Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Таблиг жана дааваттын мани – маңызы

Мазмуну


Мурат Кая


Таблиг – бул дин Исламдын мыйзам-эрежелерин элге жеткизүү, ал эми даават – бул элди Улуу Жараткан Кудай Тааланын жолуна чакыруу дегенди түшүндүрөт. Аталган озуйпанын өзөгү, жакшылыкка чакыруу жана жамандыктан кайтаруу деген - ары бийик, ары аруу максатка гана таянат.
Таблиг - бардык пайгамбарлардын эң эле маанилүү озуйпасы. Ошондуктан бул иш биз мусулмандар үчүн өтө зор мааниге ээ. Ар бир мусулман баласы алган илимине, бар дараметине жараша бул озуйпаны орундатып, эң алды жакындарынан баштап анан башка адамдарга жеткирүүсү зарыл. Асыресе, бул жагдай туурасында Куран аяттарында мындайча баяндалат:
Анас (Алла ага ыраазы болсун!) дин Исламдын чыныгы жарчыларынын акыреттеги акыбети туурасында төмөнкү куттуу хадисти баяндайт: 


Күндөрдүн биринде ар келеби? Алар пайгамбар да эмес, шейит да эмес. Бирок кыямат күнүндө пайгамбарлар да, шейиттер да Жараткан Алланын алдындагы (алардын) даражаларын карап суктанышат. Алар нурдан бүткөн тактыларда отурушат. Аларды элдин баарысы тааныйт». Сахабалар таңдана: «Алар кимдер, о, Алланын Элчиси?!» - деп суроо салышты. Анда Мухаммед Пайгамбарыбыз: «Алар Жараткан Кудай Тааланын пенделерин Аллага сүйдүргөн, Алланы пенделерине сүйдүргөн адамдар.  Алар жер бетинде насаатчы, ак жолго чакыруучу болуп жүрүшөт». Мен: «-О, Алланын элчиси! Алланы пенделерине сүйдүрүү дегениңизди түшүндүк. Ал эми пенделерди Аллага сүйдүрүү дегениңиз кандай?»-дедим. Азирети Пайгамбарыбыз:


«Алар элге Алланын сүйгөн нерселерин  буюруп, а жакшы көрбөгөн нерселеринен оолак болууларын эскертип айтышат. Эл алардын айткандарына моюн сунган чакта Алла Таала аларды жакшы көрөт» - деп жооп берди.
 (Али аль-Муттаки, III, 685-686; Байхаки, Шуабуль-Иман, I, 367)


Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Силерден кимде-ким кандайдыр бир терс көрүнүш көрсө, аны колу менен оңдоп койсун, эгер буга (колу менен оңдоп койууга) күчү жетпесе тили менен оңдосун, буга да күчү жетпей турган болсо жүрөгү менен оңдосун! Бул болсо ыймандын эң эле төмөн даражасы»! (Муслим, Иман, 78) –деп айтып, Исламга чакыруу ишинин ыйман менен да байланышы бар экендигин, адамдын өзүнүн күчүнө жараша бу озуйпаны аткаруу зарылчылыгын айтып жатат.


Алла Элчиси таблиг жана даават озуйпасын төмөнкүчө жүзөгө ашырган:
1. Тууган-туушкандарга
2. Өз коомуна
3. Бүтүндөй арап коомчулугуна     
4. Кыяматка чейин келчү мүлдө адамзатка жана жин ааламына.
Алланын Элчиси бул озуйпаны үммөтүнүн да  жүзөгө ашырышын талап кылат. Арийне, бул жаатта «Менден болгону бир аят (уксаңар) да аны элге жеткизгиле»! (Бухари, Анбия, 50) – деп, ар качан таблиг озуйпасын орундатууга үндөгөн. Пайгамбарыбыздын алдында таблиг жолунда жүргөндөр өзгөчө орунга ээ. Муну Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) дуба кылганынан байкоого болот:

«Бизден бир нерсе угуп аны болгонун болгондой элге жеткизген адамдын жүзүн Жараткан Алла ак кылсын»! Таблиг жаатына басым жасагандыгынын себебин бул дубадан соң төмөнкүчө чечмелеп берет: «(Диний) маалымат жеткирилген канчалаган адамдар бар. Алар бул маалыматты ага жеткизген адамдан дагы жакшы түшүнүшөт жана дагы (айтылган нерселерди) жакшы жүзөгө ашырышат».  (Тирмизи, Илим, 7)


Алланы Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) үммөтүнө өтө күйүмдүү, өтө аёокер, өтө мээрман болгондуктан үммөтүнүн эң узакта болгонуна дагы акыйкатты, чындыкты жеткизип, дин Ислам менен бейпил, бакубат жашоого кадам таштоосу үчүн жан далбас ура турган. Ошондуктан Пайгамбарыбыз бир топ сахабасын ар тарапка акыйкат жарчылары катары жөнөткөн. Азирети Мухаммед (саллаллаху алейхи васаллам)  Алини  (Алла ага ыраазы болсун!) ушул максатта жөнөтүп жатып:
«Аллага ант болсун! Алла Тааланын сен аркылуу жалгыз бир гана кишини  туура жолго салуусу, (ошол кезде эң баалуу дүйнө нематтарынан деп эсептелген) кызыл төөлөргө ээ болушуңдан дагы жакшы» - деп насаатын айткан экен. (Бухари, Асхабун-Наби, 9)


