Он биринчи сан

ХУТБА ДЕГЕН ЭМНЕ ?
Мазмуну
Мамбетасан ИБРАЕВ
Жума намазынын парзынан мурда имамдардын минбарга чыгып жамаатка кайрылуулары хутба деп айтылат. Хутбанын негизги максаты – Аллахты эстөө. Хутба, Аллахка шүгүр келтирүү менен башталып, мусулмандарга, күнүмдүк окуяларга тиешелүү дин өкүмдөрүн билдирүү үчүн эң чоң мүмкүнчүлүктү камсыз кылат. Мусулмандардын майрамы деп эсептелген күн Жума күнү. Ушундай майрам күнү имамдын да маанилүү нерселерди сүйлөөсү талап кылынат. Элдин маанайын бузган сөздөрдүн, кыйкырык-бакырыктардын жамаатка эч пайдасы жок экенин бардыгы эле жакшы билет.
Күндүн кыйынчылыгын, жумуштун оордугун унутуп, биразга болсо дагы эс алуу, Аллахтын ыраазычылыгына ээ болуу максаты менен мечитке келген мусулмандарга жакшы, жылуу сөздөрдү тартуулоо – бул имамдын милдети эмеспи? Ишин таштап, керек болсо, тамактанганга да убакыт таба албастан, мечитке келген Аллахтын досуна кыйкырып-бакыруу, ыңгайсыз сөздөрдү айтуу - туура ишпи? Меймандарды, жумшак тил жана жылмаюу менен кош келиңиз деп тосуп алуу керек экенин билгендердин мечитке келген адамдардан мындай мамилени айоосу жакшы нерсеби?
Ар бир адам жумшак тилди, жылмаюуну күтөт. Имам жамааттан кандай мамиле күтсө, жамаат да имамдан ошондой мамиле күтүүгө акылуу.Ошондуктан, мечитке келген жамаатка жылуу, рухун канааттандыра турган сөздөрдү айтууга мажбурбуз. Мечитке келүү ниматына ээ болгон адамдардын, жумасына бир жолу келсе да, колдорун өбүүгө татыктуу экендерин унутпайлы. Ойлоп көрөлү, ушунча адамдын ичинен, биздин алдыбыздагы жамааттын ар бири:
1- Ишенген, ыйман келтирген;
2- Мечитке намазга келген;
3- Бизди угууга ыраазы болгон адамдар.
Бул өзгөчөлүктөр, жамаатка кандай мамиле кылуубуз жана кандай сүйлөөбүз керек экенин билдирет. Аларды тажатпастан, уктатпастан жана улам-улам саатты каратпастан, хутба угузуубуз керек. Сөздүн азы таасирдүүрөөк болот. Сөз – дары сыяктуу. «Көп сүйлөбө, тоготпос болот. Көп урба, уятсыз болот.» деп туура айтышкан.
Эң жакшы хатип, эң таасирдүү сүйлөгөн сүйүктүү Пайгамбарыбыз (сав) дын хутбаларын карап көрсөк, кыска жана маанилүү экенин көрөбүз. Пайгамбарыбыздын (сав) хутбаларынан бир мисал:
«Эй, адамдар! Бизге, дүйнөдө өлүм бизден башкаларга жазылган, акыйкат-укук, Кудайдын буйруктары жана тыюу салган нерселери башкаларга парз кылынган, акырет жолчулугуна узатып жаткан маркумдар кыска бир убакыттын ичинде кайра келишет сыяктуу сезилет. Өлгөндөрдү кабырларына коёбуз, мурастарын жейбиз жана алардан кийин биз бул дүйнөдө түбөлүк кала тургандай ойлойбуз. Бардык бул сабак берүүчү мисалдарды унутуп, жандарыбызга жана малдарыбызга келе турган балакеттерди ойлобойбуз. Өзүнүн ката жана кемчиликтери менен алек болуудан улам башкалардын каталарын көрүүгө мүмкүнчүлүк таппагандар кандай бактылуу. Адал жол жана өзүнүн ак эмгеги менен тапкан малын Аллах жолунда садака кылып бергендер, илим ээлери менен бирге болгондор кандай бактылуу. Дүнүйөнүн алдамчы жүзүн четке кагып, муктаждык ичинде жашаган жана бул абалына сабыр кылгандар кандай бактылуу! Адеп-ахлагы таза, көңүлү, жүрөгү таза, адамдарга жамандык кылуудан сактангандарга сүйүнчүлөр бар. Байлыгынын ашыгын жетим-жесирлерге садака кылгандарга, берген сөзүндө тургандарга, Аллахтын пайгамбарынын сүннөтүн бекем карманып, бидаттардан алыс тургандарга сүйүнчүлөр бар!»
