Он биринчи сан

Зина
Мазмуну
Шариятта балакат жашына жеткен жана акыл-эси соо аял менен эркектин никесиз жыныстык катнашта болуусу зина деп аталат. Зина ислам дининде катуу тыюу салынган чоң күнөөлөрдүн ичине кирет. Тактап айтканда, Ислам дининде никенин тышындагы бардык жыныстык катнаштар «зина» болуп эсептелет. Бул ыплас иш жеке эле Ислам дининде гана эмес, башка диндерде да оор күнөө жана жаман адат катары кабылданган.
Куранда «Зинага жакындабагыла, анткени ал эң ыплас, жаман жол» Алла Тала «Зинага жакындабагыла» деген сөз менен адамдарга мынабу эскертүүлөрдү билдирет: «зинага жол ачкан бардык кыймыл-аракеттерден жана себептерден алыс болгула, бирөөнүн жубайына көз салбагыла, алар менен зинага жол ача турган мамиле курбагыла, аларга «жыныстык көз» менен карабагыла».
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) зина боюнча мындай деген:
«Кимде-ким зина кылса, андан ыйман качат».
«Ар дайым зина кылган адам бутка сыйынган адам сымал».
«Зина кылбагыла, арийне, зинадан кийин эки жубайдын ортосундагы жагымдуулук, кумардуулук жана сүйүү качат».
Зина – үй-бүлөлүк бактылуукту бузган, муунду булгаган, туугандар, коңшу-колоңдор жана достор арасындагы жылуу мамилелерди талкалаган, дегеле коом ичиндеги руханий тартипти, уят-сыйытты жокко чыгарган ыплас иш. Учурда айрым жаштарыбыз окуучу кездеринен баштап, никесиз жыныстык катнашка кирип, зинаны кадимки коомдук көрүнүш катары колдоно башташты. Мындай терс көрүнүш батыш өлкөлөрүнөн агылып келүүдө. Анткени алар мусулман болбогондуктан мындай ыплас нерселерди кадимки адат катары колдонушат. Ал эми биздин чала-була ыйман тарбиясын алган мусулман жаштарыбыз бул соккуга туруштук бере албай жатышат. Баса белгилеп айта кетүүчү нерсе, учурдагы жаштарыбыз зина кылышпаса да, зинага алып баруучу жолдорду кескин түрдө көбөйтө башташты. Тагыраак айтканда, азыркы кыз-келиндер делебени козгогон, напсини ала качкан кийимдерди кийип калышты. Мындай кийинген кыздарды көргөн жигиттин ою сөзсүз түрдө бузулат.
Ислам дининде үй-бүлөнү туруктуу абалда коргоо жана жаш жеткинчек муундарды адептүү жана ыймандуу кылып өстүрүү эң негизги милдеттердин бири. Жаш муундарды адептүү жана ыймандуу кылып тарбиялоо, үй-бүлөдөгү мамилелердин туруктуулугу аркылуу ишке ашат. Ошондуктан жаш муундар кароосуз калбашы жана үй-бүлөдөгү кармашкан колдор үзүлбөшү үчүн ислам дини зинага тыюу салган. Кудайдан корккон ыймандуу адам мындай ыплас ишке эч качан кадам таштабайт.
Зинанын залакасы:
Зина кылган адам бул жалган дүйнөдө үч зыянга учурайт:
- Ырыскысы кемийт;
- Өмүрү кыскарат;
- Жүзүнөн нур качат.
Ал эми акыр-кыяматта болсо:
- Алланын каарына калат. Хадисте мындайча айтылат: «Зина кылган адамдын жүзү тозокто алоолонгон отко күйөт.»
- Сурагы өтө оор болот. Алла Таала Муса пайгамбарга мындай деген: «Зина кылган адамга кийгизиле турган оттон токулган көйнөктү тоого ыргытсаң, тоо күл болуп калмак».
- Тозокко түшөт. Зина кылып, бирок тообо кылбастан жан берген адамдын акыреттеги абалы өтө оор. Атүгүл, тозоктогулардын да тынчын алат. Пайгамбарыбыз мындай деген: «Калетсиз, жети кабат асман жана жети кабат жер зина кылган адамга наалат айтат. Алардын жыныстык мүчөлөрүнөн чыккан жагымсыз жыт тозоктогулардын да тынчын алат».
