Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

«Адам болуу – ыймандан» (поэма)

Мазмуну

Кимсанбай ажы Абдыразак уулу

(башы өткөн санда...)

Азирети Мухаммед,
Айтып кеткен осуят.
Кытайга барып болсо да,
«Илим ал» деген насыят.
Ыйман үндөйт илимге,
Изденип көп билүүгө.
Илимдүүнүн көзү ачык,
Билбегенди билүүдө.

Ким издесе ыйманды,
Ошол табат Кудайды.
Динге буруп көңүлүн,
Өздөштүрөт исламды.
Ар мусулман пендеге,
Көз жумулуп баратса,
Тез чакырышып молдону,
Айттырышат ыйманды.

Ыйман деген чынында,
Улуу адамгерчилик.
Айкөл мүнөз жайдары,
Адилет, калыс, теңчилик.
Өзгөлөрдү жат дебей,
Өөдөсүнүп пас дебей,
Бирдей көрөт баарысын,
Бир туушкан эмедей.

Туулган жер, эл үчүн,
Арнаган намыс, өмүрүн.
Бакубат жакшы жашоого,
Астейдил бурган көңүлүн.
Жакшылык ишке үндөгөн,
Жагымсыз жолго жүрбөгөн,
Жарандар өссүн дүркүрөп,
Кыргыз деп жанын үрөгөн!
Барга, жокко бек чыдап,
Жасай билген канагат.
Бир туугандай боордош,
Момундарды сыйлашат.
Карым катнаш арттырып,
Досчулукту чыңдашат.
Жардыларга кам көрүү,
Ыймандууга жакшы адат.

Урмат кылып бүлөсүн,
Кечире билген күнөөсүн.
Ынтымактуу жубайлар,
Ыймандуу келет ал өзү.
Өстүрүп уул-кыздарын,
Алардын көрөт урматын.
Ата-эне болсо ыймандуу,
Балдары табат ыйманды.

Адамдык ыйык сапатты,
Аныктоочу ыйманың.
Бак-дөөлөттүн жолуна,
Багыттоочу ыйманың.
Эсиңде болсун агайын,
Ыймандуулар дүйнөнүн.
Кыдыр баба жылоолоп,
Көрүп өтөт жыргалын.

Ыйман табаар бир жайың,
Улуу-кичүү ук баарың.
Ата-энени пир тутуп,
Айныксыз жаса кызматын.
Керектүүсүн белендеп,
Тиригинде сыйлагын.
Кыянат сүйлөп ороңдоп,
Асти капа кылбагын.

Ата-энени сыйлаган,
Алладан алат ыракмат.
Батасы тийип атанын,
Жашоодо көрөт ырахат.
Ата-энени сыйласаң,
Сый көрөсүн баладан.
Алла да болуп ыраазы,
Ар качан сактайт балаадан.

Ата-энени сыйлабас,
Калып кетет назардан.
Жакшылык көрбөй турмушта,
Кордукту көрөт ал наадан.
Ата каргышы ок болот,
Абайла жаштар абайла!
Акыл-эсти токтотуп,
Атаңдан алгын ак бата!

Бүткөн бойду сактайлы,
Кесирлүү жаман арамдан.
Айкөл мүнөз Манастай,
Адамзатка жарашкан.
Адилеттүү ак ниет,
Таза жүрүм-турумуң.
Бажоо жашоо турмушуң.
Ыймандуулук мына ушул!

Адеп-ахлак жагына,
Көңүл бургун айрыкча.
Адам болом дегенге,
Мына ушул асыл тарбия!
Адептүүлүк адамды,
Кадыр-баркка жеткирет.
Илим-билим аркалап,
Келечекке жүткүнтөт.

Улууларды урматтап,
Кичүүлөрдү сыйлайлы.
Насаат сөзү карынын,
Акылга болот уютку!
Кайыр кыл жетим, жесирге,
Тиригиңде көзүңдүн!
Көтөрүлүп көп сүйлөп,
Боло көрбө өзүмчүл!

Берешен болгун жашоодо,
Ажаатын ачып бирөөнүн.
Ошондо кудай кечирет,
Байкабай кылган күнөөнү.
Бакылдактан алыс бол,
Ошонун өзү жаман жол.
Бакылга «бейиш» эшиги,
Билишпейт жабык экенин.

Көп уктаган жарашпайт,
Көптү билген адашпайт.
Эрте туруп жүз чайкап,
Тообо кылып келме айтып,
Тилек кылсаң кудайдан,
Максатыңа жетесиң.
Ожалып ниетиң оңолуп,
Ооматың артат ыймандан!

Башына