Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

XII кылымдын адеп-ахлак жана насаат чырагы – Атабетул хакаик

Мазмуну

Ислам дининен таасирленген түрк тилдеринин адабиятында «Кут алуучу билим» аттуу эмгектен кийинки эле «Атабетул хакаик» кагаз бетине түшүрүлгөн эң эски чыгарма. Бул эмгек кайсы жерде жана качан жазылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Азыркы күндө Югнаки шаарынын орду билинбесе да, анын Ташкент тарапта жайгашкандыгы жана тубаса азиз болгон Эдиб Ахмад Югнаки тарабынан жазылгандыгы тууралуу ойлор айтылган.

Атабетул хакаикти алгачкы жолу илим чөйрөсүнө 1906-жылы Нежиб Асым таанытуу менен бирге 1918-жылы китеп кылып бастырган. Ошондой эле Самарканд жана Стамбул шаарларынан басылып чыккан нускаларын салыштыруунун негизинде бир макала жазган. Атабетул хакаиктин үч толук жана бир толук эмес нускасы табылган. Биринчи нускасы уйгур, экинчи нускасы уйгур жана араб, ал эми үчүнчү нускасы араб тамгасы менен жазылган. Анын артынан    Ф. Көпрүлү, В. Радлов, J. Deny, T. Kowflski өңдүү түркологдор да изилдешкен. Топтолгон бардык нускаларды Решит Рахмети Арат изилдеп, 1951-жылы Стамбулда китеп кылып бастырган.

Бул чыгарма 14 бөлүм, 101 куплеттен турат. Диний жана адеп-ахлак негиздерин коомго жеткизүү үчүн көп жерде аят-хадистер менен тасттыкталган пикирлер карапайым элге жете турган жөнөкөй тилде жазылган. Бул эмгектеги аят-хадистердин которулушу келечекте Куран жана хадистердин которулушуна салым кошкон.

Бул эмгекте төмөнкү темалар каралган:

  1. Кудайды даңктоо;

Ал тирүүлөрдүн жанын алгандай эле өлүктөргө жан берет,
Көрө турганыңды жакшы бил.
Ал кудурет ээси улуу Теңир,
Өлүүлөрдү тирилтүү ага жеңил.

  1. Пайгамбарды даңктоо;

Алла элчилери аппак бир жүз болсо ал жүздүн көзү болот.
Алар беттин жаактары болсо, ал беттеги мең болот.

  1. Төрт сахаба жөнүндө;

Атик, Фарук, үчүнчүсү Зиннурайин
Төртүнчүсү жигит эр Али
Ким бул төрт дос тууралуу жаман ойлосо
Ага миң ирет наалат айтам.

  1. Амир Мухаммед Дад Испехсалар тууралуу;

Ал кайраттуулукта Умарга жетсе,
Жоомарттыкта Усманга тете.

  1. Китеби тууралуу;

Көргөн жана окуган пайдалансын деп,
Китепти учкул сөздөр менен толтурдум.

  1. Билимдин пайдасы жана билимсиздиктин зыяны тууралуу;

Инсан илими менен таанылат,
Илимсиз адам тирүүлөй өлүк саналат.
Билимдүү адам өлсө да аты калат,
Билимсиз адам тирүү болсо да аты өлүк калат.

  1. Тилдин сакталышы тууралуу;

Тилиңе ээ бол, сөздү узатпа,
Тил сакталса өзүндү сактайсың.
Расул: «Инсанды отко тарткан – тил» деген,
Тилиңе ээ болсоң, жүзүңдү оттон сактайсың.

  1. Дүйнөнүн өз орунда турбагандыгы тууралуу;

Бул дүйнөнүн лаззаты түбөлүктүү эмес,
Ал татым жел сыяктуу учуп кетет.
Жаш картайат жана жаңы эскирет,
Күчтүү алсырайт, күчү кетет.

  1. Жоомарттык жана сараңдык жөнүндө;

Бардык тилдер жоомарт адамды макташат,
Жоомарттык бардык кемчиликтерди тазалайт.
Ач көздүү сараңдын көңүлү тойбойт,
Ал мүлктүн кулу жана андан баш тарталбайт.

  1. Кичипейилдик жана менменсинүү тууралуу;

Менменсинүү бардык тилдерде жаман адат,
Жакшы адат кичипейилдикте жатат.

  1. Ачкөздүк тууралуу;

Ачкөздүктүн дүйнөдөн тойгону болбойт,
Ээси картайса да, ачкөздүк картайып койбойт.

  1. Жоомарттык, аккөңүлдүк жана башка жакшылыктар тууралуу;

Мусулмандарга карата мээрим жана боорукердикти төгө бил,
Өзүңө каалаган нерсени мусулман үчүн да тилегенди бил.
Жомарттык имарат болсо аккөңүлдүк анын негизи,
Аккөңүлдүк бакча болсо жоомарттык анын кызыл гүлү.

  1. Замандын бузулушу тууралуу;

Уялуу жоголду, издесең да жытын таппайсың,
Адал жеген кайда денеси да табылбас.
Бүгүн адалдын өзү кайсы жерде,
Ким арам жегенде арам деген.

  1. Автор тууралуу;

Китепти бөлүмдөр менен жаздым,
Тил окуса бал жегенге барабар.
Ким бул сөздү башкалардыкы менен салыштырса,
Чындыкты жалган менен салыштырган болот.
Эй менден кийин келген,
Муну окусаң, мени дубаңда унутпа.
Сени дагы мага дуба кылсын деп,
Бул жылуу сөздөрдү сага белек кылдым.
Эдиб Ахмад Югнаки тууралуу белгисиз автор төмөнкү ыр саптарын жазган:
Эдиб тубаса азиз эле,
Сөзүн он төрт бапта аяктаган.
Алтын жүктөлгөн пил болсо да,
Бул сөз, ага татыктуу болот.

Эдиб Ахмад Юкнакинин чыгармасы эл назарына ылайыктуу, жеңил, чакан болуусу менен бирге адеп-ахлак, кеңеш-насааттарын өзү басып өткөн турмуш тажрыйбасынан алган. Биз анын өз элине гана эле эмес, башка элдер үчүн да жүрөгү ооругандыгын эмгегинде ачык айкын көрө алабыз. Ал ошол доордогу адашкандардын жарыкка чыгарган чырагы, таянган асасы десек жаңылышпаспыз. Бул эмгектин азыркы учурда гана эмес келечекте да коомдун адеп-ахлагына өз таасирин тийгизе тургандыгына тарых кепилдик бере алат.

Башына