Он экинчи сан

Арам ичимдик
Мазмуну
Коңурбаев Бакытбек
bakyttegin@mail.ru
Мындан бир аз илгерирээк жыл бөтөлкөсүн койнуна катып, дүкөндөрдү, комокторду, эскирген дубалдарды, ээн жайларга жашынып ичип, өзү менен өзү болгон араккеч эркектерди көрүп жийиркене, коркуп, корунуп айланып өтчү элек. Бүгүнчү? Бүгүнкүгө караганда кечээги абийири менен экен. Кечээгиге салыштырмалуу бүгүн ошол араккеч эркектердин эрөөн-төрөөнү болбой, эркектер менен стакан талашып, теңата чыккан аялдар араккечке айланды. Комокто, дүкөндө, базарда, көчөдө арак саткан аял. Баласын албаган эчкидей кудай берген балдарын кароосуз калтырып, кан базарда тиленип бир сом тапса нан эмес, арак алып ичкен "аруузат" деген аял...
Албетте, "бир уйдун мүйүзүнө урсаң миң уйдун мүйүзү зыркырайт" деген. Бирок, бүгүнкү кырдаал ошондой зыркырата турган акыбалга келип калганын эч ким танбаса керек.
Ислам дини адамды мас кылып, акылын адаштырган баардык ичимдиктерди арам кылган. Буларды ичүү чоң күнөө болуп саналат. Коомдук жашообузга башаламан жаратып жаткан арам ичимдиктердин бизге эң белгилүүсү «арак». Куранда арак жөнүндө мындай делет: «Эй, ыйман келтиргендер! Арак, кумар, (сыйынуу үчүн) тургузулган таштар, төлгө ачуу, булардын баары шайтандын иши. Булар ыплас нерселер. Булардан алыс болгондо гана кутуласыңар. Шайтан силердин араңарга душмандык киргизүү, өз ара өчөштүрүү үчүн арак менен кумарды колдонот. Демек, булардан баш тартуу керек». (Маида, 5/90-91.)
Аракты бардык чоң күнөөлөрдүн энеси десе болот. Көптөгөн туура эмес иштер ушул арак аркылуу болот. Аны кээ бирөөлөр араксыз иш бүтөбү деп койушат. Канчалаган адамдар ушул арактын кесепетинен үй-бүлөсүнөн ажырап, түрмөлөргө отуруп, киши өлтүрүп бактысына балта чаап алды. «Арамдан арам туулат» деп ата-бабалар төгүн жерден айтпаса керек. Бирок адам баласы ошондо да моюн сунбай, шайтанды ээрчип, түз жолдон качып кыйгач басат. Эмнеге? Аны туугандар сиздер жакшылап ойлонуп көргүлө.
Арактын жашоодогу зыяндары:
- Арак ичкен адам акылын жоготуп, жиндилик абалга түшөт. Адамдар арасында баркы тепселип, шылдың болот. «Алкаш» деген атка конот. Адамдын уят сезимин жоготот. Пайгамбарыбыз хадисинде мындай дейт: «Арак ичкен адамдан уят качат. Жолдошу шайтан болуп, жакшылыктан адаштырып жаман иштерге жумшайт».
- Арак адамдын акылына да, капчыгына да зыяндуу. Арак адамдын чогулткан дүнүйөсүн пайдасыз жерлерге чачуусуна жана зээнинин алсыздоосуна себеп болот. Пайгамбарыбыз: «Арак мал-мүлктү орунсуз чачат, акылды тайдырат» деген.
- Арак туугандар, достор жана катыштар арасында душмандык туудурат. Бул боюнча Куранда мындай айтылат: «Шайтан силердин араңарга душмандык киргизүү, өз ара өчөштүрүү үчүн арак менен кумарды колдонот» (Маида, 5/91).
- Арак адамды Алла Тааланы эстөөгө, ибадат кылууга тоскоолдук кылат. «Арак Алланы эскерүүдөн жана намаздан тосууну каалайт» (Маида, 5/91).
- Арак адамдын жыныстык ач көздүгүн күчөтүп, зинага азгырат. Хадисте: «Арак зинадан жаман» деп айтылат. Айрыкча мас абалындагы адам жубайына талакты пайда кылуучу жаман сөздөрдү айтып ажырашуусуна себеп болот.
- Арак бардык жамандыктын башаты. Мас абалында жаман иштерди жасоо оңой болуп калат. Анткени, арак ичкенден кийин адам акылын жоготуп, арам менен адалды ылгабай калат. Пайгамбарыбыз хадисте мындай дейт: «Арактан сактангыла! Анткени, дарак бутактаган сыяктуу арактан да жамандык бутактары чыгып турат».
- Арак ичкен адам дайыма аракканаларда жүрүп, денеси жана дили кирдегендиктен жакшы менен жаманды жазган ийиндеги эки периште жанына жакын жолобойт. Хадисте мындай айтылат: «Мас адамга периште жакындабайт».
