Он биринчи сан

Тазхиб» өнөрү
Мазмуну
Тазхиб – кооздоо, асемдөө, көрктөө өнөрү. Кол жазмалардын мукабасын, хусни хаттардын (көркөм ариптер менен жазылган Куран аяттары, сүрөөлөр, хадистер, дубалар), четтерин ар түрдүү шекилде көрктөө иши «тазхиб» деп аталат. «Тазхиб» сөзү арап тилинен алынып, «алтын жалатуу» деген маанини билдирет. Бирок тазхиб тек алтын менен гана эмес, боек менен да асемделет. Бул өнөрдү аркалаган адам «музаххиб» делет. Бу өнөр көбүнесе кол жазмалардын мукабасын, барактарын, көркөм ариптер менен түшүрүлгөн аят-хадистер жазылган көрнөктөрдүн четтерин кооздоодо колдонулат.
Тарых барактарына назар салсак, тазхиб өнөрү уйгурлардан чыкканын байкайбыз. Бул өнөр уйгурлардан түрктөргө өтүп, Селчуктардын доорунда өркүндөп, Осмон империясынын доорунда, өзгөчө 15-16-кылымдарда кеңири жайылган. Бүгүнкү күндө музейлерде ошол доорлордон калган тазхиб өнөрүнүн мөмөлөрү сакталып турат.
Тазхиб өнөрүндө жалпысынан өсүмдүк жана жаныбар шекилдери жана геометриялык мотифтер колдонулат. Өсүмдүк жана жаныбар мотифтерин байыркы Азияда жашаган элдердин асемделип жасалган идиш-аяктарынан көрө алабыз.
Түрктөр мусулман болгон соң мусулман элдеринин өнөрүнөн таасир да алышкан, аларга таасир бере да алышкан. Ошентип ал өркүндөп мусулмандарга таандык жалпы мүнөзгө жеткен. Ошону менен бирге ар бир мамлекетке таандык өзгөчөлүк, айрым бир айырмачылыктар да болгон.
Тазхиб өнөрү Ислам дини келгенден кийин кемелине жеткен. Ислам дининин аруулугу, тунуктугу, улуулугу өнөрпоздордун көркөмдүк түшүнүгүн жана аңдоо кудуретин кеңейткен. Динге берилген маани ага таандык ар бир имарат, ар бир китеп жана ар бир нерсени эң ийги шекилде кооздоо ышкысын арттырып, алардын маани-маңызындагы изгиликке ийкем, ылайык түрдө иштелишин талаптаган.
Тазхиб өнөрүн хат (көркөм жазуу) өнөрүндөгүдөй эле устат аркылуу үйрөнүүгө болот. Тазхибдин максаты жазууну кооздоо. Жазуу ар дайым биринчи орунда болушу кажет. Тазхиб менен хат өнөрү бирге жүрөт, бири-бирин толуктап турат. Башкача айтканда, тазхиб - бул жазуунун кийими.
Тазхибде колдонулган негизги өң алтындын түсү. Мындан башка ак, кара, койуу көк жана ачык кызыл түстөр да колдонулат.
Тазхиб өнөрүндө колдонулган мотифтер төмөнкүчө:
- Геометриялык мотифтер
- Жаныбар шекилдүү мотифтер
- Өсүмдүк шекилдүү мотифтер
Түрк көркөм өнөрүндө өзгөчө орду бар тазхиб китептин алгачкы бетиндеги баш сөздү
кооздоодо, сүрөлөрдүн аталыштарынын айлана-тегерегин асемдөөдө, аят менен сүйлөмдү бөлүү үчүн нокот таризинде, Курандагы сажда аяттарын белгилөө үчүн ошол аяттын тушунда колдонулат.