Он биринчи сан

УЛУУ АЛЛА ТААЛАНЫН 99 ЫСЫМ-СЫПАТЫ
Мазмуну
Абдуррахим Молдогазиев
АЛЛАh (жалла жалаалуху)
Аллаh - он сегиз миң ааламдын жана андагы мүлдө жандуу-жансыздын жаратуучусу, сыйынууга татыктуу жалгыз Зат болгон Эгебизге таандык өздүк ысым. Ал эң Улуу Жаратуучу, бардык кемел сыпаттарга ээ жана сан түркүн өксүк сыпаттардан оолак болгон чыныгы Кудурет.
Береги ысым жалгыз Жараткан Аллага гана таандык жана эч бир сөз анын маани-маңызын толук түшүндүрүү, туюнтуу күчүнө ээ эмес. Бул куттуу ысым Андан башка эч бир жандуу-жансыз үчүн да колдонулбайт (Мариям, 19/65).
Аллаh ысмы жалгыз Жараткан үчүн гана колдонулгандыктан анын көптүк түрү да жок. Жубу бар жандуу-жансыздын аттары көптүк түр менен айтылышы мүмкүн. Ал эми жубу, сыңары жоктун да ысмы көптүк түр менен айтылбашы кажет. Маселен, «шаарлар» деп айтуу мүмкүн, ал эми Бишкек шаарын «Бишкектер» деп көптүк түр менен айтуу мүмкүн эмес. Анткени бул жерде Бишкек ысмы жекелик ысым. Асыресе, Алла Тааланы ар улут өз тилинде ар башкача атайт; кыргыздар «Теңир, Кудай Таала», перстер «Худа», түрктөр «Tanrı», англичандар «God», француздар «Dieu» деп. Ырас, бул ысымдар «Аллаh!» сыяктуу өзгөчө ысым эмес.
Булар илах (кудай), рабби (тарбиялоочу), маабуд (сыйынылган) сыяктуу сыңары бар ысымдар. Арап тилинде илах сөзүнүн көптүк түрү «аалиха», рабби сөзүнүн көптүк түрү «арбааб» деп айтылгандай, кыргыз тилинде да кудай сөзүн «кудайлар» деп айтуу мүмкүн. «Кудай», «Tanrı», «God», «Dieu» ысымдары чыныгы сыйынууга татыктуу Жалгыз Алла үчүн колдонулгандай эле, Алла Тааладан башка жалган «маабуд» деп кабылданган нерселер үчүн да колдонулуп келет. Мисалга алсак, кыргыздарда «көкө теңир, баатырдын колдоочусу Шаймерден, темирдин теңири Дөөтү», байыркы гректерде «сулуулуктун кудайы, күндүн кудайы, берекенин кудайы» деп аталганы сыяктуу. Ал эми «Аллаhтар» деп эч качан айтылган да эмес жана эч качан айтылбайт да.
Алла Таала өзүнүн эрк-каалоосу менен бүтүндөй аалам-атпайды жоктон жараткан, аны белгилүү бир мыйзамга салган, көк асманды, жерди жана андагы жандуу-жансызды жаратып, аларга жашоо-ырыскы ыроологон, жан алган, жан берген, каалаганын каалаганындай башкарган жана мыйзамына баш ийдирген, бардык нерсени билген, көргөн, уккан, мыйзамында кыпындай дагы кемтиги жок, бүт нерсеге күч жеткен, жаамы жандуу-жансыздын жападан жалгыз Ээси, өкүм койууга кудуреттүү, макталууга, даңкталууга чыныгы татыктуу, теңдеши жок, мүлдө болмуштар, күн, ай, көк асман жана жердегилер кылчайуусуз баш ийген, моюн сунган жана ибадат-сыйынууга жалгыз ылайыктуу Зат. Улуу Алла Таала сыйынууга татыктуу болгондугу үчүн эмес, Аллаh болгондугу үчүн сыйынууга татыктуу.
Ал Затынын улуулугунан улам Кудай, ибадатка толук ылайыктуу! Адамзаада учурунда буттарга, отко, сууга, тоо-ташка, айга, жылдызга, баатырлардын арбактарына ж.б. табынган. Ал буларды Кудай катары кабылдаган. Айрым адамдар учуру келгенде бул нерселерден оолакташкан. Бул учурда мурунку кудайлардын кудайлык сыпаттары жокко чыккан. Ал эми адампенде жана жин ааламы Алла Таалага ишенсе да, ишенбесе да, ибадат кылса да, ибадат кылбаса да Ал Заты менен Аллаh болгондугу үчүн сыйынууга толук татыктуу! Адамзаттын ишенбеши Анын Аллаh болушунан түк алыстата албайт!
Адамзат тарыхына назар салсак, алгачкы кылымдардан тарта күнүбүзгө чейин адамдын кандайдыр бир улуу күчкө ишенүүгө, ырас, Аллаh пикирине жана сыйынууга ийкемдүү болгондугун байкайбыз. Бул мусулман аалымдардын пикиринде толугу менен табигый, тубаса туйгу-сезим болуп эсептелет. Улуу Жараткан Алла Тааланын «Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар буга абдан кубанышат. Аларга катуу шамал жетип чоң толкундар ар тараптан келе баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллага жалбара башташат: «Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр келтирүүчүлөрдөн болобуз!» деп» (Йунус, 10/22) деген аяты менен Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын: «Төрөлгөн ар бир адам баласы Исламга (акка, чындыкка) жатык түрдө көз ачат. Аны мажуси (отпарас), христиан же иудаизм диндерине ата-энеси киргизет» (Муслим, Кадар, 25; Бухари, Жанаиз, 92; Абу Давуд, Сүннөт, 17) деген хадиси береги Аллаh ишеними киши уулунун көкүрөгүнүн түпкүрүнө ширетилгенин таасын тастыктайт.
