Он биринчи сан

Ажылык
Мазмуну
Доцент Абдуррахман Хачкалы
Ажылык деген эмне? Анын кандай хикматтары, артыкчылыктары бар?
Ажылык – бул Кааба жана ал жерде ыйык деп эсептелген белгилүү жерлерди белгиленген убакта усулуна ылайык зыярат кылуу, орундалышы зарыл ибадаттарды аткаруу. Ажылык шариятта «дене менен да, мал мүлк менен да орундалган ибадат» болуп саналат.
Ажылык абдан маанилүү ибадат. Азирети Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам): «Алланын алдында кабылданган ажылыктын акыбети бейиш!» (Муслим, Хаж, 37) деп буюрган.
Ажылык мусулман үчүн жер бетиндеги эң ыйык жердин зыяраты. Ар башка раса, улут, тил жана аймактан келген адамдардын жалгыз Жараткан Алланын алдында бирдей деңгээлде, бирдей кийим менен, кыяматтагы махшар майданындагыдай, бир жерге чогулгандагы ибадаты. Куттуу хадистерде да белгиленгендей, дат баскан темирдин датын кандай кетирсек, ажылык ибадаты да адамды күнөөлөрүнөн ошондой тазалайт.
Ажылык жамаат менен бир жерде орундалган ибадат. Ар жылы мусулмандарды бир жерге топтойт. Биримдикти, ынтымак-ырашкерликти бекемдейт. Адамдар аралык теңдикти эң ийги шекилде көрсөтөт. Кайсы расадан, аймактан болсо болсун, мансабы кандай болсо болсун бардык адамдар бирдей кийим менен бир жерге чогулат. Ажылык мусулмандар үчүн бири-бири менен таанышып, байланыш түзүүлөрү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Ажылык мусулмандардын эң чоң чогулушу. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген мусулмандар ажылыкта бир-бирине жардам берүү, колдоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. Алар тажрыйба алмашат. Карым-катнаш жакшырат. Ошондой эле ажылык ибадаты жалгыз Алланын ыраазылыгы үчүн элге, мекенге, үмөткө деген күйүп жануу сезимин алоолонтот.
Кааба жана анын айланасы коопсуздуктун аймагы. Бул жерде адамга кол көтөрүүгө, акаарат келтирүүгө, кала берсе курт-кумурскаларды өлтүрүүгө, өсүмдүктөргө зыян келтирүүгө болбойт. Ошондуктан бул жерден башкача бир сөзгө чак келбес бейпилдиктин, коопсуздуктун ырахатын татууга болот.
Кааба жер бетинде жалгыз Жаратканга ибадат кылуу үчүн курулган алгачкы имарат. Күнүбүзгө чейин ибадаткана катары ыйыктыгын жоготпой, ар качан Азирети Ибрахим менен уулу Азирети Исмаил пайгамбарлардын рухий демин эскерте келет. Асыресе, акыркы Пайгамбар Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) да ушул жерде дүйнө менен жүз көрүшүп, өмүрүнүн маанилүү бөлүгүн ушул жерде өткөргөн. Мындай ыйык жайга зыярат кылуу инсанга сөзгө сыйбас рухий ырахат тартуулайт, адамды кандайдыр бир башкача рухий ааламга алып учат.
Ак кездеме оронуу менен махшар күнүн эстейбиз. Өз алсыздыгыбызды аңдап, Аллага баш калкалайбыз. Ажылык учурунда ар бир адам Жалгыз Жараткан Алла менен дагы да жакын байланыш курат. Ажылык ибадатын толук орундаган адам күнөөлөрүнөн арылат. Алланын даргөйү Каабага зыяраттан максат Алла Тааланын буйругун аткаруу менен Анын ыраазылыгына, ыраакымына бөлөнүү. Ажылык учурунда кайра-кайра талбия айтуу менен жалгыз Алланын амирине толук моюн сунганыбызды билдиребиз. Шайтанды ташбараңга алуу менен адамдын эң чоң душманы шайтан болгондугун билебиз. Каабага жана Хажары асвадка (Каабанын бурчундагы кара ташка) кол тийгизүү менен дагы бир жолу Аллага ак жолдо жүрүүгө сөз беребиз. Ажылыкка барып келген адам жат кыймыл-аракеттерден, жаман адаттардан, күнөө иштерден оолак болуп, өзүн-өзү теске салышы кажет.
Ажылык кимдерге парз?
