Он биринчи сан

Саид бин Абу Ваккас
Мазмуну
Менин сахабаларым асмандагы жылдыз сыяктуу,
кимисин ээрчисеңер да туура жолду табасыңар
Саид бин Абу Ваккас алгачкы ыйман келтирген мусулмандардын бешинчиси. Энеси тарабынан тукуму Пайгамбарыбыздын тукумуна жакын. Саид бин Абу Ваккас ыйман келтирген кезде 17 жашта болгон.
Аз Саид (р.а) өзүнүн исламга киргендиги тууралуу төмөндөгүдөй баяндайт:
«Мусулман боло электен мурун бир түш көрдүм. Караңгы бир жерде жүрүптүрмүн. Бир кезде эле караңгылыктын ортосунда ай жаңырып чыкты. Мен айга суктанып карап калдым. Менден башка дагы ким бул айга суктанып жатат болду экен деп тегерегимди карасам, жанымда Аз. Хатижа, Аз. Абу Бакр, Аз. Али жана Зайд бин Харис туруптур. Мен алардан айга суктанганыңарга канча убакыт болду деп сураганымда алар мага бир саат болуп калды деп жооп беришти. Кийин Пайгамбарыбыз (с.а.в.) жашыруун түрдө Алланын ак динине чакырып жаткандыгын уктум. Ага Ажйад тоосунда намаз кылып жаткан убагында жолуктум жана ал жерден ыйман келтирип мусулман болдум. Менден мурда ал төртөөнөн башка эч ким ыйман келтире элек экен».
Саиддин (р.а.) энеси уулунун мусулман болгонун укканда аны кайра аталарынын динине келтириш үчүн көп аракеттерди кылган. Жада калса тамактан дагы баш тартууга ант берген эле. Энеси акырында эсинен танды. Саид энесине «эгерде сенин миң жаның болуп жана аларды мага берген болсоң дагы мен бул динимден кайтпайм» дегенде энеси анын качалык динге бекем болгондугун түшүнүп берген антынан кайтканга аргасыз болду. Саид (р.а.) энесин абдан сүйчү жана дайыма сыйлачу, бирок Аллага болгон сүйүүсү энесинен дагы артык болгондуктан энесинин коркутууларына алдырбады. Ушул окуядан соң Алла Таала Пайгамбарыбызга төмөнкү аятын түшүргөн: «А эгер алар сени ал тууралуу сен билбеген нерселерди Мага шерик кошууга үндөй башташса, анда аларга баш ийбе. Аларга мээримдүү бол жана мага моюн сунгандардын жолу менен бол»
Саид (р.а.) Мединага болгон хижраттан мурун Меккеде башка мусулмандар менен бирге көптөгөн кыйынчылыктарды тартты. Ал кезде мусулмандар ибадаттарын жашыруун түрдө кылышчу. Күндөрдүн биринде Саид (р.а.) достору менен бирге ибадат кылып жатканда бутпарастар келип калат. Мусулмандарга тийишип шылдыңдай башташканда Саид (р.а.) чыдабай кетип жанында жаткан төөнүн сөөгү менен бутпарастардын бирисин чаап алат.
Мединага болгон хижраттан кийин Ислам мамллекети курула баштады. Душмандарга каршы аскердик топтор дагы түзүлө баштады. Алгач аскердик топ Аз. Хамзанын башкаруусунда болуп хижраттын жетинчи айында Мекке кербендеринин жолун тосуу үчүн түзүлгөн. Ал аскердик топто Саид бин Абу Ваккас дагы бар эле. Кийин Убайд бин Харистин башкаруусундагы аскердик топто Саид (р.а.) эң биринчилерден болуп ок атып душмандарды жаралаган. Саид бин Абу Ваккас Ислам тарыхында душманга каршы эң алгачкы ок атуу шарапатына ээ болгон.
Душмандарга каршы бардык согуштарда Саид (р.а.) өзүнүн эрдигин жана тайманбастыгын көрсөтө алды. Ухуд согушунда бутпарастар мусулмандарды жеңе баштаганда көптөгөн сумулмандар кача башташкан. Болгону бир канча мусулман Пайгамбарыбызды (с.а.в.) коргоп денелерин окко тосуп атышты. Алардын ичинде Саид (р.а.) дагы бар болчу. Денеси менен Пайгамбарыбызды (.са.в.) тосуп бир эле убакытта душмандарга ок атып жатты. Ал ок атуу боюнча чебер болгон. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Саидке (р.а.) ок берип «Ат Саид, ата-энем сага курман болсун» дечү. Мындай мактоодо Алланын элчиси ата энесин курман кылып эч кимди мактаган эмес эле.
Саиддин (р.а.) Ухуд согушундагы баатырлыгы эч нерсеге тең келбес. Жазуу булактарына таянсак, Саид (р.а.) ал күнү өзү жалгыз миңден ашуун ок аткан. Ал Хандак, Худайбийа, Хайбар жана Меккенин бошотулусунда толугу менен катышкан.
Алланын элчисинин дүйнөдөн кайтышынан кийин Аз. Абу Бакр, Аз. Умардын доорлорунда саясий активдүү иштерди аткарып көптөгөн кызматтарды өтөгөн.
Саид (р.а.) өмүр бою адилеттүү жана чыныгы ислам дини менен жашап өттү. Улуу көчтүн 55-жылы Мединанын кыйырындагы Акик аймагында намаз окуп жаткан жеринен одүйнө салган. Анын жаназасы Мединада Набави мечитинде намаздан кийин окулган.
Аллах андан ыраазы болсун!
Кылжыров Максат
maksimuskg@mail.ru