Аллахтын элчисинин (сав) хутбасы ушунчалык эле. Анын артынан келген халифалар да бул өлчөмдү карманышкан. Көп сүйлөшчү эмес.
Аз. Абу Бакрдын, халифа болгондон кийин окуган хутбасын карап көрөлү:
«Эй, адамдар! Силердин араңарда эң жакшыңар жана татыктуу болбогонума карабастан, силерге халифа жана башкаруучу болуп тандалдым. Мени туура жолдо көрсөңөр жардамчы болгула. Туура эмес, адашкан жолдо көрсөңөр, оңдогула. Аллахка баш ийген болсом, силер да мага баш ийгиле. Эгер Аллахка баш көтөргөн болсом, мага баш ийүүгө мажбур эмессиңер.
Көңүл бургула! Мен үчүн силердин эң күчтүүңөр - зулумга учураган алсызыңар. Анткени, мен анын акысын заалымдан алып, өзүнө берем. Эң алсызыңар да – заалым болсо да, өзүн күчтүүмүн деп ойлогонуңар. Анткени, мазлумдун (зулум көргөн) акысын андан алам. Бул сөзүмдү айтып, өзүм жана силер үчүн Аллахтан кечирим сурайм.»
Көргөнүңүздөй эле, бардыгы кыска жана нуска... Башка имамдарга да муну өлчөм кылууларын сунуш кылабыз.
Хутба кандай окулат?
Түрк акындарынан бирөөнүн төмөндөгүдөй жакшы сөзү бар: «Жол билбегендигибизден улам жете албайбыз.» Максатыбызга жете албагандыгыбыздын себеби – ыкма, жол (метод) билбешибиз же методсуз иш кылышыбыз. Жылдар бою мечиттерде жамаатка дин түшүнүгү берилбей жатса, мунун себебин жамаатта эмес, биздин хутба окуу жолдорун билбешибизде издейли. Каталуу экенин мойнуна албагандардын башында да, тилекке каршы, дин адамдары бар. Көбүнчөсү: «Эң жакшы сабакты мен өтөм... Эң жакшы хутбаны мен окуйм... Намазды эң жакшы мен окутам...» сыяктуу ойлору болгон адам эмнени кабыл алып, кайсы эскертүүнү угат эле? Өзүн абдан тажрыйбалуу, бардык жактан толук деп эсептеген имам башкалардын кайсы кеңешине кулак салмак эле? Толтура чынынын үстүнө суу куйулабы? Өзүн жетишкен, бардыгын билген, бардык ишти жакшы жасаган катары эсептеген адам кантип сабак алат?
Сенден да жакшыраак бирөө бар экени эч качан унутулбашы керек.
Мисалы, Хз. Муса (ас) пайгамбар эле, көп нерсе билчү. Бирок, ага карабастан Хызыр (ас) дан хикмат илимин үйрөндү. Адам канчалык көп билсе да, баары бир, билбеген көп нерсеси бар. Билгенине салыштырмалуу, билбегени көп болот. Тажрыйбалуу болуу да башка нерсе. Окуп-үйрөнүү менен адам тажрыйба ээси боло албайт. Көптү көргөн улуу заттарды угуу, тажрыйбалуу адамдарды көрүү менен үйрөнүлөт. Тажрыйбага ээ болмоюн илим, максатына жеткен болуп эсептелбейт. Хатиптик да, илим менен бирге жашоону, билим менен бирге тажрыйбаны талап кылган кесип. Динде, жамааттын түшүнүгү боюнча, хатип дайыма жогорку даражадагы киши болуп саналат. Мечиттерде минбардын жогору жакта болуусу хатиптин даражасы жогору экенин көрсөтөт. Бирок, бул нерсе хатипти бой көтөрүүгө алып барбашы, тескерисинче, дагы жакшы даярданганга себеп болушу керек. Ансыз деле, хутба дубасынын жетинчи сабында ушул жөнүндө айтылат эмеспи?
