуллах Аллайардын ыйман жолуна түшүүсү жана өзүнө шакирт болуусу үчүн дуба кылат. Көп өтпөй Аллайардын көңүлүнө тасаввуф (сопулук) жолуна кирүү арзуусу пайда болуп, Шейх Хабибуллахка келип шакирт болот. Айрым булактарга таянсак, Шейх Хабибуллах аны шакирттикке кабыл алуудан мурун ага эки шарт коёт:

  1. Бухарадагы үйлөрдү кыдырып тилемчилик кылуу
  2. Бухара көчөлөрүндө ичеги-карын сатуу.

 

Суфи Аллайар напсиге оор келген бул иштерди аткарган соң шакирттикке кабыл алынат. Ал Хабибуллах Бухаринин жанында он эки жыл тасаввуф, ахлак жана руханият жолунда билим алат. Мына ушундай терең билим алуусунун натыйжасында напсисин терс сапаттардан арылтып, жеткилең кишилик мүнөзгө ээ болгондон кийин устазынан уруксат (диплом) алат. Андан соң Кеттекурганга кайтып келип, ал жерде тасаввуф мектебин ачып, калкка агартуу иштерин жүргүзө баштайт. Бир канча убакыт өткөн соң бул жерди таштап, Сурхандарыя облусундагы Денов шаарынын Алтынсай аймагындагы Кетте Вахшияр айлына көчөт. Ал бул жерде да элге адеп-ахлак жана тасаввуф жаатында дилмаектерди өткөрүп, диний эмгектерин жазат. Өмүрүн мына ушундай эмгектенүүлөр менен өткөргөн Суфи Аллайар 1721-жылы ушул жерде дүйнөдөн кайтат.  Анын жазып калтырган эмгектери төмөнкүлөр болуп эсептелет:

  1. Сабаатул-аажизин. Бул эмгек чагатай түркчөсүндө жана поэма түрүндө жазылган. Анын ички мазмунун акаид (ишеним негиздери) жана тасаввуф темалары түзөт. Алсак; тавхид (Алланын жалгыз жана эч кандай орток-шеригинин жоктугу), Алланын сегиз сыпаты, периштелерге, пайгамбарларга ыйман келтирүү, олуялардын керемети, руханий илимде жеткилең кишилик мүнөздөгү инсандын артынан кетүү, ач көздүктөн сактануу, мээримсиз адамдан узак болуу, тобокелчилик, Кудайдан коркуу, эл менен жылуу мамиледе болуу, өлүмдү эстөө сыяктуу темалар колго алынган. Айта кетсек акаид темалары ахли сүннөт вал жамаат көз карашынын негизинде жазылган. Бул эмгек 19-кылымдын аяктарында жана 20-кылымдын баштарында Ташкент, Бухара, Казан жана Бакуда арап алфавитинде жарыкка чыккан. Кээбир басылмаларында китептин ысмы «Суфи Аллайар» деп катталат (Ташкент, датасыз). Бул чыгарма Өзбекстанда кирил алфавити (Ташкент, Мехнат басмаканасы, 1991; Чолпон басмаканасы 1991) менен, ал эми Казакстанда Жунис Төтежан тарабынан компьютерде арап тамгалары менен жазылып, жарыкка чыккан (Алма-Ата, Арыс басмаканасы, 2002). Ошондой эле Бактияр Азимов жана Калил Кыязов тарабынан кыргыз тилине которулуп, жарык көргөн (Карабалта, 2007). Мындан сырткары Тажеддин Йалчыкул             (өл: 1838) 1806-жылы «Сабаатул-аажизинди» эдил-урал түркчөсүнө которуп, «Рисаалаи азииза шархи сабаатул-аажизин» ысмы менен  түшүндүрмө жазган жана бул түшүндүрмөнү бир нече ирет бастырган (Санкпетербург 1847; Казан 1850; Ташкент 2000).
  1. Маслакул-муттакиин. Анын бул чыгармасы фарс тилинде жана поэма түрүндө болуп, фикх (укук) илими туурасында жазылган. 1700-жылы жазылган бул эмгек алгачкы ирет Индияда жарык көргөн (Канпур, 1873). Орто Азия медреселеринде көп жылдар бою окуу китеби катары окутулган бул эмгек Хафыз Хожа Кози Кожооглу тарабынан которулган, түркчө котормосу азыр да болсо кол жазма түрүндө сакталуу. Аталган эмгек Ханафи багытынын көз карашынын негизинде жазылса да, айрым учурларда башка мазхабтардын да көз караштары айтылып өткөн.
  2. Мураадул-аарифин. Аталган эмгек фарс тилинде жана проза түрүндө жазылып, тасаввуф темасына арналган. Чыгарма он беш бөлүмдөн туруп, бир канча кичи темаларга бөлүнгөн. Эмгектин мазмуну негизинен суфилердин илимдери, жан дүйнө, Алланын олуя пенделеринин жолун таануу, руханий жолго багыт алуу, инсанды Аллага жакындатчу шүгүрчүлүк, карапайымдуулук, ыкластуулук, тобокелчилик жана сүйүү сыяктуу темалардан турат. Автордун бул чыгармасы да жарык көргөн (Ташкент, 1912). Ошондой эле бул эмгекке Булгаари ысмындагы бирөө «Тухфатут-таалибин фи шархи мураадил-аарифин» деген түшүндүрмө жазган. Бирок бул түшүндүрмө азырынча кол жазма түрүндө.
  3. Махзанул-мутыин. Акаид жана фиких жаатында жазылган бул эмгек кол жазма түрүндө Ташкентте сакталуу (Бируни Шаркият институту китепканасы, нр: 4982 ).

Аталган эмгектерден сырткары төмөндөгү чыгармалар да Суфи Аллайарга таандык эмгектер катары эскерилет. Алар: «Нажаатут-таалибин», «Сираажул-аажизин» жана «Фавзун-нажаат». Ал эми анын шейхтеринин ким болгондугу туурасында айта кетсек, алар: Суфи Аллайарын шейхи Хабибуллах Бухари, анын шейхи Индиялык Мухаммед Маасум Сирхинди, ал эми Мухаммед Маасумдун шейхи Имам Раббани Ахмед Сирхинди болуп эсептелет.

Башына