Он биринчи сан

Журналдын он биринчи саны

Жоомарттык

Мазмуну

Жемалеттин Четин

Фарс тилинен оошкон жаванмард  сөзү диний булактарда «саха» жана «жууд» сыяктуу терминдер менен айтылат. Жоомарттык: берешендик, колу ачыктык жана жардамдашуу сыяктуу мамилелерди билдирет. Адам баласынын колунда бар нерселерден Алла тааланын ыраазычылыгы үчүн муктаж адамдарга каралашуусун талап кылган адеп-ахлак багытындагы ак жолдун талабы. Жоомарттыктын инсандын ички дүйнөсүнө жараша белгилери бар экендигин айткан Ислам аалымдары аны төмөнкү түрлөргө бөлүшөт:

1. Сахават: Мал-мүлктүн бир бөлүгүнүн таратылуусу. Бул жоомарттыктын төмөнкү даражасы катары эсептелет.
2. Жууд: Аз. Абу Бакрдин жихад үчүн көрсөткөн жоомарттыгы сымал мал-мүлктүн көбүрөөк бөлүгүнүн таратылып, аз бөлүгүнүн калуусу.
3. Ийсаар: Өзүнө керектүү нерсени башка бирөөнүн муктаждыгын канааттандыруу үчүн көрсөтүлгөн жоомарттык.

Күндөрдүн биринде Пайгамбарыбызга (с.а.в) бир адам келип бир нерсе берүүсүн өтүндү. Алланын Элчиси:
- Сага бере тургандай жанымда эч нерсе жок, барып менин эсебиме карызга ал, акчам болгондо төлөйм - деди. Пайгамбарыбыздын кыйналуусун каалабаган аз. Умар:

- Эй Алланын элчиси! Колуңда бар болсо берээрсиң. Жок болсо Алла таала колуңдан келбей турган иштер үчүн сени жоопко тартпайт деди. Алланын Элчисинин жүзүнөн бул сөздөрдү жактырбагандыгы сезилди. Андыктан Ансардан бир асылзаада:
- Ата-энем курман сага, о Алланын элчиси! Бер. Ааламдардын Ээси ырыскымды кемитет деп коркпо деди. Пайгамбарды кубаттаган бул сахабанын сөзү ага жакты жана мыйыгынан күлүп:
- Мен албетте ушундай иш үчүн жиберилгем - деди.
Пайгамбарыбызга (с.а.в) муктаж адам келгенде алгач аялдарынан сурап, суудан башка эч нерсе жок экендигин билгенде гана сахабаларга кайрылып, ал кишинин муктаждыгын канааттандырылуусун өтүнөөр эле. Ал муктаж адамдын сураганын бермейинче жандүйнөсүндө бейпилдик уялабас эле. Себеби мусулмандардын муктаждыктырын толуктоо аркылуу аларды кубанычка бөлөө Алланын Элчисине чексиз бейпилдик тартуулайт эле. Эки дүйнөнүн нуру болгон Пайгамбарыбыз (с.а.в) бир хадисинде: «Жабраил мага Алла тааланын мындай деген буйругун айтты: Бул дин (Ислам), Затым үчүн тандап ыраазы болгон дин. Ага бир гана жоомарттык жана жакшы адеп-ахлак жарашат. Мусулман катары аны (Исламды) бул эки мүнөз менен даражасын жогорулаткыла» деди.

Бул багыттан динибизди жогорку даражаларга жеткирип, ыйманыбызды руханий жактан коргоо үчүн Пайгамбар ахлагына сугарылуу, Ага ыраазычылык билдирүү дегендикке жатат. Себеби Алла тааалага болгон сый-урматтан кийинки эң зарыл сый-урмат ааламдын түбөлүк нуру Аз. Пайгамбарга сый-урмат болуп эсептелет. Бул сый-урмат дубаларында «үммөтүм, үммөтүм» деп үммөтү үчүн ак эткенден так эткен, жада калса өз курманчылыктарына кошуп колунда жок мусулмандардын наамына курмандык чалган жоомарт Пайгамбарыбызга болгон сый-урмат.

Пайгамбарыбыз бул сезимдер менен алпурушуп пайгамбардын сүйүүсүнө татыктуу болгон үммөтүнүн чыгаандарына болгон сүйүүсүн мындайча баяндаган: «Үммөтүмдүн арасында мени сүйгөндөрдүн бир бөлүгү менден кийин келе тургандардын арасынан чыгат. Алар мени көрүү үчүн мал-мүлк жана үй-бүлөсүн менин жолума багыштоону каалашат» (Муслим, Жаннат, 12).
Мударрис, хадисчи Х. Зүхдү Эфенди (1860-1945) жоомарттык жөнүндө: «Олуянын бир белгиси бар. Ал - жоомарттык» деген.
Бирок эл көрсүн үчүн, мактануу үчүн көрсөтүлгөн жоомарттык эч кандай пайда бербейт. Жоомарттык Алланын сыпаттарынын бири. Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Алла Живад, демек жоомарт жана берешен. Андыктан жоомарттыкты сүйөт. Ал жакшы адеп-ахлакты сүйөт, жаман адеп-ахлакты жактырбайт» (Суйути, 60).
Алла таала бул аят менен жоомарттыктын бир гана бу дүйнөдө көрсөтүлө тургандыгын баса белгилейт. Себеби акырет сооп табуу эмес, эсеп берүү жайы. Бул жерде айрыкча жоомарттыктын кыяматта адам баласын ар түрдүү азап-тозоктон куткара тургандыгына ишарат кылынат. Кээбир аяттарда да жоомарттык соода-сатык сыяктуу жана Алла таалага берилген эң жакшы карыз катары айтылат. (Хадид, 11)

Башына