Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Бүгүнкү дүйнөдө ыйман сабагынын абалы

Мазмуну

                                                                                  Др. Абдуррахман Хачкалы

            Чет өлкөлөрдүн бүгүнкү күнкү ыйман сабагынын абалы менен таанышуу Кыргызстанда болуп жаткан бул жааттагы ача пикирлер үчүн да маанилүү. Ырас, алардын да тажрыйбаларынан пайдалануу мүмкүн. Андыктан бул жазуубузда Европа өлкөлөрүндө диний билим берүү жаатына назар салууну эп көрдүк.

            «Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча дүйнөлүк баяннамасы (1948)», «Европа адам укуктары келишими (1950)» жана «Дин же канагатка таялуу ар түрдүү ажырымдын бүтөлүшү жөнүндөгү билдирүү (1981)» сыяктуу документтер ишеним эркиндигинин корголушу үчүн зарыл болгон эл аралык документтер болуп саналат. Дин эркиндиги индивиддердин өз диндерин үйрөнүү жана аны балдарына үйрөтүү эркиндиктерин да камтыйт. Маселен, Европа адам укуктары боюнча  келишимде: «Эч кимдин таалим-тарбия берүү укугу четтетилбейт. Мамлекет ата-энелердин өз дини жана философиялык ишенимдерине ылайык таалим-тарбия берүү укугуна урмат көрсөтөт» делет.

            Дин эркиндиги - бул адамдын тек гана каалаган динине ишенүүсү дегендик эмес. Себеби ансыз деле буга эч ким тоскоол боло албайт. Каалаган  динди үйрөнүп тутунуу, аны башкаларга жеткирүү укугу да дин эркиндигинин алкагына кирет. Бүгүн күндө дүйнө кичинекей айылга айланып калгандай. Дүйнөнүн наркы бетиндеги адам менен кыска мөөнөттүн ичинде баарлашуу, маалымат алышуу мүмкүнчүлүгү кеңейди. Дин багытындагы билимсиздик диндин туура эмес максаттар үчүн колдонулуп каларына себеп болору жалпыга маалым. Ошол себептен дүйнөнүн бир топ демократиялык жана лаик өлкөлөрү да элдин береги муктаждыгына жооп берүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүдө. Арийне, бул коомдогу ахлактык жана руханий анархиянын (кыйроонун, башаламандыктын) зарылчылыгы.

            Бул өлкөлөрдүн диний билим берүү жаатынан мурда бир жагдайга кайрылсак жакшы болот. Диний билим берүү багытында дүйнөдө эң көп жүзөгө ашырылган эки тариз бар. Биринчиси ыйман сабагында бир гана диндин же агымдын негиздерин үйрөтүү. Экинчиси калктын көпчүлүгү тутунган динге басым жасоо менен бирге башка диндер жана агымдар жөнүндө да маалымат берүү. Буга Грециянын, Даниянын жана Түркиянын дин сабактарын мисал келтирсек болот. Грецияда дин сабагынын программасында тигил же бул агымдын гана негиздерине чектелбөө менен бирге христиан ортодокс агымына басым жасалган.

            Ар бир өлкөнүн дин сабагына болгон мамилеси анын тарыхый тажрыйбаларына, коомдук түзүлүшүнө жана саясий кырдаалына байланыштуу. Ошондуктан Европа биримдигине кирген мамлекеттерде да бул багытта кандайдыр бир орток турум жок. Ар бир өлкө өз муктаждыгына жараша бул сабакка байланышкан кемтик-мүчүлүштүктөрүн бүтөгөн. Мамлекеттик мектептерде болсун, жеке мектептерде болсун дин сабагынын орун алышы, каржылык жактан колдоого алынышы өлкөлөрдүн саясий жана маданий адат-үйүттөрү менен тыгыз байланыштуу.

            Алсак, лаиктик (динсиз) өлкө болгон Англияда мамлекеттик мектептерде да дин сабагы милдеттүү окутулат. Ошону менен катар ата-эне кааласа баласын бул сабакка киргизбей койо алат.
Алмания (германия) башмыйзамы боюнча, мамлекеттик мектептерде дин сабагын окутуу милдеттүү жана ал окуучуну жогорку класска көчүрбөй койуу таасирине ээ. Мамлекет дин сабагы мугалимдеринин да айлык маянасын өз мойнуна алат.

            Ал эми Австрияда орто мектептерде дин сабактарын окутуу милдеттүү. Бирок ата-эне өз баласын бул сабакка катыштырбоого укуктуу. Дин сабагы аптада эки саат берилет. Дин сабагынын мугалими диний жамааттар тарабынан дайындалат. Алардын айлык маянасы мамлекет тарабынан каралат. Ошондой эле диний жамааттар апталык дин сабагынын саатын арттыра да алышат.
Белгиянын расмий мектептеринде окуучу аптада эң аз 2 саат дин сабактарынын бирөөсүн же адеп сабагын тандап окушу кажет. Тандамалуу дин сабактарына Католик, Протестант,  Ортодокс агымдары жана Иудаизм, Ислам диндери кирет.

