Он экинчи сан

Осман Нури Топбаш менен маек
Мазмуну
Түркиялык белгилүү жазуучу, дин илимдерин
мыкты өздөштүргөн аалым, көптөгөн
кайрымдуулук уюмдардын жетекчиси
Осман Нури Топбаш Кыргыз элине
зыяраттап келди. Осман Нури
Топбаш көптөгөн диний, тарыхый жана
тасаввуфтук китептерди жазган.
Анын китептери дүйнөнүн көптөгөн тилдерине,
анын ичинде кыргыз тилине дагы которулуп,
узун элдин учуна, кыска элдин кыйырына жетип олтурат.
Маектешкен Акылбек Халбеков
А.Х. Ассаламу алейкум ардактуу агай!
Кыргызстанга кош келипсиз! Сиздин келишиңизге абдан кубанычтабыз.
Уруксат этсеңиз маегибизди баштасак. Агай сизди Ислам дүйнөсүнүн көрүнүктүү жазуучусу, белгилүү аалымы катары тааныйбыз. Китептериңиз буга чейин жыйырмадай тилдерге которулуптур. Айтыңызчы, агай, китептериңизде негизинен кайсы темаларга басым жасалган?
О.Т. Мен негизинен мындан бир нече кылымдар мурда сиздердин ата-бабаларыңыздар айтып, жазып кеткен маселелерди кайрадан жандантып жазып келем. Китептеримде тарыхый мазмунундагы темалар басымдуулук кылат. Ошондой эле Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) өрнөктүү өмүр жолу, Кураны-Каримдин маани-маңызы, Жараткан Алланын ибараттуу эскертүүлөрү камтылган.
Кудай Таала Азирети Мухаммад Мустафаны жаамы адампендеге үлгү катары жиберген. Адам Атаны бейиште жаратып, анын урпагын сыноо үчүн бул дүйнөгө алып келди. Жүз жыйырма төрт миңден ашуун пайгамбар келди. Алардын дээрлик бардыгы ар башка адам коомдоруна жолбашчы катары келип кетишти.
А Азирети Пайгамбарыбыз болсо, кыяматка чейин келип кете турган жалпы адамзатка эң акыркы Элчи, эң акыркы пайгамбар болуп келип, өз озуйпасын татыктуу орундатып кайтты.
Менин китептеримде да айтылгандай Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Кудай Тааламдын ажайып чебердигини натыйжасы. Куранда «Албетте сен изги ахлактын сересиндесиң!» деп аны мактаган. Жалгыз Алла татыктуу бир адамды адам атпайга үлгү катары жараттып койду. Башта айтылгандай Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) Кудай Тааланын ажайып чебердигинин натыйжасы деген маанинин сыры мына ушул жерде жатат.
Ал адам баласынын турмушундагы эң төмөн катмардан тарта эң үлкөн катмарына үлгү. Кедей-кембагалга да, бардар-ооматтууга да үлгү. Кесип өңүтүнөн бардык кесипчиликке үлгү. Оорууга да, дени сак адам үчүн да үлгү. Кыскасын айтканда ал бүтүндөй адамзатка Алла Таала тарабынан жиберилген өзгөчө ырайым. Кудайымдын Ыйык Куранда «Биз сени бүт ааламга ырайым кылып жибердик» деген аяты жогорудагы айтылгандардын кашкайган далили.
Андыктан бизди ушундай Улуу Пайгамбарга үммөт кылып жараткан Алла Таалага шүгүр кылышыбыз керек.
Мен китептеримде кутман Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) нары терең, нары мазмундуу, нары сүйкүмдүү өмүр жолун жазууга аракет кылып келем. Менин максатым кутман Пайгамбардын чакырыгынын жана анын руханий тарабын жетик түшүнүү, түшүнгөнүмдү жалпы мусулмандарга жеткирүү болуп саналат.
Мен экинчиден башта айтып өткөндөй Кураны-Каримдин ички маани-маңызын изилдедим. Анткени ал Жараткан Алланын чакырыгы. Бул чакырык ошол орошон пайгамбардын дооруна гана таандык эмес. Кыяматка чейин келип кете турган адамзатка багышталган чакырык. Ар бир пайгамбар ар башка коомдорго жөнөтүлгөн. Ал коомдор өз пайгамбарларынан өзгөчө бир ажайып керемет көрсөтүүнү талап кылышкан. Пайгамбарлардын дээрлик көпчүлүгү өз доорунун шарт-талабына жараша ажайып керемет ишти жасайт. Эч бир адамдын колунан ал керемет иш-мужиза деп аталат. Ажайып музизаны көрүп таң калгандар «Сен чыныгы пайгамбар экенсиң» деп ал элчинин пайгамбарлыгын тастыкташкан.
