Он экинчи сан

Исламда түш жоруу
Мазмуну
Док. доц. Хидайет Айдар
Түш көрүү – тээ адамзат жаралгандан бери болуп келе жаткан нерсе. Түш көрүү адам баласынын ичээр суусу бүткүчө улана бермекчи.
Атам замандан баштап эле адамдар түркүн-түстүү түштөрдү көрүп, аларды ар түрдүчө жорушкан. Атүгүл көргөн түштөрү аркылуу жүрүм-турумун өзгөртүп, түштөгү белги же аяндардан таасирленип, жашоосун ошол багытка салгандар да болгон.
«Түш көрүү» дегенде, ошол замат оюбузга аны жоруу келет. Түш көргөн адам түшүн ар кандай жолдор менен жоруйт. Бирок алардын бардыгы эле туура боло бербейт. Түштү так жана даана жоруган өзгөчө адамдар бар. Булар түштөрдү ошол коомдун үрп-адаттарына, диндерине жана жашоо тариздерине жараша жорушат.
Ислам дининде да түш жоруу иши өздөштүрүлгөн. Исламда түштөр «жакшы жана жаман түштөр» деп экиге бөлүнөт. Асыресе, күнүмдүк маанисиз түштөр да бар. Булар Куранда «адгас жана аглам» деп айтылат.
Куранда айрым пайгамбарлардын түштөрү айтылат. Маселен, Аз. Ибрахим түшүндө уулу Исмаилди Алла үчүн курмандыкка чалганын көргөн. Аз. Ибрахим бул түштү бир канча жолу көргөндөн кийин уулу Исмаилди курмандыкка чалууга бел байлайт. Бирок Алла Таала мунун сыноо экендигин жана сыноодон таза өткөндүгүн билдирип, көктөн кочкор түшүрүп, уулунун ордуна курмандыкка чалуусун буйрук кылат (Саффат, 101-110). Аз. Ибрахим көргөн түшүнөн таасирленип, аны жүзөгө ашырууга бел байлаган. Ал түшүн жорубастан дал ошондой кылып аткарган.
Түш жоруу боюнча эң көрүнүктүү пайгамбар Аз. Жусуп болуп саналат. Анын көргөн түштөрү жана түш жоруулары Куранда да айтылат. Курандагы 111 аяттан турган Юсуф сүрөсүндө Жусуп пайгамбар жана анын аяндары тууралуу баяндалат. Бул сүрөдө Аз. Жусуп бала кезинде түшүндө Күн, Ай жана он бир жылдыздын өзүнө сажда кылып жатканын көрөт. Бул түштү көрөөрү менен атасына барып, көргөнүн толугу менен баяндайт. Атасы Жакып баласынын түшүн жоруп, аягында мындай дейт: «Түшүңдү агаларыңа айта көрбө! Алар туура эмес жоруп, кызганып сага душмандык кылышы мүмкүн».
Мурун эле «атабыз Жусупту бизден да жакшы көрөт» деп кызганып жүрүшкөн агалары Жусуптун түшүн билип калышат. Чогулуп кеңеш курушуп, Жусуптун көзүн тазалоону чечишет. Атасына барышып: «Жусуп үйдө отура берип тажады го, андан көрө биз менен кой жайганы чыгып келсин. Көңүлү ачылып сергип калат» дешет. Ошентип Жусупту талаадагы кудукка таштап салышат. Бирок Алла Таала Жусупту бардык жамандыктардан коргойт. Кербен аркылуу Мисирге кул болуп барып, увазирлик даражага жетет. Сүрөнүн аягында атасын, энесин жана он бир тууганын Мисирге чакырганы айтылат. Жусуптун алдына келгенде бардыгы тең жүгүнүшөт. Ошондо Аз. Жусуп бала кезинде көргөн түшүн айтып: «мына бул көргөн түшүмдүн аяны» дейт.
Мына ошентип Куранда түштөрдүн жорулгандыгын байкайбыз. Аз. Жусуп бир гана жогорудагы түшүн жоруган эмес. Андан тышкары көптөгөн түштөрдү жоруган. Мисалы, өзү менен чогуу зынданда жаткан эки кишинин түшүн туура жоруган. Булардын бирөөсү түшүндө шарап үчүн жүзүм сыкканын көргөн. Экинчиси төбөсүнө нан көтөрүп баратканда чымчыктар чокуп жегенин айткан. Аз. Жусуп жүзүм сыккан кишиге хан сарайда кызматчы болорун, төбөсүнө нан көтөргөн адамдын түшүн дарга асыласын деп жоруган. Кийинчирээк эки кишинин тагдыры Аз. Жусуп айткандай болгон. Ошондой эле Аз. Жусуп Мисир падышасынын да түшүн жоруган. Падыша түшүндө жети арык уй жети семиз уйду жеп салганын жана жети быша элек машак менен жети бышкан машак көргөнүн жар салат. Эч ким жоруй албай, муну Аз. Жусуп биринчи жети жыл мол түшүмдүү, экинчи жетинчи жыл кургакчылык жылы болот деп жооруйт. Айткандай эле ошондой болот. Буга ыраазы болгон падыша Аз. Жусупту увазир кылат. Таагыраак айтканда, Алланын жардамы менен түш жоруп, зындандан увазирлик дөөлөткө жетет.
Сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам) да түшүндө Мекке шаарына тынчтык жолу менен киргенин көрөт. Алла Таала Куранда бул түш боюнча мындай дейт: «Алла чындыгында пайгамбарынын көргөн түшүн ишке ашырды: «Эгер Алла кааласа, анда тынчтыкта башыңардын чачын алган жана кыскарткан абалыңарда, эч коркпостон Ыйык Мечитке сөзсүз киресиңер...» (Фатх сүрөсү, 48/27). Аз. Пайгамбарыбыздын көргөн түшү чындыкка айланып, Куранда айтылгандай, кыска убакыттын ичинде эч кандай тоскоолдуксуз Каабага барып таваф кылышкан.
Ардактуу пайгамбарыбыз түшкө жана түш жорууга да көңүл бөлгөн. Өзү да жашоосунда көптөгөн маанилүү түштөрдү көрүп, аларды сахабаларына жоруп берген. Хадистерде айтылгандай, Сүйүктүү пайгамбарыбыз багымдат намазынан кийин сахабаларын тегерегине топтоп: «Кана, бүгүн ким кандай түш көрдү? Айткыла, жоруйлу» дечү экен. Сахабалар көргөн түштөрүн айтып, пайгамбарыбыз аларды жоручу экен.
Ошондой эле Пайгамбарыбыз жаман түштөрдү башка адамдарга айтпоо керектигин баса белгилеген. Анткени уккан адам туура эмес жоруп койсо, түштүн ээсине психикалык жактан терс таасирин тийгизиши мүмкүн деген. Ким жаман түш көрсө, сол тарабына үч түкүрүп, түштүн жамандыктарынан Алладан жардам суроосун буйруган. (Бухари, Китаб ат-Табир 3-4). Мына ошондуктан мусулмандар арасында «жаман түштү жорутпа» деген сөз калган. Кыргыз үрп-адатында да жаман түштү сууга айтып, суу менен кошо агызып жиберүү адаты бар (M. Erdem, Kırgız Türkleri, 155). Эгер түш жакшы болсо, аны жорутуу жакшы нерсе. Анткени жакшы түш адамга шык берип, үмүт отун тутандырат. Пайгамбарыбыз көргөн жана жоруган түштөр да ушундай жакшы түштөр болчу.
Жалпысынан адамдар түштөрүндө көптөгөн кызыктуу нерселерди көрүшөт. Алардын ичинен мусулмандар түшүндө Пайгамбарыбызды көрүүнү самашат. Кандайдыр бир адам түшүндө Азирети Пайгамбарды көрүүсү мүмкүн. Пайгамбарыбызды түшүндө көргөн, өңүндө көргөнгө тете. Бул боюнча бир хадисинде: «Кимде-ким мени түшүндө көрсө, анык көргөн болот. Анткени шайтан менин кейпиме кире албайт» (Бухари, Китаб ат-Табир, 10) деген.
Түштүн «истихара» деген тарабы бар. Истихаранын Исламда өтө маанилүү орду бар. Кимдир бирөө кандайдыр бир маанилүү ишке кадам шилтөөдө эки анжы ойго кириптер болсо, анда ал туура чечим чыгаруу үчүн истихарага бел байлайт. Ал төмөндөгүдөй аткарылат: куптан намазынан кийин даарат алып, истихара намазын окуп, дуба кылып, оң капталы менен жатып уйкуга кетет. Түшүндө ак же жашыл түстөгү нерселерди көрсө, жакшылыкка жоруп ойлогон ишин баштайт. А эгер кара же кызыл түстөгү нерселерди көрсө, жамандыкка жоруп, ал ишти аткаруудан баш тартат.
Истихара бардык нерселерге эле колдонула бербейт. Аткарыла турган иш маанилүү болуп жана анын акыбети белгисиз болгон маалда гана истихара жолуна өтсө болот. Ошондой эле түш жолу менен кандайдыр бир диний өкүмдү алуу же кошуу мүмкүн эмес. Кимдир бирөөнүн көргөн түшү ошол кишиге гана тиешелүү. Пайдасы да, зыяны да эч кимге тийбейт.
Көпчүлүк адамдар түштөрүн туш келди адамдарга жорутуп, пикирлери бузулушу мүмкүн. Ошондуктан түштөрдү ар кимге айта берүү туура эмес. Түштү жоруган адам такыба, ишенимдүү, ибадаттарын кемчиликсиз аткарган, түш илимин билген аалым болуусу абзел. Мындай адамга түштү жорутканда, анын толугу менен чындык эмес, болжол экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Ал эми акча алып түш жоруу таптакыр туура эмес иш.