Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Курмандык –Аллага моюн сунуу

Мазмуну

Ибрахим Өзкылыч

Курмандык – арап тилиндеги «ка-ра-ба» этишинен туулуп, «жакындоо» деген маанини туюндурат. Ал эми терминдик мааниси: «Белгилүү убакытта, белгилүү шарттар аркылуу акыл-эси соо жана колунда бар бай адам курмандыкка чалынган айбанат».
Исламга чейинки курмандык чалуу ибадаты киши өлтүрүү, ширк, ысырап, айбандарды кыйноо ж.б.у.с. бузулган негиздерге таянчу. Маселен, Исламга чейинки араптар өз балдарын, кулдарын же туткундарды сыйынган буттарына курмандык чалышчу. Андан тышкары айбанаттарды да курмандыкка чалып, алардын канын буттардын үстүнө төгүп, эттерин тегерегине тизип коюшчу. Ошондой эле жаңы наристелүү болгондор той берип, береке алып келсин деп, буттарга төө же кой малынан курмандык чалышчу. Караңгылык доорунда курманчылыктын негизи бузулуп, ширк менен байланышып калган болчу. Алла Таала өзүнө шерик кошкондорду жана өзүнөн башка нерселерге курмандык чалууну катуу тыюу салган. Пайгамбарыбыз да төмөндөгү хадисинде Алладан башка нерселерге курмандык чалган Алланын каргышына калаарын айтат:

«Ата-энесин каргаганды Алла Таала каргасын! Алладан башкага курмандык чалганды Алла Таала каргасын!» (Муслим, Адахи, 43-45; Насаи, Дахая, 34.)

Ислам дининин келиши менен курмандык ибадаты ширк көрүнүштөрдөн тазаланып, Аз. Ибрахимдин сүннөтүнө ылайыкталып, анык курмандык ибадатына айланды. Курмандык ибадаты Ислам дининде хижраттын экинчи жылында парз болгон. Биздин Имам Аазам агымыбыз боюнча курмандык чалуу - важип.

Курмандык ибадаты тээ Адам атабыздан бери аткарылып келген. Бирок ар пайгамбардын убагында алардын шарияттарына жараша ар кандай түрдө аткарылып келген. Жер жүзүндөгү эң алгачкы курмандык Адам атанын эки уулу Кабыл менен Абылдын чырдашуусунан келип чыккан. Чырды туура чечүү үчүн атасы Алла Таалага курмандык чалууну кеңеш кылат. Курандын Маида сүрөсүнүн 27-аятында мындай дейт:

«Адамдын эки уулунун курмандыктары тууралуу чындык баянды айтып бер. Алардын биринин курмандыгы (Алла тарабынан) кабыл кылынды да, экинчисиники кабыл кылынган жок».

Бул доордо курмандык бир гана айбанаттардын гана эмес, эгиндерден да болчу. Курмандыкка бөлүнгөн эгинди таалага таштап коюшчу. Аны асмандан кандайдыр бир от сымал жалын түшүп, жогору алып кетчү. Бул курмандыктын кабыл экендигине ишарат болчу. Курмандыгы кабыл болбой калган Кабыл көрө албастыктын айынан бир тууганы Абылды өлтүрүп, жер жүзүндөгү алгачкы кылмышты аткарат. Абыл малчылык, Кабыл болсо дыйканчылык менен алектенчү. Абыл малынын ичинен эң жакшысын, Кабыл болсо эгиндердин эң жаманын тандап, курмандыкка алып барат. Кабылдын ыклассыз болгондугунан курмандыгы кабыл алынбай калат. Анткени Аллага жакындоо үчүн ыкластуулук керек.

Ыкластуулук жана Аллага жакындоодо адам дилинин тазалыгы боюнча Куран мындай дейт:

«Курмандыгыңардын эти да, каны да эч качан Аллага жетпейт (Алла Таалага силер сойгон малдын эти да, каны да, эч нерсенин кереги жок. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Алла Таала силер өзүңөр жакшы көргөн малыңардан Эгеңердин ыраазычылыгын табуу үчүн сарптоого эркиңер жетеби-жетпейби, ошону сыноо үчүн курмандыкты буйруп койгон). Бирок силердин такыбалыгыңар гана Аллага жетет (Курмандык чалуу – силердин канчалык такыба экендигиңерди көрсөтүп турат)». (Хаж, 22/37)

«Биз ар бир коом үчүн аларга берген малдардан, Алланын гана ысмын атап, курмандык чалууну буюрдук. Анткени, Кудайыңар жалгыз – Алла! Ошондуктан Ага моюн сунгула» (Хаж, 22/34)

Пайгамбарыбыз (с.а.в.) хижраттын экинчи жылынан (624-жылы) баштап, жеке өзү курмандык чала баштаган. Курмандыктын өтө маанилүү ибадат экендигин мынабу хадиси аркылуу белгилеп кеткен:
«Мүмкүнчүлүгү жетип, бирок курмандык чалбаган адам биздин мечитке жакындабасын» (Ибн Маажа, Адахи, 2)