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) эң акыркы пайгамбар катары жиберилгендиктен аны мужизасы кыяматка чейин уланып, өкүм сүрүшү керек.
Ошондон берки кылым кыйырындагы кайсыл гана инсан болбосун Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) мужизасын көргүсү келсе, ал аны эч тоскоолсуз көрө алат. Баарыбызга белгилүү болгондой анын мужизасы-Ыйык Куран. Эми бул жерде Ыйык Курандын эмнеси мужиза деген суроо туулбай койбойт. Ыйык Курандын көркөм адабий өңүтүнүн өзү эле кашкайган мужиза.
Ошол доорлордо араптарда көркөм адабият, көркөм сөз жана акындык талант өзүнүн туу чокусуна жеткен эле. Адабий маанайдагы мелдештер байма бай өткөрүлүп турчу. Калыстар тобу тарабынан биринчиликке көрсөтүлгөн ыр Каабанын дубалына илинип коюлчу экен.
Куран түшө баштагандан тарта анын алдында бул мелдештер дегеле көркөм сөз өнөрү түккө турбай калат. Жадагалса мелдеште биринчиликти багынтып жөргөн Уммул Кайстын ырлары өзүнүн кызынын өтүнүчү менен алынып салынат. Ал: Ыйык Куран келди. Анын алдында атамдын ырлары эч кандай баага арзыбай калат экен. Андан көрө аларды Каабанын дубалынан алып салгыла –деген.
Жараткан Алла Курандын чыныгы мужиза экенин далилдөө үчүн «Бүтүн жин жана инсан ааламы жыйналгыла да Куранга тең келе турган китепти жараткыла» деп эрөөлгө чакырат. Бул чекти дагы да азайтып он сүрөгө түшүрөт. Жооп жок. Дагы да азайтып акыры «Күчүңөр жетсе, бир сүрө алып келгиле!» дейт. 1427-жылдан бери бир да жооп жок. Бекем ишенич менен айта алам. Кыяматка чейин эч бир жооп келбейт. Жыйынтыктап айтканда Курандын адабий өңүтү-диксиону Аллага таандык.
Экинчиси болсо-илим жаатындагы мужиза. Куран ар дайым алдыда келет. Илим анын ээрчийт. Астрофизика, эмбриология, ботаника жана башка көптөгөн жааттардын алгачкы булагы-Куран болуп эсептелет. Куран ар дайым жараян эткен жана боло турган иш-аракеттердин маңызындагы аялуу сырларды, даанышмандыкты жар салат. Кудай Таала бардык илимдердин ал тургай жаратылыштын эрежесин, мыйзамын өзгөргүс кылып жараткан. Куран болсо ошол илимдеги эреже, мыйзамдардагы түгөнгүс даанышмандыкты маалымдайт.
Маселен, Куран күн системасынан кеп салат. 16-кылымга чейин жер айланабы же күн жерди айланабы деген суроонун айланасында талаш-тартыш күч эле. Жадагалса «Жер шары күндү айланат» деген көз карашы үчүн окумуштуу Флорида Галилейди Инкивизация (христиандардын соту) соту соттойт.
Чексиз бийликти тутамдап турган христиан соту: «Сен биздин динибизге каршы келген көз карашты жар салдың!» деп Галилейди өлүм жазасына буйруйт. Галилей: «Макул. Мен сөзүмдү кайтарып алдым. Жер шары айланбайт» деп артка чегинет. Ал сот залынан чыгып баратып досторуна: «Силер менин жанакы сөзүмө маани бербегиле. Мен айланат, айланбайт десем да, жер өз огунда айлана берет» дейт. Галилей бул илимий пикирди Исламдын Аббасий доорунда жетилген аалым, окумуштуулардан алган. Маселен Муса аттуу бир тууган окумуштуулар болгон. Алар Синжар чөлүндө жердин бир даражадагы меридианын иликтеп көргөн соң жер шарынын экваторунун узундугу 39.000.000 километр деген тыянак чыгарган.
Куранда жана Ислам тарыхында мына ушуга окшогон мисалдар өтө эле көп. Кураны Карим физикалык, астрономиялык, эмбриологиялык, географиялык, химиялык ачылыштардын жана жараяндардын өзгөчө даанышмандык өңүтүн ачыкка чыгарат.
Маселен, Кыямат сүрөсүндө кыямат-кайымдан кийин адамзаттын кайрадан жаратылары, жадагалса бармак издеринен бери өзгөрүүсүз жаратылары тууралуу маалыматты 1427-жыл муда баяндаган. Ар бир адамдын бармак изинин ар башкача болорун окумуштуулар өткөн кылымда таап чыгышты.
