Он биринчи сан

Мазмуну
Урматтуу окурмандар!
Ак Башаттын эл-журт жүрөгүнөн түнөк тапканы журнал жамаатына дем, күч-кайрат берет. Ак Башатка кызыккандардын санынын артканы жана түрдүү талаптардын келгени ар бир окурмандын өзүнө тийиштүү үлүш алып жатканынын жышааны. Мына ушунун натыйжасында Ак Башат салттуу таалим-тарбия уясы болуу деңгээлин багынтты деп айтсак аша чаппаган болобуз.
Адамзаада үй-бүлөдөн калыптанган жорук-жосунун мектепте, окуу жайда болсун, коомчулук ичинде болсун уланта берет. «Уядан эмнени көрсөң ошону аласың» деген накыл мунун кашкайган мисалы. Коом өз өкүлүнө салттуу динин, жашалып келген маданиятты, социалдык жана рухий баалуулуктарды кантип үйрөтөт, бул үчүн зарыл деп эсептелген каражаттар жетиштүү деңгээлдеби? Тактап айтканда адам үчүн зарыл рухий таалим-тарбия кандай пайдубалдын үстүнө түптөлүп, кантип уланып келатат? Келечектеги бакубат коом үчүн ушул өңдүү бардык суроолор өз убагыда жооптолушу керек.
Ак Башат журналы бул санда коомубуздун данеги, келечек ээлери-жаштардын көйгөйлөрүн көтөрүп чыкты. Дин таалими, дин таануу, ыйман жана жаштык деген маанидеги темаларды иликтеген макалалар менен жаш муундун кишилик бейнеси, адамдык деңгээли жана сапаты кандай даражада болушуна жана өмүрдү жемиштүү өткөрүү үчүн келечекке кандай кадам ташталса жакшы болоруна басым жасалды. Жаштарыбыз күнөөкөрлүк жайылып, ытымак-ырашкерлик кетип, ниеттер карарган ушул урамал доордо кандай турумда болуу керектигин билишеби, Туура Жолдо кылтыңдабай баса алышабы, өздөрүнүн адамдык, мусулмандык баасын билип, улуу касиетти аңдашабы, сырттан караганга өркөнү өсүп бараткан заманда жаш муун кантип диндар болуп, кантип өз улутунун ар-намысын сактап, өз нарк-насилин кантип сиңире алат? Бул суроолордун түйүнүн бир эле биздин коом эмес жалпы мусулман коомчулугу чечиши керек.
Ислам дининин эрежеси боюнча мал-мүлкү жетиштүү, бардар адамдар ажылык ибадатты аткара алышат. Ар кандай машакаттарга карабастан бул ибадатты орундатуу ар бир мусулмандын кыялы. Азирети Пайгамбарыбыздын баскан жерди басуу, ал дем алган абадан дем алуунун өзү эле чоң бакыт.
Алдыбыздагы айда мусулмандыктын негиздеринен саналган ажылык ибадаты келе жатканына байланышту, асыресе курмандык чалуу жана ажылыктын рухий өңүтүнөн кеп салдык.
Урматтуу окурмандар!
Ак Башатты абоненттик жол менен калтырбай алып туруу кадыресе уланып жатат. Кыргызстандын төр тарабындагы Кыргыз Почтасынын бардык түйүндөрүнөн абонент болуу мүмкүнчүлү бар.
Келерки санда жүз көрүшкөнчө саламатта болуңуздар. Ажылык сапарга аттанган мусулман туугандарыбыздан куттуу жайларга барганда жалпы журт үчүн дуба кылышын өтүнөбүз. Баарыңыздарды Алла Тааламдын мээрими жана саламаттыгы өз кучагына алсын...