 

Курман айт майрамы жана курмандык чалуу – мусулман коомунда.
Курмандык жогоруда айтылып өткөндөй «жакындоо» деген маанини туюндурат. Алланын Элчиси (с.а.в.) үммөтүнө сүйүнчү катары мындай дейт:
«Алла Таала үчүн эң сүйүктүү нерсе – Курман айттын биринчи күнү кан агызып курмандык чалуу. Аллага аталып союлган курмандык мал мүйүздөрү, туяктары жана жүндөрүнөн бери жардамга келет. Ал эми курмандыкка арналып союлган малдын каны жерге жете электе Аллага жетет (кабыл болот). Ошондуктан курмандыкты чын ыклас менен чалгыла».

Мындай сүйүнчүнү уккан ыкластуу мусулман чын дити менен курмандык чалууга жан далбас урат. Кимде-ким малчылык менен шугулданса, анда малынын ичинен эң сапаттуусун тандап, аны алдын ала өзүнчө бөлүп, багуусун жакшыртат. Сойорго келгенде малды үркүтпөй аяр кыймылдап, бычакты көргөзбөй жана абдан курч кылат. Бирден көп курмандык чалынса, бири-бирине көргөзбөстөн мууздалат. Курмандыкты мууздоодон мурун «Аллаху акбар, Аллаху акбар лаа илааха иллааху, Аллаху акбар, Аллаху акбар ва лиллаахил хамд» деп такбир айтылат. Курмандыктын арткы сол буту байланбай бош ташталат. Анткени, муздаганда бош буту менен тыбырчылап, кандын толук чыгышына жардам болот. Касапчы «Бисмиллаахи Аллаху акбар» деп малды мууздайт.

Мууздалган этти үчкө бөлүп, бир бөлүгү үйгө калтырылат. Калган эки бөлүгү курмандык чалууга күчү жетпеген тууган-туушкандарга, коңшу-колоңдорго жана кедей-кембегалдарга таратылат.
Мына ошентип курмандык чалган адам Аллага жакындап, ошондой эле жыл бою эт жебеген жакырлардын көңүлүнөн түнөк табат. Курмандык чалуу Ислам дини коомдук жашоону калыптандырган дин экендигине ишарат кылат. Коом ичиндеги бай-кедей катмарлары бири-бири менен жуурулушуп, ортолорунда кайрымдуулук сезимдер жаралат.

Курмандык чалуунун сырлары жана пайдалары

    • Курмандыктын сөздүк мааниси «жакындоо». Курмандык - Аллага жакындоо жана Анын ыраазычылыгына жетүүгө табылгыс мүмкүнчүлүк.
    • Чалынган курмандыктын эти да, каны да Аллага барбайт. Курмандык чалуу буйругу аркылуу Алла Таала биздин ыкластуулугубузду, такыбалыгыбызды сынайт. Анткени, Алла Таала адам баласынан мындан башка нерселерди талап кылбайт.
    • Курмандык – Аз. Исмаил курмандыкка чалынарда Алланын мээрими аркылуу токтолуп калгандыгын эскерүү. Улуу Жараткан Алла Таала эки пайгамбардын оор сыноого салып, аларды кийинкилерге ыкластуулук жана такыбалык жактан табылгыс үлгү катары көрсөткөн.
    • Жыл сайын курмандык майрамдарында миңдеген курмандыктар чалынып турат. Мындай нерсе мусулмандар Алла Тааланын ыраазычылыгы жана анын буйругун аткаруу үчүн эч нерсесин аябагандыгына далалат кылат.
    • Курмандык чалуу – коом ичиндеги турмушу начар адамдарга ырыскы жана жакшылык. Ислам дини курмандык чалууну бардар адамдарга важип кылган. Көптөн бери этсиз жашаган, а балким жыл бою оозуна эт албаган жакырларга жардам берүү кандай гана жакшылык.
    • Ислам дини адам баласын ибадатка жана Аллага жакындоого үндөө менен бирге коом ичиндеги тең салмактуулукту да сактайт. Маселен, зекет, садака жана курмандык чалуу сыяктуу ибадат аркылуу адам баласы сооп табат. Ошондой эле алсыз адамдарга жардам берип, алардын ирденип кетүүсүнө себепчи болот.
    • Алла Тааланын буйруктарын өтө кылдаттык менен аткаруу керек. Тактап айтканда, буйрук кылган нерсесин аткарып, тыюу салганынан баш тартуу зарыл. Ошондо Алла Таала пенденин алдындагы тоскоолдуктарды алып, маңдайын жарык кылат.
    • Алла жолуна колубуздагы ырыскылардан сарпташыбыз керек.

    Башына