Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

КИЧИ ПЕЙИЛДИК

Мазмуну

Доц. Док. Сулейман Дерин

Кичи пейилдик касиет, мусулман личностунун эң маанилүү бөлүгү болуп саналат. Кичи пейилдик ошол эле учурда  Азирети Пайгамбарыбыздын айтымында адам баласын бийиктерге көкөлөткөн улуу сапат. Мунун антоними б.а. терс тарабы текеберлик болуп саналат. А бул болсо Жараткандын азабын тарткан эң жаман кемчилдик. Шайтан дагы сыпаалыктан сыйрылып, кичи пейилдикти таштап салгандыктан Алланын мээриминен куулган эмеспи. Бул темага басым жасаган Азирети Мавляна: «Эй, жаман мүнөздөрдүн зынданында тумчуккан жеңил адам! Адамдын кичи пейил кулчулугу менен шайтандын бой көтөрүүсүн таразалап, назарыңды бур. Айырмалап көрүң дагы Адамдын кул болушун танда!»(Месневи, 4: 3343) - деп насаатын айткан.

Кичи пейилдик бул - Азирети Адамдын изинен басуу ал эми кейкейип текеберленүү болсо шайтандын артынан ээрчип алгандыгынан  кабар берет. Текеберликти алсыратып жок кылуучу даары бул - кичи пейилдик, сылыктык жана сыпаалык. Саид ошол себептен: «Бийиктикти кааласаң, бой көтөрө көрбө!»-деген накылды сунуштайт. Кичи пейилдикти жашоосунун эң негизги иши катарында жүзгө ашырып келген Алланын достору (олуялар) бул өңүттөн бизге нечелеген үлгүлөрдү көрсөтүп кетишкен. Ошол күнү майрамдын таңы эле.

 Олуялардан Бейазид-и Бистами мончодон чыгып жолдо бараткан. Капыстан ыптасындагы үйдүн жогорку кабатынан кимдир бирөө бир илеген ысык күлдү баштан ары төгүп ийбеспи. Жаңы гана мончодон чыгып үйүнө бараткан болсо аз келгенсип башы, чачы күл болуп кийимдери бозала болуп калса да Байезид-и  ачуунун жышаанын билдирбестен тескерисинче көккө алакан жая дуба кылат да шүгүрчүлүгүн билдирет. Мындай таңданууну жараткан абал тууралуу суроо салгандарга анын жообу мындайча болгон: Бул напси алоолонгон отко ылайыктуу болуп туруп, аз гана ысык күл менен кутулуп кетип жатса шүгүрчүлүк билдирбесем туура болбойт ко?!

Белгилүү аалым Хасан Басри, бул кичи пейилдикке «алдыңан чыккан ар бир адамдын сенден дагы жогору экендигин кабылдаганың»-деген маани менен аныктама берген. Маснавинин тилине сала турган болсок Алла Таала адамбаласын топурактан жараткан жана пенде дагы чын дилден топурак сыяктуу жөнөкөй, сыпаа болушун каалайт. Таха сүрөсүнүн 55-аятында айтылат: «Силерди андан (топурактан) жараттык; силерди кайра эле ошол жакка кайтарабыз жана дагы бир жолу андан чыгарабыз (тирилтебиз)».  Жараткан Алла, бул аят менен адамбаласы каалабаса да топуракка кайтарыла тургандыгын баса белгилеп жатат. Анткени нечелеген текебер телибайлар натыйжада шермендеси чыгып, зыян тартып, карыптын кейпин кийип топуракка көмүлгөн.

Учурдун эң капсалаңдуу дарттарынын бири бул - кичи пейилдиктин соолуп баратышы, житип кетиши. Бул дарттан оңой менен кутулуп кетүү кыйынга турат бирок бир гана руханий тарбиядан өтүү жолу менен арылып кетүүгө болот. Руханий жол менен дагы кээ бир пенде  кичи пейилдиктин көшөгөсүнүн арт жагындагы жашыруун текеберлик ооруусунан дароо кутулуп кете албайт. Анткени пенденин напси ар убак улуулукту жана сый көрүүнү самап келет.