Жогору жактагы хатип элдин бардыгынын көңүлдөрүн өзүнө бурат. Ушундай даражада болуунун да өтө чоң жоопкерчилиги бар. Ал даражага татыктуу болуу, жамаатка эң жакшы үгүт-насаатты айтуу – хатиптин эң негизги максаты болушу керек. Ал жер, адабият айта турган, көп сөз сүйлөнө турган сахна эмес. Ал жерде «Хутба окумуш болуп коюу» да даражага урматсыздык болуп саналат. Ал ыйык жерде, ошол берекелүү саатты абдан жакшы колдонуу керек. Хутбада максат – жакшы сүйлөө эмес, таасирдүү сүйлөө, адамдардын көңүлдөрүнө кайрыла билүү. Эсте калгыдай абалда диндин буйруктарын жакшы түшүндүрүү, жамаатты периштелердин даражасына чыгарууга аракеттенүү.
Хатиптерибизге айта турган бир нече сунуштарыбыз:
- Минбарды сөзсүз мурдатан даярдаңыз.
Пардасын тартып, микрофонун сүйлөөгө даяр кылыңыз.
Хутбаны баштап жатканда үндү, микрофонду текшерүү же тепкичтерден чыгып бара жатканда парданы түздөө, жамааттын көңүлүн буруп, жоготууга себеп болот. Ал жерде кылынган ар бир ишти жамаат жакшы карап турат. Тепкичтерден чыгууңуз, дубада колдоруңузду ачууңуз, кыскасы, бардык кыймылыңыз менен жамааттын көңүлүн өзүңүзгө топтоңуз. Басып, отуруп-турганда оор басырыктуу болуңуз.
2- Кийимиңиз тыкан болсун.
Чалмаңыз туура оролгон, жуббаңыз таза болсун, элдин көңүлүнө жага турган көйнөгүңүз болушу керек. Сөзсүз ак байпак кийиңиз. Атыр сүрүнүүнүн да сүннөт экенин унутпаңыз.
- Хутба окууну жай үн менен баштаңыз.
Окуй турган жазууңузду мурдатан бир нече жолу окушуңуз жана окуу эрежелерин аткарышыңыз керек. Болбосо, хутба китеби дайыма минбарда туруусу, жума күндөрү эле колго алынуусу, хатиптин ал ишке маани бербегендигинин белгиси.
Теманы билбей туруп окуу же түшүндүрүү мүмкүн эмес. Пайгамбарыбыз (сав) мындай деп айткан:
«Бул үч жакшы сыпатка ээ болбостон, бирөөнүн жакшылыкты буйуруусу жана жамандыкты эскертүүсү туура эмес:
а) түшүндүргөн нерселерин жумшак жана түшүнүктүү тил менен айтуу жана жакшы мамиле кылуу.
б) айткан, тыйган нерсесин өзү билүү.
в) тыйган нерселеринде орто жолду кармануу жана адилеттү болуу.»
Демек, хатип теманы жакшы түшүнүүсү керек. Теманы оку, түшүндүрүп жатканда да жумшак, таттуу тилдүү болушу керек.
Кабакты бүркөп, бетти мостойтуп алып хутба окулбайт. Хатип забани (тозок периштеси) эмес да. Хатип – бул адамдардын көңүлүнө, жүрөгүнө кирүүнү билген адам.
Жамаатты сабачуудай болуп, кекетип-мокотуп окулган хутбанын кандай пайдасы болмок эле? Адамдарга Аллах ушундай сүйдүрүлөбү, дин ушундай таанытылабы?
Аз. Умар мындай дейт:
«Адамдарга Аллахты жаман көрсөтпө! Адамдарды, Аллахынан кача турган абалга алып келбе!»
- Окуганыңызга абдан көңүл буруңуз.
Жөнөкөй жана түз тил менен түшүндүрүңүз. Интонацияны туура кылыңыз. Хутба – бул кайрылуу. Сөздөр бир бирден, ачык окулушу керек. Эсте кала тургандай, аалымдын да, аалым эместин да түшүнө турганындай түшүндүрүлүшү керек. Кээ бирөөлөрдүн кылган каталарын кылбоо керек:
«- Жакшы уккула! Баса белгилеп айтып жатам!..» сыяктуу ыңгайсыз сөздөр ал улуу даражага эч жарашпайт. Ал жерде ат айтылбайт. Эгер хатип, кагазды карабай эле түшүнүрүп жатса, анда сүйлөмдөрүнө көңүл бурушу керек. Хадистердин риваятчыларын өтө узатып айтуунун деле кереги жок. Риваятчысы сенде эле калсын, булагы сага керек. Жамаатка болсо кайсы жагы керек болсо, ошону айтасың.
