Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Талак

Мазмуну

Маралбек Назарбеков

Ажырашуунун залакалары

Ажырашуу азыркы мезгилдеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Бир гана үй-бүлөгө эмес, мамлекетке, ал тургай дүйнө коомчулугуна да өз таасирин тийгизет. Мамлекетти чыңдоо, өнүктүрүү үй-бүлөдөн башталат. Анткени үй-бүлө кичинекей мамлекет,  кичине бир коом болуп эсептелет. Ошондуктан мамлекетибиздин алга жылуусу үчүн биринчи кезекте ажырашууну азайтуу зарыл. Албетте, ажырашуу болбой койбойт. Бирок, эч кандай олуттуу себеби жок туруп эле ажырашкан үй-бүлөлөр да жок эмес. Башкача  айтканда, кичине эле талаш-тартыштын айынан ажырашып кетип жатышат.

Ооба, үй-бүлөдө талаш-тартыштар чыкпай койбойт. Ошол чыккан талаш-тартыштарга сабырдуулук менен жооп берүү керек. Себеби, сабырдуулук көптөгөн жамандыктардын, жеңил ойлуулуктардын жана арты өкүнүч менен бүткөн ар кандай окуялардын алдын алат.

Үй бүлөдө ар дайым бактылуулуктун, тынчтыктын өкүм сүрүп туруусу үчүн эркек менен аял өздөрүнүн милдеттерин жакшы билиши зарыл. Жубайлар кыйын күндөрдө бири-бирине жөлөк болушу керек. Куштун эки канаты сыңары аял менен эркек бири-бирин толуктап турат,  б.а. жубайлардын бири оңду, экинчиси солду карай бет алса, анда ал үй-бүлөнүн келечеги караңгы. Жубайлардын экөө тең бири-бирин түшүнүүгө аракет кылып, ортодогу ынтымакты, сүйүүнү ыйык тутуп, бир багытка бет алышса, анда ал үй-бүлөнүн келечегинен көптү үмүттөнүүгө болот.

Азыркы учурда Кыргызстанда ажырашуулардын саны күн санап өсүүдө. Алардын көпчүлүк бөлүгүн орчундуу себеби болбой туруп ажырашкандар түзүп жатат. Көптөгөн үй бүлөлөрдүн мындай ыдырашы элибиздин, улутубуздун келечегине чабылып жаткан балта десек да болот.
Учурдагы абалга көз жүгүртө турган болсок, ажырашуу маселесине көпчүлүгү маани беришпейт. Демек, азыркы эркектер аялзатынын кадырын керектүү деңгээлде биле беришпейт. Болбосо, бир баланы чоңойтуу үчүн эне канчалаган түйшүктөрдү баштан кечирет. Ал эми жалгыз калган эне үчүн бул түйшүк эки эсе артат. Ошондой эле, бүгүн алардын бирөөгө кылган мамилеси эртең эле анын  эжесинин, карындашынын же кызынын  башына келерин этибарга алышпайт.

“Динибиз эмне үчүн ажырашууга уруксат берген?” дешибиз мүмкүн. Динибиздин ажырашууга уруксат бергендигинин ар түрдүү жүйөөлүү себептери бар. Ислам дини ар кандай муктаждыктарга жооп берген дин. Эгерде жубайлар такыр бири-бирин түшүнбөй, бир-биринен көңүлү сууп, жашоого мүмкүн болбой калса, ал үй-бүлөнүн келечеги жок. Мындай абалда жубайлар кантип бейкуттукта жашай алышмак эле. Ошондуктан динибиз ажырашууга уруксат берген. Бирок, эч кандай жүйөөлүү себеп жок эле үй-бүлөнү бузууга эч кимдин акысы жок. Үй-бүлөнү бузуу - балдардын келечегин бузган менен барабар. Ошондуктан Алла Тааланын адал иштердин ичине киргизген, бирок жактырбаган нерсеси - ажырашуу болуп эептелет. Бул сөзүбүзгө Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) төмөнкү хадиси далил боло алат: “Мыйзам ченемдүү (адал иш) болгонуна карабастан, Алланын алдындагы эң жагымсыз болгон нерсе - ажырашуу.”

Мына урматтуу окурман! Ажырашуу маселелери жөнөкөй нерсе эмес. Эркек адам аялына талактын маанисин ташыган сөздөрдү көп айта бербеши керек. Ошону менен бирге үй-бүлөнүн ичиндеги ар кандай нерселерге сабырдуу болуп, бактылуу үй-бүлө курууга аракет жасашы керек. Анткени, үй бүлө коомдун кичине бөлүгү. Коомдун жакшы болушу үй бүлөдөн башталат. Дарактын тамыры канчалык терең болсо, жалбырагы да ошончолук жашыл жана кооз болот.

Башына