Имам Газзали белгилеп кеткендей адамбаласы чөйрө коомчулугунун көңүл борборунан бираз түнөк табууну каалайт, адамдардын көңүлүн ээледиби сүйүлүүнү, жалпы эл тарабынан сүйүлгөн соң, алардын өзүнө таазим кылышын  арзуулайт экен көр пендең. Жада калса кээлери Фараон сымал өзүнө сажда кылышын дагы талап кылышы мүмкүн. Андан Кудай сактасын! Мына ошол себептен мусулман пенде коомчулуктагы өзүнүн ордун салмактап, тактап, напсинин тузагына каршы абдан кыраакы болгону абзел. Олуялардын бири: «Фараонго сынтагууда жакшылап абайла. Балким сенде да ошончолук мал-мүлкүң, курулуштарың, көк тиреген мунаралуу сарайларың жана кызматкерлериң болгондо азыркыдай кичи пейил, сыпаа боло алат белең!»-деп бул маселеде бизге эскертүү берип кеткен.

Чынында эле бүт нерсенин Маликул-Мулк болгон Жараткан Аллага таандык экенин билген жандар, өздөрүндөгү сулуулукту, байлыкты жана илим сыяктуу ар түрдүү шык-жөндөмдөрдү Алла Тааланын ыроосу, белеги катары баалашат, бул нерселерди жеке өзүм тапканмын деген чолок ойдон оолак болушат. Балким бул аракет кичи пейилдикти жана Жаратканга болгон шүгүрчүлүктү, топуктукту арттырат. Арийне кээ бир мүнөзөдр бар, аз гана нематка кондубу, дароо эле адыраңдап чыгышат. Ал нерсени кудум түбөлүктүүдөй көрүшөт. Өзүнүн айланасында бөйпөңдөп турулушун, төрдөн орун берилишин арзып калат азгырылып. Алланын жолуна деп жасаган иш-аракеттерин бетке кармап текеберленип, бул жалгандын сый-урматын көрүп калууга жан-далбас урушат. Мындайлардын жалган сылыктыгына жана кичи пейилдигине алданбоо кажет. Булардын кичи пейилдиги кудум тилемчилердин сылыктыгына окшош, алар өзүлөрүнөн жогору тургандарга ушунчалык сылык болуп баш ийкегилегенге маш, ал эми өзүнөн алсыздарга таптакыр башкача,  өлөрман мамиле кылышат. 

Улуу Куранда Алла Таала тузак курганын айтып кеткен. Ибн Арабинин көз карашында мындан максат, Жараткан Алла пенделеринин сапатын билип туруп аларды дүнүйөлүк мүмкүнчүлүктөр менен сынашы. Маселен бир кул оболу итке минген болсо кийин жипке (Джип машина) миниши мүмкүн, кызматкер болуп туруп кызматкер жумшашы мүмкүн. Катардагы эле карапайым болуп туруп капыстан калкка дайын атактуу болуп чыга келиши мүмкүн, мына ушул өңдүү нерселер адам баласынын кичи пейилдигин таразалоо үчүн Кудай Таала пенденин өзүнө берген ар кандай жагдайлар болуп эсептелет. Мындай сынактарда аз гана адам жеңишке жетиши мүмкүн.  Жеңишке жеткен пенделерин Кудай Таала Куранда мындайча таанытат: «Мээрман Алланын өзгөчө кулдары жер жүзүндө оорбасырыктуу жана кичи пейилдик менен жашашат. Аларга наадандар маани-маңызсыз  сөз сүйлөй турган болушса, өзүндөй кылып жооп кайтарышпайт. Саламатта болуңуз дешет».
        (Фуркан, 25:63)

Мавлянанын пикиринде кичи пейилдик бул-өзүнүн жаңылыштыктарын көрө билүү.  Анткени өз жаңылыштыктарын көрө алган жандар гана руханият жагынан илгерилей алышат. Кичи пейилдиктин чалкыган дарыясынан качып өзүн жактыргандар болсо өздөрүнө да, айлана чөйрөсүнө да зыянын тийгизет. Эгерде мына ушундай текеберчилике ачкөздүк жабыша турган болсо анда кудум, бир короо койго тиш салган ач карышкырдын зыянынан да ашыкча зыянды алып келет. Месневи аттуу чыгармада төмөнкүдөй айтылат:

* Иблис дартына чалдыккан адам, өзүн канчалык жөнөкөй канчалык сылык көрсөтпөсүн, сен баары бир түбүндө ыпластык чөккөн дарыянын суусунун тунуктугуна алданбагын… (3217)
* Эй жупуну көңүлдүүлүк, кичи пейилдиктин көшөгөсүнүн артына менменсинүү дартын жашырган киши, кокустан бирөө жарым сени сыноо үчүн ачуулантып, кайрадан тынчтандырып бираздан соң көмөкөйгө көк талкандай тийген суроо менен кайрыла турган болсо, суу түбүндөгү нерсе козголуп ыпластыктын түсү пайда болот.
* Эй жаш адам! Эй маңкөш адам. Сенин барлыгыңдын дайрасы, өзүңдү сага канчалык пакиза, таза, салабаттуу жана таксыз көрсөтсө да алдана көрбө. Анын түбүндө ыпластык бар; булгануу үчүн мүмкүнчүлүктү күтүп жатат. (3219)

Азирети Мавляна, кудум психолог сыңары кишинин напсисини аныктап, жалган кичи пейилдерден сактанууга чакырат. Анткени чыныгы сылыктык, нукура кичи пейилдик, адамзааданын напсисиге же жеке кызыкчылыгына оор тийген кандайдыр бир абал ортого чыккан кезде гана белгилүү болот. Жайбаракат кезде жымыңдап, сылык көрүнгөн кээ бир адамдар, кызыкчылыгына сокку урулган кезде дароо каршылык көрсөтүп, абдан ачуу сөздөрдү айтып, текиреңдеп текеберленип кетиши ыктымал. «Сен менин ким экенимди билбейт белең!»-сыяктуу акыйнектер ушундай психологиянын эң жөнөкөй мисалы болуп саналат. Маселен рухий тарбияга жуурулган пенделер ачууланмак мындай турсун,  тескерисинче напсиге сокку ургандарга карата сылыктык менен ыраазылык билдирген кездер болгон. Бул жерде чөйрөлөштүк маселесин дагы айта келүү абзел. Кичи пейил адамдар менен сукбат куруп, табакшат чөйрөлөш жүргөн адамдарда дагы кичипейилдик сезим жандана баштайт. Ал эми текеберлер менен кошо жүргөн адамда болсо куру текеберлик сезим оожалат.  Ошондуктан менменсингенден дагы менменсинип бой көтөрүүдөн дагы сак болуу зарыл.

Садинин Бостанда риваят кылганына караганда руханий абалы бийик, сопуга бир чектен ашкан уятсыз адам келип бир нерселерди суранды. Тилеке каршы ал күнү сопунун бере турган эч нерсеси деле жок болгондуктан тиги кишинин тилеги орундалбай калды. Арсыз адам болсо сыртка чыгаары менен сопу тууралуу жалган жалааларды, жаман сөздөрдү элге жая баштады. Бир мурит (руханий тарбия көрүп жаткан адам) арсыз адамдын жоруктарын устатына айтты. Устаты мыйыгынан жылмайып туруп: «Тилемчинин сөздөрү эч нерсе эмес, ал адам менин атыма аз эле жаман нерселерди айтып жүрөт. Башкача айтканда өзүм билген нерселердин жүздөн бирин айтып жатат. Сен айтып жаткан арсыз болгону мени менен ушул жылы гана таанышты. Менин жетимиш жылдык айыптарымды ал кайдап билсин. Мен ошол адамчалык жакшы ой бапестеген кишини учурата элекмин. Эгерде акыреттеги сот күнүндө күнөөлөрүм болгону ошол киши айтып жүргөнчөлүк гана болсо анда мен амалдарымдан күмөн санабаймын дагы, тозоктон дагы коркпоймун».-дейт.

            Жыйынтыктап айтканда адамзаада качан, кай жерде болбосун Алланын досторунун икаяларынан үлгү алып, шайтандын дарты саналган текеберчиликтен сылыктыка, сыпаалыкка жана кичи пейилдикке качканы оң.  Айрыкча, бир мусулман кичи пейил болом деп өзүн таптакыр эле зыянга алып барышы дагы туура эмес жана ошондой эле бай, бардар адамдардын алдында тек гана дүнүйөлүк жана жеке кызыкчылыктар үчүн  баш ийкегилеп таазим кылып жиберүү дагы ал адамдын динин жаралаган жорук болуп саналат. Ошондуктан адампенде кичипейилдиктин мезгилин жана ордун жакшылап биле жүргөнү жакшы.  Адамга зарыл касиет саналган кичипейилдикти, сылыктыкты кошоматчылык деп түшүнбөө же кошоматчылыкка аралаштырбоо зарыл. Текеберлердин мамилесени жараша коркпой эле текебер мамиле жасоонун садаганын бир түрү болгонун унутпоо дагы пайдалуу.

Которгон:  Акылбек Халбеков

Башына