Мисалы, жаназа намазындагыдай:
«Намаз Аллах үчүн, дуба өлгөн адам үчүн, салат-салам Пайгамбарлар үчүн» деп айтуунун эч кереги жок. Аны жөн эле билип коюу керек, имам билип коюшу керек, жамаат эмес. Болбосо, жамаат: «Намаз Аллах үчүн, салават пайгамбарлар үчүн, дуба өлгөндөр үчүн болсо, менин бул жерде эмне ишим бар?..» деп ойлоп калбайбы?
Булар керексиз нерселер. Сен жамаатка эмнени бере турган болсоң, ошону бер. Негизги пикириң эмне болсо, ошону берүүгө аракет кыл. Минбар - өтө узатып, маалымат берүүчү жер эмес. Аллахтын катын окуу жери. Сен кыска, нуска сүйлө. «Бир окуду, бирок, шумдук окуду» болсун. Бир жума бою ошол хутба сүйлөшүлсүн...
- Башка хатиптерди да жакшы караңыз.
Алар кайсы жерден ката кетирди, кайсы жерде ийгиликке жетишти? Булардын баарын жакшы байкап, анализдешиңиз керек. Башка хатиптер сиз үчүн күзгү сыяктуу. Ар бир хатиптен алына турган сабак жана тажрыйба бар. Кээде угуучу да болуңуз, бирок, кунт коюп, көңүлүңүздүн баарын берип угуңуз. Өзгөчө хатиптикте профессионал болгондорду сөзсүз угушуңуз керек. Жакшы хутба окуу, таасирдүү болуу үчүн көп хутба угуу керек. Сизден өйдө болгондордун хутбаларын угууга аракет кылыңыз, көп киши келе турган мечиттерде окулган хутбаларды угуңуз. Унутпайлы, бул иштин да бир жоопкерчилиги бар.
«Ишин жакшы кылгандарды Аллах жакшы көрөт...»
Хатиптерге кеңештер
Хутба канчалык маанилүү, канчалык жакшы даярдалса да, аны окуган киши хатиптикке татыктуу эмес болсо, эч мааниси жок. Хатип профессионал жана ал ишке ылайыктуу болушу керек. 1952-жылы басылып чыккан «Жума жана майрам хутбалары» аттуу китепте автор хатиптерге мындай сунуштарды берип кеткен:
«Хатиптик – бул мусулмандарды диний бир максат үчүн сөз менен чакыруу. Теманын негизги максатын элге жеткирүү үчүн түрдүү жолдор, ыкмалар даярдалышы жана жакшы түшүндүрүлүшү шарт. Хатиптерге жеңилдик болсун үчүн бир топ хутба китептери басылып чыккан. Хатип, хутбасын такалбастан жана эркин окуусу үчүн, колундагы китептен элге эң керектүү теманы тандап алып, жума намазынан мурда бир нече жолу кайталоосу туура болот. Керек болсо, ошол күнкү теманы толугу менен же мазмунун башка баракка жазып алып, барактан окуса жакшы болот. Кээде баракты карап коюп, жаттап окуса дагы да жакшы. Үнүн темага же анын бөлүмдөрүнө жараша колдонот, эл көп болсо бийиктетет, аз болсо, кичирейтет. Аста үн жана бирдей тон менен сүйлөө жамаатты уктатат.
Элдин иш абалын жана сабырын да унутпастан, жайдын ысыгында жана кыштын суугунда кыска хутбалар окулушу керек. Бирок, диндаш туугандарыбыздын бардык темаларды билүүлөрү жана түрдүү хутбаларды угуулары үчүн, узун хутбаларды өтө ысык, суук эмес күндөрдө окуу шарт. Эгер жамаат тажай турган болсо, узун хутбаларды экиге бөлүп окуса да туура болот.
Хатип таза жана тыкан кийиниши, жылуу жана таттуу тил менен сүйлөөсү жана сүрдүү (серьёзный) болушу зарыл...» Белгилүү хатиптердин бирөөсү да «Хутбаларым» аттуу китебинде хатиптердин төмөнкү сыпаттарын белгилейт:
«Хатиптин өзгөчөлүктөрү:
Ааламдын чыныгы ээси болгон, аны миңдеген сырлар менен жараткан Аллах, бардык жандыктын ичинен адамга өз рухунан үйлөгөн, бардык жакшы сыпаттарына ээ кылган, Аллахтын орун басары боло тургандай жөндөмдүүлүктө жараткан. Жана бул шарапат жалгыз инсанга гана берилген.
