Он экинчи сан

Журналдын он экинчи саны

Бардык иштин түйүнү ыкластуулукта жатат.

Мазмуну

Мураталиев Сабыр

          Ар дайым болуп келгендей, бүгүнкү күнү  да бардык жаатта, көп маселеде ыкластуу, жан дили менен берилген, ишин так жана толук аткарган  мусулмандарга  өтө муктажбыз. Бизге учурда, ислам динин бекем карманып, дин менен жашаган же динди жашоого аракет кылган, Алла Тааланын ыразычылыгын туу туткан чыныгы инсандар керек. Чындыгында эч бир илим, акча да, мансап да ыкластуулук берген жемишти бере албайт.

          Өткөндө бир журналдан окудум. Түркиянын Стамбул шаарына Кытай мамлекетинен келген бир жигит, ислам динин таблиг кылуу (жеткирүү) максатында Кытайдагы инсандар менен интернет аркылуу таанышат. Таанышып эле тим болбой, аларга динден тереңирээк маалымат берүү үчүн 10 кишини Стамбулга чакырган экен. Стамбулга келген соң алар ислам дининен аябай таасирленип, ысымдарын Мухаммад, Ахмад сыяктуу жакшы аттарга өзгөртүшөт. Мекенине кайтуудан мурун умра (кичи ажылык) кылып келүү үчүн Меккеге сапар тартышат. Алардын «Лаббайк Аллах» дегенге тилдери келбегендиктен, тек гана Алланын ысмын эсепсиз кайталап намаздарын окушат. Намаз окуп жатып  Мухаммад ысымын алган кытай жигит руку менен саждада көпкө турат. Алардын мусулман болуусуна себепчи болгон жигит анын бул ишине таң калат. Намаздан соң ага кайрылат:

–Сен Алла дегенден башка дуба билбейсиң, бирок, руку менен саждада ушунчалык көп турасын, деги эмнени окуйсун?   

–Эгер мага уруксат берилгенде, кийинки намаз башталганга чейин ушинтип турмакмын, тек гана Алла деймин, бирок, тилим менен жеткире албай турган абалга туш болуп жатам. Алла Таала мага мурун эч сезип–туйбаган ырахатты таттырыды” деп жооп кайтарат.

         Ошентип, намазды окуп, дуба кылып болгон соң, мейманканага кайтышат. Жолдо баратып базар аралашат. Кытайлык Мухаммад ал жерде кандай ичимдиктер сатылат болду экен деп, ичимдик издей баштайт. Табалбаган соң ичимдиктин эмне үчүн сатылбаганын сурайт. Аларга жол көрсөтүп жүргөн жигит Мухаммадка карап:
–Бул жер Ыйык Мекке, мында ичимдик ичилбейт, анткени ичимдик ичүү дин Исламда арам – дейт.

–Менин Кытайда ичимдик чыгаруучу заводум бар. Бул жердеги конок үйлөрүндө арак көрө албадым. Ошол себептен ичимдик алып келип сатсамбы деп ойлодум эле, анда аны жасап сатса болобу?

            –Сизге намаздан кийин жооп берейин.

 Парз намаздан кийин жол көрсөтүүчү жигит Мухаммадга буларды маалымдайт:
–Ислам дининде ичимдикти жасоо, ошондой эле аны сатуу да арам!

Мухаммад акыркы сүннөт намазын окубай туруп сыртка чыгууга шашылат. Сыртка чыгып телефон  таап, дароо Кытайга чалып, инисинин сүйлөшүнө мүмкүнчүлүк бербей:
–Ичимдик чыгаруучу заводду тез жап, сураныч! – дейт.

Иниси миллиондогон доллар зыянга учурай турганын айтып, заводдун жабылуусун каалабагандыгын билдирет.

     –Бардык зыяныңды мен төлөп берем, барганымда эсептешебиз – дейт ыкласман агасы. Ошентип бир телефон аркылуу ичимдик чыгарылуучу заводду жаптырып, көңүлү ырахат алып, калган намазын жана ибадаттарын чыныгы ыклас менен улантат. Кийинки күнү Меккеден Мединага жолго чыгышат. Учакта суусамынды жарыялап жүргөн кыздын сүрөтү тартылган газетаны көрүп, жол көрсөтүп жүргөн жигит таң калат:
–Тооба десе! Бу сүрөт бул жерде эмнеге жүрөт? Аялзатынын минтип жарым жылаңач жүрүшү жосунсуз жорук. Ислам дини аял кишинин уяттуу жерлерин жаап жүрүшүн буйруган. Минтип кыска этек кийип ачык жүрүүшү абийирсиздик.

