Он биринчи сан

Башка диндерде ажылык ибадаты
Мазмуну
Док. Мурзараимов Б.
АГИ теофак
murzaraim@mail.ru
Йахудилерде ажылык
Йахудилер ажылык ибадатын Шавват (гүл майрамы), Пасха (ачыткысыз нан майрамы) жана Йом Кипур (Күнөөдөн тазалануу) майрамдарында аткарышат. Йахудилерде бул ибадат жаш балдар жана майыптардан башка ар бир кишиге парз болуп эсептелет. Ажылык ибадатын аткара турган кишилер кудайга тартуулана турган белек катары өздөрү жактырган нерселерин ала келиши керек. Көпчүлүк учурда курмандыктар чалынып, терилери ажыларга кызмат кылган кишилерге таркатылат. Йахудилер ажылык ибадатын Сулайман пайгамбар тарабынан тургузулгандыгына ишенилген «Ыйык ибадатканада» (Бет ха Микдаш) өткөрүшөт. Бул ибадаткана б.з. 70–жылдары Римдиктер тарабынан талкалынып анын батыш дубалы гана калат. Йахудилер ошол батыш дубалына келип, Тоорат китебинен кээ бир сөздөрдү окуп жана дубалды кармап, сыйпалап – ыйлоо менен ажылык ибадатын аткарган болуп эсептелет. Бул дубал «Ыйлоо дубалы» (Стена плача) деп аталат. Йахудилер жылына 17–июльдан 19– августка чейин 23 күн ажылык кылышат.
Христиан дининде ажылык
Христиан дининде ажылык негизинен Иса пайгамбар жашап өткөн жана анын шакирттери жаткан мазарларды зыярат кылуу менен өткөрүлөт. Башка диндерден айырмаланып христиандар ажылык учурунда атайын ибадат кылышпайт. Жөн гана зыярат кылышат. Христиан дининдеги ажылыктын атайын бир убактысы да жок.
Иса пайгамбар туулган Бетлеем шаары эң көп зыярат кылынган шаарлардын катарына кирет. Ошондой эле Иерусалим жана Рим шаарлары христиандардын ажылык кылуу борборлору болуп эсептелет. Христиан дининде ыйык заттардан болуп эсептелген Петр жана Павелдин сөөгү Римде көмүлгөндүктөн Рим шаары азыркы христиандардын жашоосунда өзгөчө орунга ээ.
Индуизмде ажылык
Индуизм дининде көп кудайларга ишенилгендиктен ажылык кылуу ибадаты да түрдүүчө. Негизинен индуизм дини боюнча ажылык ибадаты кылынган жети борбор бар. Ал борборлордун эң негизгиси Бенарес шаары болуп эсептелет. бул шаарда жалпысынан 2000 ден ашуун ибадаткана бар. Бул шаар Буддизм дини боюнча да эң ыйык шаарлардын жана ажылыктын борбору болуп саналат. Индуизмде ажылык учурунда белгилүү бир ибадат кылуу системасы жок. Бирок диний ритуалдардын эң көркөмү өткөрүлөт жана йога кылышат.
Буддизмде ажылык
Буддизмде ажылык ибадаты аткарылган төрт шаар бар. Алар; Будданын туулган шаары Лумбини, Будданын акыйкатты тапкан жери Бодхгая шаары, эң алгачкы насаат айткан Бенарес шаары жана Будда өлгөн Уттар – Прадеш шаарлары. Буддисттер ажылык учурунда ушул шаарларды зыярат кылышат. Атайын ибадат кылышпайт. Ар бир буддист өзү жактырган абалда ибадат кылышы мүмкүн. Буддизмде ажылык буддизм дини таркаган өлкөлөргө жараша да өзгөрүп турат. Мисалы буддистер көп жашаган Тибетте атактуу будисттердин мазарлары да ажылык борборлоруна айланып калган.
Жайнизмде ажылык
Жайнизм дининде ибадат жана зыярат кылына турган жерлер абдан көп. Жайнизм боюнча ибадат кылына турган ар бир жерде ажылык кылса болот. Алардын ибадатканалары негизинен Ганг дарыясынын жээгинде орун алгандыктан Ганг дарыясына жуунуу да ибадат болуп эсептелет. Алардын ишеними боюнча ибадатканалар кудайлардын жашаган жери катары бааланат. Ажылык учурунда жайнисттер Ганг дарыясына жуунушат. Муну кээ бири жылда бир жолу аткарса, кээ бири жылына үч – төрт жолудан аткарат.
Шинтоизмде ажылык
Шинтоизм Япондордун улуттук дини болуп эсептелет. Шинтоизм дини боюнча, сегиз миллиондон ашуун кудай бар. Алардын ичинен эң улуусу жана бардык кудайларды башкарып турган Күн кудайы Аматарасу болуп эсептелет. Шинтоизм боюнча, Япониядагы Исе шаары Күн кудайы Аматарасуга арналган. Ошондуктан ажылык кылгысы келген ар бир шинтоист таң эртеден Исе шаарына келип Күндүн чыгышын карап олтуруп ажылык кылат.