- Арак ичкен адамдын дубасы, батасы, тилеген тилектери кабыл болбойт. Мындай дөөлөттөн кур калбаш үчүн адам баласы арак коюлган дастарконго да отурбашы керек. Көпчүлүк той-топурларда аракты колго алып, канчалаган сонун тилектер жана каалоолор айтылат. Бирок ошолорду Алла кабыл кылабы? Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Аллага жана кыямат күнүнө ишенген адам аракты оозуна албасын жана арак коюлган дастарконго отурбасын!»
- Арак ичкен адам ар дайым коркуу менен жашайт. Өлүм маалы келгенде ыймансыз өтүп кетиши ыктымал. Анткени өлүмдүн качан келери белгисиз. Пайгамбарыбыз мындай дейт: «Арак менен ыйман жанаша жүрбөйт».
Булар бир гана бул жалган дүйнөдөгү зыяндары. Арак ичкен адамды акыр кыяматта да сан жеткис жамандыктар күтүп турат. Жалган дүйнөдөгү жамандыктан миң эсе коркунучтуу. Акыл-эси жайында болгон мусулман адам жалган дүйнөнүн бир тутам кумарын акыреттин түбөлүктүү кумарына алмаштырбайт.
Медициналык зыяндары
Арактын организмге болгон зыяндарын санап отурсак абдан коп экен. Ошентсе да, алардын бир канчасын айта кетели.
- Арак мээ клеткаларына доо кетирип, адамдын эске тутуусун начарлатат.
- Арак нерв жана сиңирүү системасын бузат. Кан тамырлардын ийкемдүүлүгүн жоготот.
- Арак организмдеги микробдорго каршы турган иммунитеттерди начарлатат. Ошондуктан арак ичкен адам ар кандай сыркоолорго туруштук бере албай, ооруларга тез-тез чалдыгат.
- Арак организмге киргенде ичеги аркылуу кан тамырларга, кан менен денедеги маанилүү органдарга кирет. Арактагы уулу заттар бөйрөккө чогулуп, жүрөктүн иштешин начарлатат.
- Арак ашказандын кычкылдануусун күчөтүп, ашказанга жара чыгуусуна себеп болот.
- Арак ичкен ата-энелерден тубаса майып наристелер төрөлүшү мүмкүн.
Алкоголдук ичимдиктердин кайсы түрү болбосун баары зыяндуу. Анткени, бардык алкоголдук ичимдиктердин курамында организмге зыяндуу «этил спирти» аттуу химиялык зат бар.
Алкоголдук ичимдиктердин курамында минерал, витамин, протеин, белок жана майлар сыяктуу организмге пайдалуу эч нерсе жок. Ошондуктан алкоголдук ичимдиктер организмге пайдасыз жана эч кандай дарылык касиети жок. Хадисте мындай айтылат: «Шек-күмөнсүз, ичкиликтин эч кандай дарылык касиети жок, тескерисинче, дарт берүүчү».
Арам ичимдиктердин бир ууртамы да, бир чаначы да арам. Пайгамбарыбыз хадисинде мындай дейт: «Бир нерсе көп ичилгенде адамды мас кылса, анда анын бир ууртамы да арам».
Арам ичимдиктерди ичүү - чоң күнөө. Бирок Алла Тааланын кечирими, ыраакымы жана мээрими чексиз. Кимде-ким кылган күнөөсүн мойнуна алып, экинчи кайталабоо үчүн сөз берип Алладан кечирим сураса, Жараткан Алла кечирет. Адампенде Аллага бир кадам шилтесе, Алла Таала аны чуркап тосуп алат. Арак ичип (мас абалында) каза болгондордун акыр-кыяматтагы акыбети кандай болорун бир Алла билет. Бирок ошого карабастан ыймансыз жана тообосуз бул дүйнө менен кош айтышуу дене дүркүрөткөн нерсе.
Арак – арам ичимдик, Алла Таала мындай нерселерди жактырбайт, күнөө деп эсептейт. Колуңардан келсе, ичпегиле, биздикиби, четтикиби, пивобу, винобу, вискиби айрымасы жок.
Төмөндөгү икая кандай гана ибараттуу:
Бир жолоочу бийик-бийик бел ашып, узак татаал жол басып келе жатып чоң жолдун боюнда турган бир зор кара ташка чийилген «О, адамдар! Таш жебегиле!» -деген жазууну окуйт.
-Ушунчалык да маанисиз сөз болобу? –деп оозун жыйгыча, алдынан ак сакалы алты кулач, ак чачы жети кулач, өзүнүн бою тогуз кулач карыя чыгат.
-Ээ, балам, адам баласы аш казанына да, денесинен да рухуна пайдасыз көп нерселерди жейт, ичет. Мисалы, өпкөсүн куруткан тамеки, денесин куруткан ичкилик, жан дүйнөсүн куруткан баңгилик. Мына ушунун баарынын адамга бир тыйынча пайдасы жок. Бирок тамеки тартылып, ичкилик ичилип, баңгизат сайылып адам тукуму куруп барат. Ошон үчүн адамдарга эскертүү катары «Таш жебегиле!» деп жазып койдум деген экен акылман.