Эркектерде зинанын алдын алуу
«(Эй, Мухаммад!) Момундарга айткын: «Ар кайсы аялдарды карай берүүдөн көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин зина кылуудан сактасын. Бул – алардын өздөрү үчүн абдан жакшы. Чындыгында, Алла эмне жасагандарынан Кабардар!» (Нур 24/30-31)
Аял жана эркектерде зинанын алдын алуунун негизги жолу жогорудагы аятта даана айтылып өткөн. Аял менен эркектин ортосундагы мамилелерде «көз» абдан маанилүү. Ошондуктан Алла Таала береги аятта: «Ар кайсы аялдарды карай берүүдөн көздөрүн сакташсын», тактап айтканда, «Аларга жыныстык көз-караш менен карашпасын! Абийирдүү жана бактылуу үй-бүлө курууну каалагандар зинадан алыс болсун!» деген эскертүүнү берип жатат. «Абийириңерди сактап (зина кылбай), бузуктук кылбай өз каражатыңар менен үйлөнүүңөр адал» (Ниса 4/24).
Куран абийирин сактаган эркектерге Аз. Жусупту үлгү катары көрсөткөн. Зулайка аттуу күйөсү бар сулуу келин Аз. Жусупту сүйүп, аны түркүн жолдор менен азгырган. Бирок Алладан корккон Аз. Жусуп бул тузактарга түшкөн эмес (Караңыз: Куран, Жусуп сүрөсү, 12/18-35).
Аял кишилерде зинанын алдын алуу
«Момун аялдарга айт: «(Ар кайсыл эркектерди кароодон) көздөрүн сакташсын жана уяттуу жерлерин (зина кылуудан) сакташсын. Башка эркектерге сулуулуктарын көрсөтпөсүн, көрүнүп тургандан башкасын (бети, колу, бутунун томуктан ылдый жагы). Жоолуктарын көкүрөктөрүнө чейин жаба салышсын» (Нур, 24/31)
Аял кишилер дагы эркектерге «жыныстык көз менен» карабашы, абийирин жана намысын таза сакташы, аврат (шарият боюнча уяттуу) жерлерин жашырып жүрүшү керек. Учурда канчалаган жаш кыз-келиндер уяттуу жерлерин жашырбай калган кези. Бөтөнчө шаар жергесиндеги жаштар денесине жабышкан, тактап айтканда, дене мүчөсүн толук көрсөткөн кийимдерди кийип калышты. Албетте, мындай бузуку кийимдер адамдардын оюн гана бузбастан ошол жаман ишти аткарганга чейин алып барат. Ошондуктан Ислам дини аялдардын жоолук салынып, (хиджаб) уяттуу жерлерин жашырып жүрүүсүн буйрук кылган. Азыркы жаш кыздар өздөрүн абдан жарашыктуу кийинип жүрөбүз деп санашат. Бирок аларга көз салган эркектер андай деп ойлошпойт, тескерисинче, оюна зина кылуу келет. Зинанын кесепетинен жыныстык жугуштуу оорулар жана боюнан алдыруулар көбөйүүдө, канчалаган наристелер жетим калууда, үй-бүлөлөр бузулууда, кыз-келиндердин намысы тепселүүдө.
Макаланын аягында мынабу хадисти айта кетүүнү туура көрдүм:
Күндөрдүн биринде бир жаш жигит Пайгамбарыбыздын жанына келип:
- Оо, Алланын Элчиси! Өзүмдү кармай албай калам окшойт. Мага зина кылууга уруксат бер, - деп суранат. Пайгамбарыбызды тегеректеп турган сахабалардын өңдөрү бузулуп, баланын айткан сөздөрүнө ачуулана башташат. Айрымдары ордунан тура калып урмакчы болгондо Пайгамбарыбыз колун көтөрүп токтотуп калат. Дуулдаган сахабаларды тынчытып, жигитти жанына отургузуп:
- Мындай нерсе сенин өз энең менен болушун калаар белең?, - деп сурайт.
- Ата-энем курман сага, оо, Алланын Элчиси! Албетте, мындай нерсени эч бир адам каалабайт.
- Жарайт. Сенин кызың бар дейли. Ага да ушундай нерсенин кылынышын каалар белең?
- Жаным курман сага, оо, Алланын Элчиси! Жараткан анын бетин ары кылсын! Мындай нерсени кааламак турсун оюма алгым келбейт.
- Албетте, эч ким мындай ыплас нерсени каалабайт. Сенин таежең же эжекең зина кылышын каалайсыңбы?
- Жок! Оо, Алланын Элчиси!
- Башка бир адам сенин карындашың менен зина кылуусун каалайсыңбы?
- Кудай сактасын!
- Эч бир адам кызынын, карындашынын, таежесинин зина кылуусун каалабайт, - деп жаш жигитке минтип дуба кылды: «Оо, Жараткан Алла! Бул жигиттин күнөөлөрүн кечире көр! Жүрөгүн тазалап, абийирин таза тута көр!»