Аллах Таала адамды өзү менен сүйлөшө ала тургандай кылып жараткан, ага акыл берген, акыл менен бирге сүйлөө жөндөмдүүлүгүн берген жана ага бир күнү сүйлөштүргөн менен пардасыз, котормочусуз сүйлөшө тургандыгын сүйүнчүлөгөн. Мына эми, бул сүйүнчүнү уккандан кийин жакшы нерселерди угалы жана жакшы нерселерди сүйлөйлү. Албетте, сөз – бул тирүү жан. Бир эле ооздон чыккан сөз кээде уккан адамга жан берет, аны куткарат, кээде бир эле сөз ааламды жыгат. Сөз – бул урук. Кулактын жардамы менен жүрөк талаасына эгилет. Жаман сөз мөмөсүн тез берет, ал эми жакшы сөздүн мөмөсү өтө назик болот. Көрбөйсүңбү, отоо чөп эгилбей, сугарылбай эле өсөт, гүл болсо чоң кызматты талап кылат. Мындан улам, сөз кулактын замзамы болушу керек, ал жерден жүрөккө тамчылаган кезде, адам жанданышы, жаратылыш максатын угушу, бул дүйнөгө эмне үчүн келип кеткенин билиши, ошого жараша даярданышы керек, жүрөктөр ачылышы, Аллах назарын салып турган жүрөктөр жанданышы керек. Көз көргөнүн тез унутат, бирок, кулак укканын өлгөнгө чейин да унутпайт. Ошондуктан, жакшы сүйлөөгө, жакшы угууга аракет кылалы. Бир улуттун өсүүсүндө, сөз ээси катары, хатиптердин ролу өтө чоң. Ошондуктан, хатиптерди башка адамдардан айрымалап турган өзгөчөлүктөр болушу керек. Алар:
1- Хатип эки дүйнөнү тең жакшы билиши, өткөндү жана келечекти жакшы көрүшү керек. Өткөнгө бекем карманып, келечекти тарта тургандай болушу керек. Анткени, өткөндү бекем кармабаса, чалкасынан кулайт, келечекти тартпаса, көмкөрөсүнөн түшөт.
2- Хатип айткан нерсесине алгач өзү ишенет (ыйман келтирет). Сөздөр, оозунан ыйман боёгу менен боёлуп чыгат, уккандардын рухтарына да сүрөт болуп тартылат.
Ар сүйлөнгөндү ар ким эле уга берет. Бирок, сөз угулгандан кийин кабыл алынышы керек, кабыл алынгандан кийин, сүйүлүшү керек жана бул сүйүү аркылуу адамды акыйкатка алып барышы, анын даражасын жогорулатышы керек.
3- Хатип сүйлөп баштаганда, элди жакшы карап, алардын кабыл алуусуна жараша сүйлөйт. Анткени, уккандардын угуусу жана кароосу алардын рух абалын түшүндүрөт.
4- Эгер хатип сүйлөмдөрүн кайталаса, ар бир сүйлөмүндө башка-башка өзгөчө сөздөрдү колдонот.
5- Хатиптин көңүл бура турган нерселеринин бирөө да – жамаатка «Убакыт качан өтөт?» дедиртпей, саатты унуттуруп, таттуу, туура сүйлөйт, чын жүрөктөн берилүү менен рухтарга кайрылат.
6- Хатип теманы канчалык кеңейтип таратса да, сөздүн акырында, жамаатты тажатпай, бардыгын бир букет сыяктуу чогултуп бергенди билет.
7- Уккандардын көбүнчөсүндө уккандан кийин кайра кайталап айтып берүү жөндөмдүүлүгү болбогондугунан, хатип сөзүнүн аягында элдин көңүлүн жыйынтыктаган бир сөзгө бурат...
Айтуу адамдан, ийгиликке ээ кылуу Аллахтан.
Тажатпаган хутба
Хутбанын таасирдүү болуусу үчүн сөздөрдүн кыска жана нуска болушуна көңүл буруу керек. Өтө көп созулган сөздөр, дастан сыяктуу окулган хутбалар угуп жаткандарды тажатат.