Ымыркайдын эне курсагындагы өсүү этабы 18-кылымда гана араң белгилүү болду. Муну Куран 14-кылым мурун маалым эткен. Жараткан Алла Вакыа сүрөсүндө учу кыйырсыз жайларга (ант этем деген таризде) ант эткен. Тактап айтканда көк асмандын учу кыйырсыз кеңдигин, жылдыз менен жылдыздын ортолугундагы аралык өтө, өтө узак экенин билдирген. Мына ушуга окшогон ачылыштардын баары кийин, кийин ачылып жатат. Демек, Куран жана анын бүткүл маани-маңызы биринчи кезекте турат. Илим болсо, ар дайым аны тастыктаганы тастыктаган.
Тээ өтүмүштөгү элдердин тарыхынан баян этиши Курандын үчүнчү мужизасы болуп саналат. Тактап айтканда Адам Атанын жаратылышынан тарта Азирети Пайгамбарыбызга чейинки адамзаттын баскан жолун, Азирети Пайгамбардын пайгамбарлык мезгилин, андан кийин боло турган өтө маанилүү окуяларды маалымдайт. Ислам жаңыдан көз жарып, Куран түшө баштаган мезгилде Меккеде эле эмес, бүт дүйнөдө анчалык арбын, так-таасын маалыматтарды камтыган бир дагы китепкана, илимий же тарых изилдөө борбору жок эле. Бирок илим өнүккөн сайын казылып алынган же тарыхый табылгалар, калтырылган жазуулар аркылуу азыркы тарых илими Куранда баяндалган чыйырга изме из уланып келатат.
Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) уммий пайгамбар болгон. Окуганды да, жазганды да билген эмес. Мына ошондой окуганды да, жазганды да билбеген Пайгамбарды тарбиялаган Алла Таала ал аркылуу бүт ааламга Өзүнүн ырайымын, берекесин чачкан.
Курандын төртүнчү мужизасына келе турган болсок, бул ташрий-мужиза деп аталат. Чечмелеп айтканда-бейпилдикке бөлөнгөн, бейпилдиктин барк баасын таасын билген коомду жаратуу. Тарыхка кылчайып карай турган болсок, алмусактан берки эң бактылуу коомду Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) түптөгөнүн көрөбүз. Ал бактылуу коом «Асры Саадат-Бактылуулуктун Кылымында» жашап өтүшкөн. Бактылуулуктун кылымында ыдырагыс ынтымак, бир туугандык, адилеттик, адам укугун сыйлоо деген зобололуу маданият өкүм сүргөн. Ошондой эле ал доордо макулукка Жаратуучунун назары менен кароо деген гумандуулук, сый-урмат, жана боорукерлик кеңири кулач жайган. Алланын ыраазылыгына жетүүнү самап, улуу максаты үчүн жан үрөгөн чыныгы мусулмандар ошол доордо жашаган. Асыресе, Сүйүктүү Пайгамбардын асыл ахлагынан, изги жүрүм-турумунан үлгү алуу алардын максаты эле.
Жыйынтыктап айтканда менин китептеримдин өзөк мазмуну-Ыйык Курандын жана Ардактуу Пайгамбарыбыздын өрнөктүү өмүр жолун чөчмелөөдөн турат. Башта айтып өткөндөй Кураны Карим жалпы адамзат үчүн жакшылыктын, бейиштин жолун көрсөткөн бейпилдиктин китеби. А Пайгамбарыбыз болсо, жаамы адампенде үчүн жиберилген мээрим булагы.
А.Х. Албетте кабарыңыз бардыр, Ушу тапта ааламдашуу жараянынын ылдамдыгы арткандан артып, анын терс эпкини улуттук баалуулуктарга, ал тургай руханий баалуулуктарга залакасын тийгизип жатканы көпчүлүктү тынчсыздандырып келет. Мына ушул көйгөйлөрдү чечүүдө Мухаммад Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) үлгүлүүлүк жайын кандайча баалайсыз?
О.Т. Мен жана башта айтып өткөндөй Азирети Пайгамбарыбыздын (саллаллаху алейхи васаллам) өмүрү баштан аяк, кыяматка чейинки мезгил ыргагы үчүн зарыл өрнөк болуп эсептелет. Маселен, адилеттүү саясатты жүргүзүүдө ал жеткен ийгиликти ушу күнгө чейин эч ким багынта элек. Анын үй-бүлөлүк турмушу бүт адамзат үчүн жападан жалгыз үлгү.
Социалдык жашоосуна сереп сала турган болсок, улууга урмат, кичүүгө ызаат, жан-жаныбарлардын баарына көрсөтүлгөн боорукерликти көрөбүз.