Ажылык акыл-эси жайында балагатка жеткен жана ажылыкка барууга күчү жеткен ар бир мусулман үчүн парз.
Куранда мындай буюрулат: «Мүмкүнчүлүгү жеткендерге Алла (ыраазылыгы) үчүн Каабага ажылык кылуу милдети жүктөлдү» (Али Имран, 97)
Мүмкүнчүлүгү жеткен ар бир мусулман баласы үчүн өмүрүндө бир жолу ажылык ибадатын орундоо парз өкүмүндөгү иш. Имам Азам жана Имам Абу Юсуфтун пикиринде, ажылыкка баруу мүмкүнчүлүгүн тапкан адам үчүн ошол жылы ажылыкка баруу парз. Эгер ал ошол жылы эч бир себепсиз эле барбай койсо күнөө кылган болот.
Ажылыкка барууга материалдык мүмкүнчүлүгү бар адамга ажылык ибадатын орундашына тоскоолдук кылган айрым бир себептер да бар. Ушул себептерден улам ажылыкка баралбай калган адам күнөөкөр болуп эсептелбейт. Ажылыкка баруу үчүн төмөнкү шарттар талап кылынат:
- Ден-соолуктун чың болушу: ден-соолугу начар, ажылык ибадатын орундоого күчү жетпеген жанга ажылык парз эмес. Маселен, буга сокур, териси сөөгүнө жабышып калгандай даражадагы ашкере арык адамдар, бул ибадатты орундоого күчү жетпеген карыя адамдар кирет. Мындай адамдар ордуна өкүл жиберип-жибербеши жаатында аалымдардын ортосунда эки ача пикир бар. Абу Ханифа Имам Азам менен Имам Малик мындай адамдарга ден-соолугу болбогондугу үчүн ордуна бирөөнү өкүл катары жиберүүнүн кажети жок дешсе, Имам Азамдын окуучулары Абу Юсуф менен Имам Мухаммед ушул сыяктуу себептерден улам ажылыкка баралбаган адам ордуна бирөөнү өкүл катары ажылыкка жибериши керек дешет.
- Жол коопсуздугу: жол коопсуздугу болбогон адамга ажылыкка баруу парз эмес.
- Тоскоолдуктун болбошу: түрмөдө болуу же чет өлкөгө чыгуу укугунун берилбеши сыяктуу тоскоолдуктар ажылыкка барбай калуу үчүн себеп боло алат.
- Аялдар үчүн буларга кошумча дагы бир шарт бар: жанында күйөөсү же болбосо өзүнө нике түшпөй турган адамдын (бир тууган агасы же иниси ж.б) болушу.
- Ошондой эле күйөөсү менен ажырашкандан кийинки же күйөөсү көз жумгандан кийинки (бойунда болуп-болбогонун тактоо үчүн) белгиленген мөөнөттү күтүп жаткан болсо, ал аял ажылыкка барбоо менен күнөөкөр болбойт.
Бирөөнүн ордуна ажылык ибадатын орундоого болобу?
Ажылык сапарына чыдай албаганчалык даражада картаң адамдардын, айыгып кетүү
ыктымалы жокко эсе адамдардын же ажылыкка барбай көз жумгандардын ордуна ажылык ибадатын орундоого уруксат бар. Бул ажылык «бедел ажылыгы» делет. Парз болгон ажылыктын өкүл дайындоо жолу менен орундалышы үчүн төмөнкү шарттар кажет:
- Ажылык үчүн бирөөнү ордуна өкүл дайындай турган адамга ажылык ибадаты парз болушу кажет.
- Ажылыкка өкүл дайындай турган адам ажылык ибадатын орундай албай турган абалда болушу керек.
- Өкүл катары бара турган адам мусулман, акыл-эси жайында жана балагатка жеткен адам болушу зарыл. Бул жерде өкүл адамдын мындан мурда ажылыкка барып-барбашы анын өкүл болушуна тоскоолдук боло албайт.
- Өкүл адамдын чыгашасы ажылыкка жиберип жаткан адам тарабынан каржыланышы кажет.
- Өкүл ажылык учурунда ажылык ибадатына залалын тийгизе турган, аны жараксыз кыла турган иш-аракеттерден оолак болушу керек.