Пайгамбарыбыз (сав):
«-Аз сүйлөөнүн пайдалуу болоорун түшүндүм. Анткени, аз сүйлөө таасирдүү болот.» деп айткан. Пайгамбарыбыз (сав) өтө көп сүйлөгөн адамга: «Азыркыга чейин сөзүңдү бүтүрүшүң керек болчу!» деп токтоткон.
Күнүбүздө да өтө көп хутба окугандар жамаат тарабынан эскертилүүдө. Бул учурда хутбанын таасири калбаганы аз келгенсип, хатиптин да кадыр-барккы түшөт.
Рабиатуррай бир күнү өтө көп сүйлөдү, бирок, сүйлөгөнүн өзү жактырды. Бүткөндөн кийин жанындагы бир кишиден: «Сиздин оюңузча, чечендик деген эмне?» деп сураган кезде, ал: «Чечендик – бул аз жана туура сүйлөө» деп жооп берди.
Араптарда буга тиешелүү жакшы бир макал бар: «Сөздүн эң жакшысы – азы жана тажатпаганы.» Сөздү ордунда жана убагында сүйлөгөн хатипке мындай дешет: «Дарыны так жаранын үстүнө тамчылатып жатат.» Жафар ибн Яхьядан: «Баян деген эмне?» деп сурашкан. Ал да: «Сөздүн маанисин толук бере алуу, мааниси калыбына дал келүү, сөздүн, максатты ачык билдирүүсү, башка маанини берүүгө жол бербөө, сөздүн, кыйналбастан түшүнүлүүсү.» деп айткан.
Хутбанын тажатпоосу үчүн бул шарттарга көңүл буруу зарыл.
Сүйлөө техникасын, тил грамматикасын жакшы билүү керек. Аль –Харими Али ибн Хайсамга мындай деп насаат айткан:
«Сүйлөп жаткан кезиңде оозуңду чоң ачууга, жаагыңды шишитүүгө эч керек жок. Ар кимдин ачыла турган оозу, шишире турган жаагы бар экенин унутпа.»
Сүйлөө техникасын жакшы өздөштүрө албагандардын хутбалары элди тажатып жиберет. Айрыкча, ар жума сайын хутба окугандар бул жактан профессионал болуулары керек. Хатиптик кылып жаткандар күн сайын өзүлөрүн контролдоп, күндөн күнгө сүйлөөлөрүн жакшыртуулары зарыл. Белгилүү хатиптер бул даражага сөзсүз аракеттенип жатып жетишкен. Аракеттери аркылуу белгилүү болушкан десек жаңылбайбыз.
Американын президенти Вудроу Уилсон (1856-1924) бөлмөсүн бекитип алып, сааттар бою элдин алдында сүйлөөгө машыкчу (даярданчу). Сөздөрү дагы таасирдүүрөөк болушу үчүн түрдүү чараларды колдончу. Бөлмөсүндөгү чоң күзгүгө каранып, кайсы кыймыл дагы жакшыраак болоорун аныктачу.
Миладдын жетинчи жылы жашап өткөн Васыл ибн Ата болсо тилинин чулдурдугун жашыруу үчүн өтө чоң аракеттерди кылган жана «р» тамгасы бар бардык сөздөрдү сөздүгүнөн өчүргөн. Мисалы, «каапыр» деген сөздүн ордуна «мулхид» дечү, «арсалту»нун ордуна «баасту»ну колдончу. Башшар аттуу досунун да Абу Муаз деген экинчи атын айтчу.
Доместос да тилинин чулдурдугун жоготуу үчүн оозуна майда таштарды салып алып сүйлөчү. Бир ийининин кыскалыгын кетирүү үчүн болсо потолокко кылыч илип койчу, ийини кылычка тийген сайын өйдө көтөрүлүп, түздөлчү экен.
Булар бул дүйнөлүк мансап, наам үчүн ушунча аракет кылышкан, ал эми хатиптерибиздин Аллах ыраазычылыгы үчүн эч аракет кылбоолору дурус ишпи?
Аллах үчүн, дин үчүн тарта турган кыйынчылыктардын сообу чексиз. Ыйман келтирген, ишенген адамдарга кызмат кылуу - кандай чоң бактылуулук! Бул себептен улам, аракет кылуу, тажатпагыдай хутба окуу жана талыкпастан кызмат кылуу зарыл.