            Данияда болсо дин сабагы орто мектептерде 1-9-класстарга «Христиан дини» деген аталышта, ал эми лицейлерде «Дин билгилиги» деген аталыш менен окутулат. Сабактын программасы Билим Берүү министрлиги тарабынан бекитилген.

            Францияда дин сабагы жеке мектептерде окутулат. Чиркөөнүн мектептери мамлекеттен жардам алат. Ошондой эле чиркөө мындан сырткары каалаган жарандар үчүн атайын диний курстарды ачкан. Орто мектеп окуучуларынын болжол менен 40-45 пайызы Католик агымынын негиздерин окушат.

            Голландияда мамлекет дин кызматтарына колдоо көрсөтөт. Бул багытта уюмдар, мектептер, кайрымдуулук кызматтары, журнал, газета, радио, телевидения аркылуу иш-аракет кылган диний жамааттар мамлекет тарабынан жардам алышат. Мамлекет ошондой эле чиркөө курулуштарына да өз салымын кошуп келет. Голландиянын мамлекеттик мектептеринде дин сабактары тандамалуу.
Италияда мамлекеттик мектептерде да, жеке мектептерде да дин сабагы окутулат. Мектептерде дин сабактары аптада 1 же 2 саат. Дин сабагын көзөмөлдөө жана дин мугалимин дайындоо Католик чиркөөсүнүн колунда. 1984-жылкы мыйзамды оңоп-түзөө боюнча, дин сабактары окуучунун өз каалоосуна калтырылган.

            Грецияда дин таалими бала бакчадан башталат. Бала бакчада дин таалиминин программасы Улуттук Билим Берүү, Дин Иштери, Саламаттыкты Сактоо, Социалдык Коопсуздук жана Каржы министрликтери тарабынан бекитилет. Ошондой эле кесиптик техникалык билим берүүнүн программасын Билим берүү жана Дин иштери министрликтери бекитет. Дин сабактары орто мектептерде милдеттүү түрдө окутулган сабактардын катарынан орун алат. Алгачкы 1-2-класстар үчүн аптада 1 саат, 3-класстан баштап лицейди бүтүргөнгө чейин аптада 2 сааттан окутулат.  Дин сабактарында Ортодокс агымына басым жасалат. Ошондой эле мусулман окуучулар окуган мектептерде Ислам дини да окутулат.

            Түркия лаик өлкө болуу менен бирге калктын диний муктаждыгына жооп берүү үчүн Диянет иштери башкармалыгын түзгөн. Диянет башкармалыгы мечиттерде жана Куран курстарында  дин сабактарын берип келет.

Түркияда муфтий, казы, имам, азанчы сыяктуу дин кызматкерлеринин айлык акылары мамлекеттик бюджеттен бөлүнөт.            Түркия диний билим берүүнү мамлекет тарабынан милдеттүү түрдө колдоого алынышы зарыл коомдук укук, т.а. элдин акысы деп билет.

            Түркияда орто мектептерде «Дин маданияты» жана «Ахлак» сабактарынын милдеттүү түрдө окутулушу башмыйзамда көрсөтүлгөн. Бул сабактар 4-класстан баштап аптасына 2 саат киргизилет. Дин сабактарынын программалары башка сабактар сыяктуу Билим берүү министрлиги тарабынан түзүлөт. Билим берүү министрлигинде Дин мүдүрлүгү деген өзүнчө бөлүм бар. Окуу китептери аталган башкармалык тарабынан чыгарылат.

            Имам хатиб лицейлери Билим берүү министрлигине таандык. Мында билим алгандар имам хатиб,  муаззин жана куран курстарында мугалим болуу жана ошондой эле жогорку окуу жайларга тапшыруу мүмкүчүлүктөрүнө ээ.
Башмыйзамдын 24-беренесине ылайык, дин жана ахлак сабактары мамлекеттин көзөмөлүндө жүргүзүлүшү кажет. Дин маданияты жана Ахлак сабактарынын программаларына назар салсак,  Ислам дини менен катар башка диндерге да орун берилген. Христиан жана иудей окуучулар каалашса, Дин сабактарына катышпай койо алышат.

            Сөзүбүздүн акырында дагы бир жагдайга кайрылгым келип турат. Бүгүнкү дүйнө өлкөлөрдү, ар кандай диндерди, маданияттарды жана жана этникалык топторду өз ичине камтып келет. Адамдардын башка дин жана маданияттар жөнүндө маалымат алышы жана ар түрдүү маданияттардын бири-бирине сый көрсөтүшү, бири-бирине мекендеш катары жылуу мамиледе болушу да маанилүү. Ошондуктан акыркы жылдары ар түрдүү диндер, маданияттар жөнүндө билим берүү багытына басым жасалып келет. Бул өңүттөн диндерди жана агымдарды илимий эрежелер менен изилдеген Теология факультеттеринин канчалык зор мааниге ээ экендигин жана канчалык оор жоопкерчиликти аркалагандыгын байкоого болот.

Башына