Он экинчи сан

Тообо
Мазмуну
Жапаров Мирзат
mirzat092084@mail.ru
«Эй момундар, Аллага чын ыкласыңар (менен) тообо кылгыла, балким Раббиңер силердин жамандык-күнөөлөрүңөрдү кечирип, астынан дарыя аккан бейиштерге киргизер...» (Тахрим, 8)
Тообо – арап тилинен алынган сөз. Мааниси кайтуу, аркага чегинүү, өкүнүү дегенди билдирет. Диний мааниси: жасаган ишинин күнөө экендигин билген соң жүрөктүн түпкүрүнөн сызылып чыккан бушаймандыкка буулугуп, Жараткан Аллага ал ишти кайра жасоодон баш тартуу жаатында убада берип, Андан кечирим тилөө. Момун мусулман тобону чын жүрөктөн, чын ыклас менен кылуусу керек. Куранда Алла таала; «Эй момундар, Аллага чын ыкласыңар (менен) тобо кылгыла...» (Тахрим, 8) деп ыйман келтиргендерге кайрылат. Же болбосо кылган күнөө ишибизге тобо келтирип, эртеси кайра ошол ишти кылсак, бул чыныгы тобо деп эсептелбейт. Аалымдардын айтуусу боюнча, пенде кылган ар бир күнөөсү үчүн тобо кылуусу керек. Тобо кылуунун үч шарты бар:
- Кылынган ишке өкүнүү, бушайман болуу;
- Экинчи кылбайм деп Алла таалага убада берүү;
- Ошол ишти кайра эч качан кылбоо.
Эгер бул үч шарттын бири аткарылбаса, тобо кабыл болбойт.
Эгер бирөөнүн акысын жеген болсо, анда тобо кылуу төрт шарт аркылуу аткарылат. Алардын үчөө жогоруда айтылган шарттар. Төртүнчүсү, ошол акыны кайтарып берүү. Эгер акы мал-мүлк ж.б.у.с. нерселер болсо, аны ээсине кайтарып берет. Эгер жалаа жабуу сыяктуу жазаландыруу керек болгон иш болсо, анда жазасын алат же жалаа жабылган адамдан кечирим сурайт.
Арийне, күнөөсүз адам баласы жок. Бардык адамдар ката кетирет, жаңылышат. Мындай иштен арылуу үчүн Алла таала тобо эшиктерин кыямат күнүнө чейин ачып койгон. Бул тууралуу Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде: «Кимде-ким күн батыштан чыга электен мурда (Кыямат күнүнө чейин) тобо кылса, Алла анын тобосун кабыл кылат» (Муслим, Зикир,43) деп айткан. Күндүн батыштан чыгышы - бул кыяматтын башталыш белгиси. Ушул күнгө чейин тобо эшиктери ачык болот. Бул күнү, башкача айтканда, күн батыштан чыккан күндөн тарта кылынган тообо кабылданбай калат.
Биздин бу дүйнөгө келишибиздин максаты - аркы дүйнөгө даярдануу. Окуучу бир сыныптан экинчи сыныпка көчүү үчүн сынакка даярданган сыяктуу биз да бу дүйнөдө бейиш жолуна даярданабыз. Бул дүйнө - сынак жайы. Моюнубузга күнөөнү үйүп Алланын алдына баруунун Жараткан Өзү бетин ары кылсын. Же болбосо кийин тобо кылам деп жүрүп өлүм менен бетме-бет келип калганда гана: «Оо, Жараткан! мен тобо кылдым» деп айтуу эшектин суудан өтүп кеткен убагы. Бул тууралуу Кураны каримде Алла таала: «Күнөө иштер кылып жүрүп, качан бирөөсүнө өлүм келгенде «эми тобо кылдым» дей тургандардын да жана каапыр бойдон өлгөн адамдардын да тоболору кабыл болбойт» (Ниса, 18). Азирети Пайгамбарыбыз куттуу хадистеринин биринде мындай буйурат: «Инсандын (жаны көзүнө көрүнүп) кыйнала электен мурун Аллага тобо кылса, Алла анын тобосун кабыл кылат» (Тирмизи, Даават, 98).
Алла таала кечиримдүү Зат. Күнөөгө белчеден баткан адам да чын ыкласы менен тобо кылып, кылган күнөөсүнө өкүнүп, кайра ошол күнөөлөрүн кайталабаса, Алла анын күнөөсүн кечирет. Жада калса, пенденин кылган жаман иштерин жакшы иш – амалга айландырып койот. Анткени Куранда Алла таала: «Бирок ким тобо кылса жана ыйман келтирип жакшы иштерди кылса, Алла дал ошолордун жамандык-күнөөлөрүн жакшылык-соопторго айландырып койот. Алла Кечиримдүү, Мээримдүү Зат» (Фуркан, 70) деп жар салат. Күнөөгө баткан адамдын Алла мени кечирбейт, менин барар жерим тозок деп Алла тааладан үмүт үзүүсү акмакчылыкка жатат. Алладан эч качан үмүт үзүлбөшү керек. Алла ыйык кипебинде: «(Эй Мухаммед) Менин (түрдүү күнөө-бузукулук кылуу менен) өз жандарына кылмыш-зулумдук кылган пенделериме айткын: «Алланын ырайым-мээриминен үмүтсүз болбогула! Албетте, Алла (Өзү каалаган пенделеринин) бардык күнөөлөрүн кечирет. Албетте, Анын Өзү гана Кечиримдүү, Мээримдүү» (Зумар, 53) деп билдирет. Мына бул аятка амал кылалы.