Учурдун мындай оор шартында асыресе Ислам ааламы өз баалуулуктарын сактоо үчүн колдон келген аракетти көрүшү керек. Менимче ал баалуулуктарды кайрадан жандандыруу, өз турмушубузда колдонуп, кийинки муундардын көкүрөгүнө бекем ширетүү жанагы сиз айткан терс эпкинге аз да болсо бөгөт боло алат. Кооптуу саналган жараянга туруштук берала турган күч-кудурет бизде бар. Ал турмуштун бардык талабын камсыздаган–Улуу динибиз. Нечен кылымдан бери изги баалуулуктарды жараткан улуттук баалуулуктарыбыз бар.
Маселен, боорукер Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) тал-теректи кыюга дагы тыю салган. «Эгер кыяматтын болоруна ишенсең, тал-терек отургуз» деп насааттаган.
Жыйынтыктап айтканда Куранда айтылганы сыңары биз өз динибизге бек болуп, Азирети Пайгамбардын жолунан изме из басканда гана суроо мазмунундагы көйгөйлөрдөн арыла алабыз.
А.Х. Кыргыз калкы менен Түрк калкы тектеш калктар катары тээ байыртадан бери боордоштук мамиледе жашап келишет. Эки элдин боордоштугу тууралуу пикириңизди уксак.
О.Т. Кудайым буйруса, сиздер менен боордоштуктун жаңы тарыхы башталып жатат. Сиздердин ата-бабаларыңыздар нагыз кутман инсандар болушкан. Мына караңыз. Ушу Орто Азия аймагынан чыккан Имам Матуриди, Имам Бухари, Сиражиддин ал-Оший, Имам Тирмизи, Имам Касани, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари сыяктуу Ислам залкарлары бүт дүйнөнү илим менен жарытып, берекеге карк кылып кеткен. Алардын артыкчылыгынан бүт дүйнө пайдаланганы кашкайган чындык. Сиздер ал кутман инсандардн урпагы болгондуктан Алла Таалам сиздерге да ошондой улук артыкылыктарды, изги озуйпаларды ийгилиги менен багыштайт деп терең ишенем.
Тарых тастыктагандай сиздердин ата-бабаларыңыздар менен биздин ата-бабалардын теги бир. Тээ бир кездерде алар бир аймакта канатташ, бирдей үрп-адат, каада-салтты тутунуп жашашкан. Ал кездин шартына жараша биздин ата-бабалар Анадолуга жылып, сиздердин ата-бабаларыңыздан ата конушта калышкан. Географиялык шарттардан улам өң-түсүбүз, тилибиз гана бираз өзгөргөнү болбосо, башка өңүттөн эч кандай айырмабыз деле жок.
А.Х. Агай, маегибиз да соңуна келип жетти. Сөз аягында Кыргыз элинин руханий жактан ирдениши үчүн кандай багытты сунуш кылгыңыз келет. Балким каалоо-тилектериңиз бардыр.
О.Т. Кудай Таалам Кыргыз элине өзгөчө касиеттерди ыроологон. Кыргыз эли өтө меймандос, кичи пейил, жүрөгү таза эл экендиги жалпыга маалым. Кайсыл гана калк болбосун, Ислам динин жакындан үйрөнүп, ички маңызын жүзөгө ашырып, Азирети Пайгамбарыбызды (саллаллаху алейхи васаллам) жакындан таанып, анын рухий өңүтүн өздөштүрө алса, бейпилдикке бөлөнөт, жашоо шарты тездик менен жакшырып, ички келишпестиктер ынтымак менен жуулуп, жакшы жетишкендиктерге ээ болот.
Бир мисал бере кетейин. Узактан бир тоону көрдүк дейли. Мындай шартта анын сырткы турпатын гана көрө алабыз. Жакындаган сайын андагы табияттын кооздугун, сан түркүн гүлдөрдү, мөмөсү жерге ийилген бак-дарактарды, оргуп аккан тунук булактарды көрүп, чар тарапты шаңга бөлөгөн булбул, торгой үнүн угабыз. Бул көзөл көрүнүш киши рухуна рахат тартуулайт.
Ошонун сыңары Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад Мустафаны канчалык жакындан тааныган сайын эл ынтымагы жакшырып, сүйүү оожалат, кайрат жанданат. Мындай абалда адам сүйгөнүнө ар тараптан окшошууга аракет кылат. Натыйжада ийгилик көз жарат. Менин пикирмде Улуу динибизди жакшылап үйрөнүү, рухий баалуулуктарыбызды сүйө жашоо–бактылуулуктун жалгыз булагы.
А.Х. Убактыңызды бөлүп маек куруп бергениңиз үчүн терең ыраазылыгыбызды билдиребиз. Аман болуңуз. Эки дүйнөдө тең Жараткан Алланын жакшылыгы сизге жар болсун.