Ааламдардын мырзасы атанган Мухаммед Пайгамбарыбыздын дин Исламды жайылтуу, үйрөтүүдөгү кажыбас кайратына, ышкысына каршы чыгалбай калган Курайш бутпарастары күндөрдүн биринде:
- Сен бизге да, кудайларыбызга да каршы чыгышыңды кой, биз дагы сага да, Кудайыңа да каршы чыкпайбыз, дегенде Алла Элчисинин башын көтөрүп асманды карап:
«Мына бул күндү көрүп турасыңарбы?» - деген суроосуна «Ооба, көрүп турабыз»- деп жооп беришет. Анда Алланын Элчиси төмөнкү ары терең маңыздуу, ары кыйыр жообун берет:


«Андай болсо мен силерге күндүн нурунан пайдаланышы-ңарга тоскоол боло аламбы?!»     (Ибни Касир, аль-Бидая, III, 92; Ибни Исхак, 136)


Алланын Элчиси (саллаллаху алейхи васаллам) бул жерде Исламдын өтө маанилүү өзгөчө ордун баса белгилеп, Исламды, нурун ар тарапка чачкан Күнгө салыштырып жатат. Ал ушундай нур экен, көөдөн көзү ачык ар бир жүрөккө кирген, эч ким ага бул жолдо жолтоо боло албаган. Мына ошол көөдөн көзү канчалык чоң болсо Күндүн нуру ошончолук көп кирет. 
Алланын Элчиси мына ушундай майтарылбас бекем ыйманы менен аракет кылып, бүтүндөй инсанияттын Ислам күнүнөн насип ала билиши үчүн бар күчүн жумшаар эле. Абдуллах бин Жахш (Алла ага ыраазы болсун!) Нахла жүрүшүнүн жыйынтыгында бир канча туткунду колго түшүрүп алган. Алардын арасында Хакам бин Кайсан деген киши да бар болчу. Пайгамбарыбыз Хакамды Исламга чакырат. Дин Исламды ийинине жеткире кеңири түшүндүрүп берет. Анын күмөн эткен нерселерине жооп катарында бир топ баяндамаларды айтып түшүндүрөт. Алла Элчисинин ошончо аракетинен соң дале болсо дин Исламга келбей, көшөрүп турган Хакамга ачуусу келген Азирети Умар (Алла ага ыраазы болсун!):


«Эй, Алланын Элчиси! Буга эмненин баарын эле айтып жатасың. Ал баары бир мусулман болбойт! Уруксат берсеңиз, башын кыя чабайын да, тозокко кетсин»-десе да Пайгамбарыбыз Хакамга Ислам туурасында сөз сүйлөй берет. Аягында Хакам:
-Ислам деген эмне? –деп сурайт. Пайгамбарыбыз:


«Аллага эч бир орток-шерик кошпой кулчулук озуйпаларыңды орундатууң жана Мухаммед Анын (Алланын) кулу жана Элчиси болгондугуна күбөлүк берүүң (тастыктооң)!»- дейт.          
Анда Хакам: «Мен мусулман болдум»-дептир.


Анан Алланын Элчиси сахабаларына кайрылып:
«Эгерде мен бираз мурун силердин айтканыңар боюнча аракет кылганымда, ал азыр тозоктун отуна бармак!»-деп буюрган экен.  (Ибни Саад, IV , 137-138; Вакиди, I, 15-16)


Жараткан Алла төмөнкү аятта Өзүнүн жолуна чакыруу усулу туурасында мындай дейт:
«(элди) Раббиңдин Жолуна даанышмандык жана көркөм насаат менен чакыргын! Алар менен (маданияттуу түрдө) далилдешип тартышкын! Албетте ак жолдон тайган адамдарды Жараткан Өзү эң сонун билет жана Ал туура жолдогу адамдарды дагы абдан жакшы билет.» (Нахл, 16/125)
Бул аятта айтылган «даанышмандык» жана «насаат» - деген сөздөр, таблиг озуйпасын аркалаган адамдар үчүн өтө чоң мааниге ээ.

Даанышмандык – бул  динди жайылтууда өтө этияттык менен кадам таштоо, баам-парасаттуу болуу, көрөгөчтүк жөндөмгө ээ болуу, ар качан туура сөз сүйлөп чынчыл, ыраскөй болуу, жалганчылыктан такыр оолак болуу, адамдарды туура эмес жолго баштабоо, туура чечимге келүү. Даанышмандык угуучу тараптын кабылдоо жөндөмүн, абалын эске алып, ошого жараша бериле  турган маалыматты даана, так, түшүнүктүү түрдө жеткизүүнү талап кылат.
Эми насаат туурасында айта турган болсок, насаат – бул, угуучу тарапты болгону логикалык (мантык) методдор менен гана эмес, ошондой эле анын болгон сезим, оюн өзүнө тартып алып акыйкатка жылоолоо. Аятта айтылган «Алар менен (маданияттуу түрдө) далилдешип тартышкын!»-деген Алла Тааланын буйрук таблиг озуйпасына олуттуу көз караш менен карап, аны орундатуу зарыл экендигин белгилеп жатат. Бул өңүттөн алганда таблиг озуйпасын аркалаган адам, жылуу жумшак мамиледе болуп, маданияттуу сүйлөө жөндөмүнө ээ болуусу керек. Ал элге копол, орой мамиле жасоодон алыс болушу зарыл. Ал адамдык бийик сапаттарга, жакшы кулк-мүнөзгө ээ болушу керек, кишини өзүнө тарта билген шыкка ээ болуп, акылга туура келген пикир-ойлор менен Алланын жолуна үндөөсү зарыл. Таблиг кылган адамдын милдети – бул динди түшүндүрүү, чечмелеп берүү жана ошол түшүндүргөн нерселерин эки дүйнөдө тең пайдалуу болгондугу жаатында элге ишеничин билдирүү. Жыйынтыгы Алладан!

Башына