Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

БАЛДАРДА АЛЛАХ ИШЕНИМ

Мазмуну

Балдарда Жараткан Улуу Аллахка болгон ишенимдин биринчи белгилери 3-4 жашындан баштап эле билине баштайт. Аллах балдар үчүн ар түрдүү коркуулардын алдын алуучу ишенимдин эң күчтүүсү. Ага сүйөнүп, Анын барлыгына ишенүү менен өздөрүнө таяныч издейт.

 Ата-эне сыяктуу Аллах да баланын кызматына ар түрдүү жаман нерселерден сактоочу катары туюлат. Жакындык, ишеним, урматтоо жана сүйүү сыяктуу ата-энесине байланган бул сезимдер, убакыттын өтүшү менен Жараткан Улуу Аллах Тааланын кудуретине көздөй бурулат. Бирок, бала 5-7 жашына келген мезгилден баштап Аллахты ата-энесинен толук айырмалап, Анын толук чексиз кудурет күч экенин сезе баштайт. Мындан кийин ата-эне бардык нерсени биле-бербес, бардык нерсеге күчтөрү жетпесин; мындан сырткары бала алардын кетирген каталарын көрүп, биле баштайт. Ошондуктан Аллах баланын көз алдында баардык күч кудуреттин ээси, эч ким Аны менен тең келе албастыктын символу катарында таанылат.
6-7 жашынан баштап балага Аллах жер жүзүндөгү баардык жаратылгандардын Жаратуучусу экенин акылы менен туят. 7 жашынан кийин Аллах Таала тууралуу баланын туюу сезимдери дагы кененирээк ачылат. 8-12 жашка келген мезгилден баштап  бала толук руханий Аллах ишеними менен калыптанат. Себеби, ислам динин тутунган чөйрөдө чоңойгон балдар Жаратканын башка бир нерселерге окшоштурбайт. Аллах баардык жерде, көз менен көрүлбөйт, сүрөтүнүн тартылышы мүмкүн эмес, инсан акылы менен таанып билүү сезими толук балада калыптанат. Бул туралуу пайгамбарыбыз (сав) бир хадисинде: “Баардык балдар табиятынан мусулман болуп туулат, ...” деп билдирет. 

Биз жашаган географиялык абалда балдардын балакатка жеткен учуру; кыздарда эң эрте 9-10, эң кеч болсо 17-18, ал эми балдарда эң эрте 12-13, эң кеч болсо 18-19 жаштарда бойго жетүүсү такталган. Ушуга байланыштуу өлкөбүздө ортоломо бойго жетүү учурун кыздарда 13, балдарда 15 деп алсак чындыкка жакыныраак болот. Балакатка жеткен мезгил динибизде жоопкерчиликтин башталгыч бөлүгү болуп эсептелет. Бул убакыт ушул мезгилдин маанилүүлүгүн дагы арттыраарын психологдор да тастыкташат. Өз алдынча толук кишилик кулк-мүнөзгө ээ болуу, коомдогу ордун жана ролун үйрөнүү балдардын жоопкерчиликтүү болуусуна өбөлгө түзөт.  Балакатка жеткен мезгилде динге болгон ишенимдин да толук калыптануусу ачыкча байкалат. Балакатка жеткен мезгилде кээ бир жаштарда ар түрдүү ой-сезимдер менен динден узакташуу процеси да байкалат. Себеби, үйбүлөдөгү тарбия балдарга өтө чоң таасир берээрин унутпашыбыз керек.
Дин тарбиясы жакшы болгон үйбүлөдө өскөн балдар, кыздарда бул көрүнүш жокко эсе болот. Ал эми динден алыс өскөн үйбүлөдөгү жаштардын психологиясында ар түрдүү сезимдер, көбүрөөк оюн-зоок болгон жерлерде убактыларын өткөрүүгө түртөт. 16 жаштагы улан, кыздардын физикалык жактан денесинин өсүүсү менен бирге акыл идирегинин да жетилүүсү динден туура тарбия берүү керек экендигин көрсөтөт. Бул жашта туура тарбия берилбесе жаштар ар түрдүү жаман иштер менен алектенип калуусу мүмкүн. Буга мисал катары бүгүнкү күндө динсиз өсүп жаткан бир топ Европа, Россия мамлекеттериндеги окуяларды айтсак жетиштүү болоор. Пайгамбарыбыз Мухаммед (сав) бир сөзүндө: “Ата-эне балдарына жакшы тарбиядан башка эч нерсе бере албайт” деп эскертет.

Дагы бир хадисинде: “Мен бийик ахлакты толукташ үчүн жиберилдим” деп буюрган. Динибиз Исламдын эң негизги максаты да – адамдардын эң жогорку бийик ахлактын ээси болушу жана токтолушу. Ислам бийик ахлак дегенди түшүндүрөт. Ишеним – адамдардын эң негизги муктаждыктарынын бири. Адам бир гана ыйман аркылуу бакубат турмушка жетет. Адамдын жан-көңүлү бир гана жакшы жана жагымдуу мамилелерден ырахат алат. Ал эми адам акылынын жана ой көрөңгөсүнүн азыгы болсо – билим. Билим ыйман менен айкалышканда адамды ар кандай жамандыктардан, ыплас нерселерден оолак кылат.  Билим алуу жөндөмү адам баласына Аллах Таала тарабынан берилген эң маанилүү ырыскы болуп саналат. Бул жөндөмдү колдоно албаган адам өз акылына адилетсиздик кылган сыяктуу эле Аллахтын берген ырыскысына да ыраазычылыгын билдирбеген болуп эсептелет.

 

Башына