        Муну уккан Мухаммад учактан түшөөрү менен кайра эле телефон издейт. Жол көрсөтүп жүргөн жигит аны токтоткусу келет:
–Эй Мухаммад токто, оболу Пайгамбарыбызды (с.а.в.) зыярат кылалы, анан телефон чала бересиң.
–Жок, мен тезинен Кытайга телефон чалышым керек. Бир арам иш жасалып жатканда мен Пайгамбарыбыздын(с.а.в.) мүрзөсүн зыярат кылуудан, жанына баруудан уялам...... Аялым модельерша, Кытайда этеги кыска ар түрдүү моделдеги кийим кече чыгара турган фабрикам бар. Аны токтоктотушум керек.

Кытайга телефон чалып аялы менен сүйлөшөт. Аялы канчалык каршылык көрсөткөнүнө карабай көшөрүп олтуруп акырында: «Макул, жабамын» – деген убадасын алган соң, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.)кабырына зыярат кылышат.
Жол көрсөтүп жүргөн жигит Мухаммад менен чогуу жүрүп, башынан өткөн окуяны минтип баяндайт: Багымдаттын парзын окуу үчүн турганбыз. Мухаммад оң жагымда эле, саждага барып кайра турганыбызда Мухаммад саждадан баш көтөрбөй, жата берди. Биз экинчи ирекетти бүтүп салам бердик, ал дагы эле саждада эле. Мурунку намаздарда  сажданы мынчалык созчу эмес эле. Намаздын бүткөнүн айтып аны акырын түрттүм. Ал оң ыптасынан жыгылып калды. Жүрөгүм оозума кептеле түштү. Үңүлө карасам, бул дүйнө менен кош айтышкан экен. Аны жууш үчүн ооруканага алып бардым. Ооруканага бир киши келип, Мухаммад аттуу кытайлык мусулманды издеп келгенин айтты.
–Ооба бар, бирок, ал одүйнө салды – дедим.

       Ал киши мрамордун үстүнө сажда кылып, кыйкырып ыйлап кирди. Кыйладан кийин саждадан турду. Анын ким экенин, эмне үчүн мындай кылганын сурадык. Ал киши Пайгамбарыбыздын (с.а.в) кабырында жөнөкөй кызматчы экенин билдирип, анан буларды айтты:
–Түшүмдө  Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мага кайрылды: “Кытайлык бир тууганым каза болду. Чурка! Анын жаназасына катыш!”.
Анын өкүмүн аткарууга мүмкүнчүлүк тапканыма жана бул тууганымдын мындай кадыр-баркка ээ болушуна күбө болгонума катуу таасирлендим. Бул киши Мухаммадды көмгөнгө чейин биз менен чогуу болду. Ошентип, Мухаммад менен башталган сапар Мухаммадсыз бүттү.

Менин бул айткандарым жомок эмес, сырларды камтыган чындык. Мухаммад балким элүү рекет намаз окуй албады. Бирок ал чыныгы ыклас менен берилип, чын дилден намаз окуду. Алла Тааланын ыраазычылыгын  тапты. Ал жаңы мусулман болгонуна карабастан, өзүнүн Пайгамбарга (с.а.в.), намазга болгон сүйүүсүн жогорку деңгээлде көрсөтүп, чын ыкласы менен үлгү болорлук даражада жашады. А биз болсо, канча жылдан бери мен мусулманмын деп жүргөнүбүз менен береги даражага канчалык жакындадык экен?...

      Кээ бир инсандар чын ыклас менен ыйлап өзүн куткарат. Башкалар чын ыкластан Пайгамбарга (с.а.в.) окшоп ыйлайт, тозоктун отун өчүрөт, үммөттү куткарат. Чындыгында, замадаштар, бардык иш ниети түз, ыкластуу болуп, милдетин так жана толук аткарууда жатат.

Башына