Ошондуктан бардыгын билүүчү, жаратуучу, ырыскы берүүчү жалгыз Аллага ишенүү балагатка жеткен ар бир акыл-эси толук адампенде үчүн адамдык парзы да, карызы.
Ырас, Алла Тааланы акыл менен таануу мүмкүн экендигин тастыктаган бир топ Куран аяттары бар. Алсак, Азирети Ибрахим тестиер бала чагында жаркыган нуруна карап жылдызды, айды, күндү Кудай деп кабылдашы, бирок булардын ар биринин батып кеткенин көрүп, убакыт менен жок болгон нерсенин эч качан Кудай болалбасын аңдашы, натыйжада акыйкатты көрүп «Жүзүмдү көк-асманды да, жерди да жоктон жаратканга (Улуу Күчкө, Аллага) бурдум. Мен эми Ага эч качан эч кимди шерик кошпоймун» (Анам, 6/79) деген эле.
Чынында да, Аллага ишенүү – бул адам табиятынын талабы. Асыресе, ар бир акыл-эси тунук адам мынабу ааламдагы миң түркүн болмуштарга назар сала булардын улуу жаратуучусу, кандайдыр бир улуу Күч болгондугуна акылы менен чечим чыгара алат.
Ислам динибизде Алланын Заты жөнүндө, тагырак айтканда, Алланын кебете-иреңи, колу-буту, тулку-бою жөнүндө ойлонууга тыйуу салынган. Себеби бул жаатта биздин чектелүү акыл-ойубуз, сезим-туйгубуз алсыздык кылат. Ооба, биздин аң-сезимибиз, ойубуз, дегеле биз береги дүйнөнүн чектелүү шарттары менен гана шартталганбыз. Ошондой эле Алланын эч бир теңдеши да, сыңары да, окшошу да жок. Ал эми биз окшошу жокту элестетишибиз мүмкүн эмес. Андыктан биз Анын Затын эч качан аңдай албайбыз. Улуу Жараткан Алла Таала Куран аяттары менен бизге Өзүнүн Заты жөнүндө эмес, ысым-сыпаттары, Улуулугу, Аруулугу, Айкөлдүгү, Мээримдүүлүгү, Ырайымдуулугу жөнүндө ой чаргытууга үндөгөн. Алланын бар экендигине ишенүү ар бир мусулман баласы үчүн эң иридеги милдети.
Алла Таала жалгыз, тек. Анын эч бир шериги жок. Жараткан тарабынан жиберилген пайгамбарлардын бардыгы «Алланын жалгыздыгын» жар салышкан. Бул ишеним «тавхид» деп аталат. Тавхид ишенимине таянбаган ишеним Алла Тааланын алдында кабылданбайт. Эң акыркы жана эң кемел Ислам дини береги ишенимди негиз катары кабылдап, бүтүндөй инсаниятты ириде ушул ишенимге чакырат. Себеби Жараткан Алла ааламдардын, адамдардын жана жаамы жандуу-жансыздын Жаратуучусу. Ошол мүлдө жандуу-жансызды жараткан, анын ар бирине өз ырыскысын ыроологон, кемелине келтирген Жалгыз Өзү болуп эсептелет. Анын атасы, уул-кызы, тууган-тушканы да жок. Ал төрөгөн да эмес, төрөлгөн да эмес.
Ага эч бир нерсе эч качан тең келе албайт. Ислам мына ушундай ишеними менен адамзааданы Алла Тааладан башкага кул болуу кайдыгерлигинен алып чыгып, чыныгы эркиндикке эгедер кылуу менен түбөлүк бакыттын мөлтүр булагынан даам сыздырат. Алланын жалгыздыгына көө жапкан ар түрдүү табият күчтөрүнө табынууга, адамдын адамга малай болуу коркунучуна, Жалгыз Алладан башканы кудай катары кабылдоого кескин түрдө тыйуу салат. Ошентип, дин Ислам тавхид ишеними менен бүтүндөй адамзаттын тек Жаратуучусу болгондугун даңазалайт. Мусулман баласы Алланын жалгыздыгын жар салып, Алладан башкага ибадат кылбоо менен, Ага кыйыр түрдө да эч кимди эч качан шерик кошпоо менен береги ишенимин тастыкташы керек. Сөзү менен өзү, өзү менен сөзү толук айкалып турушу кажет.
Эмесе, бүгүнкү макалабызга ушул жерде Жараткандын Улуу Сөзү менен чекит койо туралы:
«Айткын: Алла Жалгыз! Алла эч кимге муктаж эмес. Ал төрөгөн да, төрөлгөн да эмес! Ага эч ким теңдеш эмес!» (Ихлас, 112/1-4)
«Алланын уулу жок. Аны менен бирге (башка) бир да кудай болгон эмес (жана да болбойт). Эгер андай болгондо, ар бир кудай өз жараткандарын алып кетээр эле жана бири-бирине чоңдук кылар эле. Алла алар айтып жаткан нерселерден аруу, таза.
Ал кайыпты да, ачыкты да билип турат. Ал алар шерик кошуп жаткан шериктерден бийик!» (Муминун, 23/91-92)
«Ага асман-жердегинин баары таандык. Анын алдындагылар текеберденишпейт жана ибадат кылуудан чарчашпайт.
Эгер асман-жерде Алладан башка кудайлар болсо, анда (алар) бузулуп кетер эле» (Анбия, 21/19, 22)