Тобо кылууга умтулалы. Пайгамбарыбыз күнүнө 70тен ашык, 100 жолу тобо кылчу экен. Бир хадисинде; «Аллага ант болсун! Мен күнүнө жетмиштен ашык Алладан мени кечирүүсүн тилеп, тобо кылам» (Бухари, Даават, 3) деп айткан. Аз. Мухаммед (с.а.в.) пайгамбар болуп туруп күнүнө 70тен ашык тобо кылса, анда биз күнүнө канча жолу тобо кылышыбыз керек? деген суроо туулат. Келгиле өзүбүздү карап көрөлүчү, эч болбоду дегенде күнүнө бир жолу тобо кылдыкпы? Пайгамбарыбыз (с.а.в.) башка хадисинде: «Эй адамдар! Аллага тобо кылып Андан кечирим сурагыла. Мен да Ага күнүнө жүз жолу тобо кылам.» (Муслим, Зикир, 42) деп бизге кайрылууда. Абдулла бин Умар аз. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир жерде жүз жолу:
«Раббигфир лии ва туб алаййа, иннака антат-тавваабур-рохиим» (Эй Раббим! Мени кечир. Тобомду кабыл кыл. Шек күмөнсүз Сен тоболорду кабыл кылган мээридүү Затсың) – деп айтканын бизге риваят кылат.
Алла таала бизге тобо кылуубузду төмөндөгү аяттарда буйрук кылган: «...Бардыгыңар Аллага тобо кылгыла, эй момундар! Балким (ошондо) кутуларсыңар» (Нур, 31).
«(Алла силерге мындай буйрук кылат): Раббиңерден кечирим сурагыла, кийин Анын Өзүнө тобо кылгыла, ошондо (Ал) силерди белгилүү мөөнөткө чейин (ажалыңар жеткенге чейин) жакшы пайда (ырыскы) менен маарытат жана ар бир жакшылык ээсине жакшылык (ажр-сыйлык) берет» (Худ, 3).
«Эй момундар, Аллага чын ыкласыңар (менен) тообо кылгыла!...» (Тахрим, 8).
Жогорудагы Нух сүрөсүнүн 31-аяты бардык момун мусулмандардын тобо кылуусун буйрук кылат. Күнөөлөрдөн кутулуунун бир гана жолу тобо экендигин билдирет. Тобосу кабыл болгон адамдын кутулууга жеткендигин кабар берет. Мына, Аллага жагымдуу коом болуунун бирден бир шарты, бардык адамдардын чын ыкласы менен тобо кылып, рухун күнөөлөрдөн тазалашы жана Алланын буйруктарына моюн сунуу.
Тахрим сүрөсүнүн 8-аяты момундар үчүн өтө маанилүү. Бул аят жөн гана тобо кылууну эмес, чын жүрөктөн жана ыклас менен тобо кылууну буйурат. Тобо кылып жатканда бүткүл денеси сыздап, чын көңүлү менен «Аллам, менин бул кылган күнөө иштеримди кечиргин. Кайра бул иштерди эч кылбайм!» деп сөз берүүсү, муну айтып жатканда ички дүйнөсү кылган иштеринин жат экендигин сезип, аябай кайгы-капага батышы керек.
Адам баласын кутулууга жеткире турган жол - мына бул чыныгы ыкласы менен кылынган тобо (насух тобосу). Тобо кылуунун белгилүү убакыты жок. Каалаган убакта, кайсы жерде болсо болсун, адам баласы тобо кыла алат. Бирок биз качан өлөрүбүздү билбейбиз, ошондуктан алгач бу дүйнөдө кыла турган ишибиз тобо. Тобону кылганда да, жогоруда айтып өткөндөй, чын ыкласыбыз менен кылып, кайра ошол жат көрүнгөн ишибизге кол узатпайлы. Кетирген күнөөлөрүбүзгө маани бербей, башыбызды баткак ылайга малып жүрбөйлү. Момун баласы алды-аркасын карап, байкап жашаган адам. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хадисинде: «Момун кыялданып күнөөсүн ушунчалык чоңойтот дейсиң, өзү тоонун түбүндө отурат, тоо үстүнө кулап кете турган сыяктуу элестетет. Күнөөгө малынган адам болсо, баардык күнөөлөрүн мурдунун үстүнө конуп турган чымын сыяктуу көрөт» (Бухари, Даават, 4). Мына бул хадисте момун мусулман адам күнөөсүн тоо сыяктуу элестетип коркууда. Ал эми күнөөкөр адам болсо андан да чоң күнөөсүн чымын сыяктуу көрүүдө. Биз ушул адамдан болуп жүрө бербейли.
Тобо кылган адамдарга Алла таала азап жазасын көргөзбөйт. Бул тууралуу Алла таала ыйык китебинде; «(Эй Мухаммед) сен алардын арасында болгон кезиңде Алла аларды эч качан азаптабайт жана алар кечирим сурап турушканда да Алла аларды азаптоочу эмес!» (Анфал, 33) деп айтат.