Ажылыктын мандуптары
Дегеле ибадаттарды мандуптары менен орундоо анын толук кандуу кабылданышына, сообунун берекелүү болушуна себеп болот. Ошондуктан ажылык ибадатынын өзгөчө мынабу мандуптарына көңүл бөлүү керек:
- Ажылыкка маңдай тер, өз эмгек менен табылган адал акча менен баруу
- Чын ыкластан күнөөлөрүнөн улам бушайман болуп, Жаратканга алакан жая кечирим тилөө
- Ажылык сапарына чейин кошуна-колоңу, тууган-туушкандары, айлана-чөйрөсүндөгү адамдар менен адалдашып алуу. Ажыга бара турган адам бирөөгө карыз болсо карызын, бирөөнүн акысын тепсеп алган болсо акысын төлөп бериши керек. Тамаша же акаарат келтирүү менен бирөөнүн көңүлүн түшүргөн болсо, анын ыраазылыгын алышы керек.
- Элкөрсүндөн оолак болуу, Жалгыз Жараткандын гана ыраазылыгын көздөө
- Ажылыкта пайдасыз иштерден алыс болуу
- Ажылык сапарында уруш-талаштан алыс болуу.
Азирети Пайгамбарыбызга (саллаллаху алейхи васаллам) зыярат
Азирети Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын кабыры Медина шаарындагы Набави мечитинде экендиги жалпыга маалым болсо керек. Мусулмандар Пайгамбарыбыздын одүйнө салышынан бери шариятка ылайык ага зыярат кылып келишет. Бул багытта Азирети Пайгамбарыбыздын өзүнүн куттуу хадистери да бар. Хадистеринин биринде Пайгамбарыбыз: «Ким мага мен одүйнө салган соң зыярат кылса, ал мага мен тирүү кезимде зыярат кылгандай болот» (Байхаки, Ахмед б. Ал-Хусайн, ас-Сунанул-Кубра, Хайдарабадуд-Дакан, 1347, V, 245-246) деген. Асыресе, Набави мечити зыярат кылынууга ылайыктуу мечиттердин бири болгондугу, мында окулган намаз дагы да сооптуу, берекелүү болгондугу да куттуу хадистерде айтылат (Бухари, Фазлус-Солати фи масжиди Макка, 5; Муслим, Хаж, 511, 500-502). Мындай хадистерди көз жаздымда калтырбаган аалымдар Азирети Пайгамбарыбыздын кабырына зыярат кылууну эң пазилеттүү мустахаптардан деп эсептешкен.
Мусулмандар Мединада Пайгамбарыбыз маани берген Куба мечити, Ухуд тоосу сыяктуу жерлерге да зыярат кылышат. Мединага баратканда Азирети Пайгамбарыбыздын мечитине жана кабырына зыярат кылуу максатында болушат. Жолдо дуба, зикир жана салават айтып барышат. Мүмкүн болсо жуунуп тазаланып алып Пайгамбарыбыз дүйнөдө жашап жаткандай ага урмат сый менен адеп сактап зыярат кылышат.
Набави мечитине киргенде жамаат менен намаз окулуп жатса, жамаатка кошулуу керек. Эгер намаз окуган жамаат жок болсо, ылайыктуу бир жерге туруп эки ирекет намаз окуу ырас. Андан соң Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) Пайгамбарыбыздын кабыры турган жерге барып, адеп сактоо менен Пайгамбарыбызга салам берүү керек. Андан кийин ошол адеп сактаган калыптан жазбай сыртка чыгуу абзел. Мединада турган чакта беш маал намазды Набави мечитинде окууга аракет кылуу кажет.
Умура
Умура жылдын кайсы бир мезгилинде ихрамга (ак кездеме) оронуп Каабаны таваф кылуу, Сафа менен Марва дөңсөлөрүнүн ортосунда ылдам басуудан соң жуунуп-таранып ихрамдан чыгып толукталган ибадат.
Биздин Имам Азам агымы боюнча, умуранын эки парзы бар: Ихрамга оронуу жана Каабаны айлануу. Мусулман баласы үчүн өмүрүндө бир жолу умура кылуу сүннөт болуп эсептелет.
Ылдам басуу, жуунуп-тарануу (чач, сакал-мурутту алуу) умуранын важибдери. Береги парз-важибдер ажылык ибадатындагыдай таризде орундалат. Ислам дининде умура ибадатын орундоо үчүн атайын белгилүү бир убакыт көрсөтүлгөн эмес. Аны жылдын ар кайсы мезгилинде аткарса болот. Ошону менен катар арапа күнүнөн баштап курман айт майрамынын төртүнчү күнү күн батканга чейин умура кылуу тахриман макирөө иш катары каралат. Себеби бул күндөр ажылык ибадаты белгиленген күндөр болуп эсептелет.